Жаш активист Ренат Самудинов:«САЯСАТКА ОКУУЧУ КЕЗДЕ КЕЛДИМ»

№572 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж


Бүгүнкү каарманыбыз саясат майданында такшалып келаткан активист жаштардан. Анын сүйлөгөнүнөн уюштуруучулук жөндөмү, жаштыктын энергиясы байкалып турат. Учурда КСДПнын жаштар канатында тапталууда. Биз Ренат Самудиновго жолугуп, анын жашоосу, келечекке койгон пландары боюнча баарлаштык.

КААРМАН ЖӨНҮНДӨ

  • Самудинов Ренат Маратович 1986-жылы 2-январда Түптүн Талды-Суу айылында туулган.
  • Эл аралык башкаруу академиясынын бухгалтердик эсеп жана аудит факультетин аяктаган.
  • Учурда ошол эле академиянын менеджмент факультетинин 5-курсунун студенти.
  • «Алаш-Ордо» коомдук бирикмесинин жетекчиси.
  • Кыргызстан социал-демократтар партиясынын Бишкек шаары боюнча куратору.

«ГАГАРИНДИ КЫРГЫЗ КЫЛАМ ДЕЧҮМҮН»
Болор бала он бешинде баш болот, болбос бала отузунда жаш болот. Ооба, дымагы бар, эл адамы болом деген адамдын бала чактан эле көздөгөн бир максаты болот. «Бакчага барып жүргөн 4-5 жашымда апамдан Ленин ким болгон, Гагарин ким болгон деп сурачумун. Апам алар орус десе, эмне үчүн ушундай улуу жаратмандар кыргызда жок деп санаам санга бөлүнчү. Бала экем да, чоңойсом Гагаринди кыргыз кылам деп ойлочумун»,- деп жылмаят. Ал бакчадан эле алдына максат коюп, «дүйнөдө бурулуш жасачу инсандар кыргыздардан да чыгыш керек» деп кыялданчу.
Ошентип, анын балалыгы үлкөн СССР ыдырап, жаңы жашоо башталган учурга туш келген. Базар экономикасынын шары менен ата-энеси да мугалимдикти таштап, соодага өтүү үчүн борборго келе беришет. Ренат эки карындашы менен таята-таенесинин колунда калган. Бир күнү каарманыбыз мектепте теңтуштары менен чүкө ойноп үйүнө кеч келет. Таятасы биринчи жолу ачууланып, «Ушул кезге чейин кайда жүрдүң?» деп чыбык менен бир-эки чаап коёт. Ага ызаланган балакай ата-энесине, Бишкекке кетем деп, аларга жетүүнүн амалын ойлонот. Ал үчүн жумуртка сатып жол кире табуу идеясы жаралат. Үйдөгү бардык жумуртканы баштыкка салып, дүкөнгө жеткиче бирин калтырбай сындырып алганын каткырып эскерип отурду.
Билимдин да, оюндун да кумарына канып, акылдуу тентек болгон Ренат мырза: «Оюн баланын дүйнө таанымын, көз карашын өстүрөт. Келечек муунду жакшы тарбиялайлы десек, балдарыбыздын оюндарына да чоң маани беришибиз керек»,- дейт.

«СТУДЕНТТИК КҮНДӨР ПИКЕТ, МИТИНГ МЕНЕН ӨТТҮ»
2004-жылы паспорт менен аттестатты колго алган Ренат Самудинов ишкердикке жол тарткан. «Сен акчага кызыгып, окубай каласың, диплом алып, бир кесиптин ээси болсоңчу» деген ата-энесинин тилегин 2006-жылы ишке ашырат. «Ишкердикти жыйыштырып, Бишкектеги Эл аралык башкаруу академиясынын бухгалтер жана аудит факультетине окууга кирдим. Ал адистикти алгандан кийин дагы бир ирет ойлонуп туруп, ошол эле академиянын башкаруу факультетине тапшырдым, учурда бүтүрүүчү курстамын»,- дейт ал.
Студенттик күндөр пикет-митингдер менен коштолгонун эскерген каарманыбыз алдыда дагы бир топ акцияларды өткөрүү пландарын айтты. «2005-жылы ыңкылапта алдыңкы сапта болдук. Кийин ХИПИК программасына Кыргызстандын киришине каршы митингге чыгып, максатыбызга жеттик. Андан кийин 2010-жылдагы Апрель окуясында аянтта болдум»,- дейт жаш саясатчы.
Саясатка болгон кызыгуусу бала кезинен ойгонгон каарманыбыз буларга токтолду: «Улуу муундагы саясатчылар тиги жаман, бул жаман десе эле чуркап чыгып жардам берип, мамлекетти өнүктүрүүгө салымыбызды кошуп жатабыз деп ойлоптурбуз. Азыр эми көз караштар бир топ өзгөрдү. Бирөөнү жамандаш оңой экен да, бир программа же идея сунуштоо кыйын экен».
Ал эми «Мектептен алган билимиңе ыраазысыңбы?» деген сурообузга: «Союз кезинде өнөр жай күчтүү болгондуктан, адистерди ошол багытта даярдап, ага жараша билим берүү системи курулган. Ал эми Кыргызстандын 20 жылдан бери так бир багыты болбогондуктан, кайсы тармакка ылайык адис чыгарып жатканын билбейт. Билим берүү министрлиги негизги фундаментти берет, мисалы, тамга таанытып, жазган-окуганды үйрөтүп дегендей. Бирок кайсы багытка билим берип жаткандыктарын билишпейт»,- деп жооп узатты.
Учурда бир топ программаларды иштеп чыгып, мамлекетти эл аралык деңгээлде таанытуу аракетин көрүп жатканын кошумчалады. «Жакында чоң бир маданий иш-чара өткөрөбүз. Флешмоб өткөрүп, анда кыргыздын залкар күүлөрүн «Гиннесстин рекорддор китебине» киргизүүнү демилгелеп жатабыз»,- дейт ал.

«Келечекте бийликке келсем, кайсы тармакта болсо да башкаруучулук жөндөмүм менен өздөштүрүп кетем» деген жаш саясатчыга дагы бир топ суроолорубуз менен кайрылдык.

– Кандайча социал-демократтардын катарына келип калдың?
– Мага 2004-жылы социал-демократтарга мүчө болууну сунушташты. Анда мен мектепте окучу элем. 2007-2011-жылдарга чейинки аралыкта партиянын республика боюнча жаштар канатын жетектедим. 2011-жылы бийликке бир аз нааразычылык пайда болуп, КСДПнын жаштар канатын таштап, башка бир коомдук бирикме түздүк. Анткени 2010-жылдагы ыңкылапта бийликтен чоң нерсени күткөнбүз да. «Эмне себептен алга жылуулар жок? Ошол үчүн биздин балдар курман болду беле? Ошол үчүн биз революцияга чыктык беле?» деген ойлор келди. Менин КСДПдагы салымым чоң, аны жашырбай эле айтам. Анан былтыр шаардык кеңешке шайлоо болгондо КСДПнын катарында катыштым. Коомдук бирикме менен кичинекей чөйрөдө эле жүрө берет экенбиз, андан көрө партияда болуп, аны ичинен оңдоого салымымды кошоюн деп кайра келдим.

– 2010-жылдын 7-апрелинде аянтта белең? Ал күндөгү эң эсте калганын айтып берсең...
– 6-апрелде биз «Форумда» отурсак, кечке жуук Коопсуздук кызматынын балдары маска-каскачан келип Эмил Каптагаевди, Кеңешбек Дүйшөбаевди, Иса Өмүркуловду, Туратбек Мадылбековду кармап кетишти. Мен 7-апрелде таң эрте Казакстанга барып, интернеттен аймактарга жана эл аралык уюмдарга кабар жаздым. Анткени Бакиев бийлиги Бишкекте маалыматты бурмалап берип, интернет булактарын колдонуучуларга чектеп койгон эле. Андан сырткары журналисттерге саат 9да маалымат жыйынын беребиз деп кат жаздым. Түш ченде «Ала-Тоо» аянтына келдим. Жапжаш, 1992-жылкы жигит биздин көз алдыбызда Бакиев бийлигинен каза болду. Мээси чачырап кетиптир, аны көргөндөн кийин «артка кайтмай жок» деп кете бердик. Нааразы болгонум, мен тааныган эле жаш активист балдар ошондой курч абал болуп жатса, элди талап-тоноочулукка үндөп жатышты.

– Парламенттик башкаруу жолуна түшкөнүбүзгө үч жыл болду. Кескин өзгөрүүлөргө барууга, Грузия сыяктуу көзгө көрүнүүгө кандай тоскоолдуктар болуп жатат деп ойлойсуң?
– Биринчиден, парламенттик башкаруу – башкаруунун бир форматы. Президенттик болсун, парламенттик болсун, ыгын таап башкара билсе, өлкө өнүгө берет. Грузия сыяктуу кескин өзгөрүүгө жетиш үчүн бийликке жаштар келиш керек. Жаңы муун келмейинче өзгөрүү, өнүгүү болбойт.

– Учурда айрым саясатчылар «Акаев, Бакиев тушунда бийликти туугандары узурпациялап алса, азыркы бийликти КСДП менчиктеп алды. «Ак жолго» айланып баратат» деген сөздөрдү айтып жүрүшөт. Буга көз карашың?
– Буга парламенттеги беш фракциянын төртөө күнөөлүү. Себеби алар бийликти бир тарапка алдырып жатышса, анда өздөрүнүн алсыздыгын көрсөтүшүүдө. Өздөрүнүн колундагы бийликти алып кете албай, дагы бирин күнөөлөп жатышат. Кошумчалай кетчү жагдай, Атамбаев расмий түрдө КСДПдан кеткен, ал эми өкмөт башчы КСДПдан сунушталганына карабай партия мүчөсү эмес. Спикер гана биздин партиянын өкүлү катары иштеп келет.
Булар элди ойлосо, өздөрү бийликке кызыгып, анан жетпей калганы үчүн «узурпациялап алдыңар» деп жамандабай, реалдуу, мыкты программалары менен чыгышпайбы? Ошол айтып жүргөндөр – баягы «Ак жолдун» камчысын чапкан, активдүү депутат болгондор. Учурунда өздөрү бийликте, парламентте турганда «Кумтөр» боюнча, Камбар-Ата ГЭСтери боюнча үн катышкан эмес.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg



"Бийликке жаңы муун келмейинче өзгөрүү болбойт" дейт жаш саясатчы Ренат Самудинов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
SUPER.KG видео
19.10.2013. 05:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КСДП партиясынан экен! Алма сабагынан алыс түшпөйт дечү беле!
SUPER.KG видео
19.10.2013. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр элдин баары эле саясатчы болуп кетишкен.Кочодогу кичинекей баладан баштап бели бекчейип калган чалдарына чейин.
SUPER.KG видео
19.10.2013. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sany bar sapaty joktor koboidygo,kyto tyralychy
SUPER.KG видео
19.10.2013. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оз идеясын так далилдеген алигечейин бир да саясатчыны коро элекмин. Просто партиясын жетектесе болду, бийликке келсе болду. Илимий политологиядан кобунун сабаты жок.
SUPER.KG видео
20.10.2013. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш саясатчы = жаш бекерчи
SUPER.KG видео
20.10.2013. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ен туура айтат жаштар керек бийлике карт боулордон толк жокпу жаштарга орун берсин балким жаштар мштесе онолор мамлекет
SUPER.KG видео
20.10.2013. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз тилде "Апаны" так айтбай мам деп айтып анан каяктагы Кыргыздын барктуулугун айтат бул. Жонокой создордон ката кетпей улгулуу болуу керек да.
SUPER.KG видео
20.10.2013. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Созунун жаны бардай эгер чын ниетинен айтып жатса бирок...
21.10.2013. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сестренка нечошка
21.10.2013. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тилеги жетип ойлорун орундалсын
SUPER.KG видео
21.10.2013. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вааай, ленин боолом дейби?
21.10.2013. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
makentosh-007,
Кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
1 күн банга, эрежелер менен жакшылап таанышып келиңиз.
22.10.2013. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ренат мырза,жакшы ой тилектериниз орундалышына Аллахым жардам берсин!
SUPER.KG видео
23.10.2013. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура айтат жаштар келмейинче озгоруу болбойт бирок...азыркы бийлик онойлук менен орун бошотуп бербейт жаштарга(((
25.10.2013. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай Ренат ава, саламатсызбы? тилеген оюнузга жетиниз))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: