Назарали Арипов, Жогорку Кеңештеги «Республика» фракциясынын лидери:«ЖАШМЫН, САЯСАТТАН АЗЫРЫНЧА КЕТПЕЙМ»

№587 31-январь-06-февраль, 2014-ж


Биздин төрдүн бүгүнкү каарманы «Жогорку Кеңештеги «Республика» фракциясынын лидерлик тизгинин колго алып, андагы ички ынтымакты бекемдөөгө жетиштим» деген башчысы Назарали Арипов болмокчу. Ал өзүнүн саясатка кантип келип калганын, жашоодогу өйдө-төмөн, жетишкендиктерин ачык баяндап берди.

  • 1970-жылы 28-апрелде Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кара-Булак айылында туулган.
  • 1990-1992-жылдары Орусиянын Тольятти шаарындагы Техникалык колледжде окуган.
  • 2001-жылы ОшТУнун жол кыймылын көзөмөлдөө факультетин аяктаган.
  • Эмгек жолун 1990-жылдары Тольятти шаарындагы автомобиль чыгаруучу заводдон баштаган.
  • Чоң саясатка 2007-жылы Ош шаардык кеңешине депутат болуу менен келген.
  • 3 кыз, 1 уулдун атасы.

«БАЛА КЕЗДЕГИ КЫЯЛЫМА ЖЕТТИМ»
– Учурдагы жаш балдар «чоңойгондо депутат болом» дешет, мен бала кезде жол кыймылын көзөмөлдөөчү болууну каалачумун. Атам мектептин директору болгондуктан, аны уят кылбайлы деп жакшы окуганга тырышар элек. Сабактардан өзгөчө физика менен математика жакчу.
Классыбыздагы 33 окуучунун 23ү кыздар эле. Дене тарбиядан кыздар-балдар өз-өзүнчө командага бөлүнүп футбол ойночубуз. Бирок биз кыздарыбыздан 7-8-класска чейин жеңилип эле жүрдүк. Жогорку класстын балдары бизге тийишсе да кыздар келип кадимкидей болушушат. Бир жолу 8-класста балдар отуруш уюштуруп, конокко кыздарды алып келдик. Аныбыз мугалимдерге жетип, мектептен таяк жеп, жазанын калганын үйдөн да алганбыз.
Ошентип жүрүп мени атам Айдаркен шаарындагы интернатка жиберди. Ал жактан орто мектепти бүтүрүп, аскердик милдетимди аткарууга Москвага жөнөдүм. Кийин Орусиянын Тольятти шаарындагы Техникалык колледжге тапшырдым. Биздин студенттик күндөр СССР урап, социализмдин күнү бүтүп бараткан учурга туш келди. Ошол кездерде Орусияда демонстрациялар өтүп, эл демократияны, эркиндикти талап кыла баштады. Атам «аман-эсен Кыргызстанга келип кал» деп чакыртып алды. Кайрадан Ош технологиялык университетине, ошол эле адистикке тапшырып, диплом алдым. Балалык кыялым орундалганы менен, бир күн да жол кыймылынын инспектору болуп иштеген жокмун.

«АПАМ ДЕПУТАТТАР МУШТАШСА, СЕН АРАЛАШПА ДЕЙТ»
– Атам талапты абдан катуу койгон киши эле. Анын бекем тарбиясы бизди турмушта өз киндигибизди өзүбүз кесип, бышык болгонго үйрөттү. Көрөгөч да болгон экен. Бизге кесип тандоодо азыркы мезгилдин талабын алдын ала сезип багыт бериптир. Үй-бүлөдө эки кыз, алты эркек болсок, баарыбызды жогорку билимдүү кылды. Учурда менден улуу агам Тилеберди Арипов – Лейлек районунун акими, кенже иним Ниязалы Арипов – Ош облусунун казысы, теология илиминин доктору. Башка бир туугандарым өз кесиптери менен иштешет.
Апам болсо абдан мээримдүү, өзгөчө жан. Атам алган 120 сом пенсиясын мага карматып окууга жиберип жатса, апам каткан акчаларын алып чыгып берчү. Учурда ажы болуп, небере-чөбөрөлөрү менен айылда. Кээде Бишкекке алып келсем, бир жумадан кийин Баткенди көздөй жөнөп калат. Айылда өзүнүн чөйрөсү бар да. Кээде телефон чалып «Жогорку Кеңеште мушташып жатасыңар, сен аларга аралашпа, уят» деп энелик насаатын айтып калат.

«БИЗНЕСКЕ АБДАН ЖАШ КЕЛДИМ»
– 90-жылдарда Союз урап, жумушсуздук күчөп турган учурда мезгилдин тамырын кармап кеттим. Завод-фабрика кыйрап жаткан кезде бизнес баштадым. Анда 24 жашта элем. Бара-бара кыш заводдорун куруп, учурда жүздөгөн элди жумуш менен камсыздап жатабыз. Ишиң, максатың түз болсо, эч качан мүдүрүлбөйсүң.
24 жашымда коңшу кызга үйлөндүм. Сыртынан көрүп-билип жүргөн эле Махабат аттуу кыз жан шеригим болду. Учурда үч кыз, бир уулубуз бар. Улуу кызым Юридикалык академияда билим алып жатат, уулум менен экинчи кызым мектепте. Кичинекейибиз мен депутат болуп шайланган жылы төрөлдү.
Негизи, чоң саясатка достор менен мелдеше кетип келип калдым. 2007-жылы Ош шаардык кеңешине шайлоо башталганы жатыптыр. Мен талапкерлигимди койсомбу десем, досторум «сен өтпөйсүң» дешти. Алар менен мелдешип, шайлоодон жеңип чыгып саясатка келдим. Кийин ФОМСтун (Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун) Ош шаардык башкармалыгын жетектедим. 2010-жылы парламенттик шайлоого даярдыктар башталганда мен да Жогорку Кеңешке депутат болушум керек деген максат койдум. Ким менен болсо да парламентке барышым керек эле.
Анан алгач Коммунисттер пар­тиясы менен сүйлөштүм, кийин «Бүтүн Кыргызстан» менен келсемби дедим. Анан ошол күндөрү «Республика» партиясынын жетекчилиги менен жолугуп калып, ушул партия менен шайлоого барууга бел байладым. Буйрук экен, үч жыл мурун жети уктасам түшүмө кирбеген жерге аракетим менен келип калдым. Жашмын, кырктын кырын эми аштым. Саясаттан азырынча кетпейм го. Элиме кызмат кылып, салымымды салууга мүмкүнчүлүгүм жетишинче жан үрөйм. Келечекте ушул эле партия менен кийинки шайлоого аттанам.

Назарали мырзадан саясий ишмердүүлүгү боюнча да айрым суроолорубузга жооп алдык.

– Саясатка аралашууну «байлык топтоо үчүн же байлыгын коргоо үчүн келди» деп мүнөздөшөт. Сиздин көздөгөнүңүз эмне болду?
– Мен мандатка ээ болгондо бизнесимдин баарын бир туугандарыма, инилериме өткөрүп бердим. Азыркы күндө президент баш болуп коррупция менен күрөшүүгө катуу киришип отурат. Эгер бизнесиңде жаап- жашыра турган кемчилигиң болсо, аны мандат сактап кала албайт.

– Оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтүнө коюлган чекти алып салуу боюнча мыйзамга каршы добуш бердиңиз, эмне үчүн?
– Мен жумушка 27-январда чыктым, ал мыйзам добушка коюлганда жок элем. Ооруканада болчумун. Жанымдагы депутатка ишеним билдирип кеткем. Ал «макул» десе да, «каршы» десе да мен ыраазымын. Бул мыйзам керек, бирок аны улам пиарлай берүүнүн кажети жок. Аталган мыйзам депутаттарды бири-бирине каршы көрсөтүп жаткандай туюлат. Анткени коомчулукта «бул коррупцияга каршы экен, бул паракорду колдойт экен» дегендей пикирди жаратууда.

– Министрлер кабинети «Кумтөр» боюнча 50х50 пайыздык үстөк менен биргелешкен ишкана түзүү боюнча буга чейин сунуш кылган долбоорун кайра алып келүү ниетинде. Сиздердин фракциянын позициясы кандай болот?
– Фракциянын чечими жакынкы күндөрдө айтылат. Биз өкмөткө 67 пайызга көтөрүү талабын койгонбуз. Кечээ жакында өкмөт башчы «фракцияда «Кумтөр» боюнча биздин долбоорду карап койбойсуңарбы» дейт. Анан «эмнени карайбыз, эгер сиздер 60 пайызга көтөрдүк, жок эле дегенде 51 пайызга макулдашып келдик десеңиздер да, балким, карамакпыз» дедим. Алар бир пайыз акцияга көтөрө албагандан кийин аны фракциянын жыйынына коюунун да зарылчылыгы жок, анткени мурда караганбыз, талкуулаганбыз.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg



Назарали Арипов: “Достор менен мелдешип кетип, депутат болгом”

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(30)
SUPER.KG видео
31.01.2014. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ushuga okshogon deputattardyn aiynan Kyrgyzstanybyz onolboi kelet, en okunuchtuusu, oturup alyshyp maktanyshat, "Dostor menen meldeship ketip deputat bolgom" dep. A negizi, Kyrgyz eline jardam korostup je bolboso Kyrgyzstandyn onuguusuno kichineda bolso salymymdy koshoiun dep aitkanga da jarashpait. Anan kantip ushuga okshogon deputattar Kyrgyzstandyn onukturot!? Myndailar ozdorunun gana kyzykchylygyn oiloshot, a olkodo emne bolup atkany menen del ishteri jok... Buga okshogon deputattardyn kereg
SUPER.KG видео
31.01.2014. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озу депутат болсо калганы конечно чон иштерге кирет бирок жаман мактанчак экен
SUPER.KG видео
31.01.2014. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Buga okshogon nardepterdin keregida jok! Otkondo bir nardep maktanat, bilbeim, kostumum baasy 3000$dyn tegeregi bolso kerek, bilbeim dep... A dagy bir nardep aitat, Bishkekte marshrutkanyn jol akysy 10-15 som bolso kerek deit, al deputat uchun 10-15 kakoita tyiynda... Anan kantip ushundailardy ugup, korup kyjyryn kelbeit... Vobshem soz bularga... Deputatyk imunitetterin alyp salysh kerek, anan korobuz kimisi kelip deputat bolot ekenin...
SUPER.KG видео
31.01.2014. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менимче жакшы эле маек болуптур.энесин мактаптыр ал баарыбыздын эле милдетибиз го мениче.бирок мен мындай депутат бар экенин биринчи корушум же чет жакта жургонгобу.
SUPER.KG видео
31.01.2014. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелдешинди алгандан кийин, мандатынды откоруп бер да иштечулорго. Сени кыйратып эл колдоп салгансып суйлогонсун го. Акчанын кучу да.
SUPER.KG видео
01.02.2014. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул да, бир чон соройдун баласы экенда ошого депутатда акчанын кучу бардык жерде бир туугандарыда чон иште экен
SUPER.KG видео
01.02.2014. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Apanyz kandai akchaga Hadj baryp kelgen urmattuu deputat myrza.
SUPER.KG видео
01.02.2014. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бири досу м.н мелдешип,бири итине таарынып ,бири элге акча берип депутат болгондор баары эле.ошол учун колунардан эч нерсе келбейт.
SUPER.KG видео
01.02.2014. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырас эле депутат болуптурмун.Бекер айлык алып чалкалап креслодо отурам.
SUPER.KG видео
01.02.2014. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4alkalamaktan moinun asmandy karagan boiun4a yldyi bolboi kalsyn.
SUPER.KG видео
01.02.2014. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
коруппсияны жениш керек деп коюшуп отурат оздору пара берип элди акчага сатып алганы менен иши жок,ошон учун Ташиевди да кулатып салды да АША!!!элге синирген эмгеги мн депутат болгон бир гана Ташиев!!!
SUPER.KG видео
01.02.2014. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Курук соз курсак тойгузбайт, иштеш керек.Депутаттарды таркатып салса деле Кыргызстан осо берет
SUPER.KG видео
01.02.2014. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфого чыккан башчыларыбыз; же кызматтан которулот жакын арада, же жакын арада кызматтан кетет, же жакын арада камалат.
SUPER.KG видео
03.02.2014. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сизге жакшы суйлоптур
03.02.2014. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Жанымдагы депутатка
ишеним билдирип кеткем. Ал «макул» десе да,
«каршы» десе да мен ыраазымын" - деп булга баары бир да КР эмне болот. бул иткеминерлер чекеден оорукчан. баарын кырылып олгуло.
Модератор admin_media түзөттү 03.02.2014 13:10
03.02.2014. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nsk-mk,
Эскертүү!
Кимдир-бирөөгө ат коюп, мазактоого тыюу салынат!
03.02.2014. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Депутат деген улуу аттын дсына да татыксыз адам экенсиз.Тилекке каршы ЖКда сизге окшогон кайдыгер,саясаттан эч нерсени тушунбогон,эл-жердин жугу дегенди тушунбогон,бизнесин коргоо учун гана депутат болгон,акчанын коптугунон эмне кылышты билбей эле депутат болуп алган,мыйзам жазуу дегенден такыр тушунугу жок,омур бою мам.кызматта иштебеген,кочодо эле журуп депутат болуп алган,бандит болуп журуп эле депутат болуп алган ж.б айта берсе соз коп--коп татыксыз адамдар жургону жийиркеничтуу...
03.02.2014. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтүнө коюлган чекти алып салуу боюнча мыйзамды кайрадан карап чыгыщ керек. Каршы койгон жепутаттар оздору коррупцияга малынгандар!
03.02.2014. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогорку кенеште ушундай ан сезими пас адамдардын олтурушу ото окунучтуу. Мыйзамдын "М"сын билбегендер олтурат, ошонучун Кыргызстан онолбойт
03.02.2014. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саясатчынын денгеели канчалык экени бир суйлогондо эле билинет, кечирип коюнуз сизден саясатчы чыкпайт.
04.02.2014. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанды жеп жутуп артка тарткандан башка эч нерсе келбейт депутаттардын колунан онолбойбузго билими жоктор отурса бийликте
04.02.2014. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кандай уялбай креслодо депутат болуп олтурат!баткенде орук терип эле журо бербепсиз урматтуу назарали ава.пока сиздей кишилер бар экен саясатта кыргызстан эч убакта онукпойт.ким ишенет ушул кыргызстандын келечегине салым кошот деп.
SUPER.KG видео
05.02.2014. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур! Ата Эненин умуттун актаган жакшы уй булолордун бири экен!Элге кызмат оттойм деген!Энени сыйлаган адам экен!Мактанарлык жузу бар экен!Элге ак кызмат кылып.Баткендин маселесин чечууго катуу бел байласыз деген умуттобуз!
05.02.2014. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээ ушуга караганда мен да жакшыраак иштемекмин, мен муну депутат деп билбейм, саясат эмес сиз бизнес эле кылыныз эми, жеке коз карашыныз жоктугунан кайсы партия менен болсо да депутат болушум керек деп уят эле
05.02.2014. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ресбуплика фракциясынын ишенген лидери ушул болсо анда калган депутаттарынанбы же жепжутаттарданбы кудай озун сакта экенда!!!
05.02.2014. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми интервью берерде ойлонуп берерсиз.Мелдеше кетип эле депутат болуп алдым деген созунуз эле--эмнени айтып турат.Туштукчо айтканда *айланып*эле ЖКга келип калганынызды канкуулайт.Карьераныз артка кетти...
07.02.2014. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Республика партиясы озу билимдуулорду мес капчыгы калындар топтолуп алган. ошолордун бири экен да
08.02.2014. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назарали байке ишинизге ийгилик. Эл озуна элек тутуп болбойт ар ким ар нерсе дей берет да.
10.02.2014. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uyat oto ele uyat. Aripov akabai, meldewe ketip keldim deit, anan dagy jawmyn mekenime kyzmat kylywym k.k d. Ai soz jok! Uialbai kaldygo bular.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: