БИШКЕКТЕ ӨТҮҮЧҮ ШКУнун САММИТИ КАЙЫРЧЫЛАРДЫ АЧКА КАЛТЫРАБЫ?

№564 23-август-29-август, 2013-ж


13-сентябрда Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин кезектеги саммити өтөт. Ага мүчө өлкөлөрдүн президенттери жана Индия, Ооганстан, Пакистан, Иран, Монголия сыяктуу байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Ошого карата учурда саммитти жогорку деңгээлде өткөрүүгө даярдыктар башталды. Анын алкагында борбор калаабызда имараттардын фасаддары оңдолуп, чырактар алмашылып, жолдорго белгилер коюлуп жаткан кез. Мунун баары жакшы деңизчи, бирок мындай даярдык калктын аярлуу катмарынын айрым өкүлдөрүнүн шорун шорподой кайнатып жатат.

БЕКТУРСУН ТУУРАЛУУ
Редакциябызга арманын айтып Бектурсун аттуу каарманыбыз келиптир. Анын арыз-муңун жазардан мурун өзү тууралуу айта кетсек. Эсиңиздерде болсо, анын аянычтуу тагдыры тууралуу «Интеллигент кайырчы» деген аталыштагы макаланы гезитибизге чыгарган элек. Кыйналып сүйлөсө да, оор тагдырын төмөнкүчө баяндап берген эле:
– Ушинтип тубаса оорулуу болуп төрөлүп калганда апам мени чоң энеме түртө салган экен. Байкуш чоң энем менин азабымды тартып чоңойткон. Майыптыктын айынан бир нерсени жакшы кармай албайм, муундарым калчылдап, колумдун эби келбейт. Атам ичип алып сабай бергендиктен, чыдабай 1999-жылы Бишкекке качып келгем.
Ар кайсы жерде кайыр сурап, түнкүсүн коробкаларды төшөнүп жатып жүрдүм. Суукта муундарым жакшы иштебей калат. Айла жок, өзүмдү өзүм бакпасам, анан ким карамак эле? Кээ бир кычыраган машина мингендер шылдың кылгансып айрык акча берип кетишет. Кээ бирөө жөн кетпей сөгүп өтөт. Ошентсе да боорукер адамдардан куру эмеспиз. Бир жолу бирөө колума 100 доллар карматып кетти. Алгач «тамашалап жасалма акча берип койсо керек» деп ишенген жокмун. Текшертсем чын акча экен. Сүйүнгөнүмдөн өзүмө костюм сатып алдым да, калганын батирге төлөдүм.
Мен спорттук жана жыртык кийим кийгенди жаман көрөм. Интеллигент адамдардай болуп жүргөндү жактырам. Маршруткага түшүп калсам, сөзсүз акчасын төлөйм. Анткени алар деле мага окшоп акча табуу максатында иштеп жатышпайбы.

«САММИТ БҮТКҮЧӨ ЧЫКПАЙ ТУР ДЕШТИ»
Бектурсун биз менен өз жетишкендик-оорчулуктары менен бөлүшүп келет. Ал тургай гезитибиздин «Издейм сени» рубрикасы аркылуу бир тууган жалгыз карындашын тапкан жайы да бар. Бул сапар ал милиция кызматкерлерине арызданып келиптир.
– Мен 14 жылдан бери Бишкек шаарындагы Ахунбаев-Совет көчөлөрүнүн кесилишинде кайырчылык кылам. Ушул жерде чоңойдум. Мени баары таанышат, «Бектурсун, кандай?» деп өтүп кетишсе сүйүнүп калам. Акча да керек, бирок элдин менин ал-абалымды сурап койгону мага чоң сыймык.
Былтыр кышында президентибиз Алмазбек Атамбаевге кат жазгам, жооп болгон жок. Бирок Октябрь районунун акими чакырып, «ошол жерде кайырчылык кыла бер, эми сага эч ким тийишпейт» деп оозеки уруксат берген. Кагаз түрүндө уруксат жок. Эми аныкы деле туура да, кокустан мени машина уруп кетсе, анда ал жооп берип калмак. Мени өткөн жумада милиция кызматкерлери кармап кетишкен, бүгүн да кармап кетишти. Себебин рейд болуп жатат деп түшүндүрүштү. Шаарда тилемчилик кылып, тапканына ичип, чегип жүргөндөр көп, кармаса ошолорду кармабайбы? Менин кандай тиешем бар? Эч кимге зыяным жок. Мен жыргаганымдан кайыр сураган жокмун, мага да тирилик керек.
Мурун деле рейддер болчу, бирок башкаларын кармаса да, мени кармачу эмес. Бүгүн кабыл алып-бөлүштүргүчкө (приёмник-распределитель) 21 кишини кармап барып, документи барларды коё берип, калганын алып калышты. Паспорт, майыптыгым тууралуу күбөлүгүмдү көрсөткөндөн кийин мени да коё беришти. Бирок Эгемендик майрамы жана ШКУ саммити бүткөнчө кайырчылык кылбай тур дешти. Мурункусунда 3 күн чыкпай тур дешкенинен Ошко барып 3 күн туруп келгем. Ошондо эле айтпайбы, 15-20 күн чыкпа деп, эми кайра барып келе албайм да. Акчам жок, жөн эле жатсам кантип жашайм, эмне жеп, эмне ичип тирилик кылам? Анын үстүнө тааныштардан Мерседес машинасын бөлүп-бөлүп төлөйм деп сатып алгам. 3 миң долларын төлөгөм, эми калганын беришим керек эле, кантип төлөйм?

«РЕЙДДЕР ӨТӨ БЕРМЕКЧИ»
Бул боюнча жооп алалы деп Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз бөлүмүнүн кызматкери МЫРЗАБЕК ТОКТОСУНОВГО байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык
:
– Жакында болуучу Кыргызстандын Эгемендик майрамына жана жаңы окуу жылынын башталышына карата Бишкек ШИИББинин өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмү, кылмыш иликтөө бөлүмү жана аймактык инспекторлор тарабынан комплекстүү рейддер өтүүдө. Мындай рейддер жыл сайын эле август-сентябрь айларында өткөрүлүп келет. Анын алкагында «Кайырчы» рейди да бар. 14-августтан 17сине чейин Бишкек шаарында өткөн «Кайырчы» аталышындагы рейдде 96 кайырчы табылган. Анын 72си кабыл алып-бөлүштүргүчкө жеткирилген. Ал жерге жеткирилгендердин алтоосу чет өлкөлүк жаран, 17си баласын пайдаланып кайырчылык кылгандар.
Бардык кайырчылар менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Мындан сырткары баарынын бармак изи алынып, венерикалык оорусу бар-жоктугун аныктоо үчүн дарыгер тарабынан текшерилди. Бирок кармалгандар чыгарылгандан кийин да кайра эле көчөгө чыгып кайырчылык кылышууда, ошондуктан мындай рейддер дагы да улана бермекчи.
Ал эми Бектурсунду тааныйбыз. Жакында ал кайырчылык кылган жерде анын айынан жол кырсыгы катталган. Негизи эле чоң жолдун ортосуна туруп алып кайырчылык кылган болбойт да.

Өкмөт жол кырсыктарын айдоочулардын билим сапатын жакшыртуу, жолдорду оңдоо менен азайтышы керек. Бирок антпей, оң рулдуу автоунааларды колдонууга тыюу салмакчы болду. Бул окуяда деле ошондой көрүнүш. Шаардын, элдин абалын кайырчыларды кубалап-камоо менен жакшырта албайбыз. Бектурсун сыяктуу жарандарыбыз жыргаганынан көчөдө кайыр сурап жүргөн жок да.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



ШКУнун саммити кайырчыларды ачка калтырабы?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(25)
SUPER.KG видео
24.08.2013. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бектурсунга да кыйын, бирок жолдун ортосунда Бектурсун сен да башкаларга тоскоолдук жаратпашын керек, мен сенин кайырчылык кылышына каршы эмесмин, тушуном бирок сени 2-жума жебей-ичпей турсун деп эч ким айткан жок да. Чындыкты айтуу керек, бир созду озгортуу менен башкача тушунук калып калышы мумкун. Мамлекеттик жетекчилер 20-жылдык тажрыйбанардын жыйынтыгы кочодо барган сайын тилемчилердин кобойушуно жол ачтынар! Урматтуу президент жана окмот жетекчилери кудай таалам берген мумкунчулугунорду
SUPER.KG видео
24.08.2013. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
текке кетирбей мекен учун иштениздерчи!
SUPER.KG видео
24.08.2013. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул байкеге группа берер болду бекен.
SUPER.KG видео
25.08.2013. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен бул байкени деле жакшы эле тушунуп турам бирок айтып жатпайбы 13,000 доллор машина алганы берип койгом дагы 3000доллар беришим керек деп Кыргызстандын аброю учун 2 жума куто турса эч нерсе болбосо керек билишимче кичинекей ишканасыда болсо керек.
26.08.2013. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бектурсунду баарыбыз тааныйбыз, анча-мынча кайрымдуулук деле кылып келебиз. Бирок машинамдын акчасын толойт элем деп догурунганы кызык болуптур. Кайырчылык бул жумуш эмес, азыр инвалиддер деле иштеп кунумдук жашоосуна акча тапса болот.
26.08.2013. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча доогурунган жок,анткени ачыгын айтып жатат.
SUPER.KG видео
26.08.2013. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олбойсун бир аз чыдап койсон,любой эле мамлекетте ушинтип тазалашат кочону чон саммиттер учурунда.Мамлекетти да бир аз сыйлап коюш керек да.Бир жолу эле жаман уйронупсунор да супер инфого барып арыздана коюп,ачкачылык жарыялай коюп...
SUPER.KG видео
26.08.2013. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rustik, ошону айтсан!
26.08.2013. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
анда окмот убактылуу баксын да 15-20 кун,кайырчылардан уялып атса
26.08.2013. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мерседес машнеси баркенго кочого чыкпа десе такси кылып турсун 10 15 кун бирок муну деле тушунсо болот өкмот 1-15кундук прадуктасын берсин да.
SUPER.KG видео
27.08.2013. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошону айттым
27.08.2013. 07:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошончо элден кайырчыларды коро калгандарын тооба.Эмне башка олколордун президенттеринен уялып жатасынарбы?Анда ар бирине кастюм шым кийгизип галустук тагып койгула!Охоо кыргыздардын кайырчылары салидный экен деп калышсын)))))
SUPER.KG видео
27.08.2013. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бектурсун звезда го.
27.08.2013. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайырчылардын кан жолдо туруп алганын туура эмес деп эсептейм. Анткени ал өзүнүн гана эмес, башкалардын да өмүрүнө же тагдырына коопсуздук жаратат. Андай жерде кокустук, кырсык болбойт деп ким кепилдик берет.
27.08.2013. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакында бир окуяга күбө болдум. Тынчтык проспектинде бир селсаяк жолдун ортосуна туруп алып акча сурап жүрүптүр, бир топ эле кызуу экен, таякчан, араң басып жүрөт. Айдоочудан акча сурады эле, ал бербей койсо, сөгүп, машинанын артынан жулунуп жүрбөйбү. Жөн эле жулунбайт, өкүрүп-бакырат...
27.08.2013. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондуктан тиешелүү кызматкерлердин бул иш-аракетин мен туура деп эле эсептейм, бирок кандайдыр бир иш-чаранын алдында эле эмес, дайыма көзөмөлгө алышса жакшы болмок. Кайырчылыкты башка жактан кылышсын, жолдун отосунан эмес.
27.08.2013. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдун ортосуна чыгып алып кайырчылык кылган ото кооптуу.Айдоочуларга бир топ ынгайсыздыкты жаратат.Башка жерге туруп деле кайыр сураса болот да.Менимче бул жигит жолго туруп кайыр суроону озунун бизнесине айландырып алгандай корунот.Машинамдын акчасын толошум керек деп айтпай деле койсо болмок экен!
SUPER.KG видео
27.08.2013. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сени жаман депсин деген жок 3000$ ды13000 деп жазганыны айтты окшойт менин ойумча
27.08.2013. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бирооок кайырчылык кылып деле Мерс алганын окуп охооо КР онугуп кеткенби деп койом
28.08.2013. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Машинаны кантип айдайт бул бала,кырсыкка учурабаса болгону.Колдорум бир нерсени жакшы кармай албайт дегенин.
29.08.2013. 06:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайырчыларды айдаш керек. алар иштесин, иштей албаса, анда башкаларга паразит болбой башка жерде турсун, шаардын ортосуна турбай.
Кайрычыларга акча бербегиле эч качан. Мисалы коп лолулор оз балдарын туртот ушул ишке.
30.08.2013. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасын Веllotor акча берише берсе тилемчилер кобойуп кетет меенет кылып иштеп акча тапсын
30.08.2013. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Майып кайырчыларга берсе болот, алты саны аманы озу иштеп тапсын. Ошентсе да жолдун ортосуна туруп суранганы туура эмес да. Бир куну болбосо бир куну уруп кетет бироосу, анан балээге калат айдоочу. Же андан буйтайм деп дагы бир балээге кабылат. Бектурсундун айынан жол кырсыгы катталды деп атпайбы. Мечиттердин жанында турса да болот го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: