ТАКСИСТТИ МЫКААЧЫЛЫК МЕНЕН ӨЛТҮРҮШКӨН

№557 05-июль-11-июль, 2013-ж


Оңой оокатка кызыгып, арам акча табууну көздөгөн кылмышкерлер колго түштү. МАИ кызматкерлери жол эрежесин бузган автоунааны тоспогондо дагы бир оор кылмыштын бети ачылбай калмак экен.

«КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИ КУУП ЖЕТПЕЙ КАЛДЫК»
«Таксистти өлтүрүп, өзүнүн машинасына салып келе жатып кармалышыптыр» деген кеп өткөн аптада уу-дуу болду. Бул окуяга күбө болгон Чүй ОИИББинин жол көзөмөлдөө кызматынын кызматкери МУРАТ МОМУНАЛИЕВди кепке тарттык:
– Үстүбүздөгү жылдын 23-июнга караган түнү болжол менен саат 01:45 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылынын тушунда, Бишкек-Кордай жолунда кесиптешим экөөбүз өз кызматыбызды өтөп жатканбыз. Аңгыча жол эрежесин бузгандыгы үчүн күмүш түстөгү Мазда-626 үлгүсүндөгү автоунааны тоссок, токтобой качып жөнөдү. Артынан куудук. Анан Аламүдүн айылына жеткенде качып бара жаткан автоунаа эки жолу чимирилип кетип, айлана чаңдап эле калды. Машинадан болжол менен 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү 2 жигит түшө качышты. Бири кызыл түстөгү, экинчиси чатыраш көйнөкчөн экен. Аларды кууп жетпей калдык. Автоунааны текшерүүгө алганыбызда, артындагы жүк салынган жерден бети-башы канга боёлгон, бир кулагы катуу соккудан улам айрылып кеткен азиат түспөлүндөгү жаш жигиттин жансыз денесин көрдүк. Бул тууралуу ошол замат Аламүдүн РИИБине кабарладык.

«ООРУКАНАГА АЛЫП БАРАТКАНБЫЗ»
Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө кызматкерлери келип текшергенде унаанын ичинен 24 жаштагы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынын тургуну Тилектеш Түлөбердиевге таандык Мазда-626 үлгүсүндөгү автоунаанын техпаспорту жана канга чыланган желим таяк табылган. Ошондон улам маркум автоунаанын ээси экендиги такталган. Бул иш боюнча тез аранын ичинде кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында кылмышка шектүү деп окуя болгондун эртеси күнү 23 жаштагы классташтар ДАНИЯР СРАЖИДИН УУЛУ жана ЧЫҢГЫЗ ШҮКҮР УУЛУ кармалышкан. Алдын ала божомолдор боюнча, алар маркумдун сөөгүн эч кимге билдирбей ээн талаага таштап, андан соң автоунаасын өздөрү айдап кетүүнү көздөшкөн. Тергөө учурунда ДАНИЯР СРАЖИДИН УУЛУ жасаган кылмышын мындайча баяндап берди:
– Орусиядан келгениме 3 эле күн болгон. Чыңгыз деген дос балам экөөбүз «Аламүдүн» базары жактан такси кармап, Виноградное айылына чейин 1000 сомго жеткирип коюуга сүйлөштүк. Жетчү жерге жеткен соң таксист «алыс экен, үстүнө дагы 500 сом кошосуңар» деди. Биз «сен өзүң макул болгонсуң, кошпойбуз» дедик. Ошентип, уруш чыгып кетти. Тиги машинасынан желим таяк алып чыгып мени чаап жиберди. Ошого жинибиз келип, анын колунан таягын тартып алып, өзүн сабап, өлтүрүп алдык.

 


Кылмышка шектүү ЧЫҢГЫЗ ШҮКҮР УУЛУ:
– Бишкекте куруучу болуп иштечүмүн. Данияр экөөбүз жолугуп, анын кайненесинин үйүнө бармакчы болуп такси кармадык. Жолдон токтоп, дүкөндөн конфет, сыра жана бычак сатып алдык. Бычакты телефондон Даниярдын кайненеси ала келгиле деген. Биз мас болчубуз. Жеткен соң чыр чыгып, мушташа кеттик. Досум желим таякты таксисттин колунан тартып алып, 2-3 жолу чаап салды. Ачуубуз тарап, таксистти карасак өлө элек болчу. Ооруканага жеткирели деп машинанын ичине салсак батпай койду. Анан ыңгайлуу жатсын деп машинанын артындагы жүк салуучу жерине жайгаштырдык. Оорукананы көздөй айдап баратсак, бизди МАИ кызматкерлери тосконунан качып, бир жерге машинаны таштап кетип калдык.

 

«ТЕРГӨӨ ЖҮРҮҮДӨ»
Бул факт тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү АЙБЕК АРЗИМАТОВ буларга токтолду:
– Жогорудагы кылмышка тиешеси бар деп шектелип 1990-жылы Ош облусунун Ноокат районунда туулган Чыңгыз Шүкүр уулу жана Данияр Сражидин уулу аттуу 2 жаран кармалды. Учурда алардын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-пунктунун 6-бөлүмү (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда.

«ИНИМ УШУЛ КҮЗДӨ ҮЙЛӨНМӨК»
Уулун жоготкон ата-эненин күйүтү канчалык күчтүү экендигин айтпасак да белгилүү. Ал эми бир тууган эжеси НУРИЛЯ ТҮЛӨБЕРДИЕВА иниси тууралуу мындай эскерет:
– Тилектеш бир туугандардын арасында жалгыз уул болчу. Ата-энемдин тиреги эле. Ата-энем иним үчүн бардыгын жасап, ал үчүн жашап келишкен. Инимдин өлүмү аларга аябай оор болду. Атам иштебейт, апам автокырсыктан улам майып болуп калган. ЖОЖдогу окуусун аяктагандан кийин иним 2 жылдан бери такси айдап, ата-энебизди багып жүрчү. Күндүз бир ишканада эсепчи болуп иштеп жүргөн. Ушул жылы күзүндө үйлөнтөбүз деп камынып жаткан элек. Кыздардын арасында өскөнгөбү, айтор, аябай жоош бала болчу. Анан тамашакөй болгондуктан, элдин баары менен тил табышып кетчү. Бир да жолу анын тамеки чегип, арак ичип, сөгүнгөнүн көргөн эмесмин. Достору жаман жактарын көрбөгөнүн айтышса, байкуш иним үйдө эле эмес, көчөдө да жоош экен деп ойлоп койгом. Кылмышкерлерге мыйзам чегинде катуу жаза берилет деп ишенебиз.

Ошентип, бейкүнөө жигиттин кырчындай өмүрү кыйылды. Эми маркумдун жакындарынын «жалгыз уулубузду өлтүргөндөр татыктуу жазасын алышсын» деген талабы орундалып, сот акыйкат чечим чыгарарынан үмүтүбүздү үзбөй туралы.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн таксист

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(39)
SUPER.KG видео
26.06.2013. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карап отурсан ушундай иштер кобойуп баратат, башка бир чечим чыгарганча ушундай иштерди токтото турган чечим кабыл алышса, биздин атка минерлер. адам омуру да аз кыйылмак беле деген ой.
SUPER.KG видео
27.06.2013. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх ушундай акмактардан кудай сактасын.Жаш алдуу,күчтүү немелер өзүлөрү иштеп тапса болмок.Бирөөнүн мүлкүнө көз артпай.
SUPER.KG видео
27.06.2013. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар ким оз билгенин кылып отугун торго илип калбадыбы.Кай жакты окуба адам олтургондор ,педафилдер.Бул да болсо окмоттун шалаакылыгы,мыйзамдын иштебегендиги.
SUPER.KG видео
27.06.2013. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адамдардын озуно ыйман бербесе окмот эмне олтур деп уйротуп жатты беле,болгону соттор акчага сатылбай,туура чечим кабыл алышат деген ойдобуз.
SUPER.KG видео
27.06.2013. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым жакындарына сабыр берсин !!! Бул эшшшектердин да жазасын Кудайым берсин !!!
SUPER.KG видео
29.06.2013. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын таксисттер, тункусун кардар балдар менен шаардын сыртына эмес, жаны конуштарга да барбагылачы! А Тулебердиев Удачада официалдуу иштечу деп уккан болчум..
08.07.2013. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
smert' smert' olum olum
08.07.2013. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннаттан бoлcyн, арты kайрылyy бoлcyн.
08.07.2013. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллах сабыр берсин ата энеси бир туугандарына.жаткан жери жайлуу болсун.2акмакты чиритиш керек
08.07.2013. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
манкурттар го тооба аллах сабыр берсин жайы жаннаттан болсун!
08.07.2013. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун.2 акмакты аллахым оз жазасын берсин!
08.07.2013. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннатта болсун.Жакындарына Аллахым сабыр берсин.Эки манкуртту омур бою эркинен ажыратса экен
08.07.2013. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы эле атын очкур арак! Ушу балээни ичпесенер олуп калат беленер?! Азыркы жаштар аябай эле кызуу кандуубузда, озубузду карманалы. Ачуу-душман, акыл-дос!
08.07.2013. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арты кайырлуу болсун. 2келесоонун айынан жаш бала кете берди...
08.07.2013. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пешенеда эми аны кунолойбуз буну кунолойбуз пешенеге жазып койсо качып кутула албайсын.
08.07.2013. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
500 сом мына мынтип бироону аркы жака бироолорду темир тор артына катып койду. Жаткан жери жайлуу болсун!
12.07.2013. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
omurbek9393, кайдан билесин 500 сом учун уруш чыкканын! Экоонун жооп бергени эки болок болуп жатпайбы.Кайненеси бычак Ала келгиле деген деп, анан да мас болушса. Ким билет мындай адамдардан эмнени кутушту.
Арты кайырлуу болсун.
09.07.2013. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым мынчале бузукулар көбөйгөндөн көбөйүп баратат акыры эркектерго 500 сом үчүн ушунчалык айбанчылыка барышабы , акча арак деп бири бирин кырып бүтмөй болдуго дебилдер
09.07.2013. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге азиат улутундагы дейт? Кыпкыргызга эле окшоп турат го үчөө тең.
09.07.2013. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uulkan2288, ошо биз азиатпызда
09.07.2013. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uulkan2288, Хехе )))))))
11.07.2013. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
monchok, бироого олум, бироого той!
09.07.2013. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннатта болсун! :(
10.07.2013. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушуга окшогон башы жок артын ойлобогондор куйгузду айдоочуда не куноо десен!!!
10.07.2013. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маркумдун жайы жанната болсун!
мыкаачы адам олтургучтор турмодо чирисин!!!
11.07.2013. 05:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уруш бир тараптан чыкпайт, эки тараптан чыгат.
11.07.2013. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жалгыз бала экен ата энесине оор болду жаткан жери жайлуу болсун
11.07.2013. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун. жакындарына аллахым сабыр берсин
12.07.2013. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Еки колду чапса ун чыгат...
Кылмышкерлердин создору анча деле окшобойтко,аран жетишип,келишип алгап сынарындай.
Кандай болсода маркумдун жаткан жайы жайлуу,барган жери ЖАННАТТА болсун.
12.07.2013. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!
14.07.2013. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колунарга шал тийгирлер!бироонун жалгыз баласынан айрылтынар силердей акмак жексурларды жер-эне кантип которуп журот?силерге наалат айтам,эненин коз жашы силерди соо койбосун!жаткан жерин жайлуу,топурагын торко болсун иним!
SUPER.KG видео
18.07.2013. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janga jan kanga kan, eki zookurdu olturush kerek !!!
20.07.2013. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмактар оз жазаларын алышарына ишене албай турам, себеп азыр акчан болсо эле сени апапакай кылып,же болбосо куноосун женилдетип эркиндикке кое берип жатышпайбы? Маркумдун жайы жаннаттан болсун!
SUPER.KG видео
28.07.2013. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eshekterdin turu da suuk ekoonun ten
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: