«КҮЙӨӨМ МЕНИ КУМАР ОЮНУНА УТТУРУП, ТҮРККӨ САТЫП ЖИБЕРДИ»

№555 21-июнь-27-июнь, 2013-ж


Өз башынан өткөн кейиштүү тагдырын айтып бергени кеңсебизге бир келин кайрылды. Бирде жылмайып, бирде көзүнө жаш алып, бет маңдайымда каарманыбыз зээн кейитерлик тагдырын баяндап отурду.

«КОЖОЮНУМДУ КОКУСТАН ӨЛТҮРҮП АЛДЫМ»
– Атым – Айгүл (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү). Мен Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулуп-өскөм. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз, 3 кыз, 1 эркек. Атамдын улуту – түрк, апамдыкы – кыргыз. Тилекке каршы, атам кичинекей чагымда каза болуп калды. Андан соң 2-класста окуп калганымда чоң атам мени Түркиянын Анталия шаарына алып кетип, ошол жакта окуп калдым. 17 жашка чыкканымда Кыргызстандагы апам «катуу ооруп жатам, келе кал, кызым» деп чакырды. Келсем, мени Сузак районундагы айылдардын биринде жашаган жигитке турмушка узатып жиберди. Менден уруксат сурашпай эле алдын ала сүйлөшүп коюшкан экен. «Ата-эне жаманын тапмак беле, жакшысын табат да. Жолдошум жакшы жигит болсо керек» деп ага тийүүгө макулдугумду бердим. Кийин билсем, күйөөм мурда үйлөнүп, ажырашкан экен. Аны апам да билбептир.
Турмушка чыккан соң бир жума өтпөй эле күйөөм ичип, үйгө келбей, келсе да чатак чыгара турган болду. Жашообуз оорлоп, кыйнала баштаганда Түркиядагы чоң атам «кыйналсаңар бул жакка келип иштегиле» деп Анталияга чакырды. Чоң атамдын ал жакта халат чыгарган фирмасы бар. Жолдошум экөөбүз чогуу барып, мен фирмада иштеп, күйөөм бош эле жүрдү. Бир күнү жолдошум «сенин чоң атаң бай, ошон үчүн мени тоготпой жатасың да» деп себепсиз уруш чыгарып, мени жумушумдан да чыгарып алды. Чоң атамдын үйүндө жашачу элек, ал жактан батирге чыктык. Ошол маалда бир айлык боюмда бар эле.
Күндөрдүн биринде күйөөм мени бир бай түрктүн үйүнө иштетип койду. Көрсө, «келинчегим үйүңдө жатып иштейт, эмне десең баарын жасайт» деп үстүмөн акча алып коюптур. Менден башка да 2 келин бар. Бир күнү кожоюндан суранып чоң атамдын үйүнө барып, учурашып келдим. Келсем кожоюн «менин бөлмөмдү жыйнап койчу» деди. Берки 2 келин ошол убакта жок экен. Мен барып анын бөлмөсүн жыйнап баштагам. Дивандын үстүнө чыгып, дубалда илинип турган сыналгынын чаңын сүртүп жатсам, тиги боюмда бар экенин билсе да мени ошол жерден баса калып, зордуктаганга аракет кыла баштады. Мен ага моюн сунбай, каршылык көрсөтүп жаттым. Тиги килтейген, олбурлуу неме болчу, алым жетпей баратканынан карасам, столдун үстүндө гүл салган ваза туруптур. Вазаны ала коюп, тигини башка бир чаптым. Ал ошол жерден эси ооп жыгылды. Чуркап чыгып чоң атамдыкына бардым, алар мени ошол эле түнү Кыргызстанга учак менен качырып жиберишти. Кийин уксам, ал түрк өлүп калып, Түркияда үстүмөн кылмыш иши козголуп, полиция мени издеп жатыптыр. Мен бул жактан аты-жөнүмдү өзгөртүп салдым. Акыры чоң атам акча берип сүйлөшүп, ал кылмыш ишинин жабылганына мына 3 эле ай болду.

«КҮЙӨӨМ МЕНИ КАЙЫР СУРАТТЫ»
– Ошентип, Кыргызстанга келсем, артыман жолдошум кечирим сурап келди. Көрсө, ал түрктөн акчаны алып, ошондо эле Казакстандын Астана шаарына кетип калыптыр. «Мейли, боюмда бар, балам үчүн жашайын» деп аны кечирип, жараштым. Акыры төрөп, балам 1 айлык кезинде кайненеме таштап, күйөөм экөөбүз иштегени Астанага кеттик. Ал жердеги «Шанхай» деген базарда соода кылып иштеп жүрдүм. Күйөөм болсо казинодон чыкпайт. Бир күнү утулуп, акыры эч нерсеси калбай калганда мени күрөөгө коюп, анысын Астанада иштеген кайним билип калыптыр. Базарда отурсам кайним «жеңе, шашылыш аэропортко келе калыңыз, апаңыз чакырып жатат» деп телефон чалды. Жетип барсам, «апаңыз ооруп жатыптыр» деп мени Ошко учуруп жиберди.
Жолдошумдун үйүнө барсам, кайненем мени үйгө киргизбей койду. Жолдошум ага «киргизбегиле, мен аны казинодон уттуруп жибердим, балээсине калбагыла» деп телефон чалып койгон окшойт. Анан өз апамдын үйүнө бардым. 3 күндөн кийин артымдан Жип автоунаасы менен 3 жигит издеп келди. Алар «сени күйөөңдөн утуп алганбыз, ошондуктан алып кеткени келдик» дегенинен апам товар алам деген
100 000 сомун санап берип, мени алып калды. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин кайненемдер кечирим сурап келишти. Апам «мейли эми, күйөөң оңолор, ортоңордо балаңар бар» деп кечирип, мени аларга кошуп жиберди.
Ошентип, жолдошум экөөбүз 6 айлык балабызды алып, Бишкекке келдик. «Дордой» базары тараптан батир таап, жашап жүрдүк. Күйөөм иштебейт, арак ичип эле жүрөт, мен да бала менен иштей албай үйдө отуруп калдым. Бир күнү эле жолдошум «мага аракка акча таап бер» деди. «Кайдан тапмак элем, иштебей отурсак, сенин арагыңа эмес, нанга акча жок» десем, «жүр, сени конокко алып барам» деп ээрчитип жөнөдү. Жума күн болчу, «Дордойдун» жанындагы мечитке келгенде жолдошум «ушул жерге отуруп кайыр сурагын! Мага акча шашылыш керек. Болбосо балаңдын жүзүн түбөлүккө көрбөйсүң, сатып жиберем» деди. Айла жок, балам үчүн анын айтканына макул болдум. Мечиттин алдында отуруп кайыр сурай баштадым. 300 сомдой болгондо акчаны алып, «эмне кылсаң ошо кыл, мен сени менен жашабайм. Үйгө келбе!» деп басып кетти. Ыйлаган боюнча ошол жерде кала бердим. Ошол мечитте дагы 3-4 күн аргасыздан тилемчилик кылып, кайра үйгө бардым.

«МЕНИН ТАГДЫРЫМДЫ БАШКА КЫЗДАР КАЙТАЛАБАСЫН»
– Күйөөмдүн ичкилигинин айынан батирден батирге көчө бердик. Акыры Бишкектин Кызыл-Аскер аймагына батирге чыгып, мен тигүүчү болуп иштей баштадым. Күйөөм болсо бош. Мен тапкан акчаны алып кетип, 2-3 күндөн кийин кайра келет. Күндөрдүн биринде кечинде мас болуп бир кызды үйгө жетелеп келди. Мен көрө элек, тааныбаган кайын сиңдилеримдин бири окшойт деп жакшы тосуп алып, чайымды бердим. Бир маалда күйөөм «төшөк салып бер» деди. Бир бөлмөлүү батирде жашачубуз. Төшөк салып берсем, күйөөм тиги кыз менен менин көзүмчө эле жатып алды. Ошондо эмне кыларымды билбей, кадырымдын жоктугуна ушунчалык өксүп кеттим. Бир маалда апам телефон чалып «кайда жашап жатасыңар, кызым, мен Бишкекке товарга келдим эле, бардык акчама товар алып койдум. Бүгүн силердикине түнөп алайын, мейманканага акчам калбай калды» дегенинен жок дей албай жашап жаткан дарегибизди айтып койдум. Колумда акча жок, балким, ошондо акчам болсо «мейманканага жатып алыңыз» деп апама берет белем, ким билет?..
Аз убакыттан кийин «мен келдим» дегенинен эшикке тоскону чыксам, апам үйгө кирип келе жаткан экен. Аны көрө сала мойнунан кучактап ыйлап жибердим. Күйөөм башка кыз менен жатканын көрүп калбасын деп шаштым кете «апа, үйгө кирбей туруңуз, мен азыр акча табайын, анан сиз менен чогуу мейманканага барып түнөйлү» деп жибериптирмин. Ошондо апам «сени 9 ай көтөрүп курсагына батырган энең эми үйүңө батпай калдыбы?» деди. Аны угуп жаман болуп кеттим да, айла жок үйгө киргиздим. Апам үйдөгүлөрдү көрүп: «Бул эмнеси?! Бул эмне деген жашоо?!»- деп кыйкырды. «Кийимдериңди жыйнаштыр, түнү менен жолго чыгып кетебиз. Ушундай кордукту көрүп жашагыча жашабай эле койгонуң оң. Жана мага тааныштарым «кызың тилемчилик кылып жүрөт» деп айтышканда, мен «окшоштуруп алсаңар керек» деп ишенбей койдум эле. Көрсө, чын экен» деп күйөөмдүн бетине түкүрдү да, мени алып баса берди.
Кийин кайненемдер баланы менден талашып алып коюшту. Ошол бойдон басып барган жокмун. Азыр Бишкекте тигүүчү болуп иштейм. Баламды аябай сагындым. Көргүм келет, бирок кайын журтума баргандан корком, алардын үйүнө басып баргым келбейт. Чынын айтсам, көңүлүм аябай калды. Айлыгым тийгенде кийим-кечек алып, апамдан балама берип жиберем. Ал жеткирип келет. Азыр эркектерди көргүм келбейт, ушунчалык көңүлүм калды. Сиздерге келгенимдин себеби – менин тагдырымды башка жаш кыздар кайталабаса дейм. Мен көргөн кордукту башкалар көрүшүн каалабайм. Ошондуктан жаш кыздарга «ата-энеңер таап берген жигитке турмушка чыгарда ойлонгула» деп айтар элем.

P.S. Ошентип, келин өз окуясын баяндады. Биз экинчи тараптын оюн угууга да даярбыз.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



"Күйөөм мени кумар оюнуна уттуруп, түрккө сатып жиберди"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(150)
25.06.2013. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен тушунбой эле калдым бирок видиосун кордум ыйлап айтып жатты ушунчалык жоош кызда болобу биринчи сатып кеткенде жок кылыш керек болчу дагы билбедим мумкун чындыр
26.06.2013. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маакул 50% ишенип туралычы,бирок калп айтпаса керек дейм да озу айабай койдой жоош келин екен.
26.06.2013. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай кор.сиз ойлонбонуз эже баары жакшы болот.кудай буйруса.
26.06.2013. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сиз зордукчу туркту эмес, биринчи кезекте айбан болуп калган куйоонузду олтуруп тынсаныз туура болмок. Ушундай кыргыздардан коро жогу, андайлардын бул дуйнону булгабай кордо эле болгону жакшы.
26.06.2013. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rostov-on-Don, gutler, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга, мазактоого тыюу салынган.
2 күндөн БАН!
arsen12, сунушуңузду info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтүшүңүз керек.
26.06.2013. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз кыздары мынчалыка барбайт болчу, суйбой туруп ушунча кордука чыдаса анда суйуп тийген болсо кантет еле деп ойлоп тетем. Кудайым эркектерге ыман берип арактан алыс кыла кор
26.06.2013. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wymdygyn kyrgyr ywyncha da kor bolosynby?
Kynoonyn baary ozyndo.Ewktei bolgon gyioondyn kim ekenin tierin menen 1 jumadan kyiyn bilmeksin akilin bolso.Gyioon adam emes ele jetken karakchy eken.
Sendei aialdy erki jok deit.
Ozyndy 1chy korgoboisynby meen bolso..Ewe sen kiwi oltyrdyn vsiaky sluchy al kynoondyn jazasyn albasan mindan da jaman jawoogo tyw kelesin.
26.06.2013. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arsen12, эскертүүгө карабастан, эреже бузганыңыз үчүн 10 күн БАН!
26.06.2013. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан жазасын берсин айбандын!Сабыр кылын эже!
26.06.2013. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу жоош тура
26.06.2013. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуп алып жинин келет,биз кайсы кылымда жашап атабыз,орто кылымда жашагандай болуптур ,озу сабатсыз да анан да Анталияда жургон имиш.
Модератор admin_superstan түзөттү 26.06.2013 20:47
27.06.2013. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул келин турецкий сериалдарды коп корсо керек.
27.06.2013. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myndai kuioodon kudai saktasyn, birok bul kelin ozu da kyzyk eken, baaryna koz jumup kaira kechirip jawai bergen, meesi ordunda emes go
27.06.2013. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи кылган кылыгында эле чогуу жашоону токтотуп койсо болмок.
28.06.2013. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
силер озунордой коруп кыжырынар кайнап иреенжисенер, бул байкуш озундой коруп куйоосун кайра кайра кечире берсе керек да.(каждый судит по себе)
28.06.2013. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми тыныраак болбосонуз болбойт го.Тебелеттирсениз тебелей беришет.
28.06.2013. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men aita turgan sozdordun baary jazylyp, kee biri banga da ketip kalypyr. Konulunuz ayabai ele erte kalyptyr go, dagy bir jolu ke4iriniz
28.06.2013. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatnur, ха ха ха боорум эзилип калды жакты комментарийин.
28.06.2013. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу жашы улуу болсо дагы башы иштебейтко,биринчи жолу эле бетине тукуруп кетип калыш керек эле эрдин саны куруп калса да кудай башка салбасын
28.06.2013. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык ушунча нерсени кечирип жашап келсе тобоо . Куйоосу козунчо башка менен жатса да башка бироого сатып жиберсе да дагы кечирип жашап келиптир андай кишини башында эле бетине тукуруп кетиш керек эле.
28.06.2013. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу турк сериалдар чыгып кетти десем мындай окуяларда чыгарышыптырда ээ ото снярилештиришиптиргооо
28.06.2013. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тообо ушунча чыдамкайбы не эркек деген аялын кызганат еле же жалганбы? Мындай бсо куйоосунун аялынан иттей конулу калган мынчалык болбосо керек кудай бетин ары кылсын ежейге айтарым сизди суйгон адамда кезигет башкысы суйдуро билуу керек
29.06.2013. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгул сендей кызды биринчи жолу коруп, угуп жатам. сен эмне кайра-кайра кечире бересинби? Бул жарык дуйного бир жолу келесин кудайым берген жашоону адамча жашап отуш керек.
29.06.2013. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баламын атасы деп еле кордук коруп жашай берген туура емес ар бир адам бактылуу болгонго акылуу!!жакшы кылган еми мындан ары бактылуу болушунузга тилектешмин!!а тиги куйоонуз еркек деген атка татыктуу емес екен
30.06.2013. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалганды айтпагылачы.мен ишенбейм.
30.06.2013. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
законго таяп баланы озуно алгын.
01.07.2013. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишениш кыйын го ээ. Озу Туркияда чонойсо, чон атасы жакшы колдоп, жардам кылса, тим эле башы оорубай жашай турган жерде экен го. Уйуно киргизбей коюп, кубалап жиберип, кайра келсе эле кечире бергени кызык. Такыр эле человеческое достоинство жок го. Бир баланы эптеп багат эле го энеси экоолосо, закондошуп эле албайбы, жок дегенде чон атасы материальная поддержка кылат эле го. Куйоосу айбан экен, кудайым баарыбызга ыйман берсин.
01.07.2013. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апасы да кызык экен, кызым кандай жерге барат деп кичине кызыгып деле койбойбу, куйоо десе эле чакырып бере салбай.
SUPER.KG видео
02.07.2013. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгул баардыгын Кудай озу таразалайт. Откон ишке окунбонуз, андан коро алдыга умут коюп жашаныз. Сотко кайрылсаныз жакшы болмок.Экинчи кайрылып жашабай эле коюнуз, озунун баласын сатам деген адам,АДАМБЫ?
22.07.2013. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тушунбодум баланды эмнеге алып алды сенден соттошуп болсо да кайтарып ал андай айбан озуно окшоштуруп тарбиялайт да баланы
22.07.2013. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акчага тойгон айбандар ушинтип кутурушат да сен мындан нары озуно бышык бол синдим жыгачтын жумшагын курт жейттен болбой
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: