ӨЗ НАРИСТЕСИН КӨМҮП САЛГАН АТА

№580 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж


Жакында Бишкек шаарында дагы бир үрөй учурган окуя катталды. Анда 6 айлык ара төрөлгөн баласын жаш ата өзү көмүп салган. Учурда ымыркайдын денесин соттук-медициналык экспертиза текшерүүдө. Анын жыйынтыгында наристе тирүүлөй көмүлгөндүгү билинсе, анда бул кылмышка тиешеси барлар мыйзам чегинде жоопко тартылмакчы.

ТАЛААДАН ЫМЫРКАЙДЫН ДЕНЕСИ ТАБЫЛГАН
Свердлов РИИБинин кызматкерлерине Бегимай аттуу 18 жаштагы кыз төрөп, бирок жаңы төрөлгөн ымыркай өз атасы тарабынан талаага көмүлгөнү тууралуу маалымат түшкөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө талаадан көмүлгөн жансыз ымыркай кыздын денеси табылган. Соттук-медициналык эксперттердин катышуусундагы кароодо түйүлдүк денесине жабышкан чел кабыктын калдыктары жана 20 сантиметрлик кесилбеген киндиги менен болгон. Окуя төмөндөгүдөй болгону окуянын жыйынтыгында билинди.
2012-жылдын апрель айынын ортолорунда 17 жаштагы Талас облусунун тургуну С.Бегимай аттуу кыз 19 жаштагы Б.Илгир аттуу бала менен интернет аркылуу таанышат. Экөө кыз-жигит болуп жүрүшүп, бир күнү Бегимай Илгирге кош бойлуу болуп калгандыгын кабарлайт. Муну уккан Илгир азырынча ата болууга даяр эместигин билдирип, түйүлдүктү 6 айга чейин алып салууга болорун айтат. Андан соң Бегимай менен Илгир узак убакытка чейин телефон аркылуу гана байланышып, бирок жолугушпай калышат.
25-октябрда Илгир Бегимайга жолугуп, аны шаардагы менчик клиниканын бирине алып барат. Болочок эне гинекологдун текшерүүсүнөн өткөндө түйүлдүккө 22-23 жума болуп калгандыгы билинет. У.Арель врач-гинеколог Бегимайга мындай чоңоюп калган түйүлдүктү алдырып салууга болбой тургандыгын жана мындан ары тукумсуз болуп каларын түшүндүргөн. Айласыз кырдаалда турган Бегимай гинекологдон жардам берүүсүн өтүнгөндө, ал 15 миң сом акча алып келсе жардам бермекчи болот.

ТАЛААДА ЖАЛГЫЗ ТӨРӨП...
Бир жума өткөн соң Бегимай Илгирдин Айзер аттуу таанышы менен колуна 12 миң сом алып, врачка келишет. Бир нече текшерүү, кароолорду жүргүзгөн соң гинеколог У.Арель дарыларды сунуштайт. Ал дарылар төрөттү мөөнөтүнөн эрте чакырат деп түшүндүрүп, эртеси күнү да келгиле деп узатат. Кийинки күнү Бегимай гинекологго калган 3 миң сомду алып келип, дарылардын калганын алып кетет. Гинекологдун айтымында, бир нече суткадан соң толгоо башталмак, бирок ошол эле күнү кечинде Бегимайдын ичи түйүлүп ооруп чыгат. Ата-энесинин шекшип калуусунан корккон Бегимай үйдөн чыгып, жашаган жерине жакын жайгашкан талаага барып өзү төрөйт. Төрөгөн соң ал бул тууралуу Илгирге кабарлаганда, ал досу жана гинеколог менен чогуу келип калышат. Врач Бегимайга ооруну басаңдатуучу бир нече ийне сайып, калган калдыктардан тазалануу керек экенин эскертип, дагы дарыларды жазып берет. Андан соң Илгирдин досу кызды үйүнө чейин жеткизип койгон. Врач жазып берген дарыларды ичкен Бегимай кийинки күнү эле жакшы болуп басып калат да, жумушуна чыгып кетет.
Бул окуя тууралуу эч кимге билгизбей, эч ким сыр бербей жүрө беришет. Арадан бир топ убакыт өткөн соң гана өз боор этинен жаралган ымыркайынын тагдыры кызыктырган Бегимай Илгирге телефон чалат.

«АНЫ КӨМҮП САЛГАМ...»
«Мен аны көмүп салгам. Ал төрөлгөндө эле жансыз болчу». 19 жашар ата милиция кызматкерлерине берген сурак учурунда ушундай деп билдирген. Көрсө, Илгир ошол күнү жаңы төрөлгөн кызын сумкага салып, досу экөө аны жууп, ак түстөгү кездемеге ороп туруп, дагы 2 досун чакырган. Арасынан биринин машинасына түшүп, төртөө шаарды айланып өтүүчү жол жактагы талаага алып барып көмүп салышкан. Бул ата сөрөйдүн достору жана 35 жаштагы гинеколог Арель суракка алынган. Ал эми У.Арель бул иш боюнча «Биздин клиникага бир күндө канчалаган бейтаптар жана кош бойлуу аялдар келишет. Алардын ар бирин эстеп калууга биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок. Мен андай оорулууну кабыл алганымды эстей албай жатам» деп билдирүүдө. Ал Бишкек шаарындагы менчик клиникалардын биринде 8 жылдан бери гинеколог болуп эмгектенет экен. Анын клиникадагы кызматы – гинекологиялык оорулууларды дарылоо, аялдарды жана кош бойлуу аялдарды медициналык кароодон өткөрүү, аларды диспансердик каттоого алуу жана гинекологиялык кеңеш берүү гана болуп саналган. Бирок ал бейтаптан өз алдынча белгилүү суммадагы акча талап кылып, Бегимайдын түйүлдүктөн ажыроосуна себеп болгон.

Ымыркайдын денеси ак чүпүрөккө оролуп табылган.

«БОЙГО БҮТҮРГӨНГӨ ЖАРАГАН АДАМ АТА БОЛГОНГО ЭМНЕГЕ ЖАРАБАЙТ?!»
Жогорудагы окуя боюнча дин аалымы ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВ төмөнкүлөрдү билдирди
:
– Кыяматта сурактын бардыгы никесиз төрөлгөн баланын пайда болуусуна себеп болгон эркек менен аялга жана ал экөөнө тарбия берген ата-энелерине болот. Бойго бүтүргөнгө жараган адам ата болууга кантип даяр эмес?! Айткан жигитке да, ага көнгөн кызга да адам өлтүргөнгө шериктеш деген күнөө тагылат. Ымыркай тирүү төрөлүп, атасы тарабынан жаны кыйылган болсо, бул өтө чоң күнөө. Эркек да, аял да баладан кутулуунун жолун издешкени алардын жашоого болгон жоопкерчилигинин жоктугу. Канткен күндө да ымыркай өз шарты менен жерге берилүүсү керек болчу.
Акыркы маалыматтарга караганда, Илгир менен Бегимай үйлөнүп, чогуу жашап жатышыптыр. Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголо элек. Укук коргоо кызматкерлери окуя тууралуу соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышат.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



Ымыркайды энеси талаада төрөп, атасы көмүп салган

Автор: Динара Абдыкадырова
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -9 
Комментарийлер(90)
17.12.2013. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай кор, эркек менен жатып моокумунду кандырып жатканда неге наристе жонундо ойлонбодун экен аттин, же боюнда болуп калуу дегенге акыл эсин жетпейби, жалжандап, шалактап жаткандырсын да маняктын алдында, кудайым жазасын аябасын силерден, жардамдашкан адамдардан да!!!!
17.12.2013. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай мээси жокторго бала кор болду го балалуу болсом дегендер канча суротту коруп журогум титиреп кетти
17.12.2013. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
болоор иш болуптур кайтарууга айла жок мындан кийинки жашоосун ойлонушсун жакшы иштерди кооп кылышсын алаа кечиримдуу баарынан
17.12.2013. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iii jindiler akmaktar go bul ewwekter kylgylykty kylyp kyl jip menen buup koigondorun kara kelesoolordun
17.12.2013. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Замандын жана анда жашап жаткан адамдардын бузулгандыгына ушундай тобо чачты тик тургузуп, денени дуркуроткон окуяларды окуганда ишенесин, тилекке каршы адамдар билип турса дагы онолбой, кайра айбанга айланып бара жатабыз. Ар бир пенде озуно Аллахтан журогуно ыйман, хидаят тилесин.
17.12.2013. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактай кор, ушундай да мыкаачы адамдар болот турбайбы бир адамдын жанын жеген акмактар багыш колунардан келбейт экен ал башында ыплас ишти ойлонуп кылуу абзел болчу мээси жок айбандар
17.12.2013. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыяматта эмне деп жооп бересинер? ата боло албашынды билсен кызга эмне учун тиесин? бироо баланын жытына зар болуп журот жок дегенде багып ала турган бироого бербейт белен???
17.12.2013. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай нысап берсин.тобо жакшылык корбогуло.элдер бала жытына зар болушса.бул экоо кантет.оздорун тируу комуш керек
18.12.2013. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илгир бул Уйгурдун аты
18.12.2013. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Musio,
Маданиятсыз сөздөрдү жазуудан уялбайсызбы! Эскертүү сизге! Дагы кайталанса чара көрүлөт!
18.12.2013. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bechara nariste,biroogo kor bala birooga zar bala,jok degende tiruuloy komboy biroonun eshik aldina dele tashtap koyboptur jok degende KANKOR bolmok emes,miyzamda da,dinde da
18.12.2013. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журогум ах ооруп чыкты
SUPER.KG видео
18.12.2013. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bir jerlerin tyiyp alywsa jakwy bolot ele,ubalga kalbai
18.12.2013. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаштык кылышыптыр.Ата энеси деле билишпесе керекле булар жолугуп, жатып жургондорун.Из за глупости и тупости кылышкан бул ишти. Кудай албетте жазасын берет.
20.12.2013. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sterva, жаштык кылып булар мектеп окуучусу же садиктеги балдар эмес! ишти кылып койгондон кийин жаштык кылдык деп же болбосо шайтанга тонкошот!
18.12.2013. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакындабагыла...
18.12.2013. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ошончун бекем кысыып еле журуш керек болчу.уйлонолек болсо не кылат деймда кыздагы женил ойлуу желмогуз экенда
19.12.2013. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо кудай ай бул не деген корунуш наристе бул жашоонун жарыктыгын корбой коз жумса... ата-энесинин акмактыгы да бул ушундай жаштарга кудай озу инсап берсин
19.12.2013. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар адам суротундогу айбандар
19.12.2013. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Ыймандуу болсо алганың,
Ыймандуу өсөт балдарың.
Аялзат үйдө мугалим,
Аялуу назик ардагың.
Кадалган карек сыяктуу,
Кадырла сыйла ар дайым.
Кабырганы түздөйм деп,
Кабанак кылып албагын.
Ачык кыл күндө асманын,
Азык кыл үйгө тапканың.
Ал түндө бирге ойгонуп,
Алланы сүйүп мактагын.
Айыктыр өзүv
20.12.2013. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
беш кол тен эмес кыздардын баарын мындай женил ойлуу деш туура эмес!
21.12.2013. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emneny aiteshde kantyp sogunuunu bylbei kaldym balkym akylsyzdyk 18 jashda esy jokdor
21.12.2013. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экоону тен тируу талаада комуп салыш керек.
29.01.2014. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mukaacular o bularda jurok jok
14.02.2014. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана акмактар ушул экоону тен бирдейинен комуп салсан
14.02.2014. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирооого зар бироого кор деп койо беле,мен 2жылдан бери балаууу бол албай журом ошонон кору Мана окшогонго берсе жакшы болмок
SUPER.KG видео
16.02.2014. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kantip uwul kichinekei balans komup saluwtu juroguu orubadu Beken beti joktor
SUPER.KG видео
17.02.2014. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балага жетпей зар болгондор канча? Ай ай байкуш кыздын деле эки эмчеги зыркырап аткандыр, жигит жоопкерчиликтен качканы, болбосо наристе учун уйлонсо болмок да. Бир жерине алы келбеген соң, жоопкерчиликтүү болуш керек, болбосо өзүн кармаш керек, сактаныш керек дегендей.
02.04.2014. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уйлонот экен баланы эмне кылат моонотунон мурда торотуп
05.06.2014. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдык касиет жокко буларда
14.08.2015. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым кечире гор акылсыз алсыз пенденди алахтын наалаты богон шайтан менен напси
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: