«СУПЕР КЛИП» НААМЫНА ТАЛАПКЕРЛЕР

№577 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж


Жан эргиткен ырлардын учурдагы негизги «аксессуары» – ага тартылган клип. Жаратылыш коюнунда тартылган клиптер азайып, заманбап идеялар кыргыз шоу-бизнесин каптап келаткандай. Бул жолу «Супер клип» наамына талапкер болгон клиптердин тартылуу таржымалын аткаруучулар өздөрү баяндашат.

АВАЗ АКИМОВ, «АЙ-АЙ-АЙ»
Режиссёру – Эрнист Сыдыков
Идеясы – Эрнист Сыдыков менен Самат Эркинбековдуку
Бюджети – 700 доллар
Тартылган жылы – 2013-жыл
Аваз
: – Клип тартабыз деп шаардын четиндеги айылдардын бирине бардык. Анан эшек издеп убара болгонубузду айтпаңыз. Кимден сурабайлы, бир эле байкенин атын айтышат. Кыскасы, эшеги бар байкени эптеп таап, күнүнө 300 сомдон акы төлөп ижарага алганбыз. Анан унаамдын дөңгөлөгү жарылган жерин бир үйдүн эшигинин астынан тартып жатсак, үй ээси баарыбызды кууп, айлабызды кетирген. «Клип тартып алалы» десек болбой «клибиң менен ишим жок» деп чаң-тополоң салган. Бирок Эрнисттин өжөрлүгү менен баары бир ошол жерден тартып кеткенбиз.
Айылды аралап жүрсөк, жергиликтүү жашоочулар Камчы байкени (Сарыбаев) көргөндө аябай толкунданышкан. Чыныгы элдин адамы экенин ошондо түшүнүп калдым. Бактыма жараша, клиптеги каармандардын ролуна актёрдук чеберчилиги мыкты адамдар тандалыптыр. Бир гана өзүм ролду аткара албай артка тартканым болбосо, баары ойдогудай болду.

ОМАР, «СҮЙӨМ СЕНИ, УНУТПА»


Режиссёру – Павел Курганский
Идеясы – Омардыкы
Бюджети – Сыр
Тартылган жылы – 2013-жыл
Миргүл Эсеналиева, Омардын менеджери:
– Клип шаардагы кафелердин биринде тартылган. Башында электропианонун ордуна рояль тартмакпыз, бирок Бишкекти кыдырып рояль таппай койдук. Негизги каармандардын ролун Зарема аттуу кыз менен Ислам деген жигит аткарган. Аларды Элдар деген досубуз таап берди. Кызыгы, экөө чынында эле кыз-жигит экен. Клиптин бет ачарынан кийин алар баш кошушту. Клипте кыз-жигиттин урушкан жерлери бар эмеспи. Жашоодо такыр урушуп көрбөгөн жандар экен, таарынышкан кадрларды жаратууда аябай кыйналышты. Клип алгач ирет каармандардын тоюнда даяр love-story катары көрсөтүлгөн.

 

ДАНИЕЛЬ, «АЙРЫЛУУ»
Режиссёру – Канат Култаев
Идеясы – Айбек Сыдыгалиевдики
Бюджети – Так эсеби жок
Тартылган жылы – 2013-жыл
Даниель:
– Клиптеги мен үчүн жүрөгүн аябаган кыздын аты – Айпери. Тааныбаган адам менен эле сүйүүнү чагылдырыш кыйын болот дегем. Бирок Айпери аябай шайыр кыз экен. Экөөбүз бат эле тил табышып кеттик.
Клипте апамдын ролун жараткан Ырыс Жоомартованын ооруканада ыйлаган жери бар эмеспи. Ошол жерин тартарда режиссёр «ыйлашыңыз керек, кыйкырышыңыз керек» деп түшүндүрдү. Анан Ырыс эже күтүүсүз жерден эле кыйкырып кирсе болобу, ооруканадагылардын оозу ачылып, бизди карап туруп калышты.
Дагы бир кызык, менин жүрөк оорум кармап, операцияга алып бара жаткан жеринде каталканы сүйрөп бараткан эже жыргап эле күлө берди. «Күлбөңүз» дегенге болбойт, адам өлүм астында турган кадрды тартып жатабыз, ал жыргап баратат десеңиз.
Клип даяр болгондо көпчүлүк «корей тасмаларына окшошуп калыптыр» дешти.Мен ага кошулбайм. «Супер клип-2013» наамына көрсөтүлгөнүнө караганда, биздин клип баары бир өзгөчө болгон.

 

ДАЙЫР ИСМАДИЯРОВ, «ЖАНЫМ»
Режиссёру – Павел Курганский
Идеясы – Дайыр Исмадияровдуку
Бюджети – 2000 доллар
Тартылган жылы – 2013-жыл
Дайыр:
– Алгач Алматы шаарынан көп кадрларды бышырып кайттык. Казак ырчысы Гадилбек Жанай да («Жылама жаным» аттуу ыры менен таанымал ырчы) тартуу иштерине көмөктөшүп, клипке өзү кошо тартылды. Андан сырткары кыргыз жана казак подиумдарын таптаган модель кыздар образ жаратышкан. Негизи, менин клиптерим сыйкырдуу күчкө ээ. Дегеним, клиптериме тартылган кыздардын баары турмушка чыгып кете беришет. Бул жолу да ошондой болду. Ошондуктан турмушка чыккысы келген сулууларга менин кезектеги клибиме тартылууну сунуштайм (күлүп).
Клипке кайтсак, тартуучу топтун эсинде калганы, клиптин аягында шарды каармандар бирден бөлүп алып учурмакпыз. Анткени 15 даана шарды 2000 сомго үйлөткөнбүз, өзүм эле учуруп ийгенден уялып баарына бөлүп бермекчи болгом. Тамашалашып жатып кокустан колумдан чыгып кетип жатпайбы. Баарыбыз учурабыз деген планыбыз ишке ашпаганы менен, жасалма болбой, реалдуу окуя тартылып калды.
Клипте мен бир орус жигитке гитара берген эпизод бар. Анан ага гитараны карматып жыргап жүрө бериптирмин. Бир маалда гитараны таппай калып «Гитара кана?» деп сурасам, «Сенин гитараң го, өзүң көтөрбөйсүңбү?» дейт. Көрсө, кадрды тарткан жерге таштап келе бериптир. Кайра издеп барганда гитаранын дагы деле өз ордунда экени сүйүндүрдү.

ИЛЬЯЗ АНДАШ, «ДҮЙНӨДӨ СЕНИ СҮЙГӨН БИР АДАМ БАР»
Режиссёрлору – Жоомарт Эгембердиев, Замира Сатыбалдиева
Идеясы – Жоомарт Эгембердиевдики
Бюджети – 1500 доллар
Тартылган жылы – 2012-жыл, декабрь
Ильяз:
– Куруучу, тигүүчү, окутуучу, өрт өчүргүч сыяктуу кесип ээлерин табыш үчүн кыдырбаган жерим калбады. Клиптеги кадрлар көп жерден тартылган. Ошондуктан баш аламан болуп кеткендей болду. Бирок жыйынтыгында көпчүлүктүн көңүлүнө жаккан клип чыкты. Чындыгында, эл менен иштешүү түйшүктүү экен. Камераны көргөндө эле кызарып-татарып сүрдөгөндөрүчү. Аларды көндүрүү эле канча эмгек дегендей.
Аталган клип экрандарга чыкканда тойго чакыруулар аябай көбөйдү. Кыскасы, ишим оңунан жүрө баштады. Клибим ак жолтой болуп, анын артынан үйлөнүп, борбор калаадан үй сатып алганга жетишкеним көп нерсени айтса керек. Мындан улам дүйнөдө менин чыгармачылыгымды сүйгөн адамдар көп экенин билдим.


Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg



"Жылдын супер клибин" бирге тандайлы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(57)
SUPER.KG видео
20.11.2013. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аваз Акимовтун ыры да,клиби да жагат)Ийгилик!!!!
SUPER.KG видео
20.11.2013. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
дайыр клиби алдыда
SUPER.KG видео
20.11.2013. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Daiyr, Avaz akimovgo dobuw bermekmin. Baarynyky ele klibi jakwy.
SUPER.KG видео
20.11.2013. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Омардын ушул ырын ушунчалык жакшы коруп угам, клиби орто, а Даниельдин клиби татыктуу го...
SUPER.KG видео
20.11.2013. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сүйгөнүм ОМАрга берип койдууууум уже!!! Бирок Аваздын иши да мыкты!
SUPER.KG видео
20.11.2013. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суппер клип деп.И Абдразаковдун...адашкан суйуу деген клипи деп айтса болот..Бирок бул жерде ал жок экен...Эрнист Сыдыков.тарткан клип супппппер да....Аваз Акимов...111111111
SUPER.KG видео
20.11.2013. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
омар омар омар
SUPER.KG видео
20.11.2013. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омар болсо Омарда татыктуу эле
SUPER.KG видео
20.11.2013. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жагымдуу кызыктуу клиптер жок го бир гана Аваз Акимовдун клибинен башка бул клипке соз жок супер оло олло жакты сонун чыгыптыр Аваздын уну да уккулуктуу ийгилик Ай ай клибине
SUPER.KG видео
20.11.2013. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
emne bir da kyzdyn klipi jok))))
SUPER.KG видео
20.11.2013. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
канаааа бул жерде НУРЛАН НАСИИИИП????
SUPER.KG видео
21.11.2013. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иляз Андаш 1
SUPER.KG видео
21.11.2013. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал Садыбакасованын " Ыйлатпачы "-деген ырынын клиби 2013 супер клиптеринин катарына кошулса керек деп ойлогом.....
SUPER.KG видео
21.11.2013. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар Даниель и Аваз ушулар аябай жакшы ырдайт, клиптен Аваз байкеники жакты. Баарыныздарга ийгилик
SUPER.KG видео
21.11.2013. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неге Ильяз Абдразаковтуку жок чынындале суй деймин деген клипинин деле просмотру коп болчуго
SUPER.KG видео
21.11.2013. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омардын ушул ыры жагат.
SUPER.KG видео
21.11.2013. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Avtandildin klipterine ech nerse jokpu?Ushunu oilop koisonor bolmok eken
SUPER.KG видео
21.11.2013. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirbek atabekovdun janym degen yrynyn kilibi jyldyn super kilibi kataryna kiralatgo dep oiloim
SUPER.KG видео
21.11.2013. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
омардын ыры жагат
SUPER.KG видео
22.11.2013. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men Omarga berem dobushumdu
SUPER.KG видео
24.11.2013. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даниель - Айрылуу +5
25.11.2013. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asil-08,
Саламатсызбы! Рахмат, ката түзөтүлдү.
27.11.2013. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даниелдин клиби татыктуу деп эсептейм
27.11.2013. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baary teb mykty, chyn aitam men bilbei turam kimisine dobush bereerimdi.
28.11.2013. 05:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз дуйнодо де))),ашырып жибербединби?!
29.11.2013. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Avazga iygilik kaalaim!jakwy klip bolgon molodec)
01.12.2013. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аваз акимовко берем дубушумду
01.12.2013. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Avaz akimovgo iygilik
SUPER.KG видео
05.12.2013. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омардын клибине берем добушуду.Омар чыгармачылык ийгилик!
07.12.2013. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омар эн мыкты!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: