УНАА ҮЧҮН ТАКСИСТТИ ӨЛТҮРМӨКЧҮ БОЛУШКАН

№564 23-август-29-август, 2013-ж


Жакында Бишкек шаарында эки жигит 53 жаштагы таксисттин автоунаасын тартып алуу максатында ага бир нече ирет бычак сайышкан. Таксист оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бактысы бар экен, тирүү калды. Ал эми бул кылмышка шектелгендер кармалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

КАНСЫРАГАН ТАКСИСТ КАЧЫП КУТУЛГАН
Иликтөөгө таянсак, окуя төмөнкүчө болгон. 14-августта түш ченде Чүй облусунун Новопокровка айылында бир нече жаштар жолугуп, борбор калаадагы Туңгуч кичи району тараптагы темир жолго келишет. Ал жерде аркы-беркини сүйлөшүп отуруп сыра ичишет. Анан ар кимиси ар кайсы жакка тарап, Константин, Юрий, Андрей аттуу жигиттер үйлөрүнө жетип алуу үчүн такси токтотушат. 3 жигитке токтогон таксист Садыбакас Чыңгышбаев өзүнүн Ауди С4 автоунаасы менен кээде кардар ташычу экен. Сүйлөшүүлөрдөн кийин таксист жигиттерди 150 сомго Ысык-Ата районунун Новопокровка айылына жеткирмекчи болот.
Аталган айылдын бир көчөсүндөгү үйүнө жеткенде Константин акча алып чыгып таксистке төлөйт. Ал эми Андрей менен Юрий дагы акча кошуп берели деп ошол эле такси менен Бишкектин «Аламүдүн» базары тарапка айдатышат. Ортодо Андрей үйүнө кирип, жумушуна керектүү аспаптары салынган баштыкты жана бычак ала чыгат. Экөө жолдо баратып таксисттин көзүн тазалап, автоунааны тартып алууну сүйлөшүшөт. Алгач жип менен муунтмакчы болушкан, бирок кайра бычак саюуга токтолушат.
Караңгы көчөлөрдүн бирине киргенде Чоң Чүй каналына жакын жерден токтоттуруп, түшмөкчү болгондой түр көрсөтүшөт. Автоунаа токтогондо бычагын даярдап турган Андрей эч капарсыз отурган таксисттин мойнуна 2, далысына 4 ирет бычак саят. Мындай нерсени күтпөгөн Садыбакас кылмышкерлердин колунан эптеп бошонуп чыгып, чоң көчө тарапты көздөй качып жөнөйт. Андрей артынан кууп баратканда ошол көчө менен келе жаткан автоунаанын жарыгы көрүнүп, кайра артка качууга мажбур болот. Из жашырып кетүү максатында экөө караңгы көчөлөрдү аралап Аламүдүн районундагы айылдардын бирине барышат. Андан соң эки тарапка бөлүнүп кетишет. Эртеси кылмышка шектүүлөр Свердлов
РИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалган.

«ТАКСИСТ СҮЙЛӨЙ АЛБАЙ КАЛЫПТЫР»
Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн оперкызматкери АКЫЛ БОЛОТБЕКОВ:
– 14-августтан 15ине караган түнү саат 12:30 чамасында Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө таксистке кол салуу болгондугу тууралуу маалымат түштү. Биз окуя болгон жерге, анан ооруканага бардык. Таксист сүйлөй албай калыптыр. Ал бизге кылмыш кай жерде болгонун, кай жактарга барганын картадан көрсөтүп берди. Бирок кылмышка шектүүлөр башка жакка качып кетишкен экен. Оперативдүү издөө иштеринин натыйжасында эртеси кылмышка шектүүлөр 1990-жылы туулган Карпов Юрий Николаевич жана 1997-жылы туулган Пацура Андрей Андреевич аттуу Ысык-Ата районунун Новопокровка айылынын тургундары кармалышты. Алар алгачкы суракта эле кылмыштарын мойнуна алышты. Кылмышка шектүүлөрдүн бири Юрий Карповдун мурун уурулук фактысы боюнча соттолуп чыкканы аныкталды. Учурда бул факт боюнча Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 28-97-беренелери (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип кармалган Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



Унаасын тартып алуу үчүн таксистти өлтүрмөкчү болушкан

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
SUPER.KG видео
20.08.2013. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kudai sakta!!!
SUPER.KG видео
20.08.2013. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироо олум алдында жатса, экинчиси темир тор артында отурат. Болбосо 16 жаштагы бала экен. Эми анын тагдыры эмне болот? Аксакал сиз сакайып кетиниз.
SUPER.KG видео
21.08.2013. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Астогфираллах,,,,,, ех жашоо жашоо,,,,
SUPER.KG видео
21.08.2013. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колу менен кылганды мойну менен тартсын......бул байкуш таксистерге жалко
SUPER.KG видео
21.08.2013. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз элим ай. Акча табам деп, жанынды кыл учуна койуп жаман кыйналдын. Эгер жогорудагы корунуш Москвада болгондо, кыргыз балдар орус таксистин бычакташса "Пусть говорят" программасына дейре алып чыгып кордунорбу кыргыздар могундай демек. Бир Озбек, бир Орусунан арканан канжар жеп кандай кунго калдын экен.
SUPER.KG видео
21.08.2013. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таксисттерге аябай боорум ооруйт, байкуштар 100-150 сом учун омурун тобокелге салышат. 150 сом акча табам деп, ден-соолугунан ажырап......... Аттин аай, кудай эми таксистке ден-соолук, омур берип батыраак сакайып кетсин
26.08.2013. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусияда сокку жегенибиз аз келгенсип озубуздун мекендеда жейбизби жунбаштардан
26.08.2013. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдарга эмне болуп баратат.
26.08.2013. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Блин орустар ушундай ишке колу барганына аябай зээним кейийт бироонун жеринде жон журбойбу биз болсо булардын жеринде даже кадамыбызды ойлоп басабызго. Андрей 1997-ж вообщ олуп эле калганы дурус эне суту оозунан кете электе кылган ишин. Буларды эне суту да урбайт себеби энелери озу арам тамактар. Аябай жиним келди акмактар.
26.08.2013. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таксист жакшы болуп кетсин ал эми жун баштарды омур бою турмодо чиритиш керек акмактар
27.08.2013. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iwiner butkon eken Jun bawtar!!!
27.08.2013. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таксистге ден соолук тилейм!!! Ылайым жакшы болуп кетсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: