КАЗАКСТАНДА ЛИМОНТИ КАРМАЛДЫ

№555 21-июнь-27-июнь, 2013-ж


«Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Лимонти аттуу каймана ысымдуу Алмазбек Сулайманов милиция кызматкерлери тарабынан 16-июнь күнү Казакстандын Алматы облусунда кармалды»,- деп ИИМ кабарлады. Ал 2011-жылы эл аралык издөөгө жарыяланган болчу. 
1971-жылы Нарын облусунда туулган Алмазбек Сулайманов бир канча ирет соттолгон. 1999-жылы Нарын райондук соту анын эки адамды мыкаачылык менен өлтүрүүгө тиешеси бар деп таап, өлүм жазасына буюрган. Өлүм жазасы алынып салынгандан кийин өкүм 2006-жылы 30 жылга эркинен ажыратуу менен алмаштырылган. Эки жыл өткөндөн кийин Аламүдүн райондук сотунун токтомуна ылайык, ага туберкулёз диагнозу коюлгандыгы үчүн түрмөдөн бошотулган. Бирок Башкы прокуратура текшерүү иштерин жүргүзгөндө ооруну далилдеген рентген-сүрөт Алмазбек Сулаймановго эмес, башка адамга таандык болуп чыккан.  
Айтмакчы, тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, бул адамдын 2010-жылы 7-апрелде Токмок шаарында эки тургунга да кол салууга тиешеси бар. Учурда Алмазбек Сулаймановдун жазасын өтөп бүтө элек мөөнөтү дээрлик 20 жылдан турат жана аны Кыргызстанга экстрадициялоо иши каралууда.

Эльвира Караева
politika@super.kg



Лимонти кайрадан камакта

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
SUPER.KG видео
24.06.2013. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кармагандан кийин тыгып салгыла койо бербей
25.06.2013. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экстрадициялап эмне кылат? Бошотуп коё беришсин убара болбой. Баары бир 1-2айдан кийин самолётко салып, чиновниктер оздору коштошуп жонотушотго
25.06.2013. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактар озунун турмосундо кармаганда он болмок. Бул жакта аны тайрандатып дагы, балээни башташат биздикилер...
SUPER.KG видео
25.06.2013. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазасын ототуш керек!
26.06.2013. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар жерде эле крим топтун мучолору кармалды деп баштадык. Кайран кыргыз криминладын жетегинде гана жургон экенбиз да, дале журсок керек
30.06.2013. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура казактар озундо эле кармасын биздикилер дагы аны олуп баратат деп чыгарып жиберет
30.06.2013. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
барибир чыгатта камаса камабаса айрымасы жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: