
«Аялдын шайтандарын «профилактика» кылуу үчүн эркек анда-санда камчынын учун көрсөтүп туруш керек» деп коюшат. Айрым мырзалардын камчылары дайым колунда болсо, кийинки убактарда кээ биринин камчысы аялына өтүп кеткен учурлар да болот. Деги эле өмүрүндө аялына кол көтөрбөгөн эркек кыргыздарда бирин-серин эле болуш керек. Ачык айтылбай, бирок коомубузда көп орун алган аялды токмоктоо темасын бүгүн талкууга алалы деп чечтик.
«КЫЗ – КОНОК» ДЕП ЧЕКЕСИНЕ ЧЕРТЧҮ ЭМЕС»
ӨМҮРБЕК САМУДИНОВ, этнограф, тарыхчы:
– Кыргызда «кыздын кырк чачы улуу» деген кеп бар. «Кыз – конок» деп ата-эне чекесине чертмек тургай, чаң тийгизбей чоңойтушкан. Ал эми келинге андан да жакшы мамиле жасашчу. Бир мисал, XIX кылымда кыргыз жерине келген Феликс Рокка, Николай Рерих деген окумуштуулар кыргыздар аялдарына өтө аяр мамиле жасаарын жазып калтырышкан. Чындыгында, башка элдикиндей бетине паранжа жамындырбаган, атка мингизген, аялдарга карата улуттук оюндарды ойнотушкан. Демократиялык нукура мамиле ошол биздин ата-бабаларыбызда болгон. Кыргыздарда аялды уруу деген болгон эмес. Эркек менен аялдын ролу так, туура бөлүштүрүлгөн. Ошол себептүү ортолорунда токмоктоого себеп боло турган нерсе чыккан эмес. Кыргыздар «аялды уруу» деген илдетти Совет бийлиги орногондон кийин жуктуруп алды. Орустардан ичкилик ичүүнү үйрөнүп, анан аялдарга касапчылык кыла башташты.
Кээде чыр аялдар эркектерге таандык иштерди кылып тизгин талашуудан да келип чыгат. Жеңил коом болуп кээде аялы эркегин, эркеги аялын уруп коюп, эртеси эч нерсе болбогондой жашап жүрүшөт. Эгерде түбүбүзгө кайтсак, тарыхыбызды жакшы билсек, бул терс сапаттардан, балким, арылмакпыз.
«КАМЧЫ КҮЧТҮҮ БОЛСО КАТЫН УЯТТУУ» ДЕГЕНГЕ КОШУЛАСЫЗБЫ?
КАМЧЫ CАРЫБАЕВ, актёр;
– Бул кепке бир чети кошулам, экинчи чети кошулбайм. Негизи, аялды эч качан уруп, токмоктоп пайда таппайсың. Алар менен ажылдашып урушуп да жеңе албайсың. Эң жакшы жолу аялды алдап гана коюш керек. «Ооба, сен туура айтасың» деп койсоң эле жоошуп калышат. Менин үйлөнгөнүмө сегиз жыл болду, аялыма кол көтөрө элекмин. Айтып, ага көнбөсө алдап дегендей... Урушпаган үй-бүлө болмок беле? Ойноштор эле урушпай жашабаса, аялы менен күйөөсү анда-санда урушуп турушу керек. Бирок баары чеги менен. Кошулам дегеним, айрым эркектер таптакыр эле камчы эмес, тизгинди талаша албай калышат. Андайда аялы кыйын болуп кетет. Бул жагынан алганда жогорку кепке кошулам.
«АЯЛДЫ УРУУ ШАРИЯТТА ЖОК»
ЖОРОБАЙ ШЕРГАЗЫЕВ, Муфтияттын алдындагы Фатва бөлүмүнүн башчысы:

– Аялды уруу шариятта жок. Башка бир адамдын денесине, ага зомбулук көрсөткөнгө эркектин эч кандай акысы жок. Бирок жашообузда таптакыр эле чийинден чыгып кеткен жорук-жосуну өзгөчө аялдар бар. Аларга кандайдыр бир деңгээлде жаза керек. Эгерде аялы өтө ажаан болсо, күйөөсүнүн сөзүн укпаса, алгач курандан мисал келтирип насаат айтышы керек.
«Сен андай бол, мындай бол, мында туура эмес кылдың» деген сыяктуу акыл айтып. Ага да болбосо, анда аялдын төшөгүн бөлүп коюу керек. Төшөгүн бөлүү бул – жуурканын алып туруп башка бөлмөгө кирип кетүү эмес, аялы-күйөөсү чогуу эле жата берет. Бирок эркек катары ага көңүл бурбай, бир аз сыртын салып койгону оң. Буга убакыт мынча болуш керек деген нерсе жок. Анткени ар бир аялдын психологиясы ар кандай, бири бир түндө эле эсине келип калса, экинчиси жайыраак келет, ал эми үчүнчүсү
«мага баары бир» деп басып кетиши мүмкүн. Эгерде мындай жазалоо да натыйжа бербесе, анда акырын, денеси көгөрбөгөндөй, эти ачышпагандай силкип-булкуп койгонго уруксат. Аялды көк ала кылып уруп, балдарын үрпөйтүп коркутуу шариятка туура келбейт.
Эгерде анда да болбосо, аялдын жана эркектин туугандарын, аксакалдарды ортого салып сүйлөшүү керек. Ошондон кийин да оңолбосо, анда ажырашууга жол берилет.
Аял күйөөсү уруп, зомбулук көрсөтсө, анда казыга барып чечишип алганы оң. Кээде, тескерисинче, аял күйөөсүн уруп салган да учурлар болот. Андай учурда күйөөсү аялды багуудан баш тартат. Анын керек-жарагын алып берүү эркектин милдетине кирбей калат.
«ТОКМОК ЖЕГЕН АЯЛ ӨЗҮ БУЛ ЖАШООДО КУРМАНДЫКТЫН РОЛУНДА»
НУРЗАДА МАЯМЕРОВА, психолог:
– Бул эки тараптуу жагдай. Биринчиси – эркек эгер дайыма аялын ура берсе, анда анын алсыздыгы катары түшүндүрүлөт. Психологияда эркек ага кол көтөрө албаган аялды, кичинекей баланы, жаныбарды уруп, өзүнүн баркын көтөрүүгө умтулат. Өзүнүн кайсы бир абалдан чыга албай жатканын кыжырланып, башкалардын көзүнө өзүнүн баркын көтөрүү үчүн күчүн муштумдан чыгарат. Сөз менен түшүндүрө албаган абалын, эрксиздигин муштумга жашырат. Ал эркек алсыз, жашоодо ордун таба албаган, ички дүйнөсүндөгү көйгөйлөрүн чече албаган эркек. Бул дайым урууну өнөкөт кылып алган эркектер тууралуу.
Экинчи жагдай бул – аялдын заар тили, долулугунан, сөз жебегенинен таяк жеп калат. Кээде эркекти ошол абалга аял жеткирип коёт. Мындай учурда аял эркекти өзү провокациялап, токмок жеп калат. Аялдар бир нерсени аңдабайт, бир жолу кол көтөргөн эркекке экинчи-үчүнчү жолу кол көтөрүү оңой болуп, ал көнүмүш адатка айланып калат.
Токмок жеген аял өзү бул жашоодо «курмандыктын» ролунда. Андыктан өзү жүрөгүндөгү «жабырлануучунун» программасын жок кылууга аракеттениш керек. Кандай болсо да, бул аялдар да, эркектер да психологиялык жардамга кайрылып, себебин таап, жашоосун өзгөртсө болот.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg
боорукер болот бирок аялы созсуз каршы чыгат
кобунчосу аял уйду коп ойлойт
Эркектер эски досу жоолугуп калса ал досу бир арак куйсо карап турбай менда сыйлашым керек деп журуп
аялдарга жаман корунуп алышат
Биздин деле эже-карындаштарыбыз бар.мисалы мен каалабайм эжеми бироо урушун.
Тушундуруп айтсак алар деле тушунот,аялзатынын эч качан окунучтон акбасынчы коз жашы.
Ээх...аяп кеттим силерди.
Эркек деген негизи коргош керек аялдарын.