Айбек Баратов, коомдук активист:«ЭЛГЕ ЖАКШЫ МААНАЙ ТАРТУУЛАЙЫН ДЕП ЖОЛ ЧЫРАККА БЫЙТЫКЧА ЧАПТАДЫМ»

№586 24-январь-30-январь, 2014-ж


Борбор калаада мэриянын ишмердүүлүгүнө көмөктөшүп, сындап, кээде ишембилик өткөрө калган, бирде жол сызыктарын сырдап кирген бир жаш активист жигит бар. Ал – элдин баары саясатчы болуп кеткен биздин заманда акциялары менен коомчулуктун да, бийликтин да көңүлүн социалдык көйгөйлөргө буруп, ал тургай элге жагымдуу маанай тартуулоо максатында жол чырактарга быйтыкча чаптап жиберген Айбек Баратов. Аны менен жолугуп сүйлөшүп, учурдагы иштери, келечек пландары тууралуу маек курдук.

1982-жылы 7-июлда Бишкек шаарында туулган.
2004-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин юридика факультетин аяктаган.
2006-жылы Лондондогу Вестминстер университетинин бизнес башкаруу факультетин бүтүргөн.
Учурда билим берүү тармагында иш алып барган «Draive2. kg» ЖЧКсынын башкаруучусу.

«ОТ МЕНЕН КӨП ОЙНОЧУМУН»
Каарманыбыз Айбек Баратов биз барганда «кийинки келгениңерде кыргызча сүйлөп берем, буюрса, курска жазылганы жатам» деп өзүнүн ыңгайсыз абалда экенин билдирип, өзү жөнүндө кеп баштады. Ал балалыгын эскерип жатып тентектиктин планын мектепке чейин эле толтуруп койгонун айтып отурду. Көрсө, колуна ширеңке тийсе от жагып, бир нерселерди күйгүзүп салганды жакшы көргөн уулунан коркуп, ата-энеси бир топко чейин анын «издегенин» катып жүрүшкөн экен.
Биздин каарман ушул күнгө чейинки эң оор күндөр деп Токмоктогу кыргыз мектепте окуган учурларын эстейт. «Менин тилим орусча чыкты. Мектепте да, үйдө да орусча сүйлөйбүз. Анан кокусунан эле шартка жараша Токмоктогу кыргыз мектепке барып калдым. Кыйналганыма карабай кыргыз тилин өздөштүрүп кеттим. Кийин кайрадан Бишкекке келип дагы орусташып алдым»,- дейт Баратов.
«Жакшы» деген баага көп татыган Айбек өзгөчө геометрия сабагын берилип окуган. Кээде мугалим чыгара албаган теңдеменин жыйынтыгын алдын ала айтып койчу. Мурда ал техника адамы болом го деп ойлоп жүргөн. «Окуучу кезимде коомдук активист болом деген ой түшүмө да кирчү эмес. Анткени мага радио, телевизордон тартып телефон, фотоаппараттарга чейин чачып, ичин ачып көргөн жакчу. Аны кайра курай албай үйдө маселе жарата берчүмүн. Жаңы эмне чыкса, ошонун ички түзүлүшүн көрүү мен үчүн кызык болор эле»,- дейт ал.

«ҮЙ-БҮЛӨДӨ БААРЫБЫЗ ЮРИСТПИЗ»
Мектепти аяктап калган баласын юрист кылууну ата-энеси чечип койгон. «Мен да макул болуп, Кыргыз-Орус Славян университетинин укук факультетине сынак тапшырып, бюджеттик негизде окууга өтүп кеттим. Үйдө баарыбыз юристпиз. Атам көп адамдар тааныган Султан Баратов болсо (ред. ЖКнын V чакырылышындагы депутаты, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин адвокаты болгон), апам үйдүн юристи. Анткени азыр кесиби боюнча иштебейт. Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз. Иним да биздин катарды толуктап укукчу болду»,- деп жылмаят Айбек мырза.
Студенттик күндөр шаңдуу өткөнүн айткан маектешибиз КВНден улам сахнадан түшпөй жүргөнүн кошумчалады. Ал 2004-жылы окууну аяктап эле Англияга аттанат. Алгач тил үйрөнүү ниетинде барып, кийин Лондондогу Вестминстер университетинин бизнести башкаруу факультетине магистратурага тапшырган. Дипломду алып, ошол эле шаардагы «Маркус Эванс» компаниясына ишке орношот. Төрт жылдан соң Кыргызстанга келгенде өз өлкөсүнө көбүрөөк керек экенин сезген каарманыбыз мекенинде биротоло калууну чечет.
Башка өлкөгө баргысы келген жаштарга «Өнүккөн мамлекеттерге барып, алардын жакшы жактарын өздөштүрүп, кайра келип Кыргызстанды өстүрүү үчүн иштегиле. Аларда архитектура кооз, көчөлөр жарык жана таза болгону менен, жашоо деңгээлибиз бирдей. Аларда да кылмыштуулук бар, аларда да киши өлтүрүү, зордуктоо дегендер болот. Баңгизат аларга да жетип турат. Ал эмес, Кыргызстанда орточо кирешеси бар жаран Британиядагы орто күн көргөн адамдан жогору жашайт» деген кеңешин айтып өттү.

«ТӨЛӨГӨН САЛЫГЫМ ЭМНЕГЕ КОРОТУЛГАНЫН БИЛГИМ КЕЛЕТ»
– 2008-жылы күзүндө Лондондон келгенден кийин акцияларга аралаша баштадым. Алгачкы өткөргөн акциябыз эсимде жок, бирок ийгиликтүү деп көпчүлүгүн айта алам. Мисалы, былтыркы жылы өткөргөн ишембилигибиз «Тазалык» ишканасын түнү менен уктаткан жок. Анткени биз акция өткөрө турган күнү таңкы саат үчтө алар шаардын борбордук көчөлөрүн тазалап башташты. Эртең менен чогулсак, көчөлөр таза. Ошентсе да он чакты мүшөк таштанды чогултуп, мэриянын имаратынын алдына алып келдик.
Жолдогу жөө жүргүнчүлөр өткөн «зебралар» боюнча акциябыз да мэриянын элди алдап жатканын ачыктады. Мисалы, стандарт боюнча эни 40 сантиметр болгон «зебраны» 30 сантиметр кылып сырдашат экен. Сапатсыз сырды арзан баада алып, кымбат көрсөтүшөт. Бул акция социалдык тармактарда талкууланып, 5 күндө бизге 50 миң сом чогулду. Негизи, мындай иш-чараларды өткөрүү үчүн долбоор жазып кайрылсаң, каражат жагынан жардам беребиз деген эл аралык уюмдар бар. Учурда бир долбоордун үстүндө иштеп жатабыз.
Мен салык төлөөчү катары ал акчалар эмнеге коротулуп жатканын билгим келет. Ошондуктан жаңы мэрден ачык-айкын болууну сурайт элем.

Келечектен көптү үмүттөндүргөн каарманыбыздан бир канча сурообузга жооп алдык.

– Жол чырактарга эмоцияларды чагылдырган быйтыкчаларды чаптадың эле, «уруксат албай чаптаган» деп МАИ кызматы алдырып салды. Уруксат сурап кайрылдың беле?
– Жок, сураган эмеспиз. Уруксат беришмек эмес, бул белгилүү болчу. Бизде элдин көпчүлүгүнүн кабагы бүркөө эмеспи. Ошондуктан жүргүнчүгө да, айдоочуга да жакшы маанай тартуулайлы деген ойдо гана бул иштерди аткардык.

– Автокырсыктарды сүрөткө же видеого тартып интернетке жайылтып, жол эрежесин бузган МАИчилерди да жарыялап келесиң. Бул аракеттериң жемишин берип, МАИ кызматы күнөөлүүнү таап жазалаган учурлар болдубу?
– Айрым учурларда айыпкерди табышат, бирок дайыма эле эмес. Жол эрежесин бузган учурларды видеого тартып интернетке жайылткан балдар көп. Биз алдыда ушундай видеолорду жайгаштыруу үчүн атайын сайт даярдап жатабыз. Андагы коюлган роликтерди МАИ кызматына көрсөтүп, ошол эле учурда алардан күнөөлүүнү табууну, жазалоону талап кылабыз. Алар менен тыгыз кызматташтыкта иштейбиз.

– Ыктыярчы МАИчи болуп иштеп көрүүнү сунуштаса, барат белең?
– Ооба, кээде өзүм да убактылуу МАИчи болгум келип кетет. Бирок бул ишти команда, тилектеш жардамчылар менен аткарууга болот. Пилоттук долбоор катары бир районду биздин көзөмөлгө берсе, азыркы МАИчилерге окшоп жашырынып туруп эрежени бузганды кармабай, көчөдө ачык эле рейд жүргүзмөкпүз. Эреже бузган айдоочуга сылык-сыпаа кайрылып, айып салмакпыз. Эки-үч айдын аралыгында ошол райондо жол эрежесин бузгандар азаярын ишеним менен айта алам. Анткени тартип орнотмокпуз.

– Саясатка келүү пландарың барбы?
– Жок, мен саясатка барбайм, коомдук активист катары калам.

Айбек Баратов көчөдөгү жөө жүргүнчүлөр өтүүчү «зебраларды» сырдоо акциясында.

Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg



Жол чыракка быйтыкча чаптаган Айбек Баратов

Автор: Динара Абдыкадырова
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(30)
27.01.2014. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыз тилин билбегенин жаман экен. Тезирээк уйрон. Башкасына азамат.
27.01.2014. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
соз жок азамат!!!!!!!!кийинки жолугушуда кыргызча суйлоп созуно тур
27.01.2014. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыргыз тилин билбегени жаман экен..
27.01.2014. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргыз тилин билгендер эмне иш кылып жатышат.аларга караганда аз да болсо озунун салымын кошуп жатат мамлекетке.
SUPER.KG видео
27.01.2014. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ийгилик!
SUPER.KG видео
27.01.2014. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
молодец Айбек,успехов тебе!!!
SUPER.KG видео
27.01.2014. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ подскажите пожалуйста какая музыка играла в начале или ссылку на нее?
SUPER.KG видео
27.01.2014. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кыргызстанда Кыргызча суйлошубуз керек.
SUPER.KG видео
28.01.2014. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ийгилик!Патриот деп ушуну айт!Мэр жонундо эн туура создорду айтты.Мэр деген саясатка аралашпаган адам болушу керек.ШаардынМэринин жумушу олол да,шаарды ондоп тузоо,гулдотуу,шаардыктардын койгоулуу маселесин чечуу,шаардын тургундарына ынгайлуу жашоо тузуп беруу,ш-дын эли м-н жолугушуу ж.б.Биздин Мэрлер Москванын Мэри Собянинден улгу албайсынарбы.Ал кочодо ле журот жолдорду курдуруп,жумушчулары м-н жолугушуп,кыскасы коп.Кыргызстанда Ошто Мырзакматов иштеп атты эле аны да бийлик кетирип жаны тынды.
SUPER.KG видео
28.01.2014. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
аянычтуу быйтыкчаларды алып салышыптыр!!!!
28.01.2014. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Оомуркулоооов..." деп ырдаган бала го!....
SUPER.KG видео
28.01.2014. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа))),прикольно,хорошая идея,молодец Айбек,желаю успехов.
28.01.2014. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тирикчилигин откорот экен да.
SUPER.KG видео
28.01.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ай да азамат сендей потриоттор бар экенине аябай кубанычтамын,угуп отуруп толкунданып да кеттим,сендей жигиттер кыргызстанда кобойуп алдынкы мамлекеттердин катарына кошулсак экен.сен айткандай бироонун жеринде эч качан эр боло албайбыз озубуздун жерден отору жок,жумуш камсыз кылса баары оз жеринде журбой эмне.ийгилик,ден-соолук сага.
SUPER.KG видео
28.01.2014. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец, успехов тебе!
28.01.2014. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат, кайдыгер болбой колунан келишинче аракет кылып жатат, ар бир кыргыз уулу ушинтсе кыргызстандагы коптогон койгойлор чечилмек.
SUPER.KG видео
28.01.2014. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик!
SUPER.KG видео
29.01.2014. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KABBAN4IK,
Сизге эскертүү!
Кимдир-бирөөгө ат коюп, мазактоого тыюу салынат!
SUPER.KG видео
29.01.2014. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да жакты быйтыкчалар акыркы кудору бирибирибиз менен урушуп кулбой койдук эле быйтыкчаларга карап кулуп журмокпуз бекер кылышыптыр
30.01.2014. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз тилин так суйлогондор не иш жасап кыйратып жатат.
Ал эми бул байкеге ийгилик журогу таза айтканынан кайтпаган экен. Ишинизге ийгилик!
01.02.2014. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынарго менда кыргызстанга барганда команданарга кошуп алаласынарбы
02.02.2014. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишине ийгилик азамат мырза экен
13.02.2014. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Amerikada iwtep jurup Kyrgyzstanda kalyp kalyptyr uwumdai iwterdi jasap atkany choon eerdik!Azamatsyz!!!Uilongon ekenbi?this question so interesting for me))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: