АЯЛЫ КҮЙӨӨСҮН БЫЧАКТАП ӨЛТҮРГӨН

№572 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж


Жакында эле борбор шаарыбызда адам өмүрү кыйылган кандуу окуя катталды. Иликтөөнүн версиясы боюнча ажал коштогон бул окуя кызганычтын айынан келип чыккан.

ИЧКИЛИКТЕН УЛАМ ЧЫР ЧЫККАН
2013-жылдын 13-октябрь күнү Бишкек шаарына караштуу Ленин РИИБине борбор калаабыздагы Лущихин көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде адам өлтүрүү болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Нөөмөттөгү милиция кызматкерлери айтылган даректеги үйгө барышып, бычактан алган жаракаттан улам каза болгон адамдын денесин табышкан. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, маркум 29 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну Талант Акматжанов экендиги аныкталган. Окуя болгон жерди текшерүү учурунда кылмышка далил буюм катары ашкана бычагы, ичимдиктердин бөтөлкөлөрү табылган. Ал эми кылмышка шектелип маркум менен жарандык никеде жашап жүргөн Мээрим Орозалиева аттуу айым кармалган.

«КЫЗГАНЫЧТЫН АЙЫНАН УРУША КЕТТИК»
Кылмышка шектүү аял тергөө учурунда эмне себептен бул кылмышка кириптер болгондугун түшүндүрүп берген:
– 1984-жылы Нарын облусундагы Жумгал районунда төрөлгөм. Талант экөөбүз 2005-жылдан тарта жарандык никеде жашаганбыз. Ортодо келишпестиктерден улам ажырашып кетип, 9 ай мурун кайра Бишкектеги 215-маршруттук таксинин акыркы аялдамасынан жолугуп калдык. Талант ошол каттамда диспетчер болуп иштечү. Анан кайра табышып, экөөбүз Ак-Өргөө жаңы конушунда батирде чогуу жашап жүргөнбүз.
Ошол каргашалуу күндөн бир күн мурун мен сиңдимдикине барып жатып калып, эртеси кечки саат 7лерде келгем. Күйөөм ал күнү бош болчу, мен келер замат «Каякта жүрөсүң, ким менен жаттың?» деп эле атырылып баштады. Экөөбүз уруша кеттик. Андан соң жараштык да, чогуу арак ичтик. Арак түгөнүп, түн ортосунда Талант сыртка чыгып дагы 1 бөтөлкө арак алып келип, кайра уланттык. Талант экөөбүз ага чейин да кызганычтын айынан урушуп жүрчүбүз. Бир коңшумдун «сен жокто күйөөң бир келинди үйгө алып келди» дегенин күйөөмө айткам. Бирок ал коңшум менен Талант экөөнү беттештиргенде, күйөөмдөн коркуп, айтканын танып койгон. Бир маалда ошол окуя эске түшүп, аны айта коюп экөөбүздүн ортобузда дагы чыр чыгып кетти. Ал тура калып мени сабай баштады. Түнкү саат 2лер чамасы болчу. Мен тамак ичкен столду айланып качып, коргонууга аракет кылып жаттым. Андан аркысы эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым. Ачуум менен столдун үстүндө турган ашкана бычагын колума алып Таланттын жүрөк тушуна шилтеп калганымды бир билем. Ал жерге бүк түшүп кулаганда гана эмне кылар айламды таппай коркуп кеттим. Анан кан болгон бычакты сууга жуудум да, «Тез жардам» чакырдым. «Тез жардам» келбей койгонунан кайра милицияга чалдым.
Азыр кылган ишиме өкүнүп жатам, мындай кылайын деген оюм жок болчу. Бардыгы кызганыч менен арактын айынан болуп кетти.

«КЫЛМЫШЫН МОЮНУНА АЛДЫ»
Жогорудагы факт боюнча Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын инспектору МЫРЗАБЕК ТОКТОСУНОВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул кылмышка шектелип 1984-жылы туулган Мээрим Орозалиева аттуу айым кармалды. Ал маркумдун жарандык никедеги аялы. Милиция кызматкерлерин өзү чакырып, күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Аялы күйөөсүн бычактап өлтүргөн

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(41)
21.10.2013. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай кандуу окуя болбосун дайыма "арак" деген аты очпос арам неме журот.
21.10.2013. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экоо тен макоо экен
21.10.2013. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу(((((((((((
21.10.2013. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баарына арак кызганыч себеп болду дейт куйоосу мн арак ичуунун ордуна арак ичтирбегенге аракет кылса болмок
21.10.2013. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы заманда бир козун,бир козуно душман болуп калды.
21.10.2013. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пайгамбарыбыз САВ айткан:арак баардык куноолордун энеси деп.
21.10.2013. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондо канча жылга кесет
21.10.2013. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак ичкен адамдарды корсом жек кором.
21.10.2013. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тооба кылдым ээй. Ушинтип ээри катын ботолколош болгондон кудайым озу сактасын.
SUPER.KG видео
22.10.2013. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Negizi ayal kishi bashy menen emne ichishet ech tushunboym. Oshol araktyn ayinan kanchalagan uybuloloor buzulup aatat. Ar Kim ozunun tagdyruna ozu sebebker
22.10.2013. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыбызга ыйман берсин кудайым!
22.10.2013. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай окуялар башка ичкен адамдарга сабак болсо экен.
22.10.2013. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул да Уйбуло болдубу эми ,эри-катын бирге арак ичип.
22.10.2013. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эх саячка.эми зечкага айланат экенсин да
22.10.2013. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mahabat., tabaa kylbai toobo kylynyz. Bul aiym dagy affek abalynda bychak shiltep jibergen go baikush))
22.10.2013. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allahym ar kimdin ozuno nysap bersin. Baldary dagy jok okshoit go.
23.10.2013. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
молодец)))
SUPER.KG видео
23.10.2013. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тойгончо ээри менен ичип зарыл экенда.
23.10.2013. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардыгы еле емне болгонун билбейм козумду ачсам олуп калыптыр,кансырап жатыптыр деген создор.мыкаачы еле болуп баратабыз,адам олтуруш оной еле болуп калды.колун менен кылганды башын менен таартасын.
24.10.2013. 07:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балалу бололу бактылуу бололу балдарды окуталы остуролу деген максаттары жок да булардын. Ортосунда суйуу ишенич да жок. Болгону дене кумарын кандырып журушкон. Омур отот кетет, артында эмне деген атын калды, катын?
24.10.2013. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо!
24.10.2013. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тез жардам эмнеге келбей коет чакырса да же Кыргызстанда ошондойбу?
24.10.2013. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тез жардам эмнеге келбей коет чакырса да же Кыргызстанда ошондойбу?
27.10.2013. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rostov-on-Don, ооба келбейт, келсе да бензинин куюп бересиң, же төлөйсүң...
SUPER.KG видео
24.10.2013. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул аялдыда куйоосу кудурсо керек колуна бычак кирсе жини чыкканда сайып алса керек !!
24.10.2013. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул улуттун көйгөйү.Кудай талаам жаштарга ыйман берсе экен!
SUPER.KG видео
24.10.2013. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайтандын азгырыгынан озун сакта баарыбызды.
24.10.2013. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун окунучтуу аялы эми кантет
25.10.2013. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарына куноолу аял! Эри ичгенден кийин ал ичпей койсо болмок а негизи исламда деле и медициналык жактан деле аял киши ичпестиги керек. Эми ичип эрин олтуруп бир омур абакта жатат)))
25.10.2013. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх кандай болду эми,жырткыч болуп баратабызго
25.10.2013. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
СубханАллах тобоо кылдым! Куйоосун ичпе дегендин ордуна, чогуу ичтик эле дейт да.

5жылдан 7жылга чейин эркинен ажыратат го... Бирок айым аффект абалында, озун коргогонун да эске алыш керек...
26.10.2013. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Инспектор красавчик го;)))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: