КАРШЫЛЫК КӨРСӨТҮҮ ТАКСИСТТИН ЖАНЫН АМАН АЛЫП КАЛДЫ

№561 2-август-8-август, 2013-ж


Акыркы убактарда таксисттердин өмүрүнө кол салган фактылар көп катталууда. Тилекке каршы, мындай окуялардын аягы көп учурда кейиштүү аяктап калат. Жакында Бишкек шаарында ушундай кылмыш катталып, таксист көйнөкчөн туулган экен, аман калып, кылмышкерлер колго түшүрүлдү.

КЫЛМЫШ ВИДЕОРЕГИСТРАТОРГО ТАРТЫЛЫП КАЛГАН
Тоону томкоро турган, билеги күчкө толгон жаштардын оңой акча табуу үчүн түрдүү кылмыштарга барышы, атүгүл адам өмүрүнө кол салуусу кадыресе көрүнүшкө айланып бараткандай. Үстүбүздөгү жылы 21-июлда түнкү саат бирлер чамасында Бишкектеги такси кызматтарынын бирине такси кызматын пайдалануу үчүн чакыруу келип түшөт. Оюнда жаман нерсе жок Кайрат аттуу таксист чакырылган Фрунзе көчөсүнө барганда медициналык бет кап кийген 20-25 жаштагы кыргыз жигити «бери айда» деп ишарат кылат. Айдоочу ал айткан жерге барганда дагы бир кара чүмбөтчөн кылмышкер кошулуп, экөөлөп айдоочуну муунта башташат. Жан далбастап каршылык көрсөткөн айдоочуга бычак да сайышат. Ал каршылык көрсөтүп жатканда кылмышкерлердин бири өзүнүн колундагы бычактан жараат алган. Таксист кылмышкерлерге каршылык көрсөтүп качып чыкканга үлгүргөндө, кол салгандар ал жерден автоунааны айдап качышат.
Унаанын ичинде болгон күрөш видеорегистраторго тартылып калган. Аны бир нече мүнөттөрдөн кийин кылмышкерлердин бирөөсү көрүп калып ыргытып жиберет. Ал эми таксист алгач милицияга, анан кесиптештерине кабарлайт. Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери менен таксисттин кесиптештери көргөн ыкчам аракеттердин натыйжасында көп узабай Алишер Жакыпов жана Калысбек Орозбаев аттуу жигиттер колго түшүрүлгөн.

«АВТОУНААНЫ ТЕТИКТЕРГЕ САТУУНУ КӨЗДӨШКӨН»
КАРИМА АМАНКУЛОВА, Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматкери:
– 2013-жылдын 21-июлунда саат 1:20 чамасында Бишкек шаарындагы Биринчи Май РИИБине курал колдонуп кол салуу фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн. Кылмыш болгон жерге барган Биринчи Май РИИБинин тергөө тобу окуянын чоо-жайын иликтеп, кылмышкерлердин изине түшөт. Изи сууй электе бул кылмышка шектелип Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну Алишер Жакыпов жана Ысык-Көл облусунун 20 жаштагы тургуну Калысбек Орозбаев кармалды.
Шектүүлөр кылмышын мойнуна алып, алардын үстүнөн Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 168-беренеси (курал колдонуу менен кол салуу) жана 172-беренеси (мыйзамсыз бирөөнүн мүлкүнө ээлик кылуу) боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр автоунааны тетиктерге сатууну көздөгөнү аныкталды. Учурда алар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Айбала Эргешов
koom@super.kg



Таксистке кол салгандар кармалды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
SUPER.KG видео
30.07.2013. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
колун менен кылганды эми башын менен тартасын
SUPER.KG видео
30.07.2013. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ewekter myndailardy kolun kesiw kerek!!!
SUPER.KG видео
30.07.2013. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alas,
Техникалык катачылыктардан улам көрсөтпөй жаткан, эми көрө берсеңиз болот)))
SUPER.KG видео
30.07.2013. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Байкуш таксит баланы аман калтырганына рахмат!
SUPER.KG видео
30.07.2013. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мындай каракчыларды катуу жазалаш керек
SUPER.KG видео
31.07.2013. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Э кудай озун сакта ....мен бул жакта каным крайнап жатат жанында болгондо жанжып салгым келди бул МЫРКтарды!!!
SUPER.KG видео
31.07.2013. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшылык корбогур, канкорлор. Дагы жакшы, бактыга жараша, жаш таксист баланын омуру бар экен, кан жуткурлардан аман качып кутулду. Бул акмактардын биринчи эле кылмышы эмес болуш керек, канчалаган жаш балдарды жетим калтырып, энелерди сыздаткан болуш керек. Мындай онбогурларга АДАМ БАЛАСЫ баскан жерден орун жок!!! КАРГЫШ тийсин!!!
SUPER.KG видео
31.07.2013. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы УДАЧА такси кызматынын эр-азаматтарына,алардын ынтымактуу жардамы аркылуу(МОТОРЫ как услышали, сразу же все бросили работу и поехали помогать коллегам) , милиция кызматкерлери АКМАКТАРды оной колго тушурушту.
SUPER.KG видео
01.08.2013. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аар кандай жаман иштерге барып, шайтанга азгырылып, жургон пенделерине ыйман бере кор Аллахым
05.08.2013. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чала болот, жазанарды алсанар экен, орозонун кунундо ушундай ишке барган акмактар десе. Мен видеосун коруп алып таксист балага аябай боорум ооруду братан кетип калайынчы деп аябай жалдыраган экен. Силерге сооп болот, кудай жазаласын.
05.08.2013. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
смерть!
05.08.2013. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасынын машинасында отургансып чалкалайт го!..Анан да буйрук бергенин кантесин!!!Эшектер!!!Байкуш балага аябай боорум ооруп кетти...Кудай сактаптыр!!
05.08.2013. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми ушулар камалат дейсинерби хехехе эртен эле дагы бир таксистин шорун курутат бизде кылмышкерлер сайрандайт карапайым куноосуздор олуп кете берет кыйналып
06.08.2013. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kalysty men jakwy bilem. Al andai jolgo baruusu mumkun emes bol4u. Eto potstava
07.08.2013. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча жылга эркинен ажыратышат?Айбандан айырмасы калбаптыр.
09.08.2013. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин бир байкебизди олтуруп машинасын тоноп табылбай калды эле мындан жети жыл мурун бирок ал таксиз эмес болчу.Ушуга окшогон зоокурлорду бычып соко илип жер айдатса да аздык кылат.
SUPER.KG видео
21.08.2013. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай бандиттерди отоо оор закон менен жазалаш керек,турмого олтургузуш керек.
08.09.2013. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билиин окусан анча эмес маани бербейсин ,видеосун корсон кадимкидей журогум дирилдеп денеме будурчолор пайда болгон.Ошондуктан таксисттер кычык-пычык жолдорго кирбесенер ,чон жолдо туруп эле озун чык деп кутуп туруш керек болчу!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: