Көк бөрү боюнча Азия чемпиондугу-2013. КАЛЫСТЫК БОЛГОНДО КАЗАКТАР ЖЕҢИЛЕТ БЕЛЕ?

№568 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж


15-сентябрда Астанада тарыхта биринчи жолу уюштурулган көк бөрү боюнча Азия чемпиондугу аяктады. Мелдешти Астананын чаңын көккө сапыруу менен баштаган улакчыларыбыз финалда үй ээлерине жеңилишти. Бул көрсөткүчкө жалпы көк бөрү сүйүүчүлөрүнүн ичи ачышып турган маал.

МЕЛДЕШ ЖӨНҮНДӨ
Өткөрүлгөн даталар – 10-15-сентябрь
Өткөрүлгөн жай – «Казанат» ат майданы, Астана шаары
Байге фонду – 20 миллион теңге (болжол менен 130 миң доллар)
Катышкан 8 команда – Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Монголия, Тажикстан, Түркия
Улакчылардын саны – 200
Чемпион – Казакстан
Байге ээлери
3-орун үчүн оюн Тажикстан-Кытай – 3:0
Финал – Казакстан-Кыргызстан – 4:2
Мелдештин байге фонду анын аброюн айтып койду. 1-орунду ээлеген Казакстан байге катары 10 миллион теңге акчалай сыйлык алды. 2-орунду ээлеген Кыргызстан 6 миллион теңге алса, Тажикстан 3-орунду ээлегендиги үчүн 4 миллион теңге менен сыйланды.

ЭМКИ КЕЗЕК ТҮРКИЯДА
Көк бөрү боюнча эл аралык федерация 2001-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн демилгеси менен түзүлгөн. Азыркы стандарт боюнча, майданга төрт оюнчу чыгып, 20 мүнөттөн 2 бөлүккө бөлүнгөн убакыт ичинде узуну 200 метр, туурасы 80 метр келген майданда ойношот. Тай казандардын диаметри 3,6 метр, бийиктиги 1,5 метр. Атаандашты же атын камчы менен чабуу жана атаандаш улакты эңип жатканда жөөлөө эреже бузууга кирет. Эреже бузган улакчы 2 мүнөттүк «эс алууга» чыгат. Көк бөрү боюнча 2 жылда бир өтүүчү Азия чемпиондугу 2015-жылы Түркияда өтөт.

ЧОҢ ЭСЕПТЕР, БИРОК ЖЫЙЫНТЫГЫ НАЧАР
Мелдеш алдында эле финалда ойноочу командалар Кыргызстан менен Казакстан болору болжонгон. «Тайпалык баскычта бул эки команданын бир тайпага түшпөй калганы да финалдык оюндун камы үчүн жасалган иш» деген пикирлер байма-бай айтылууда. Боз топурак үстүндөгү мөөрөй талашты биздикилер ийгиликтүү баштап, алгач Өзбекстанды 11:1 эсебинде уткан. Кийин Түркияны 16:3, Кытайды 12:0 эсептеринде жеңди. Финалга кетчү экинчи жолду казакстандыктар ушундай эле ири эсептер менен утуп келишти. Ошентип, биринчи жолу өткөрүлгөн Азия чемпиондугунун тарыхында алгачкы биринчиликти казак туугандар өздөрүнө жазып алышты.

АКТАНУУГА ДАЙЫМА МҮМКҮН
Футболдогу окшоштуктардан айтсак, футболдун мекени делген Бразилия дайыма мелдештердин башкы талапкери болуп көрсөтүлгөнү менен, көп жолу утулуп калат. Алар күйөрмандардын алдында «башка өлкөлөр футболдо бизди кууп жетти» деп актанышат. Андан айырмаланып, көк бөрүдө кыргыздар антип актана албайт. Түшүнүп жатабыз, аттарды жана улакчыларды миңдеген чакырымга ташып барып ойноп келишти. Билип жатабыз, биздикилер казак көк бөрүчүлөрүндөй болуп ай-айлап сборлордо жүрүп даярданган жок жана аттары анчалык мыкты эмес. Азыр биздин колубузда актана турган жалгыз жагдай, казак туугандардын калыстыктан тайганы.

«УТУЛБАШЫБЫЗ КЕРЕК ЭЛЕ...»

Алмаз Касенов, Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору:

– Даярдыкты көл жээгинде колдон келишинче өткөргөнбүз. Жеңебиз деген максат бар болчу. 2-орун бир чети жакшы жыйынтык. Бирок биз утулбашыбыз керек эле. Бизди иренжиткени, калыстар тобунун баары казактар болуп, «эрежеге ылайык келбейт» дегенибизге болбой өзүлөрү тейледи. Оюндун башында эле биздин оюнчу майдандан четтеп калды. Ошондон пайдаланып, казактар 3 улак салып кетишти. Негизи, бир улак салганда эле тиги оюнчу оюнга кириш керек эле. Жеңилүүнүн жалгыз себеби бул эмес. Калганын эми команданын өкүлдөрү, машыктыруучулар менен чогулуп талдап чыгабыз.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg



Калыстык болгондо Кыргыздар жеңмек беле?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(34)
SUPER.KG видео
21.09.2013. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бут эле жерде баш байгени оздоруно калтырууга аракет кылышат, бул бештен белгилууго.
SUPER.KG видео
22.09.2013. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baikush kazaktar korkushtu da....)) baaribir ele el bilet da kim kandai oinoorun... emkide chyn ele barbai koigula je kalystardy normal'nyi koyushsun! Ushu sport oyuna da prodajnyi kalystardy koyushat... chatak!
23.09.2013. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргыз калкым! Бул жигиттин оюну ! Калысттык жигитче болуш керек! Жигитче болбосо барып катышыштын кереги жок! Эгер Кыргыз катышпаса кок бору оюн эмес! Кыргыз калкымда намыс бар! Казактын тыйынына заар эмес! Жигит наамды жигитче алып журуусу зарыл! Жалган наам жалган нерсе бир кун келип уят кылат!
23.09.2013. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Астанада иштеген бут кыргыз жердештерибиз жумушун таштап коргону барыштыго! Барибир казактар озунун жеринде, оз командасын колдоп кетишти!
23.09.2013. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми казактар кыргыз эмес да, эгерде бизде отсо "кой конокторду сыйлайлы"дешмек! элдин баары:"туура чечим болду" дешмек!
23.09.2013. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bizdin ulakchylar mykty oinodu, Medaldyn eki beti bar. Birde jeniw, birde jeniluu. Jenilunuuda mart adamdar korot. Biz kyrgyzbyzgo.
23.09.2013. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин жигиттерибиз, биз үчүн дайыма биринчи.
Жеңилүүгө келсек, менин көңүлүм 2 - нерсеге бурулду.
1 - Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргызстанда жакында эле чоң мелдеш болуп, аттарды баары ошол жерде колдонулган. Анан аларды 10 - күн өтө электе 1000 км алыстыктагы Астана щаарына алпаруу, таптоо, суутуу, эс алдырууга мүмкүнчүлүк болбой калды о
23.09.2013. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аттарыбыз начар, жакшы сбор болбой калды деп жазылыптыр, демек, футбол ойноо колдон келбегенден кийин мамлекет бир аз ушул оюнга конул буруп койсо жакшы болмок. 20орун да жакшы, азаматтар, мындан ары да ийгилик силерге!!!
23.09.2013. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
алга 2-орун да жаман эмес кийинкиде 1-орунду бербегиле эч кимге
23.09.2013. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ат жалында шамалдай ойногон кыргызымдын жигиттери алга!!!2-орун болсо деле биз учун силер женуучу!!!
23.09.2013. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
1-орунду чыдабастык кылып алган казактар, бети чымырап отурушса керек. бири бирине шыбырап реально кыргыздар женди а деп,
23.09.2013. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ызылдатып эле ышкыра бериптир го, ойнотпой эле, анан эле убакыт бүтүп, оюн жыйынтыкталып калды. Улак тартыш тууралуу мурда кийин түшүнүгү жок адамга деле белгилүү болгудай экен
23.09.2013. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айколдук бизде бар. Казактын тили ширин дили кара дейт. Айколдук кылышпаптыр. Калыстарды башка олкодон коюш керек эле. Эч нерсе эмес. Чындык биз тарапта.
23.09.2013. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмки Турцияда ото турган чемпионатта ири эсеп менен утуп кимдин ким экенин коргозот деп ишенем.
SUPER.KG видео
24.09.2013. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kazaktar ozdory uiuwturup oiundu ozdory 4ydabastyk kylgany ne

??????/
24.09.2013. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз абдан кубанычтабыз,кыргызымдын жигиттери бар болгула!!!
24.09.2013. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kazaktar ozunun baigesin ozu algany emnesi/ alga kyrgyz aldyda dagy koptogon oiundar bar
24.09.2013. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул акыркы оюн эмес! Духту тушурбой, келерки оюнга даяр болгула. . .
24.09.2013. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alga kyrgyzymdyn jigitteri!!!
25.09.2013. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комуз
Кыргыз элинин эң кеңири
таралган жана эң сүйүктүү аспабы
- үч кылдуу чертме аспап комуз.
Комуздун чарасы алмурут
формасында. Чаранын ичкерип
кеткен жагынан уланып чыккан
мойну беренесиз.
Тектеш элдердин кылдуу чертме
аспаптарынан айрымаланып
(домбра, дутар), чарасынын арты
томпок эмес, тактай
түрүндө. Комуз эң байыркы аспап.
К
25.09.2013. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактардын бул кылганы туура эмес,озунун судиясын коюп алып Кыргызстан менен Казакстан ойногондо башка олкодон судя коюш керек эле,эми Туркияда откондо коробуз кимдин-ким экенин,Алга кыргызым,алга
26.09.2013. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз улакчылары биринчилик силердики болушу керек эле,Кыргызстан 2: Казакстан 1 калыстык болгондо чындыгында.
Бирок ойунду көрүп алып Казактардын ушунчалык бети жок экен деп баа бердим майда чүйдөсүн айтпай эле койойун,ойунду көргөндөр баа берсе керек.
Кыргызстан көк бөрүчүлөрүнө ийгилик Түркийада өтчү 2-Азия биринчилигине.Ошондо Казактардын сазайынын бергиле.
27.09.2013. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маанайынарды тушурбогуло бизлин Кок боручулор сиздер биз учун дайым биринчисинер, казактар туура эмес кылганы айдан ачык болуп турбайбы, Кыргыздар алга
27.09.2013. 05:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Казактардын жүзү жок баурым деп туруп бетиңе түкүрүп коё беришет. Эми түркияада өтө турган мелдеште казахтар, кыргыздын алдында алсыз экенин дагы бир ирет тастыктайт деп ишенебиз, биздин жолборс жүрөк, алгыр бүркүттөй эр азамат жигиттерибиз.
27.09.2013. 05:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактардын жүзү жок баурым деп туруп бетиңе түкүрүп коё беришет. Эми түркияада өткөн мелдеште казахтар, кыргыздын алдында алсыз экенин дагы бир ирет тастыктайт деп ишенебиз, биздин жолборс жүрөк, алгыр бүркүттөй эр азамат жигиттерибиз.
28.09.2013. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2-орун да жаман эмес мекендештер. Эмки оюнду кыргыздын кыраан жигиттери башка элге коргозуп, намысты которушот деген ишеничтемин. Мен да ушул камандалардын катарында ойногум келет. Бирок мумкунчулук жок.
29.09.2013. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эмнеси гана болбосун мен учун кок борудон биздикилер дайыма биринчи
29.09.2013. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kazaktar dostoino utkan jok!InshaAllah emikisinde korobuz kazaktardy...........
SUPER.KG видео
13.10.2013. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото кычаас экен казактар
SUPER.KG видео
30.12.2013. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kazaktar kyrgyzstanda oinoso iilaktashat! kyrgyzdar kazaxstanga barganda abdan kyinalywat! bajy kyzmaty attardy otkospoi owol jerde kyinalyp ary je beri emes! owondoi ele oynda kazaktar kamchy menen chabyp! jana enip jatkanta ei sen kazaxstandasyn tawta ulakty biyaktan chykpai kalba dep orondowot! owogo karabai bizdin namustuu er jyrok jigitteribiz owol jaka baryp bizdin jelekti kotoryp mykty oyn korgozyp kur keliwken jok! azamatsynar jigitter
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: