ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ, «Ата Мекен» партиясынын төрагасы: «АЗЫР КИМ БОЛБОСУН, ТАШИЕВБИ, ЖАПАРОВБУ, «КУМТӨРДҮ» КАЙТАРУУДА БААРЫНЫН САЛЫМЫ БАР»

№567 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж


– Өмүрбек Чиркешович, «Бирге иштешип, чогуу күрөшкөн пикирлешиңизди тандайсызбы же аферист Юсуповдубу?» деп президентке кайрыларыңызды журналисттерге билдирген элеңиз. Алмазбек Атамбаев бул кайрылуу боюнча «Текебаевди же Юсуповду эмес, Кыргызстанды тандайм» деди. Бул жоопту кандай кабыл алдыңыз?
– Биз тергөө бүткөндөн кийин Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасайбыз дегенбиз, тилекке каршы, тергөө узартылды. Адегенде Зарылбек Рысалиевге байланыштуу мыйзамда көргөзүлбөгөн шумдук учур катталды: депутаттардын ишин тергөөнү түрмөнүн башчысына тапшырышты. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абакта жаткандардын кылган кылмыш иштерин териштирүүгө алат, бирок Зарылбек Рысалиевге депутаттардын ишин берип, «сен табам дегенсиң, демек, табасың, өчүң да бар» дегендей эле тапшырышты. Бир ай ичиндеги тергөө ишинде эч нерсе тапкан жок, кийин эки айга узартылды, болбоду, андан ары дагы бир айга, тагыраагы, 20-августка чейин создуктурушту, анда деле майнап чыккан жок. Жок нерсени табуу кыйын, аны жасалма жол менен гана жасоо мүмкүн. Азыр дагы эки айга, 10-октябрга чейин узартышты. Эми мен октябрда ошол кайрылууну сөзсүз түрдө жасайм деп турам.
Мародёрчулуктун күндөрүнө кайта турган болсок, 2010-жылдын 7-апрелинде УКМКнын СИЗОсунан чыккандан кийин Жогорку Кеңештин имаратында Роза Отунбаеванын кабинетин мен штабга айлантып, оппозиционерлерди ошол жерге жыйнагам. Анда жок болгон бийликтин ордуна Убактылуу өкмөттү түзүп, өлкөдөгү баш аламандыкты токтотуунун иш пландарын кароону ошол кабинеттен баштадык. Менин сунушум менен шаарга тартип киргизүү үчүн мэрдин милдетин аткаруучу болуп Иса Өмүркулов барып отурду. Эки жолу алып барып, үчүнчү иретинде гана макул болгон Болот Шерди түнкү саат 11-12лерде ички иштер министринин милдетин аткаруучу кылып коюп келдим. Түн жарымда барып УКМКнын жетекчилигине Кеңешбек Дүйшөбаевди отургуздум.
Ошентип мен 8-апрелдин таңы атканча ондогон камералардын, жүздөгөн журналисттердин алдында соңку кырдаалдар боюнча маалымат берип, жүздөгөн адамдардын коштоосунда жүрдүм. Анын үстүнө ошол учурда белиме операция жасатып, кыйналып басып, ооруну басаңдатуучу дарыларды улам Дамира Ниязалиева берип турган. 7-апрелдин түнү ооп, саат 2-3төрдө «Форумга» барып Алмазбек Атамбаевди чакырып, «кел, эми сүйлөшөлү» дедик. Анда биз Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн функцияларын аныктап, башкача айтканда, кызмат-милдеттерди бөлүштүрүп, анан эртең менен ошону жарыялоо чечимин чыгардык.
Бакиевдин бийлиги 2006-жылы 600 грамм героинди матрёшкага салып, жүгүмө кошуп коюшкан. Польшадан кармалганымда Курманбек Бакиев билип туруп, бирок эл алдында чыдай албай кетип «мен Өмүрбекти жакшы билем, ал андай ишке барбайт, мен ишенем» деп айткан. Ошондой эле сөздү парламент да тараткан. Эл көчөгө чыга баштаган. Ошондо судья мага «эл ишенбей жатыптыр, президент да, парламент да билдирүү жасады» деп айтып, мына ушулардын пикири соттун чечимин чыгарууга өбөлгө түздү десем да болот.
Эми мени менен таң атканча чогуу жүрүп, Убактылуу өкмөттү түзүүгө катышып, кызматты менин колумдан алгандар, мына 2 жыл өттү, бири дагы «Текебаев менен таң атканча чогуу жүргөнбүз, андай болушу мүмкүн эмес» же «биз анын 20 жылдык өмүрүн жакшы билебиз, ал мындай ишке барышы мүмкүн эмес» деп айтууга жараган жок. Мен Жогорку Кеңеште штаб түзгөндө дааратканага жалгыз бара албай калгам. Ушул революциячыл дем менен жүргөн жигиттер, анан баягы кызмат бөлүштүрүү менен бир жерге илешип калабызбы деген эски чиновниктер жанымдан чыкпай жүрүштү. Ошолордун бирөөсү да «а кокуй, андай болушу мүмкүн эмес, мен чогуу жүрбөдүм беле, өзүм көрүп тургам да» деп айткан жок. Аларга караганда Бакиев адам экен.
– Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн мамилеси учурда жакшы эмес экенин коомчулук көрүп турат. Баштапкы максаттардын кайсынысы толугу менен ишке ашты?
– Убактылуу өкмөт үч ай гана жашады. 7-апрель түнү Кыргызстанда бийлик жок калып, баш аламандык болгондо жоопкерчиликти өзүбүзгө алып, Убактылуу өкмөттү түзгөнбүз. Биз бул бийликти көпкө кармап калалы деген оюбуз жоктугун айттык. Тез аранын ичинде тартип орнотуу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу, экономикалык стабилдүүлүктү сактап калуу, анан эң башкысы бийликти легитимдештирүү, жаңы саясий системди түзүү, мына ушул милдеттер аткарылары менен биз бир аптанын ичинде баарыбыз отставкага кеттик.
Кээ бирлер «Убактылуу өкмөт деген болбошу керек эле» дешет. Бирок мен дүйнөдө башка форманы билбейм. Мурунку саясий түзүм талкаланып жок болуп калса, жаңы түзүмдү түзүп, мыйзамдуу бийлик шайланганга чейин убактылуу бирөө ишти алып барышы зарыл. Египетте үчүнчү жолу Убактылуу өкмөт түзүлүп жатат. Ливияда дагы.
Биз чын дилден убактылуу деп атап, үч айдын ичинде бардык ишти жасап, өткөрүп бердик. 5 миң жылдык тарыхы бар, пирамидаларды курган цивилизациянын булагы болгон Египетте эки жылдан бери бир пикирге келип, Баш мыйзамды кабыл ала алышкан жок. Легитимдүү бийликтин бутактарын түзө албай жатышат. Ошолорду көрүп-билмейинче биздин Убактылуу өкмөттүн ишин туура же ката болду деп баа берүүгө болбойт. Дүйнөдөгү акыркы окуяларды эске алганда, Кыргызстан абдан тездик менен трансформацияланып, жаңы системди жолго сала алды. Акыркы үч жылдын ичинде Кыргызстандын бийлиги төрт жолу легитимдешти. Биринчиси –референдум, кийинкиси – парламенттик шайлоо. Анда Жогорку Кеңешке жаңы саясий күчтөр келди: Убактылуу өкмөттүн партиялары уттурду, бакиевчилер утуп келишти. Президенттик шайлоодо дагы бир жолу систем тастыкталып, эл добуш берди. Жер-жерлерде жергиликтүү кеңештер шайланып, жаңы систем боюнча айылдын, шаардын башчылары бекитилишти. Биз сунуштаган өткөөл мезгилдин модели ийгиликтүү аяктады.
– Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөттүн иштеп жатканына бир жыл болду. Өкмөт ишеничти актай алдыбы?
– Албетте, биз койгон үмүттөрдү, биз каалаган каалоолорду өкмөт аткарган жок. Аны парламент деле аткарбады. Кээде ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет. Бирок өкмөт колдон келген аракетин жасап жатат. Биз коалициялык өкмөт биздики деп эле калкалабастан, аларды оппозициядан кем эмес сындап да жатабыз.
Быйылкы күз – өкмөт үчүн сыноо. Анткени өкмөт «Кумтөр» боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. «Кумтөр» алтын кени кыргыз элиники болуш керек. Аны кайтарып алуунун күрөшү башталды. Ал күрөштүн башында карапайым адамдар, анан коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, депутаттар турат. Азыр ким болбосун, Садыр Жапаровбу, Камчыбек Ташиевби, алардын баарынын «Кумтөрдү» кайтарып алууда салымы бар.
Биз табигый байлыктар, жер алдындагы кендер кыргызстандыктардын кызыкчылыгы үчүн иштеши керек дейбиз. Ошол үчүн 2010-жылкы Конституция иштелип чыгып жатканда «табигый байлыктар жеке менчикке берилиши мүмкүн эмес, ал жалпы элге кызмат кылат» деген норманы киргизгем. Ал эми Бакиевдин убагында «бүт табигый байлыктар, ошонун ичинде мөңгүлөр да жеке менчикке берилиши мүмкүн» деп жазып, ал байлыктарды менчиктештирүүгө даярданып калган эле. Элдик көтөрүлүш алардын тилегин бузду.
– Кыскача айтканда, учурдагы өкмөттүн өмүрү «Кумтөр» менен болгон сүйлөшүүнүн жыйынтыгынан көз каранды...
– Ошентип сиз туура айттыңыз. Өкмөт үчүн «Кумтөр» менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы – чоң сыноо. Анын канча бөлүгүн кайтарып алуу абдан маанилүү. Биздин фракция ушул жылдын февралында эле мыйзам долбоорун киргизген, ага ылайык, биз «Центерранын» долбоорунан чыгып, 2003-жылкы келишимди жокко чыгаруубуз жана үлүшүбүз 67 пайыз болуш керек.
– «Ата Мекен» жакынкы күндөрдө эле энергетика тармагындагы коррупцияга каршы күрөш баштай турганын айттыңыз. Ал боюнча конкреттүү иш пландар барбы?
– Коррупцияга каршы күрөш башталганы менен, ал майтарыла элек. Тескерисинче, ал басаңдаганда анын толкундары кайтып келип, күчөп жатат. Ошондуктан күрөш тынымсыз болуш керек. Алмазбек Атамбаев да күзүндө коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабын баштайм деди. Аны биз толугу менен колдойбуз. Энергетика тармагындагы коррупцияга каршы күрөшкө салым кошсокпу деп жатабыз. Ал багытта электр энергиясы боюнча жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгуудабыз.
Чиновниктердин же алардын жакын туугандарынын фирмасы мамлекеттик буйрутмаларды алууга, мамлекеттик ишканалар менен алыш-бериш кылууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорлору иштелип жатат. Коррупция негизинен тендерлер менен мамлекеттик сатып алууларда болот. Эң көп сатып алууларды жүргүзгөн ишканалардын бири – электр тармагы. Ошондой эле тиги же бул туура эмес ишти жасаган жетекчилердин аты-жөндөрүн ачык айтып, алардын жоопко тартылышын, кызматтан кетишин талап кылып чыгабыз. Ансыз коррупцияга каршы күрөшүү мүмкүн эмес.
– Сизди эл өмүр бою оппозицияда жүргөн саясатчы катары билет. Бүгүнкү оппозиция коомчулуктун кызуу талкуусунда, аркы жээктин сапаты оңдолдубу?
– Бүгүнкү оппозиция мурункудай өмүр бою оппозицияда болбойт. Мурун бийлик алмашпагандыктан, оппозиционер оппозиционер болуп жүрүп өтүп кетер эле. Алар куугунтукка алынып, кемсинтилип, жок кылынчу. Бүгүн андай эмес. Оппозиция – урматтуу адамдар, сыймыктуу иштин ээлери, алардын ролу да тез эле алмашышы мүмкүн. Оппозиция бийликке келип, тескерисинче, бийликтеги күчтөр борттун сыртында калышы мүмкүн. Бирок ал жашыруун соода же жеке сүйлөшүү иретинде эмес, ачык парламенттин деңгээлинде жүрүш керек деп ойлойм. Мисалы, биздин партия 2011-жылдан 2012-жылга чейин оппозицияда болду. Бийлик коалициясына киргенибизге бир жарым жылга жакындап калды. Бул деле түбөлүктүү эмес деп эсептейм. Бүгүнкү оппозицияга тажрыйба менен туруктуулук жетишпейт. Биз мурун аркы жээкке өтсөк, өмүр бою оппозицияда жүрүүгө кайыл болуп, ошого даяр болуп чыгар элек. Азыркылар болсо тез эле коалицияга кирип, бийликке жетсем деген үмүт менен чыгып, ошол шашмалыгы көп жаңылыштыкка алып келүүдө.

Эльвира Караева
politika@super.kg



"Аларга караганда Бакиев адам экен"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(33)
SUPER.KG видео
14.09.2013. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ТАШИЕВ менен ЖАПАРОВ кумторду которуп чыкпаганда дагы деле журот эленерда акчасын болушуп жеп ачыгын айткан жакшыда
SUPER.KG видео
14.09.2013. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Baikuw kartayip kaliptir en ku4tuu sayasat4i e4 kimden korkpogon
SUPER.KG видео
14.09.2013. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
азыркы оппозиция айылдагы бир кемпридин дейгээлине тушуп кетти да,баары калпычы анткор акча,бийлик болсо болду.Текебаевдей принциптуу туз суйлогон киши азыр Кыргызстанда аз
SUPER.KG видео
14.09.2013. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушул кишини сыйлайм да. бирок бакиев озу салдырып кайра озу андай кылганын мен адам экен деп айта албайм. анткени ал сизге тынч жур дегендей кысым корсотконсуду, сизди коркутканы жон эле отургузуп коём дегендей.
SUPER.KG видео
14.09.2013. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кандай айтсанар да бу киши таза киши жазган мыйзамдарын карагыла буга чейинки ишин карагыла анан айтсанар мобу иши туура емес теп кана айткыла марадюор деп бабанов айткан болгондо да кызматан кетеерде кудай буйуруп президент болсо коросунор кыргызстан кандай онугот екен ошондо айтасынар аа биз жанылып быз деп
SUPER.KG видео
14.09.2013. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан сыйлайм бул инсанды. Кечирип коюшсун, бирок оздорунун тайыз денгээлдери менен теке анан баланча-тукунчо дегендер, керек болсо ушул кишинин убайын коруп отурушат. Маанилуу корунушторду белгиледи. Эми, куйгудой бар. Бирок, тайыздардын ыргыткан ташына тап берип, тайыздыкка кылчактабай эле, бийиктигинизден ойдолоп бийиктей бериниз деп айтар элем. Туура баа созсуз болот. Кудайдан гана! Калганынын баасы бир тыйын.
SUPER.KG видео
15.09.2013. 05:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ainura20888 tuura aittynizda tim ele ayildagi kempir dep al kempirler iymanduu bizdin taine, 4on apalaribiz
SUPER.KG видео
15.09.2013. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркек мендей айтканынан кайтпай
16.09.2013. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Египетте эки жылдан бери бир пикирге келип, Баш мыйзамды кабыл ала алышкан жок. Легитимдүү бийликтин бутактарын түзө албай жатышат - это реально. Демек аларда мыйзам иштейт ошон учун бир пикирге келе алышпайт! Акыркы үч жылдын ичинде Кыргызстандын бийлиги төрт жолу легитимдешти. Биринчиси –референдум, кийинкиси – парламенттик шайлоо - это не реально. Бизде таза шайлоо болбойт баары бурмалануу жолу менен ишке ашат!
16.09.2013. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
PROS, эмне деп койгонунду озун тушундунбу?
16.09.2013. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
qqqqq, макаланы тушунуп окусан анан комментарийди тушунсон керек эле же тушунгонго жашын жете элек окшойт.
16.09.2013. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sanjar..kr,
Кимдир-бирөөгө ат коюп, мазактоого тыюу салынат!
3 күн банга!

SUPER.KG видео
16.09.2013. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nursultan_kg,
Далили жок билдирүүлөрдү жазуудан оолак болуңуз! Азырынча эскертүү!
SUPER.KG видео
16.09.2013. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул адамдын элге чыккандагы жузу башка, көшөгөнүн артында жазаган иштери бир башка.
16.09.2013. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
бирок жакшы иштерди коп кылды аны эске алыш керек!!! Таза шайлоо болмок эгер Бакиевчилер акча берип баштабаганда, ушундай жыйынтыкты эл кааалаган болду, башка эмне арманыбыз бар, президенттик олкодон баары эле тажашса керек!
16.09.2013. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец,красавчик Текебаев! деп эле жазып колдогум келе берет ушинтип эле суйлошо берсе,бирок иш жузундо дагы эле коро элекмин ушул кишинин айткан создорун!Башкаларга окшоп бул да суйлогонду эле билет!
17.09.2013. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Текебаевдин суйлогону башка кылганы башка.Бул киши мага такыр жакпайт. (Менин жеке оюм).
17.09.2013. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jibeka09, магада кытмыр адамдан башка ассосация жаратпайт.
17.09.2013. 06:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кыргызстанга жакшы иш кылам десенер чогуу эле кетип калсанар жакшы иш кылган болот эленер!азыркы бийликтегилер!!!тажаттынар!!!!
17.09.2013. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Булар кетсе ким келет? жаш элитаны жасалма жол менен чыгаруу мумкун эмес жаштар буларды басып отуш керек. жасалма нерселер дайыма коркунучтуу жана опурталдуу болот.
17.09.2013. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар! КЫРГЫЗСТАНГА ТЕКЕБАЕВ КЕРЕК!
SUPER.KG видео
18.09.2013. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ойлонуп сүйлөсө боло. 6-апрель күнү бакиев УКМКнын сизосуна каматканда, 7-апрель күнү аянттагы балдар бошотуп чыкканда көзүнө жаш алып, силер болбогондо бакиев өлтүрөт эле деген күнүн унуттубу?
18.09.2013. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи Акаев жакшы болчу, Бакиев жакшыраак болчу, эми Атамбаевдин да "жылуу тарапка" уча турган мезгили жакындап калганбы дейм да ))). Бу тубун тушкон мансапкорлордун айынан эл гана зардап чегип жашоо барган сайын ушулар жасаган тонкоруштун(эл эмес!!!) айынан кымбаттагандан кымбаттап баражатат.Утуру тонкоруш жасап экономиканы нолго тушуруп коюшуп кайра элдин жонунан жоон кайыш тилишип баардык нерсени кымбаттатышып айтор кыргызстанга булук салган коркоолорго мин наалат
19.09.2013. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кун сайын конститутцичн озуно ылайыктап жазып жатат эле жаза албай калса арызданып чыгыптырда. эми бул кишини оппозицияда кошпойткоэ
19.09.2013. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muxammet,
Кимдир-бирөөгө ат коюп, мазактоого тыюу салынат!
3 күн банга!
20.09.2013. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Казактын Хабар каналы кыргыздарды бечара-байкуш, келесоо кылып көрсөтүп тарткан "ҚЫРҒЫЗ_КӨКТЕМІ" деген аталыштагы чыгарылышына Өмүрбек Текебаевдин берген маегин көргөнүмдө ушунча күйүгүп кеткен элем, казактардын оозуна даяр сөз салып берген эле. баса ошол казактардын келжиреген "ҚЫРҒЫЗ_КӨКТЕМІ" чыгарылышына көп эле убакыт болду, КРнын эч бир ММКлары ошол боюнча айтып чыкканы жок. намысты кайнатат го.
21.09.2013. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу бийликтегилер элине, озу, уйбулосу учун жакшы жашоо туззолор болсо керек а,
21.09.2013. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар бир адамдын суйлогон созуно эмес, кылган ишине ишениш керек!
SUPER.KG видео
03.10.2013. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бул кишиден жакшы нерсе чыгат деп ойлобойм, анткени ич кийимчен бир кыз менен бир уйдо жургонун коргондон кийин тунулгом! себеби бийликтегилерди карапайым калк башкача элестетет билимдуу, АКЫЛДУУ ДЕП. бийликтегилер кылганы ушул уялышпайт! Власть и шоу-бизнес- "грязная игра"!
SUPER.KG видео
03.12.2013. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Настоящий политик! Даже легендарный в КЫРГЫЗСТАНЕ!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: