САК БОЛУҢУЗ! КАРА КУРТ МЕНЕН ҮЙ ЖӨРГӨМҮШТӨРҮ КӨП ЧАГУУДА!

№562 9-август-15-август, 2013-ж


Ысыкта салкын жай издеген курт-кумурскалар үйлөргө чейин кирип барышууда. Мунун айынан айрым адамдар кара курт же жыландын чагып алуусуна туш болуп, ооруканага түшүүдө. Бул жаатында Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнүн врачы Бакыт Жапаров атайын кеңеш берет.

СТАТИСТИКА
Жогоруда аталган бөлүмгө июль айында жалпысынан курт-кумурска чагып 49 адам түшкөн. Мунун ичинен 14 адам жатып дарыланган (кара курт чакканы – 11, чаян чакканы – 2, жылан чакканы – 1).
Ал эми үй жөргөмүшү чаккан 35 адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилген.

«ЧАККАН ЖЫЛАНДЫ КРУЖКА МЕНЕН ӨЛТҮРГӨНҮМДҮ БИЛБЕЙ КАЛДЫМ»
Алгач биз АЗИРЕТ ЭСЕНБАЕВ жаткан палатага кайрылдык. Азирет 21 жашта, Сокулук районунун Асыл-Баш айылынан. Учурда имараттарга евроремонт жасап эмгектенет.
– 25-июлда түндө үйдө уктап жатып, бир кезде суусап коридорго суу ичкени чыктым. Эми сузуп ичейин десем эле оң бутумдун таманы аары чаккан сымал тыз дей түштү. Карасам эшиктин түбүндө узундугу жарым метрдей кара чаар жылан жатат. Ошол чаккан экен. Кыйкырып ийдим. Нес абалымда колумдагы кружка менен жыланды койгулай берип, кантип өлтүрүп салганымды билбейм. Үйдөгүлөр ойгонуп, дүрбөлөңгө түшүп калышты.
Чаккан жер абдан оорутуп, шиший баштады. Жип таап келишти эле, аны менен шыйрагымды катуу байладым. Чаккандан кийин ошол бутум чымырап, аябай оорутуп, акырындап эч нерсе сезбей баштады. 15 мүнөт өткөндө тиземе чейин жансыз болуп калды. Анан көзүм тумандап, эсимди жоготтум. Үйдөгүлөр мени Сокулуктун ооруканасына, анан Бишкекке, бул бөлүмгө алып келишиптир. Буларды мен элес-булас гана билем. Анткени бирде эсиме келип, бирде келбей жаттым.
Азыр абалым жакшы, врачтарга жана абалымды сураган сиздерге рахмат.

«ЭКИ КҮН АТА-ЭНЕМДИ ТААНЫЙ АЛБАЙ КОЙДУМ»
Кийинки каарманыбыз Бишкектин Ак-Бата конушунун 29 жаштагы тургуну МАЙРАМБЕК МАМБЕТОВ. Айдоочу, 2 баланын атасы.
– 25-июлда кечки саат 10дордо тапчанда чай ичип отурганбыз. Бир нерсе алып келмек болуп бут кийимимди кийсем, кызыл ашыгым тыз эте түштү. Карасам бут кийимдин ичинде кара курт былжырап өлүп жатат. Аны мен жалпайтып басып алыпмын. Ызы-чуу түшүп, «Тез жардамга» чалдык. Чаккандан 2 мүнөт өтпөй табарсыгым катуу сыздатып, 5 мүнөт өтпөй бел, бөйрөгүм аябай ооруй баштады. Калтырап-титиреп, денеме майда, кызыл бүдүрчөлөр чыгып кетти. Дем жетпей, мууна баштадым. «Тез жардам» келгиче эсимди кыска убакытка жоготуп жаттым. "Тез жардам" кызматы 30 мүнөттө келди. Керектүү уколдорду сайып, токсикологияга алып келишти. Жандандыруу бөлүмүндө 3 күн жатсам, анын 2 күнүндө башкаларды тургай ата-энемди тааный албай койдум. 5 күн тамак ичкенге жарабадым. Азыр абалым жакшы.

БИРИНЧИ ЖАРДАМ
Эгер жылан чагып алса:
Жгут же жип менен байлоо, йод менен күйгүзүү жардам бербейт. Булар илгери ойлонуп табылган нерселер. Анткени жыландын уусу сиз байлап үлгүрө электе эле канга аралашып калган болот. Кан болсо жогорку ылдамдыкта жүгүрөт. Чагып алар замат тынч, кыймылдабай жатуу керек. Ушинткенде иммундук систем болгон күчүн уу менен күрөшүү үчүн толук жумшай алат. Анын үстүнө уу органдарды иштен чыгарат. Кан да уудан коюуланып, кан тамырлар көөп чыгат. Андыктан кыймылдоодон ички кан агуу күтүлөт, тынч жатсаңыз мунун алдын аласыз. Жаныңыздагы адам «Тез жардам» чакырып, анан чаккан жерди коркпой-этпей бат-баттан соруп түкүрүп салса болот. Бул уунун организмге азыраак тарашын шарттайт.
Жыландын чагуусунан аман калуу үчүн адамга 30 мүнөт, 1 саат же андан көбүрөөк убакыт керек. Бул жыландын канчалык уулуу экенине байланыштуу болот. Ушул аралыкта тез жардам көрсөтүлүп калуусу зарыл.

Эгер кара курт чагып алса:
Уусу чаккандан кийин 30 мүнөт, 1 саат ичинде бүт организмге кан аркылуу тарап кетет. Андыктан дароо «Тез жардамга» чалуу зарыл. Антпесе абалы оорлоп отуруп, акырында көз жумушу мүмкүн. "Тез жардам" келгиче ооруну сездирбөөчү жана антигистаминдик (аллергияга каршы) дары берип, чаккан жерге муздак компресс же муз басыш керек.
Уу денеге бат тарап кетпес үчүн чаккан колду же бутту кыймылдатпоо кажет. Жакшысы, адам тынч жатканы дурус.

Үй жөргөмүшү чагып алса:
Учурда өңү сары, буттары узун үй жөргөмүштөрү адамдарды чагып жатат. Булардын уусу өлтүрбөгөнү менен, күчтүү, андыктан чакканда дароо врачка кайрылуу зарыл.
Эгер чагып алса, анда мында деле ооруну сездирбөөчү жана антигистаминдик дары берип, чаккан жерге муздак компресс же муз басыш керек.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg



Кара курттан сак болуңуз!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(25)
SUPER.KG видео
10.08.2013. 07:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jorgomuwton korkom
SUPER.KG видео
11.08.2013. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bizde emne chaiyan jashaiby
12.08.2013. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта денем дуркуроп кетти. Абайлайлы баарыбыз.
12.08.2013. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми уйдо жатканданда коркуп калдым,фуу жыландын оону бир коркунучтуу суру жаман,ошого,жатаарда,тошокту бир сыйра,карап текшеруу керек,анан уктоо керек экемда.
SUPER.KG видео
12.08.2013. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин тайкем го)кыргызча жакшы суйлой албайт...
SUPER.KG видео
12.08.2013. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дарыгер: Нурлан Ибраимов ! Кыргызча суйлосо !
12.08.2013. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jilandanda jorgomushtu jaman korom.bir jerden korup kalsam sozsuz olturom.
13.08.2013. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Капыраааай! жашаш деле коркунучтуу болуп калды эми.....
кеңешиңиздерге рахмат!)
13.08.2013. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жылаан адамдын оону ушунчалык рансуук дейт экен туугандар!
13.08.2013. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jyrgalmyrza, эмне дегенинди бироо тушунду бекен?
14.08.2013. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mig, жылан адамдын ыранын(келбетин) туру суук дейт экен деватат! Калп эле тушунбомуш боло бербегилечи даадыланып!
13.08.2013. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jyrgalmyrza, kaisi tilde suilo jatasin degi:)))
14.08.2013. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kudai saktai koor
14.08.2013. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жылан чакса,спирт же арак ичуу жардамын берет бекен
14.08.2013. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болушу мумкун спирт кан айланууну жайлатат да
14.08.2013. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оону деп атат (келбети,адамдын тузулушу)
15.08.2013. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комментинер эле кулкулуу да, окуп алып бир жылмайып алам
16.08.2013. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен телевизордун кычыгынан кара курт олтурдум.ипичке кызыл сызыгы бар экен.2жыл мурун 4см сары скарпион олтургом,тундо жаны торолгон кызымдын койнуга кирип бараткан экен.
16.08.2013. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта
16.08.2013. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай коор.Жашоодо эмнелер эле болуп атат деги. муну коргондон кийин уктагандан да коркуп калдым :(
17.08.2013. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emne bizde skorpion jashaiby
SUPER.KG видео
20.08.2013. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bomos,жогоруда жазылып турат го...?!кыргызча жакшы суйлой албайт деп!!!
28.08.2013. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курттарды чиркейлерди корсом корком.Кудайым сактай кор ар бир пендени.
25.12.2013. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bizde baary karakurt,chaian,jylan baary bolot osobenno jer uido.
31.01.2014. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
достор мени чагып алды бугун кара жоргомуш екен жаман кычышат екен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: