ЖАШ ЖИГИТ ТИШ ООРУДАН КАЗА ТАПТЫ. КҮНӨӨ КИМДЕ?

№552 31-май-6-июнь, 2013-ж


«Уулумдун «Апа, мен бат эле айыгам! Анан экөөлөп ушул доктурлардан өч алабыз!» деген акыркы сөзүнүн өтөсүнө чыгайын деп жүрөм». Кеңсебизге баш баккан Жумагүл Шабданова аттуу айым ушинтип сөз баштады. Каарманыбыздын айтымында, он гүлүнүн бири ачыла элек уулу ак халатчандардын шалаакылыгынан улам каза тапкан. «Бирок мен өч алайын деген жокмун, болгону күнөөлүүлөр жазасын алса» дейт уулунан ажыраган эне.

«АПА, СИЗДИ АКЫРКЫ ЖОЛУ КӨРҮП АЛАЙЫНЧЫ»
Уулунун кырчындай 18 жаш курагында каза болуп калганына дале ишенгиси келбеген эне окуяны төкпөй-чачпай төмөндөгүдөй баяндады:
– Уулум Жыл­дызбек Бекмырзаев 1995-жылы 2-апрелде төрөлгөн. 3 бир туугандын ортончусу эле. Кербен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте 11-класста окуп жаткан. Оштогу технологиялык университетке тапшырам деген жакшы тилектери бар болчу. Классташтары, айылдын баары баламды «куудул» деп жакшы көрүшчү. Жылдызбек куудулданып сүйлөп элдин баарын күлдүрүп жүрчү.
Ушул жылдын 21-февраль күнү Жылдызбек Кербен шаарындагы жеке ооруканалардын бирине барып, Айнагүл Чолпонкулова аттуу тиш доктурга курт жеген тишин тазалатып, андан соң пломба салдырган. Ошондо тишинин түбүнө инфекция кирип кетиптир. 22-февралдан баштап түнү менен тиши ооруп, уктабай чыкты. Эртеси иш күнү эмес болгондуктан, 25-февраль күнү гана кайра тишин тазалаган ооруканага бардык. Ал оорукананын стоматология бөлүмүнүн башчысы Базарбай Максүтбеков «тиштин түбү ириңдеп кетиптир. Хирургия бөлүмүнө барып, ириңди алдыргыла» деп Аксы райондук ооруканага жолдомо кагаз жазып берди. Ал жактын хирургия бөлүмүнө алып барсам, бөлүмдүн жетекчиси Дүйшөн Эргешов «тиш ооруга да ооруканага жатчу беле?! Эч нерсе болбойт. Фурацилин деген дары алгыла да, үйгө барып чайкай бергиле» деп койду. «Жолдомобуз турат го, жаткырып кой» десем, «азыр бизде орун жок. Биз тиш ооруганды жаткыра албайбыз» деп баламды кабыл албай койду.
Эртеси уулумду үй-бүлөлүк дарыгер Гүлмира Абдуллаевага алып бардым. Ал баланын дене табын өлчөп, ооруксунууну билдирбеген ийне сайды да «дене табы 39,4 градус экен, хирургга алып барыңыз» деди. Ал айткан хирургга барсам, баланы көзүнүн кыйыгынан карап, «бул менин оорум эмес, лорго көрсөтүңүз» деди. Лорго алып барсам анысы да «бул менин оорум эмес» дейт. «Баланын дене табы көтөрүлүп жатат, анан мен каякка алып барышым керек?» десем, «Цефазолин деген укол алыңыз да, үйдөн карай бериңиз» деп койду. Эртеси Аксы райондук ооруканасынын башкы дарыгери Абдыманап Кулубаевге кирип, баламдын акыбалы оор болуп жатканын түшүндүрүп, аны хирургия бөлүмүнө ээрчитип бардым. Ал жерден Эшалиев, Эргешов дегендер стоматолог Базарбай Максүтбековду чакырышты, анан балама ампициллин уколун сайып коюшту. «Асма укол бербейсиңерби?» десем, алар «балаңызда асма укол бере турган оору жок. Эч нерсе болбойт, бул андай деле коркунучтуу оору эмес» деп ооруканага жаткырышты. Ооруканада ошол убакта бош орундар бар эле экен. Кийин мен 3 күн бою «мага жолдомо эле берип койчу. Бул жерде рентгениңер болбосо же дарыгерлер жакшы карабаса. Баламдын абалы уламдан-улам оорлоп баратат» деп башкы врачка бир күндө 3 жолу барып жалдырадым. Ал «өзүбүз эле карайбыз» деп жолдомо берген жок. Баламдын акыбалы оорлоп, мен ага кошулуп ыйлап, «сен бир аз жата турчу, мен врачтарды чакырып келе калайын» десем, балам «Апа, сизди акыркы жолу көрүп алайынчы. Мен өлүп калат окшойм!» деди (каарманыбыз сөзүнүн ушул жеринен жашып кетти).

«КҮНӨӨЛҮҮ ВРАЧ АКЧА СУНУШТАДЫ»
– Баламды жанында жаткан адамга табыштап коюп, чуркап дарыгерлер отурган кабинетке барсам, башкы врач Абдыманап Кулубаев, бир нече дарыгерлер болуп тамак ичип отурушуптур. Аны көрө сала «баланын акыбалы оор болуп, жерде томолонуп жатса, силер жайбаракат тамактанып отурасыңар. Балама жардам бергиле!» деп кыйкырдым. Ошондо гана алар чуркап келип, баламды карашты. Мен «жолдомо жазып бербесеңер, силер жоопкер болосуңар» деп туруп алдым.
Ошентип, врачтар кечинде гана өз ара кеңешип, анан «колубуздан келгенин кылдык. Баланы шаарга алып барбасаңыз болбой калды окшойт» деп качан гана уулумдун абалы начарлап кеткенде Бишкекке жолдомо жазып беришти. Жолдомону алып Бишкектеги Улуттук госпиталга келдик. Бизди Алмаз Кулназаров деген врач кабыл алды. Өзүбүздүн райондо 12 күндө чыгат деген анализди 3 мүнөттө чыгарып берди. Анан баланы палатага да жаткырбастан, 15 мүнөткө жетпей операцияга алып кирип кетишти. Операциядан чыккан соң балам кичине өзүнө келип калды. Анан «баланын өпкөсүнө ириң чаап кетиптир, экинчи операцияга алып киребиз» дешти.
Экинчи операцияны баламдын мойнун кесип жасап, «баланын иммунитети өтө начар, Аксы райондук ооруканадан эч кандай азыктандыруучу асма укол куюшкан эмес» дешти. Дагы бир профессорду чакырышты, ал баламды көрүп, мени иш бөлмөсүнө чакырып, «биз эч нерсе айта албайбыз, бир Кудайдан. Баланы өтө оор акыбалда алып келдиңиз. Дагы аракет кылабыз. Эми «өлсө, сизде доом жок» деп мага кол коюп бериңиз» деди. Көзүмдүн жашын көл кылып «доом жок» деп кол коюп бердим. Анан операция жасалып, ал ийгиликтүү болду. Баламды акырындан бастыра баштадык. Бир күнү врач Алмаз «эже, уулуңузду алдыда эң оор операция күтүп турат. Баланын мойнундагы күрөө тамыры ириңдеп кеткен. Аны алыш керек» деди. Ошентип, 9-март күнү операцияга алып кирип кетишти. Мен эшикте күтүп тургам. Көптөн кийин Алмаз чыкты. Дароо эле «операция кандай өттү? Жакшыбы?» деп сурасам, ал «эже, жүрсөңүз бөлмөмө, сүйлөшчү сөздөр бар» дегенинен кирдим. Анан артымдан дагы эки врач кирип келди. Көл-шал терге түшүшкөн, кийимдеринин баары кан. Аларга «жакшы операция жасап баламды сактап калганыңар үчүн рахмат, айланайындар!» деп алкыш айтып жатсам эле Алмаз «эже, колубуздан келгенин жасадык, бирок уулуңузду сактап кала албай калдык, кечириңиз» деди...
Баламдын өлүмүнө себепкер дарыгер Абдыманап Кулубаев Аксы райондук прокуратурасына жазган арызымды кайтарып алышымды талап кылып, акча сунуштап жатат. Бирок мен эч кандай акчага алданбайм. Анткени балам өлөр алдында мага «апа, мен айыгам, анан экөөлөп ушул доктурлардан өч алабыз» деп айткан.

«КОЛУБУЗДАН КЕЛГЕНИН ЖАСАДЫК»
Мындан соң биз экинчи тараптын, тагыраак айтканда, Кербен шаарындагы оорукананын башкы врачы АБДЫМАНАП КУЛУБАЕВге байланыштык:
– Бала чындап эле биздин ооруканада жаткан. Алгач биздин бир дарыгер оорусун түшүнбөй лорго жибериптир. Бала лорго барып, андан соң үйүнө кетип калыптыр. Эртеси ооруганынан кайра келди. Бизде 2 күн жатты. Кулагына наушник салып жакшы эле угуп жүргөн. Анан мен дарыгерлерди, баланын туугандарын чогултуп, «бул ооруну биз операция жасай албайбыз. Моюнда кан тамыр көп, операция учурунда кан көп кетип калышы ыктымал. Ошондуктан борборго эле алып баргыла» дегем. Анан Бишкектеги тааныш дарыгерлерге чалып, «тууганым болот» деп дайындап жибергенбиз. Ал жактан 4 жолу операция болду. Төртүнчүсүндө кан көп кетип, бала каза болуп калды. Биз колубуздан келген жардамыбызды бердик.
Баланын апасына мен пара сунуштаган жокмун. «Биз балаңызды атайылап сабап өлтүргөн жокпуз. Анын өмүрүн сактап калалы деп колубуздан келген жардамды кылдык. Айла жок экен. Эми баланын кыркына, жылдыгына жана эстелигине жардам берели» деп айтканыбыз чын. Мен өзүм ажымын. 5 маал намаз окуйм. Ажыга барып келгенден кийин айылдагы ажы аксакалдар, врачтар чогулуп куран окутуп жатканбыз. Анан баланын апасы кирип келип эле бизди сүрөткө тартып, кыйкырып баштады. Баланы караганбыз, ошол учурда акыбалы күндөгүдөй эле болчу.

«ЭКСПЕРТИЗАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫКСЫН, АНАН...»
Карачечекей уулун жоготкон эне азыркы учурга чейин баласынын өлүмү боюнча кылмыш иши козголбой жатканын айтат. Аксы прокуратурасы иш алып барып, иштин чоо-жайын Талант аттуу тергөөчү иликтемей болгон. Аксы райондук прокуратурасынын тергөөчүсү ТАЛАНТ АХМЕДОВ менен байланышсак, ал төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 119-беренеси (медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбашы) менен кылмыш иши козголгон. Азыркы убакта керектүү материалдардын баары экспертизада каралып жатат. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин гана тийиштүү чара көрөбүз.
Бул окуя тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматына байланышканыбызда алар бизге Канат аттуу кызматкеринин телефон номерин беришти. Бирок аны менен байланыша албадык.
Өткөндө бир ырчы «тишимди оңдотуп стоматологго каттап жүргөм. Бир жумадан соң катуу ооруп калдым. Ооруканага барсам, «сарык оору жугузуп алыпсың» деп айтышты. Бир айдан ашуун дарыландым, тиш дарыгердин шалаакылыгынын айынан» деп кейиген болчу. Эми бул жигит тиш оору себеп болуп өмүр менен кош айтышты. Гиппократтын антын ичкен ак халатчандар оорулууга дыкат карап, өз ишине так болуп, өмүр сакчысы болушса экен...

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Тиш оору жаш жигиттин өмүрүн алып кетти

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(87)
04.06.2013. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындап эле врачтар кайдыгер мамиле кылып карагысы да келбейт, бирок алардын карабай койгонго акысы жок да себеби алар ошол жумушу учун айлык алып уй-булосун багып жатат го.Супер-Инфо ушул иш боюнча аягына чыкканча козомолдоп турсаныздар болобу?
04.06.2013. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баланы караган имиш абалы кундогудой эле болчу дегендеби дагы уялбай врач атанып журу!кантип абалы кундогудой эле болсо олумго жетмек беле?больница эмне куран окутуп тамак жеп той кыла турган жерби?ажымын дейт :-( дагы
04.06.2013. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздорунун баласы ооруса кандай акыбалда болот ,коротэлек.Жазасын алышсынбашка ак халатчандарга сабак болот.Супер инфо ушул ишти аягына чыгарып берсенер жакшы болмок,эненин куйутун басып.Бир азда болсо жардам ирээтинде
04.06.2013. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Стаматологдор тиш жасоодо колдонгон курал-шаймандарын ар бир оорулуну коргон сайын стерилизовайт этип туруш керек. Мен коргом вата менен суртуп койуп ,башкалардын оозуна салып даарылап жатканын. Албетте анан оору жугатта. Мисалы шаар жерлеринде эле тазалыкты текшергендер болбосо эле,райондордо айыл жергесинде эптеп эле.
04.06.2013. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taakyr uaiat degen jok anan men Ajylykka baryp kelgem dep koiot....
04.06.2013. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озу сактасын,врачтар кичине жоопкерчиликтуу болушса экен.Эжеге сабыр каалайм.Тиштин ириндегени эмес,ооруганы да жаман го!Менин да тишимди курт жеп,ириндеди эле врачтар жакшы эле айыктырып беришти.
05.06.2013. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайрат кылыныз! тимеле жирно отурушат го врачтар..
05.06.2013. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягы эле кайдыгерчилик.Беш кол тен эмес, арасында жакшылары да бар.Ал эми бул врачтар жазасын алыш керек эгер адилеттуулук бар болсо.Ууру тойгончо жеп олгончо карганат .
05.06.2013. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым озу ынсап берсинчи,эжеке кайрат кылыныз,белинизди бекем бууп,калган балдарыныздын омурун тилениз.Аллах Таалам баланызга жаннаттан жай берсин,ал доктур аты барларга озу жазасын берсин.
05.06.2013. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врачтар оз ишин так аткарса жакшы болмок, эже кайрат кылыныз. Больницада кор-я куч.
05.06.2013. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врачтардын козун азыр акча басып калган, акча берсен талаптагыдай карайт бербесен оло бер деп басып кетишет. Бирок мамлекет маянасын жогурулатканда мынчалык акчага ач коз болушмак эмес.
08.06.2013. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zhyldyz92, Мамлекет маянасын которгон чактада алар кутурган иттей токтобойт!!! У них же нет чувства совести, или хотя бы чуть чуть адамгерчилиги болгондо да ошол балага жардам бермек. Хотя бизде нормальный врачтар калдыбы озу???
06.06.2013. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
билими жок врачтар коп, акча менен эпреп бутушкон.
06.06.2013. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baary le men taanygan vrachtar, men taanygan Kerbendin Besh korgon kochosundo jashagan enenin neberesi eken, Kudai jatkan jerin jannattan bersin, arty kairyluu topuragy torpoo bolsun! emne deibiz azyr zaman ozgordu adamdyn peili ozgordu, oz bir tuuganyn da karabai kaidyger basyp ketken vrachtardyn biri myna ushul vrachtardyn arasyndagy xirurg vrach Duishon Ergeshov bolup sanalat, oz bir tuugan ukosun karabai koiup olturup kolubuzga salyp koidu go,ejem 3 kyzy menen burkurap yilap kala bergen
06.06.2013. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myndan 4jyl murda, vrachtarga kunun tushkuluk kylbasyn eken dep kaldym, akchadan bersen karait berbesen jok bolosun.
07.06.2013. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун эже! Менда Кербенденмин кызык менин тишимди да пахтаны калтырып,тишим ириндеп кеткен .акыры тишимди жулдуруп тынгам. Ошол эле дагы бир аял атамдын таза тиштерин аралап пломба койгон . Акча иштеш учун. Уяты жоктор .
07.06.2013. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким эмне кылса да эртеби, кечби закондун алдында жооп берет, законго болбосо да кудайдын алдында жооп берет. Мен тааныган эле врачтар. Айнагул эже койкондоп алып куноонун баары ошондо экен. Жакшылап дарылап берсе болмок, врачтарга болгон сый-урматын да кетет экен, тообо.
Жаш жигиттин жаткан жери жайлуу болсун, ата-эне бир туугандарына конул айтып, сабыр кылуусун отунобуз. Куноокорлорду куноосуз калтырбаныз эже. Сизге ийгилик!
07.06.2013. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да балам менен жатканда тушундум врачтардын козун акча басып калыптыр. Мына кылабыз,ана кылабыз деп созуп журушту,качан гана акча бергенден кийин анан эртеси сразу операция жасашты. Балам 1жашта эле ошондо. Озу 6жашка чейинби бекер болуш керек эле баардык нерсе. Врачтар эле эмес медсестралар деле алайын деп эле турушат экен.
07.06.2013. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
доктурлар адамды оорудан куткарып экинчи омур бергендин ордуна эх тушунбойм атып эле салса кээ бирин же адам ооруп олуп калганын кундо коруп жатып буларга типичный корунуш болуп калабы чын эле олум алдында жатса кайдыгер тойлук жеп отурушат ал ошол адам бироонун баласы апасы суйгон жары ал бир жолу жаралат башка шанс жок адам болсо экен урматтуу доктурларыбыз
08.06.2013. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
врачтарыбызга Кудай ыйман, ынсап берсин!
08.06.2013. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул каравандын тиш доктурларына тообоода.менин тиштеримдида туура эмес тазалашып,азбын тарткам.азыр десналарым хронич.восполен.болуп айыкпай журот.врачтар кичине коздорун ачып койсо акча, акча эле дей бербей!эже кайрат кылыныз!
09.06.2013. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай мындай кунду башка салбасын.Кайрат кылыныз.Баардыгы жазасын алат бугун болбосо эртен.
Врачтар оздоруно ишене албагандан кийин иштебей эле коюшса адам омуру менен ойнобой.
09.06.2013. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун! Эжеке озунузду ойлонуз. Мындай врвчтарды жазалаш керек.
SUPER.KG видео
16.06.2013. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде озу жакшы жашоо болобу же жокпу кантип
эле элдин баары озун ойлоп калган мен да билем кайдыгер караган врачтар коп адамдын ден соолугу учун гана эмес омуруно да жооп берээрин эске алышса экен
SUPER.KG видео
15.08.2013. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол врачтарды кудай жазасын берсин ылайым
06.12.2013. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окугандардын арасында врачтар болсо кечирип койгула бирок, угаловный кодекске озгортуу киргизиш керек, катуурак чара коро турган. Ошондо булар жоопкерчиликтен коркуп, жакшы иштешет беле.
SUPER.KG видео
19.01.2014. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже ким куноо онболсо АЛЛАХЫМ карап турат.Сабыр кылыныз АЛЛАХЫМ сизге сабырдуулук берсин.Баланыздын жаткан жери жайлуу болуп,жанын жаннатан берсин оомиин!!
SUPER.KG видео
03.07.2014. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх аллахым озу сактасын андайлардан(((. Азыркы врачтар акчага крап калышкан акчан жок болсо карабай эч нерсе кылбай коюшат. Э Аллахым ынсап бере гой ар бир инсанга...
SUPER.KG видео
05.07.2014. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ииии, байкуш эне. .
SUPER.KG видео
12.07.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беш кол тен эместа жакшы врачтар да бар бирок ошо Жалабад ОШтун врачтарын акча кобуроок кызыктырса керек
SUPER.KG видео
12.02.2015. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атин ай, кайдигерлик тубубузго жете турган болдуго. Оз ишин билбеген чаласабат врачтарга наалат. Эненин коз жашы, баланын убалы кимге!!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: