МАЙЫП ҮЧҮН УЮШТУРУЛГАН МАРАФОН ЧЫРЫ

№556 28-июнь-04-июль, 2013-ж


«Баламды айыктырып алсам арманым жок эле» деп редакциябызга Бахтияр Токтосунов аттуу окурман кайрылды. Жадакалса майыптын атын саткан алдамчылар көбөйүп, замандын бузулуп баратканына кейиген ал төмөнкүлөрдү билдирди.

«МАРАФОНДОН ТҮШКӨН АКЧАДАН БИР ТЫЙЫН ДА БЕРИШКЕН ЖОК»
– Уулум Чолпонбек Бахтияров 1992-жылы төрөлгөн. 2-топтогу майып. Өзү таланттуу жигит. Видеомонтаж, фотомонтажга аябай кызыгып, өз алдынча үйрөнүп алган. Анын талантын байкап, анан да оорусун унутуп алаксысын деген максатта жаш балдар үчүн «Чолпонпродакшн» деген аталыштагы киностудия ачып бергем. Чолпонбек ал студиядан кыска метраждуу жана документалдуу бир нече тасмаларды жаратты. Доктурлар алгач Чолпонбекке туура эмес диагноз коюшуп, туура эмес дарылашты. Кийин уулумдун оорусу саркома (бат өсүп кетүүчү залалдуу шишик) жана сирингомиелия (нерв системинин оорусу) болуп чыкты. Акыркы 8 жылдан бери башынан 15 операция өткөрдү.
Үстүбүздөгү жылы уулум интернеттен Орусиянын Курган шаарындагы ооруканалардын биринде өзүн айыктыра аларын билиптир. Чолпонбекти ошол ооруканага алып баруу үчүн акча топтой баштадык. Ошол учурда «Бакдан» аттуу коомдук-кайрымдуулук фондунун жетекчиси Бактыгүл аттуу айым менен таанышып калдык.
Ал уулума жана дагы бир Марина аттуу майып кызга жардам көрсөтөрүн билдирди. Анан Чолпонбектин студиясындагы аппаратуралар менен 2-3 майыпты тартып, видеотасма даярдашты. Ал видеотасманы ар кайсы компаниялардын жетекчилигине, жеке ишкерлерге, төбөлдөргө көрсөтүп, уулумдун Орусияга барып операция жасатып келүүсүнө жардам сурап, борбордогу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтө турган марафонго чакырды. Мен машинам менен фонддун жетекчиси Бактыгүлдү жана анын жардамчысы Нурадил аттуу жигитти 5 күн бою шаардын ар кайсы аймагына ташып жүрдүм. Бир байке менин көзүмчө эле «балдарга жардамым ушул болсун» деп Бактыгүлгө 500 доллар карматкан. Ошентип, 2013-жылдын 10-майында марафон өттү.
Ал ортодо биз Курган шаарына барууга камынып, оорукананын администрациясы менен сүйлөшүп алганбыз. Себеби Бактыгүл бизге «марафондон түшкөн акчадан беребиз» деп убада кылган эле. Бактыгүлгө телефон чалсам ал ар кайсы шылтоону айтып, акчаны кечирээк берерин маалымдады. Анан мага «сиздер Курганга бара бериңиздер, биз артыңыздардан банк аркылуу акча салып жиберебиз» дегенинен тууган-туушкандардан жана тааныштардан эптеп 4000 доллар чогултуп алып уулум экөөбүз Орусияга жөнөдүк. Барсак ал жакта баары кымбат экен. 5 мүнөттүк консультация эле 100 доллардын тегерегин чапчыйт. Биздин акча эч нерсеге жетпей калды.
Кургандык дарыгерлер Чолпонбекти дарылай аларын айтышты, ал эми Бактыгүлдөн дайын болбоду. Айла жок артка кайтууга туура келди. Бактыгүлгө телефон чалсам «Байке, марафондон түшкөн акча жок калды. Ырчыларга, алып баруучуга, Спорт Ордосунун ижара акысына төлөдүм. Алар көп акча сурашты» деген сыяктуу шылтоолорду айтып, менден кача баштады. Менин билишимче, ырчылар менен алып баруучулар кайрымдуулук концертине бекер эле катышып беришет. Кыскасы, марафондон түшкөн акчадан бир тыйын да беришкен жок.
Балам азыр дене табы көтөрүлүп кыйналып, буту шишип, түнү бою уктабай жатат. Аны тезинен Курганга алып барып операция жасатышыбыз керек.

«АЙЫГЫП КЕТЕРИМЕ ИШЕНЕМ»
Чолпонбектин абалы менен жакындан таанышуу үчүн үйүнө бардык. Биз барганда Чолпонбекке классташтары келип, алар менен кино, музыка тууралуу сүйлөшүп отурган экен. Баласынын маанайы ачык турганын көргөн ата: «Ушинтип баламдын көңүлү ачылганын көргөндө кадимкидей жан дүйнөм жай ала түшөт. Уулум түнү бою жерди койгулап ыйлап чыкса эмне кылар айламды таппай калам»,- деп мени карап жылмайды. ЧОЛПОНБЕК менен маектешип отуруп анын жашоого оптимисттик көз караш менен караарын байкадым.

– Чолпонбек, ден соолугуң кандай?
– Ар кандай. Бир күнү жакшы болсом, бир күнү ооруп, таң атканча уктабай чыгам.

– Өзүң жөнүндө айтсаң, эмнелерге кызыгасың? Күндү кантип өткөрөсүң?
– Үйдө эле отурам. Компьютерде иштейм, социалдык түйүндөрдө отурам, китеп окуйм. Кээде кинолорго сценарий, ыр жазам. Анан спорттук көнүгүүлөрдү жасайм. Сыртка чыкмай жок. Кээде досторум келет, алар менен сүйлөшүп отурам. Айрым күндөрү жайлоого чыгып таза абадан жуткум келет, бирок минтип ден соолук жол бербейт. Киного кызыгам. Азыр намаз окуганды үйрөнүп жатам.

– Алдыга койгон кандай максаттарың бар?
– Максаттарым аябай көп. Азыр ИСИТОдо информатика бөлүмүндө 2-курстун студентимин. Окууну аяктап, бутума туруп, ата-энемди багышым керек. Себеби мен үйдүн кичүүсүмүн. Анан да жакын арада Орусияга барып мени кыйнаган оорумдан айыгып келем деген үмүтүм бар.

– Эми жеке жашооңо токтоло кетели, сүйгөн кызың барбы?
– Бар болчу. Бир кызды сыртынан 8 жыл аябай катуу сүйүп жүрдүм. Ал кызга арнап көп ырларды жаздым. Акыры чыгынып арзуумду айтсам, кабыл албай койгон. Ошондон бери сүйүүгө деле убакыт жок. Менде азыр эң башкы максат – айыгышым керек. Келечекте кыргыз эли сыймыктанган жигиттердин бири болорума ишенем.

Экинчи тарап менен байланышалы деп Бактыгүл аттуу айымга телефон чалсак, комментарий берүүдөн баш тартты. Себебин каарманыбыз Чолпонбекке жакында жардам бергени жаткандыгы менен түшүндүрдү. Андан соң Чолпонбектин атасы кайра биз менен телефон аркылуу байланышып: «Бул тууралуу макала даярдап жатканыңыздарды билип, Бактыгүл мага келип «гезитке жазбай эле коюңуз» деп кечирим сурап, 9 миң сом таштап кетти. Калганын кийин берем деп жатат»,- деп билдирди.

«МАРАФОН ЧЫГЫМЫН АКТАБАСА ДЕЛЕ КЕРЕК»
Кожомкул атындагы Спорт Ордосунун жетекчиси Болот Сулаймановго бул тууралуу кайрылганыбызда ал төмөнкүлөргө токтолду:
– Бизде кайрымдуулук концерттердин кээ бирлери бекер өтсө, кээси 50 пайызын төлөп өткөрүшөт. 2013-жылдын 10-майында «Бакдан» кайрымдуулук фонду марафон өткөргөндүгү анык. Жетекчиси Бактыгүл Үмөталиева 25 миң сом ижарага төлөгөн. Менин оюмча, алар концертке короткон акчасын араң жабышса керек. Себеби концертке эл келген деле эмес. Азыр белгилүү сахна жылдыздары койгон концертке деле эл аз келип жатат.

Акыркы учурларда ушул сыяктуу кайрымдуулук концерттери көп өтүп жатат. Акча түшөбү, түшсө да дарегине туура жетеби, ал белгисиз. Мындан тышкары бизде кайрымдуулук фонддору да көп. Мунун баары чындап эле жетимдерге, майыптарга жардам бергиси келеби же алардын арты менен чет элдик бейөкмөт уюмдардан, колунда барлардан акча алып, пайда табууну көздөшөбү деген суроо туулат...

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Майып үчүн уюштурулган марафон чыры

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
SUPER.KG видео
29.06.2013. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиешелуу органдар кайдасынар чечпейсинерби ушундай маселелерди
SUPER.KG видео
29.06.2013. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшылап териштирип коргуло себеби ошончо нерсени уюштуруш учун акча коп кетет
балким чын эле эл келбей акча жоктур
SUPER.KG видео
29.06.2013. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх адамдар адам эмес эмне болуп баратасынар ото кайгырам кылбаганынар ушул калды эле астаафур аллах алланын астында жооп берууну такыр унуткан сыяктуу болуп баратышат биз мусулманбыз унутпагыла
SUPER.KG видео
30.06.2013. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах баарын коруучу жана билуучу! сабыр тилеп А лладан умутубузду узбойлу!
SUPER.KG видео
30.06.2013. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Майыптардын жана жетимдердин нанын тартып алган пенде Аллахтын катуу каарына калат!
01.07.2013. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул байкуштардан уурдабай эле койсо боло,кантип аш кылат деги:'(
01.07.2013. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоо кылдым ушул адамдан урдагандан уялбаса бир жерине тыгылып калсын ошол акча, анчалык кыйын, таза экен бут баарынын отчетун бербейт беле тиги катын. Алганын аш болбой калсын, Кудай тараза сага.
01.07.2013. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чолпонбек сенин эрдигине ыраазычылык, Аллах Таалам сага шифа берсин, дартындан айыгып мыкты инсан болооруна тилектешмин.Алты саны аман болуп наалыгандар учун сен эрдиктин эталонусун.Сага ийгилик жана ийгилик!
02.07.2013. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алсызды кордогон ыйлаткан адам эч качан жарыбайт бир кун эмес бир кун Кудайым озу жазалап коёт ,кирээрге тешик таппай калат
04.07.2013. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ Бактыгул болбой жерге кир, жардам колдон келип турса,бериш керек,алдабай. Убагында Жылдызкан Жолдошова эже озу жетектеген" Курманжан Датка" фонду аркылуу мага чон жардам корсоткон. Москвадан операция болуп келгем. Ал эжеге чоон ыраазылыгыбызды билдиребиз. Бар болун эже! А Бактыгул бул жасаган алдамчы ишин,аллагада жакпайт.
05.07.2013. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыгып кет Чолпонбек! Алдына койгон максаттарына жет!
07.07.2013. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыдатпай ооруп жатса кантип таш боор акчасын бербей тынч уктады экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: