КОШ БОЙЛУУ СЕКЕЛЕКТЕР КӨБӨЙДҮ

№551 24-май-30-май, 2013-ж


Элден «азыр жаштар арасында аборт жасатуу дүкөнгө же киного барып келгендей эле көрүнүш болуп калды» дегенди угуп калабыз. Муну бизде жыл сайын 1200гө жакын өспүрүм боюнан алдырат деген сөз далилдеп тургандай. Ал эми катталбагандары канча? Мындай көрүнүштү токтото албасак да, азайтуунун жолу барбы деп изилдеп көрдүк.

«АПА, МЕНИ ӨЛТҮРБӨЧҮ!»
Редакцияга келген Риманын айтып бергенинен:
– Бул окуя 1 жыл мурун болгон. 16 жаштагы сиңдимдин боюна болуп калгандан кийин жигити качып кетти. Айла жок аборт жасатмак болуп, врачка бардык. Врач алгач биринчи бала болсо деп баш тартты. Биз суранып, көндүрдүк. Ошондо эже «мени күнөөгө батырып жатасыңар. Ушул колум менен канча наристени өлтүрдүм. Ичиңдеги түйүлдүк сүйлөй алса, «апа, мени өлтүрбөчү!» демек» деп сүйлөндү. Аборттон бир ай өтпөй сиңдим көз жумуп кетти. Абортто инфекция кирип кеткен экен, ичи ириңдеп кетиптир. Сиңдимди аборт жасаттырбай алып калбаганыма өкүнөм.

КИЙИН ЭМНЕГЕ ТӨРӨБӨЙ КАЛЫШАТ?
КММАнын Акушердик жана гинекология кафедрасынын башчысы, профессор МАКЕН МУСУРАЛИЕВ:
– Аборт жасаганда инфекция кирип кетсе, аялдын жыныстык органдары сезгенет. Мисалы, жатын түтүгү жабышып калып, кийинкиде жатындан тышкары бойго бүтүү жана төрөбөй калуу коркунучу бар. Жатындын бети кырылгандан улам бойго бүтпөшү же бүткөн менен улам-улам түшүшү мүмкүн. Этек кир цикли бузулат. Мындан тышкары убакыттын өтүшү менен эндометриоз, миома оорусу келип чыгарынан шек жок. Андыктан кыздарга «сен кыз болгон соң кийин төрөп эне болушуң керек. Төрөбөй калсаң, эч кимге керегиң жок» деп айтып, аборттун зыяны боюнча да түшүнүк берүү кажет.

БАШКЫ СЕБЕП – МААЛЫМАТТЫН ЖОКТУГУ
Жакында Кыргызстанда жыл сайын 1200гө жакын өспүрүм бойдон алдырары тууралуу маалымат тарады. Бул секелектер арасындагы аборттун күчөп жатканын далилдейт. Себептери бир топ. Башкы себеп, аял-эркек ортосундагы мамиле жана сактануу каражаттары тууралуу маалыматка ээ эместиги.
Башка себептерге миграциянын айынан көзөмөлдүн жоктугу, чоңдордун жашоосуна эртелеп аралашууну каалоо, жыныстык баш аламан жашоо кечирүү эсептелет. Зордук-зомбулукка кабылуунун аягы да аборт менен бүткөн учурлар бар.

СЕКС ДЕГЕН СӨЗДӨН УЯЛБОО КЕРЕКПИ?
Бул көйгөйлүү маселени чечүү жолдору тууралуу пикирлер бир топ. Мисалы, ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин инспектору ДАМИРА ИМАНАЛИЕВА:

– Боюнан алдыруу маалыматтын жоктугунун кесепети. Маалымат болмоюнча аборттун саны азайбайт. Учурда КРнын «Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө мыйзамына» өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор иштелип чыгууда. Долбоордун ичинде сексуалдык тарбия тууралуу да жобо бар. Ал бүтсө кароого коюлат. Өтүп кетсе, мектептерде окутулушу керек,- деген пикирин ортого салат.

Ал эми ардагер мугалим МИРАИДА КАРАБАЕВА:
– Кыргыздар секс тууралуу сөз кылуу уят деп эсептешет. Мугалимдер окуучуларга, ата-эне балдарына сактанбаса кыздардын боюнда болуп каларын айтышпайт. Учурда өспүрүмдөр жыныстык катнашты 9-10-класстан баштап жатышат. Бизде да батыш өлкөлөрү сымал мектептерде, ЖОЖдордо аборт, жыныстык жугуштуу оорулар тууралуу медиктер атайын лекцияларды өтүшү зарыл. Бизде мындай лекциялардын өткөнүн көрбөдүм,- дейт.

Депутат Дастан Бекешев көйгөйлөрдүн алдын алуу үчүн мектеп программасына жыныстык тарбиялоо боюнча сабактар киргизилиши керектигин айтып чыккан.

Билим берүү министрлигинин башкы адиси ГУЛЬШАН АБДЫЛДАЕВАга кайрылганыбызда ал:
– Мектепте жыныстык тарбия боюнча атайын сабак жок болгону менен, Киши, Адам жана коом сабактары өтүлөт. Булардын ичинде репродуктивдүү ден соолук жаатындагы маалыматтар камтылган. Класстык сааттарда гигиена боюнча да өтүлөт. Саламаттыкты сактоо органдары тарабынан мектептерде 1 айда 1 жолу лекциялар окулат. Лекциялар баңгичилик, тамеки тартуу, жыныстык тарбия жана башкаларды ичине камтыйт. Өспүрүмдөрдүн абортунун алдын алуу үчүн коом жапырт киришпесе, азайтуу кыйын,- дейт.

«БОЙДОН АЛДЫРУУ – ЧОҢ КҮНӨӨ!»
Кыргызстандын муфтийинин орун басары РАВШАН АЖЫ ЭРАТОВго «Өзбекстандын диний башкармалыгы юридикалык каттоосу жокторго нике кыюуга тыюу салган. Бизде да ушундай мыйзам киргизилсе, нике кыйдырып жашап алып, анан аборт жасатып жаткан секелектердин саны азаят беле?» деген суроо узаттык:
– Юридикалык каттоосу жокторго нике кыюуга тыюу салуу менен абортту азайта албайбыз. Эки жаш «биз чогуу жашоого даярбыз» дешсе, молдолор аларды адалдап, нике кыйышат. Бирок жашап алып, анан аборт жасатып жаткандар чоң күнөө кылууда. Бизде, муфтиятта жакында жаштар бөлүмү ачылды. Анын мүчөлөрү рэкетчилик, кыз-жигит мамилелери жана башкалар тууралуу ЖОЖдорго, айрым мектептерге барып сабак өтүшүүдө. Бул да кандайдыр бир деңгээлде жыйынтык берет го деп турабыз.

ТӨРӨТҮП АЛГАНГА ОЮҢУЗ...
Атактууларга кайрылып «кыздын боюнда болуп калды дейли, эми кызды ата-эне, жакындары күнөөлөп жектебей, төрөтүп алса болобу? Анткени ата-энесинен, элден коркуп суицидге барып жаткандар да, аборт жасатып, кийин төрөбөй калгандар да бар...» деген суроо салдык.

МАРАТ (БОПУШ) ЖАНТАЛИЕВ, актёр:
– Азыр жаш кыздар арасында аборт көп болсо, мүмкүн эрте жетилип жаткандыр. Бирок күйөөгө тийбеген кызды төрөтүп алуу биздин менталитетке туура келбейт.

ЖАМАЛ СЕЙДАКМАТОВА, актриса:
– Мурун жигит менен шынаарлашмак түгүл кыздар эркектерге тик карачу эмес. Кийин эле Европанын жаман, туура эмес жактарын жуктуруп алдык. Абортко, никесиз төрөөгө жеткирбей, кыздарды башынан туура тарбиялаш керек. Эми кээ бир ата-эне кызынын тагдырын ойлоп, суицидге барбасын же кийин төрөбөй калбасын деп, мүмкүн аргасыз төрөтсө төрөтүп алаттыр. Бирок бул биздин салт-санаага туура келбейт.

БОРОНЧУ КУДАЙБЕРГЕНОВ, куудул:
– Бул боюнча 2 көз карашты айтат элем. Биринчиси, кыздарды жашынан ыйман жолуна салса, анда турмушка чыккыча эркекке жакындашпайт. Экинчиси, бойдон алдыруунун алдын алып, сактануу боюнча маалыматтарды жайылтуу кажет. Эгерде кыздын боюнда болуп калса, анда баланы алдыруу күнөө. Балдарды өлтүргүчө мүмкүн атайын оорукана ачып, ошондой кыздар анонимдүү төрөшүнө шарт түзүп берүү керектир.

Кыздардын боюнан алдырганы – келечегине балта чапканы. Андыктан муну ар бир кыз түшүнүшү керек.

«Супердин» сурак бурчу
АБОРТ ЖАСАТКАН ӨСПҮРҮМ КЫЗДАРДЫН САНЫН КАНТИП АЗАЙТАБЫЗ?

Азамат Миңбаев, Ысык-Көл облусу:
– Мектепке атайын сабак киргизип, кыздар кеңештерин бат-бат өткөзүү туура. Кыздарга ислам дининен түшүнүк берип, колдон келсе намаз да окутуу керек. Ошондо кыз бала турмуштагы ордун жана ролун баамдап, туура эмес иштен алыс болот.

Зарина Ажалиева, Нарын облусу:
– Бул өткөөл курактагылардын милдетинен дагы укугун көбүрөөк өздөштүрүп алгандыгы. Ата-эне көзөмөлдөш керек. 9-классты бүтүрүп орто окуу жайга берип салышат. Алар өздөрүн чоң сезишип, турмушка аралашууга даяр ойлошот.

Мурас Раев, Ош облусу:
– Уят дешип ата-энелердин көбү баласына же кызына керектүүлөрдү айтышпайт. Эркек-аял мамилесин, өздүк гигиенаны айтуу керек да. Медиктер менен да иш алып барсак, аборттордун алдын алабыз. Аборт – кыргыздын табиятына туура келбейт.

Алмакан Матураимова,Баткен облусу:
– Ата-энеси чет жакта жүргөн кыздар көзөмөлсүз калышып, ээн баштык кылып, жаман жолдорго барууда. «Кыз сактагыча туз сакта» дегендей, кыз тарбиялоо кыйын болуп баратат. Кызга ынсап берип, ата-эне да катуу кармаш керек.

Чыңгыз Иманкулов,Талас облусу:
– Өспүрүм кыздар өтө ишенчээк болушат. Ошондон көптөр пайдаланып кетишүүдө. Кандай болгон күндө да кыздар намысын сактоолору, бойдон алдыруу күнөө экенин билүүсү керек. Кыздарды түнкүсүн кафелерге, түнкү клубдарга жибербей көзөмөлдөө керек.

Айгүл Айдарова, Жалал-Абад облусу:
– Гинекологго барсам, врач мага рецепт жазып жатып эле аборт жасаганы чыгып кетти. Сурасам, «1 күндө жок дегенде 5 кыз аборт жасатат» деди. Бардыгына жаштарда репродуктивдик билимдин жоктугу себеп. Мектепте ыйман сабагын тереңдетип өтүү зарыл.

Турдубек Осмоналиев, Нарын облусу:
– Ата-эне катуу тартипке салыш керек. Мектепте да түшүндүрүү иштери жетишпейт. Адамдын анатомиясын толук окутуп, аборттон кийин тукумсуз болуп каларын айтуу кажет.

Венера Камалова
koom@super.kg



Кош бойлуу секелектер көбөйдү

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(79)
SUPER.KG видео
28.05.2013. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tokmok1, SIMA_kg,
Урматтуу колдонуучулар, жеке айтышууларга жол берилбейт!
28.05.2013. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсо да кудайым эркекпи,кызбы баарына ыйман-ынсап берсин. Ата-энелерибиз туура тарбия бере алсын балдарга.
28.05.2013. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи эркектерге караганда кыз киши эрте жетилет. динде хадистерде айтылат. Кызды эртерек куйоого,баланы уйлондурууго шашылуу керек. Себеби жетилген кыз-баланын "канагаттандыруу"керек. Адал жолу менен.
SUPER.KG видео
28.05.2013. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар бир кыздын озуно гана ыйман берсинда бирок муну азайтуунуу закон жолу менен болсо аборт жасатам десе макул дей бербей ошол сенин куноон ким ата-энен ким алып алардын уруксаты менен гана болот десе бул жерде балдар да куноо бар ошо озунордун карындаш эжейлеринерди да ойлоп койсонор болот...
28.05.2013. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менин да 2балам бар туруп .аборт жасаткам.москвага келип эми эле жумушка кирип .азыр ичим ачышат .что поделать ?
28.05.2013. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
moskva, Намаз окуп Аллахтан кечирим сураныз
SUPER.KG видео
28.05.2013. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
татыктуу тарбия бербеген ата-энеде куноо дейбиз, жаш ата энеледдин 50%ти Россияда балдары студент, окуучу
ар кимге таштап келишкен, тарбия бергенге эмес телефондо кунуно суйлошконго шарт жок, ата-энелер балдарын таштап келгенге ким куноолуу анда?
28.05.2013. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык нерсе уй-булодон башталат. Эн негизгиси жаштайынан туура тарбия беруу керек, дин тууралуу сабак отуу керек!
28.05.2013. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Men oiloim ata-enenin tarbiyasynan. Ata-enesi kyzyn bosh koiup kaida jurgonu menen ishi jok bolso albette myndai nerseler bolo beret. Bul menin jeke oium
SUPER.KG видео
28.05.2013. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мен эч качан ойлобопмун биздин кыздарды ушундай деп! аябай тан калдым 12-17 жашка чейинки кыздар аборт кылдырганы келет десе! Кудай ар кимге ыйман-ынсап берсин.!мен ойлочумун мындай корунушторго европалыктар коп барат болсо керек деп!
SUPER.KG видео
28.05.2013. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
12-17 жаштагыларбы?!
28.05.2013. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Боюнан алдырганы адам өлтүргөнгө тете, кызга кырык жерден тыюу деген улуу сөздүн баркын кетирип коюшту кыздар, жалпысынан коом бузулуп баратат, бийликтегилердин күчү жетет эле жакшы башкарып тартипке салса коомду.
SUPER.KG видео
28.05.2013. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ата-эне куноолу дегенге кошулбайм ким эле оз баласына жаман тарбия берсин. Ар бир адамдын озунон буга кобунчо ою жок акчасы коп эркектер себепкер. Анан дагы озун кармана албаган кыздар себепкер. 1 кыздын айынан кыргыздын кыздары жаман деп айталбайм мен кыргыздын кыздары м.н сыймыктанам аларды сыйлайм. Ар бир эркек сыйласа мындай нерсе аз болот эле
SUPER.KG видео
29.05.2013. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ Аллаhым, Ар бир пенделерине ыйман бере кор!
29.05.2013. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин коз карашымча, баардык Кыргыз кыздары да балдары да ыймандуу болуш керек! Уксанар керек ата-эненерден кыздар балдар чоогу басып калса бири-биринен бир метр аралыкта басышчу экен! Азыр ал бул жакта калып проникнавение болуп кетип жатат! Мындай болбошу керек! Кыздар да балдар да аппетитин тыйыш керек. Аз убакыттык рахаттанууну ойлобой. Мурдагы чондор айтып жургон акыбалга кайтып келуу керек! Бул акыбал чыныгы кыргыздарга туура келбейт! Баарыбыз уят болуп жатабыз! Уктабагыла! Ойгон КЫРГЫЗ!
29.05.2013. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо КЫРГЫЗДАР! Жакында "кыз" деген калбайт го мындай темп менен баратсак! Кыздар ээ! Ишене бербесенер он келген алдамыш создорго! Эмнеге мынча ишээнчек женил ойсунар! "Бир кумалак бир карын майды чиритет!" Деген макалды билесинер го! Эмнеге кыргыздарды башка улуттардын арасында уят кыласынар? Же ушул кылыгынар озунорго жагабы? Башкалар шылдындап кароосун каалайсынарбы? Ушундай жашоо жагымдуубу?
29.05.2013. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ulan Taalaibek, bashka uluttarda dele tolup jatat. Siler erkekter kunooluusunor, siler urugunardyn tush kelgen kyzga togo berbesener alardyn boyunda asmandan butmok bele. Joopkerchiliguner jok, kyzdardy syiloo degen jok silerde. Oyunarda koldonup ele alsam degen jenil oiluk menen jurosunor. Je kylganga jarasha batysh elderindei achyk kylyp, kyzdardy kunoologonunordu koibodunar. Dagy maga oozun eki metr kylyp kyzdardy kunoolop kelishet obu joktor.
02.06.2013. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sara, Ойлосон! Менде да карындаш бар! Сен кыздарды коргоп жатасын туура! Кыздардын баарын жаман деген да болбойт, бирок адашып, алданып жатышпайбы! Кыз кулагы менен суйот деген соз бар! Эркектер да ошону пайдаланып жатат.
Кыргыз балдары башка улуттар менен жургон кундо да, аларга уйлонуп жашап албайбыз! Мындайлар сейрек болушу мумкун! Ушуну карап туруп , тажик, азер, озбек, ж.б менен жургон кыздар жыйынтык чыгара бергиле! Бул корунуш Москвада аябай кенири таралган!
02.06.2013. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кунаажын козун сузбосо
Бука жибин узобу? Карап кор...
SUPER.KG видео
29.05.2013. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир гана кыздарды куноолобош керек. Бизде 94жылкы бир кыз жашайт. 8ай болуптур турмушка чыкканына. 5убак намаз окуйт. Озу болсо айдай сулуу кыз. Куйосу ажырашам деп атыптыр. Чачыны кырк кыска кий дей берет экен. Кетириш учун ар кандай кордуктарды корсотуптур. Ыймандуу кыз экен. Байкуш ажырашпайм жашайм деп аракеттенип журот эх...
SUPER.KG видео
29.05.2013. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башканы суйом деп талак берип коюптур тоба. Аны менен да мени менен жашай берин деседа конбой жатыптыр. Анда неге уйлонушот байкуш кыздын бактысын байлап тушунбойсун.
SUPER.KG видео
29.05.2013. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде ыйман сабактарын жакшылап отушсо болмок. Европада неге аборт кылбайт аларда энелери мектепте сабактан тушундурушотта. Кантип сактанышты. Болот болбойт дегендей. Бизде каякта.
29.05.2013. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abort, sex degendi bilgenden kiyin, saktanuu degendi bilbeit beken. ozuno jana kelechekke joopkersozdigi... Ar bir kundun erteni bolot oshondukran ubaktynchaluu nersege ech kachan koz jumboo zaryl
29.05.2013. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eh adamdyn peyili buzuldu, erkekter mal bolup ele baratat! Kylgan kylmyshtaryna oz bash mn tartsyn
29.05.2013. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Moldonun aitkanyn kyl kylganyn kylba degen, moldolor ulgu korsotup yimandy buzdu! Baaryna ynsap bersin! Kunoo bir gana baldarda ,jiyirtkentken kylyktary kuidurdu asmandan suilop, yiman bersin bularga
29.05.2013. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
En tuura.
30.05.2013. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урукту Аллах эркектерге берген, алар кобуроок милдеттуу. Оз апаларын, карындаштарын, эжекелерин ойлобойбу
30.05.2013. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого кор, бироого зар... Жараткан-Эгем журогубузго ыйман берсе экен. Баарынын жоопкерчилик сезими бекем болсо, мындай корунуштор азаяр беле?..
31.05.2013. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ууууф кандай кана соз болбосун созсуз Москвадагы кыздарды кошо кетиш шарт болуп калды. Мына мен да Москвада журом. Ушул убакытка келип бироо менен журмок тургай,жакшылап таныша да элекмин. Москва жон гана бир шылтоо бузулган кыз Кыргызстанда журуп да бузулуп атпайбы. А Москвага келгени шаар коргон эчки болуп калышат. Бир кумалак бир карын майды чиритет болуп бир кыз ойносо он кыз жаман атка конот. Ар кимибизге Аллах ыйман берсин да.
31.05.2013. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхх ушунун копчулугу келип акча байлыка такалат. Анткени копчулук кыздар акча байлык машинага кызыгышат. Озунон 12 жаш улуу жигит менен журушотда алданышат шордуулар оздоруну Европа елестетишип. Тунку клубдарга азыраак барып кочолордо азыраак тентишип ичкилике аралашышпаса мындай нерселер азыраак болот беле дейм да
01.06.2013. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гигиена боюнча класстык сааттар отулот дейт, андай нерселер 3,4 жылда бир отулбосо эле, отулбойт мектептерде, анан мугалимдер "ооба отулот, отулду" деп калп эле жазып отчет берип коюшат. Козомолго алып текшериш керек ар ай сайын и ар бир адам кайдыгер карабаш керек.
01.06.2013. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте алдын алыш керек,бирок болоору болгондон кийин ата-энелер кыздын боюнан алдырбай сактап калса коп кыздын бактысына балта чабылмак эмес.
SUPER.KG видео
07.06.2013. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адеп китебинен окугам: Аял заты эки тилин тыйса -ыймандуу аял болот экен!
08.10.2013. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен тетиринче Москвада жургон кыздарды мактоор элем,кундоп тундоп иштешет,уйкуга зар болушат,ойлорунда айлык алсам Апам же атама жонотсом дешип уйундогу бут проблемаларды ойлошот,эрте менен тан атбай уйкусурап метрого шашылышат,ал Эми бузулган кыздардын тарбиясы и ниети башка болуу керек,Жолдошум уч балам менен квартира кармайбыз 10жылдан бери ошон учун билем кыздарды,кээде туруп боорун ооруйт жаш кыздардын эшектей иштешип силерге окшогон Акелерин уйлонтушушот же инилерин,беш кол тен эмес;да
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: