26 ЖАШТАГЫ ЖИГИТ СУУГА АККАН 4 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ КУТКАРЫП КАЛДЫ

№574 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж


«Бир жигиттин атагы көп жигитке даңк берет» деген кыргызда жакшы кеп бар. Күтүлбөгөн окуялар, кырсыктарга ар бир адам кабылышы мүмкүн. Бирок мындай учурларда бардыгы эле бейтааныш бирөөгө жардам берүүгө кудурети жетпейт же жөн гана жардам бергиси келбейт. Ага да эрк жана тездик менен чыгарган чечим керек. Бүгүн сиздерди ошондой эрктүү жигит менен тааныштырабыз.

КҮТҮЛБӨГӨН ОКУЯ
Үстүбүздөгү жылдын 28-октябрь күнү болжол менен күндүзгү саат 12лер чамасында Ош-Бишкек жолунун боюндагы Таш-Көмүр шаарына кире бериш жерде бийиктиги 25-30 метр болгон чоң көпүрөнүн үстүнөн 27 жаштагы келин колуна 4 жашар кызын көтөргөн бойдон Нарын дарыясына боюн таштап жиберген. Окуяга күбө болгондордун айтымында, келинди куткарып калууга мүмкүн эле. Тилекке каршы, келин жардамдан баш тартып, «мага жолобогула, жашагым келбейт» деп кыйкырып, сууга ыргытылган баллонду түртүп, колун сунгандарга көнбөй койгон. Натыйжада анын жансыз денеси 3,5 чакырым аралыкка агып барган жеринен ӨКМнын кызматкерлери тарабынан чыгарылды.
Ал эми колундагы кызын Ош-Бишкек жолунда бара жатып, окуяга күбө болгон жүргүнчүлөр Айбек Матисаков (Ноокен районунун Сакалды айылынын тургуну) жана Ызатбек Узенбаев (Бишкек шаарынын тургуну) суудан баатырлык менен куткарып чыгарышкан. Ал Таш-Көмүр шаарынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Көп өтпөй каза тапкан келиндин өздүгү такталып, ал Таш-Көмүр шаарынын Аксы көчөсүнүн тургуну, Кызыл-Жар шаарчасындагы психиатриялык ооруканада каттоодо турган, 1986-жылы туулган Мира Мырзабоязова Станбековна аттуу келин болуп чыкты. Ал эми кызы 2009-жылы туулган Айгерим Сапарбекова экендиги маалым болду.

«КЫЗДЫ БАШЫНДА ӨЛДҮ ДЕП ОЙЛОГОНБУЗ»
«Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши» дейт эмеспи кыргызда. Суунун муздактыгына карабай, өз өмүрүн тобокелге салып, жаш кызды куткарып калгандардын бири 26 жаштагы ЫЗАТБЕК УЗЕНБАЕВ менен жолугуп, жогорудагы окуя тууралуу өз оозунан уктук.
– Өзүм Таш-Көмүр шаарында чоңойгом. Азыркы тапта Бишкекте жашайм. Досумдун тоюна барып, ал жактан Бишкекти көздөй кетейин деп жол тосуп тургам. Аңгыча көпүрө тарапта турган кишилер кыйкырып ызы-чуу түшүп калышты. Чуркап барсам «көпүрөдөн бир келин кызы менен сууга секирип кетти» дешти. 20дай киши суунун жээгинде «түшкүлө, жардам бергиле» деп агып бара жаткандарды карап турушкан экен.
Апасы бир аз алдыда, аркасында кызы агып бара жатты. Кыздын күрмөсү эле көрүнүп, башы суунун астында болгондуктан, карап тургандар «өлүп калды окшойт» деп ойлогонбуз. Мен дароо эле кийимдеримди чече салып сууга секирдим. Кызга сүзүп барсам тирүү экен. Анан аны жээкке алып чыгууга аракет кыла баштадым. Бирок суу аябай муздак болгондуктан, жээкке жакын калганда колу-бутум тырыша баштады. Кудай жалгап, ошол маалда бир жигит баллон менен жаныма сүзүп келип калды. Кызды баллондун үстүнө жаткырып жээкке алып чыктык да, ошол жерде чогулуп тургандарга бердик. Алар дароо эле кыздын кийимин алмаштырышып, ооруканага алып кетишти. Биз жээкке чыккан соң бир киши келинди көздөй баллон менен сүзүп кетти. 400-500 метрдей агып барышкандан кийин эмне болгонун билбей калдым.
Суунун муздактыгынан аябай тоңуп калгам. Окуя болгон жерге жакын бир ашканада иштеген эжелер ысык чай беришип, ал жерден кийимдеримди которуп, көптөн кийин өзүмө келдим, анан Бишкекке келе бергем. Кечээ мен суудан алып чыккан кыздын таятасы телефон чалып, ыраазычылыгын билдирди.

«ЖЭЭНИМ ООРУКЧАН ЭЛЕ...»
Маркум келин эмне себептен мындай кадамга баргандыгын билүү үчүн маркумдун таякеси МИРЛАН ТУРДУКУЛОВ менен байланыштык:
– Мира менин жээним болот. Кыргызчылык жайы бар эле. Көзүнө ар нерселер көрүнүп, кимдир бирөөлөр менен сүйлөшүп, кээде оолугуп кетчү оорусу көбүнчө жаз мезгилинде кармачу. «Турмушка чыкса анысы калып кетет» дешкен эле, андай болгон жок.
Мира турмушка чыгып бир аз жашаган соң кош бойлуу кезинде ажырашып, ата-энесинин колуна келип алган. Кызын төрөгөн соң иштебей, үйдө отурчу. Ошол күнү кызын ээрчитип сиңдисинин үйүнө «конокко барып келем» деп атасына айтып жакшынакай эле үйдөн чыккан экен. Ата-энеси деле эч нерсе ойдо жок үйүндө калган. Чыгып кеткен боюнча сиңдисинин үйүнө деле барбай, көпүрөдөн боюн таштап жибериптир. Ал жерден көрүп калгандар биринчи жардам беришип, кызын аман сактап калышыптыр. Ал жигиттерге ыраазычылык билдиребиз. Айгеримдин абалы учурда жакшы. Күлкүсү чыгып, ойноп жүрөт.
Азыр коомчулукта кайдигер мамиле кылып, адам өлүп жатса да көрмөксөнгө салып өтүп кеткендер көп. Бирок Ызатбекке окшогон кыргыздын азамат уулдарынан уучубуз кур эместиги сүйүнтөт. Анын жогорудагы жасаган эрдиги башкаларга да үлгү болуп, жаштардын намысын, аң-сезимин ойготот чыгар…

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Нарын дарыясына аккан наристе аман калды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(55)
04.11.2013. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат, мактоого татыктуу!
04.11.2013. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул окуя бизди уу,дууга салды мен бул тааныйм Мира Мырзапаязова деген куткарган жигитке ыраазыбыз.кызын бугун эле кордук ташкомур шаардык больницадан аябай ширин кыз экен денсоолугу чын,омуру узун болушун каалайбыз.А Миранын жаткан жери жайлуу болсун!
04.11.2013. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын,сендей жигиттер коп болсун, Айгеримге узун омур бактылуу, ыймандуу кыздырдан болсун...
04.11.2013. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп алып ыйладым ушундай балдарыбыз бар экенине абдан кубанычтамын.
04.11.2013. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мыкты жигиттер деп ушуларды айтса болот.Алла раазы болсун сага Ызат!Эн биринчиден тарбия берген ата-энене рахмат.Жасаган эрдигине уй-бүлөбүз суктанып бүтпөй жатышат. Кыргыз жигити сендей тайманбас жана эр журөк болгон.
04.11.2013. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аззамаатсыныз Ызат!
04.11.2013. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчалай сыйлап,грамота бериш керек бул жигитке
04.11.2013. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ызат биздин мектепте окууган аябай жкшы бала еле. ызат коп жаша
04.11.2013. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат жигит экенсин. "Тусу ийгиден тунулбо"-дейт кыргызда.
SUPER.KG видео
05.11.2013. 05:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
azamatsyn jigit ekensingo.allah saktaptyr jigit sebep4i boluptur e elder erkekter ar dayim ar kanday baleketke dayar bololu!
05.11.2013. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Ызат жакты социальный сетьттерде бар болсо логинин берип койгулачы эл журт
SUPER.KG видео
05.11.2013. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кызды аман сактап калыптыр азаматтар!
SUPER.KG видео
05.11.2013. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Ызатбек сага жакшы иш буйурулуптур ар дайым жардамда бол
05.11.2013. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын чыныгы эркек деп сени айтат
06.11.2013. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мужик с большой буквой "М"
SUPER.KG видео
06.11.2013. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
денсоолугун чын болсун Ызаатбек барбаол таазим сага!!!!!!
06.11.2013. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молдес соз жок эржурок экенсин
07.11.2013. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын брат
08.11.2013. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз жанын тобоокелге салып биронун жанын куткарыш ар кимдин эле колунан келе бербейт.Андыктан Ызатбекке мактоо да аздык кылат.коп жашаныз Кудайым тилегинизди берсин.
08.11.2013. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат десек да аздык кылат
08.11.2013. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sheva, кошулам .
08.11.2013. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыйлык бериш керек мындай азаматтарга.
09.11.2013. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчалай сыйлык болбосо деле кудайдан кайтсын жакшылыктар!
09.11.2013. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына Изнасиловать этти уурдады өлтүрдү дей бересинер. Ушундай эр-азаматтарды көбүрөөк жазсанар
SUPER.KG видео
15.11.2013. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы супер инфо,силердин сайттагы видеолар коп убакыттка Чейин загруска болот,мисалы 5 минуталык видео 10-15 минута загруска болот,сураныч карап койгулачы
16.11.2013. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул мост (кандуу) мен эс тарткандан бери. Ушундай (кыргызчылыгы) бар адамдарды коп угам Ташкомур тараптан. Айтарым ар кандай бакшы соройлорго бара бербеш керек. Мечитке барып илимдуу молдолор менен баарлашып турсаныздар жердештер?
16.11.2013. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын эр журок мырза жигиттерине кудай дагыда куч кубат ыйман бере берсин. Оомийн.
SUPER.KG видео
18.11.2013. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vip_kg,
Саламатсызбы! Сизге купуя менен жооп берилди.
SUPER.KG видео
18.11.2013. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Изат,азаматсын АЛЛАХ ыраазы болсун!!!Ошол кундогу аба ырайы абдан суук эле...маркум кызды Мен дагы коргом...
SUPER.KG видео
18.11.2013. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Изатты тойдо коруп,ото жоош бала экен деп койгонбуз...Азаматсын,угуп алып аябай ыраазы болдук...бар бол!
SUPER.KG видео
03.12.2013. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ызатбек азаматсын! ушундай жигиттерди мамлекеттик денгээлде сыйлашыбыз керек. ордень менен анан башкаларына да сабак болот эле!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: