АКЫР ЗАМАН КЕЛЕТ ДЕП ӨЛМӨКЧҮ БОЛУШКАН

№566 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж


Жакында өлкөбүздө өзгөчө кылмыштын бети ачылды. Бул сапар динге ашыкча берилген адамдар акыр заман келгиче өлөлү деп өз жандарына кол салышкан. Акылга сыйбай турган бул окуя эч кандай динде жок ырым-жырымдар менен коштолгон.

КОРООДОН ТАБЫЛГАН СӨӨК
Мындан 2 жыл мурун киши өлтүрүү фактысы болушу мүмкүн деген маалымат Жалал-Абад облустук милиция кызматкерлерине түшөт. Бул фактыны из кубарлар иликтеп, кийин аларга Чүйдөгү кесиптештери кошулат. 2 жыл мурун жоголгон Курсантбек эмгиче өлгөн болуш керек деп ойлошот, эми муну текшериш керек эле. Бул чиеленген окуя акыры Аламүдүн районунун Пригородное айылына алып келет.
Үстүбүздөгү жылдын 25-августунда Бишкек шаарынын четиндеги бул айылда жайгашкан үйдүн короосунан төшөккө оролуп көмүлгөн кишинин сөөгүн табышкан. 80 сантиметр тереңдикте көмүлгөн сөөк чирип кеткен. Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, сөөк 2011-жылдын ноябрь айында көмүлгөн. Маркумдун өздүгү аныкталып, ал 1977-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда туулган Курсантбек Ташбаев экендиги билинет. Көп өтпөй Ташбаевдин өлүмүнө шектелип анын аялдары жана өгөй уулу кармалган. Кылмышка шектүүлөрдүн бирин Орусиядан учуп келгенде Бишкектин аэропортунан кармашат. Андан соң башкалары да кармалып, окуя кандай болгону билинип отурат.

АЯЛДАРЫН ӨЗҮНҮН АРТЫНАН ӨЛҮҮГӨ ҮГҮТТӨГӨН
Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, окуя төмөнкүчө болгон. Маркум Курсантбек Ташбаев 2 аялы жана өгөй уулу менен чогуу Аламүдүн районунун Пригородное айылында батирде жашачу. Ал динге аша чаап берилген адам болуп, аялдарын да ошого үгүттөп келген. Кылмышка шектелип кармалгандардын айтымында, ал жакында акыр заман болот деп ага өзүн да, жакындарын да даярдаган. Бирок алар күткөн акыр заман «кечигип», өздөрүнүн жандарын өздөрү кыймакчы болушат. 2011-жылдын 27-ноябрында Курсантбек өз жанына кол салат. Денесинин бир топ жерине бычак сайып, электр мешине токко да урунуп көрөт. Бул аракетинен да натыйжа чыкпаганда жанында отурган өгөй уулу жардамга келген.
Анын эртеси үчөө да үй-бүлө башчысы айтып дайындагандай өздөрүн өлтүргөнгө аракет кылышат. Кечинде жатарда газды ачып коюшат. Бактыга жараша үчөө тең аман-эсен ойгонушат. Анан бирөөсү чай кайнатмакчы болуп газды күйгүзөт. Ошол убакта газ толгон бөлмөдө жарылуу болот. Бирок бул сапар да күйүк алышканы менен баары тирүү калышат. Андан соң жашагысы келишкенби, айтор, өмүрлөрүнө кол салбай эле артын тазалай башташат. Ал эми туугандарына Курсантбекти «дааватка кеткен» деп коюшат.

«АЛЫСКА КЕТТИ ДЕП КОЙ ДЕГЕН»
Кылмышка шектелип кармалгандар «Курсантбектин аркы дүйнөгө кетиши үчүн жөн гана жардам бергенбиз» деп көрсөтмө беришүүдө.

Гүлбара Кимсанова:
– Бизди аябай катуу кармачу. «Кудай десеңер мага тийишпегиле, бүгүн бул иш ишке ашышы керек» деп эле өзүн-өзү кескиледи. Өлбөй калып, «жок, бул иш болуш керек» деп дагы кескиледи. Кан көп кетип, бирок жаны чыкпай жатканда өлгөнгө жардам берип койгула дегенсип ымдады эле, Апсамат (маркумдун өгөй уулу) барып кекиртегин кесип салды. Сыртта чуңкур бар болчу, «Ушул жерге кичине казып көмүп койсоңор болот, Жараткан биздин сөөктү калтырбайт» деп өзү айткан жерге көмүп койдук. Туугандары издеп деле келген жок. Бирок баламды окутам деп ага документ жасатканы айылга барганымда «Арабияга кетти, келбейт» деп айтып койдум. Себеби өзү ушинтип айтып койгула деген. Андан соң иштеп келейин деп Москвага кеттим.

«КУРСАНТБЕКТЕН БААРЫ АЛЫСТАП КЕТКЕН»
Перизат Керимбекова:
– Курсантбек өтө эле Кудайга жакын киши болчу. Куранды кармап алып мага «Эгер тозокко баргың келбесе, мени менен чогуу жүр» деди. Ошентип акыр заман келет деп бир жыл даярданып жүрдүк. Анан бир ай бою эч жакка чыкпай, бизди да чыгарбай кармап отурду. Бизден сырткары да күйөөсү жок кыздар бар эле (ред. милиция кызматкерлеринин айтымында, алардын кылмышка тиешеси жок), аларга да «Кудайга терең ишенсеңер, биз менен чогуу жүрөсүңөр» деп үгүттөгөн. Бир ай бою акыр заманды күттүк, болбой койгондо «Мен бул жашоодо жок болушум керек, тоскоол болуп жатат окшойм. Балким, мен жок болсом, акыр заман келет болуш керек» деп өзүн-өзү өлтүрөм деп чыкты.
Апасына телефон чалып, «Мен алыс жолго кетип жатам, менден кетсе кечирип койгула» деп айтты. Биз «өлбө» деп аябай жалдырап сурансак да болбой койду. «Жаратканга терең ишенсеңер мага тийбегиле, ишенбесеңер, анда өз билгениңерди кылгыла» деди. Анан биз Жаратканга терең ишенгендиктен, Кудайга жакын болуп жашап жүргөндөн кийин аягына чейин жакын болсун деп ойлоп, эч нерсе кылбай карап отурдук. Башкысы, жаны бейишке түшсө болду дедик.
Бизди да аябай үгүттөгөн окшойт, милицияга кайрылуу тууралуу ой да болбоптур. Ал тургай ушул күнгө чейин эмне болуп кеткенин түшүнбөй жүрөм. Туугандары сураганда «алыска кеткен» деп койдук. Алар мурунтан эле катташпай калгандыктан, анчалык деле сураштырышкан жок. Себеби Курсантбек туугандарына, досторуна «Кудай жолунда жүрүш керек, силер туура эмес кылып жатасыңар» деп айта берип, баары алыстап кеткен.

«ИЛИКТӨӨ УЛАНЫП ЖАТАТ»
Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын кызматкери АЙБЕК АРЗИМАТОВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– 2013-жылдын 25-августунда Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылындагы бир үйдө 1977-жылы Базар-Коргон районунда туулган Ташбаев Курсантбек Чолпонбаевичтин сөөгү табылган. Бул кылмышка шектелип 1975-жылы туулган Перизат Керимбекова, 1980-жылы туулган Гүлбара Кимсанова жана 1995-жылы туулган Апсамат Керимбеков аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факт боюнча Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгогон. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, учурда иликтөө иштери улантылып жатат. Кылмышка шектүүлөр Ташбаевди өзүн-өзү өлтүргөн деп көрсөтмө беришүүдө, алар чын айтып жатабы же башкача болгонбу, тергөөдө билинет.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



Акыр заман келет деп өлмөкчү болушкан

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(62)
09.09.2013. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын, бундай адамдардан.
SUPER.KG видео
09.09.2013. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kalp aytip jatishat go
09.09.2013. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кылдым!Акыр заман келгиче да жандары калбайт.Мен да хиджап кийген адамдарды элестеттим эле.Кылмышкерлерге окшойт экен.
09.09.2013. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ой ой ой. ондору ото суук экен...
эми айтыш кыйын билбегенден сон.
болгону 17-18деги бала адам союп олтурса...
демек буларга тиги киши тараптан кыйнап кыстоо болгон окшойт анан тажап олтуруп коюшу да мумкун....
10.09.2013. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuday degen adam akyr zamanga ishenbeyt....kalp.aytpagylaaaaa....oshondo atasyn olturgon kezde ogoy balasy 15jash kezinde eken da....
10.09.2013. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oi wumduk neler ele bolup jatat bul jashoodo
10.09.2013. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тооба кылдым ээй,Кудай сактасын.Озунун жанын кыйган адам бейишке барбашын динге берилген адамдар ото жакшы билишет.Менимче бул кишиге жин кирип,шайтан азгырды,же аялдарын,огой баласын кысмакка алып эле дин жолунда жургуло деп,эки-жакка чыгарбай,шарыятта ага жол бербейт,буга жол бербейт дей берсе,жадагандан да олтуруп салышкандыр.Эгер андай эле динге берилген адам болсо,жанын кыйнап олуп,анан соогумду эшиктин алдына комгуло дебесе керек эле,анткени мусулман ар бир адамга жаназа тушурулуп,комулушу
10.09.2013. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактааа
10.09.2013. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да оз билгеним коргону жаза кетеин деп чечтим; Биздин айылда намаз окуп сакал койуп узун койнок кийген балдар бар ошолордун кээ бирлери атасы бир аз ичип келсе уйуно киргизбейт олгон адамга куран окубагыла дейт буну кандай тушунсо болот
11.09.2013. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MEDER_KULETOV, Астафыралла!Ислам динин ар ким ар кандай кылып чечмелеп алышкан го дейм?эмнеси болсо дагы журогубуздон эле ишенип Кудай деп журо береличи.А то исламга ар кандай сюрприздерди кошо башташты корунот анча мынча элдин башын айлантып.
13.09.2013. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
allan, Туура айтасын, кошулам сага.
10.09.2013. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле жин кирген го
SUPER.KG видео
10.09.2013. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооооба кылдым. Динге берилсе.динде озун озу олтуруу деген эч жерде жокко. Адамдар эмне болуп баратат.
10.09.2013. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озун сакта жаратканым...эмне дэген шумдук...
10.09.2013. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MEDER_KULETOV тушунбой элэ койгонун жакшы... илгертен окулуп келген окула берет биронун айтканына ишенбей бир кудайга ишенсен болду...
10.09.2013. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул киши психикалык жактан ооруган же аялдары бир нерсе кылып, алган корсотмо берип атат. Ислам жолунда мындай нерсе жасоо бар экенин укпаптырмын. Тообо кылдым. Аллхым озун сакта...
11.09.2013. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
динде озун озу олтуруу мункун емес...биз озубузду етият кылышыбыз керек бул бизге берилген аманат..кимде ким динден кабары жок болсо жаман созунорду жазбагыла
11.09.2013. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда азыр башка диндегилер кобойуп кетишкен...
Ислам дининде оз жанын кыйуу деген нерсе жок
тескерисинче ар бирибиз озубузду этият кылышыбыз керек
Ислам дини эн таза дин...
эмнеси болсо да ар бир инсанды жараткан Алла колдой корсун....
SUPER.KG видео
12.09.2013. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
хизбут тахирлер
12.09.2013. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүлбара Кимсановасын кайниси чакырып келип,акам таштап кетип калып женем жаш боорум ооруйт деп иш таап берип куйуп бышып журчу дешет чогуу жашашкан квартирадагылары.Жеңсинин туру бул болсо,кудай эле сактасынчы...
12.09.2013. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайгамбарыбыздан умоттору эмнеге кепил боло аласын же эмнени болот деп айтасын деп сураган экен-ошондо Аллахтын элчиси пайгамбарыбыз Мухамед (САВ) оозумдагы тамактын кекиртегимен оторуно кепилдик бере албай деген экен. Пайгамбарыбыз кепил боло албайм деген нерсеге, кээ бироолор "ой болот, же мен билем" деп куйдурушот.
13.09.2013. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жин пин уруп койгон буларды бир болсо
13.09.2013. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир инсандын омуру- Кудайдын бизге берген аманаты. Ал эми аманатка кыянат кылган эн оор куноо. А бул айтылган окуя акыл эстуу инсан ишенбегидей эле калп.
13.09.2013. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушуга ишендинерби? калп еле жомокту айтып жатат.... ким озун олтургусу келсин? кудай сактааа бул учоосу тергоо кызматкерлерин тупой деп ойлошконго жазалагыла!
SUPER.KG видео
14.09.2013. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне ушулар кудайга ишенеби капыр да мындай ишке барбайт. Кудай бизди сыноо учун жоноткон оз жанын озу кыйса ал кечирилгис куноо болот.
SUPER.KG видео
14.09.2013. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким айтат буларды динчил адамдар деп булар акмактар.
SUPER.KG видео
15.09.2013. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
динден тушунугу жок булардын акыр заманды алла дан башка ечким билбейт
15.09.2013. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай кооор! не деген шумдук
SUPER.KG видео
09.12.2013. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
спектакль койушканго булар.
SUPER.KG видео
11.01.2014. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кылдым бул адамдар динден кыпынчалык кабары жок. Дагы терен ишенем дейт
SUPER.KG видео
23.05.2014. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булардын крышасы кетип калыптыр
06.12.2014. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул мусулман эмес мен да ушул сыяктуу жургон бир адамды билем ал да ушул сыяктуу угуттойт. Эми бир козумо корунсо тарынбасын деп кутуп журом
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: