Индира Исманкулова, «Аалам сырлары» берүүсүнүн катышуучусу:«СҮЙЛӨШҮҮНҮ ОРГАН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ЖАЗДЫРДЫК»

№591 28-февраль-06-март, 2014-ж


«Аалам сырларынын» финалына өтүү миллион сом турабы? Өткөн саныбызда жарыяланган макалада ушундай суроо кабыргасынан коюлган эле. Бул аптада чуулгандуу аудиожазууда сөз болгон «Аалам сырлары» берүүсүнүн катышуучусу Индира Исманкулова кеңсебизге келип, 20 миң доллар акчаны талап кылуу окуясы кандайча орун алганын кеңири айтып берди.

– Индира, саламатсызбы? Адегенде көзү ачыктардын таймашына кандайча катышып калганыңыздан баштасак...
– «Аалам сырлары» берүүсүнүн биринчи сезонун толук көргөн эмесмин. Ал мезгилде Якутияда элем. Мен көбүнчө чет өлкөлөр менен келишимдик шартта иштешем. Берүүнүн акыркы серияларын гана көрүүгө жетишип, таймаш мага чындыгында жагып калган. Экинчи сезондун кастинги жарыяланганда мага келип жүргөн адамдар «Индира эже, бизге көп жардамыңыз тийген. Катышып көрүңүз» деп ээрчитип барышты.
Кастингде буга чейин камералар менен иштешип көрбөгөндөн кийин толкундоолор болду. Ошондо башында өзүмдү жакшы көрсөтө алдым деп айта албайм, бирок кийинчерээк ачылып кеттим.

– Аудио кайсы күнү жаздырып алынды эле?
– Окуянын баары финал болгондон эки күндөн кийин башталды. Финал күнү берүүдөн четтетилген Жылдыз капа болуп, ага колдоо көрсөтөйүн деп ойлоп, чогуу кафеге барганбыз. Отурсак, Дана Абдыбекова келип калды. Мага «телефон номериңди калтырчы» деди. Аны менен болгон биринчи сүйлөшүүбүз ушул болду. Буга чейин Дана Абдыбекова дайыма съёмкага аралашып жүргөнүн көрчүбүз. Аны долбоордун менеджери катары тааныштырышып, съёмка тартылчу жайларды уюштуруу иштери жана финансылык маселелер менен алектенерин айтышкан болчу.
Бир-эки күндөн кийин Дана Абдыбекова мага чалып «Эжекемди көрүп бересизби? Ал оорукчан, ошол үчүн өзү сизге келе албайт» деди. Башында макул болгон жокмун, бирок суранганынан жардамчымды ээрчитип алып бардым. Тууганына төлгө салып коюп кете бердим. Эртеси ошол эженин үйүнө ишти улантканы барганымда Дана Абдыбековага да төлгө ачып бердим. Ошондо ал «Финал болду. Эми дагы кандай пландарыңыз бар?» деп сурап калды. Мен билбесимди айттым. Ал «Сиздин начар жактарыңыз да бар. Финалга чыкканыңыз үчүн ыраазычылык билдирүүлөр болобу?» деп суроо салды. Анан мен аны ким чечерин сурасам, «Асыл Аппасова» деп жооп берди.
Эртеси кайра жолуктук. «Тюбетейка» кафесине бардык. Мага «30 миң доллар бересиз» деп айтты. Чынын айтсам, акча сурайт, мындай сумманы айтат деп күткөн эмесмин, дароо эле ага «менде 30 миң доллар жок» дедим. «Мен баймын. Үйлөрүм бар. Бирок аларды жолдошумдун уруксаты жок сата албайм. Банкка да коё албайм. Мен үйдөгүлөр менен кеңешишим керек» деп айттым. Ошентсем ал коркутууга өттү. «Эгер сен финалга чыгып, бирок акча бербесең, телевидениенин кандай күч экенин билбейсиң. Ар кандай кылып көрсөтүп коё алабыз. Керек болсо Элмира Жумагулованы бийлетип койдук (ред. ал ушул окуядан улам нааразы болуп, сотко арыз менен кайрылган)» деди.
Муну угуп, чочулай баштадым. «Жок дегенде 20 миң кылбайсыңарбы?» десем, кийинки күнү жолукканыбызда, «Макул, мен ал акчадан эч нерсе албайм. Баары Асыл Аппасовага кетет» деди.
Мен таймашты адилеттүү жүрөт дегем. Бул чыгармачыл топ көп нерсени ойлоп чыгарат окшойт. 10 күн убакыт сурадым. Бул аралыкта үй-бүлөмө да ал тууралуу ооз ачпай, депрессияга түштүм. Кант диабетим көтөрүлүп, жумушка да чыкпай калдым.

– Аудиону кандай максатта жаздырып алгансыз?
– Органдарга кеңеш сурайын деп кайрылдым. «Бул ишке чоңдору да аралашса керек. Арыз жазыңыз» дешти алар мага. Мен боорукер жанмын, укканыма караганда, алар кичинекей балдарын жалгыз бой тарбиялашат экен. Түрмөгө чыркыратып отургузуп коюп, жыргап жашай алмак эмесмин. Мындай аракетим менен каматып эмес, элдин алдында тарбиялап коёюн, телеканал тазалансын дедим. Артында турган адамы күчтүү болбосо, мынчалык чоң акча сурай алышмак эмес да.
Орган кызматкерлери да «Акчаны берип жаткан учуруңузда аларды кармайбыз. Баарын отургузабыз. Артка жол жок» деп калышты. Андай жолго бара албай койсом да, коомчулук бул каналдын кандай экенин билиши зарыл деп таптым. Аудиону ошол кызматкерлердин жардамы менен жаздырдык. Телеканалдын коррупциясын көрсөтөйүн деп, «эртең съёмка, акча берчү күн» дегенде дискти коомчулукка тараттым. Ал эч кандай монтаждалган эмес. Дисктин түп нускасы менде бар.
Коркуткандардан сактанышыбыз абзел. Каалаганын жеңүүчү кылгыдай бул жеке эмес, мамлекеттик телеканал. Мындан ары да элдин башын айлантып, ставкаларын чоңойтуусун каалабадым, ошон үчүн жаздырып, аудиожазууну коомчулукка таратууга бел байладым.

– Аудиожазуу жарыялангандан кийин эки анжы суроо пайда болду. Дана Абдыбекова тарабынан акча талап кылуу болгонбу же өзү кийинки этапка өтүү үчүн пара сунуштаганбы деген?
– Пара сунуш кылсам эч качан силерге кайрылбайт болчумун.

– Берүүнүн уюштуруучулары сизди «даремети жетпегени үчүн оюндан четтетилген» деп билдиришти...
– Аудиожазууда сөздүн баары супер-финалдан улам келип чыккан. Финалга Эркайым Исмаилова, Элмира Кандыбаева, Фарида Гусейина (ред. "Аалам сырлары" берүүсүнүн биринчи сезонунун жеңүүчүсү Фатима Наматованын бир тууганы дешүүдө) жана мен өткөнбүз.

– КТРКнын Байкоочу кеңеши сизге жана бала-чакаңызга карата коркунуч жаралып жатат деп арыз менен кайрылганыңызды билдирди. Кантип коркутуу болду?
– Ооруканага жатканымдан кийин үйүмө Д.Абдыбекова жигиттер менен келиптир. Дарыланып жаткан клиникадан чыгууга да туура келди. Коркунуч пайда болгондон кийин гана КТРКнын Байкоочу кеңешине жана УКМКга арыз менен кайрылдым.
Окуп, уюштуруучу топтун «чет жерде качып жүрөт, Германияда, Казакстанда имиш» деген өңдүү комментарийлеринен улам келип, болгонун болгондой айтып берүүнү чечтим. Мен качпай эле дарыланып жаттым.

БАШКА КАТЫШУУЧУЛАР ДА ҮН КАТЫШТЫ
«Аалам сырларынын» катышуучулары ДАНИЯР КАСЕНОВ жана ЭЛМИРА ЖУМАГУЛОВА берүүгө байланыштуу төмөндөгү жагдайларга токтолушту:

– Тандоодо атайын капчыктууларга басым кылышканын кийин аңдап калдык. Фатима Наматованын үй-бүлөсүн алдыга сүрөп чыгуу менен гана алектенип, ал эми калган катышуучуларды алсыздар иретинде көрсөтүү үчүн гана алышкандай сезилет.
«Биз менен болсоң минтебиз, тигинтебиз» дешүүдө. Ал эми аларга барсаң (ред. Индира Исманкулованы көрсөтүп) «чёрныйларга» салып берип өлтүртүп коёбуз» деп жатышат. Бирок мен коркпойм.
– Таң калычтуусу, ортодон кастингге катыштырбай, эч кандай сынаксыз эле мурунку чыгарылышта жеңүүчү болгон Фатиманын бир тууганы Фариданы кошуп коюшту. Кетеримде Асыл Аппасовага «Баары алдын ала ойлонуштурулуп бүтүптүр. Фатиманы Кудайдай көрөт экенсиңер, ал баарыңарды башкарат экен» дедим. Ушул сөздү укканда ал ачууланып кетти.

КТРК ИШЕНИМ ТЕЛЕФОН ЛИНИЯСЫН АЧТЫ
КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев чуулгандуу аудиожазуу боюнча «Берүүнү ишке ашырууда Дана Абдыбекова катышкандыгы аныкталды. Анын аты-жөнү «Аалам сырлары» берүүсүнүн менеджери катары титрлерде көрсөтүлгөн. КТРКга каалагандай кирип-чыгып жүргөнгө бул адамдын мүмкүнчүлүгү болгон. Мекеменин кызматкери болбогон адамды менеджер катары титрде көрсөтүү жана каалагандай кирип-чыгуу мүмкүнчүлүгүн беришкендиги үчүн «Аалам сырларынын» жетекчилигине дисциплинардык жаза колдонулат» деди.

Ал аудиожазууга байланыштуу үч версиясы бар экенин айтты.

  1. Д.Абдыбекова менен А.Аппасова И.Исманкуловадан акча өндүрүү максатында акча талап кылышкан.
  2. Д.Абдыбекова КТРКнын жетекчиси менен А.Аппасованы каралоо максатында өзү акча талап кылган.
  3. Акча талап кылуу жана аудиожазууну ачыкка чыгарып жиберүү кайсы бир «чоң адамдардын» буюртмасы менен уюштурулган.

КТРК кызматкерлери тарабынан «пара талап кылуу», «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» фактыларын аныктоо үчүн жарандар менен ишеним телефон линиясын ачты.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына «пара талап кылуу» фактысы боюнча «Аалам сырлары» берүүсүнүн катышуучусу И.Исманкулова 21-февралда арыз жазганын айтты. Бул органдын басма сөз кызматы 26-февраль күнү дале арыз түшүп-түшпөгөнү боюнча маалыматы жоктугун маалымдады. «Арыз түшсө, биз 14 күндүн ичинде арыз ээсине жооп кайтарабыз» деген басма сөз кызматынын өкүлү формалдуу иш-чараларды айтып тим болду. Ал эми Башкы прокуратура КТРК тарабынан өткөрүлүп берилген документтер кароодо экендигин билдирди.

Эльвира Караева
koom@super.kg



"Аалам сырларына" байланыштуу аудиожазуу орган кызматкерлеринин жардамы менен жаздырылганын айтат Индира Исманкулова

Автор: Автандил Добулбеков
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(78)
SUPER.KG видео
03.03.2014. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КТР каналы корупцяга ото бай чыр чатак коп чыгат колдорунан келсе ушундай шоуну уйуштурусса элге шерменде болушпай...уят эле
03.03.2014. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
УТРКга июнь окуясынан бери ишенбейм. Ошубузда кан тогулупп,согуш болуп жатса,булар бир кун кечке фудбол корсотушкон.
03.03.2014. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аудиозаписти кайдан уксак болот
06.03.2014. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
03.03.2014. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жогору жакта отургандар кийлигишкенде аягына чейин чыгат болчу
03.03.2014. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mogu ayaldin turu le aityp turat go chachin kartaiganina karabai albarstidai kilip saryga boep jazip alip
03.03.2014. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жок, туугандар, мен палан ак, тукун кара дей албайм бирок, бир нерсе КТРКнын турушу коррупция, мафия экенин сезем. Айдай деген чыгармада дагы Айдай диктор болуп, ал жактын ыплас экенинен жумушунан которулуп кетет эмеспи башка жакка.. Бул турмуштан алынган чыгарма да, менимче.. А бул реалити шоунун бизге кыпындай да кереги жок болчу!
03.03.2014. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
КТРКны тазалаш керек бутундой. УКМКга арыз жазган болсо, аны алар карабаса демек аларда да бирнерсе бар. Бийликтегилер коп катачылык кетиришип жатат. Эл билип эле турат ким ак ким кара экенин. Кыргызстан коррупцияга белчесинен батып эле калды...
03.03.2014. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Апасова Назира Дана ххх ххх элге шерменде болдунар!20 000 долларды фатимадан сураса болмок сенин атынды чыгардык коп акча таап жатасын деп.Анын бир коргону 2000ден 10000ге чейин алат экен го.
Модератор admin_media түзөттү 04.03.2014 09:19
03.03.2014. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ЭЭ бул чындык эмес Индира озу эле жаздырып Берген , корунуп эле туратго баары ачык айкын болуп бул жерде ичи куйдуулук бири бирин кл=оро албастык женишке жетпей атканына атайлап ушинтип жаздырган!!!
03.03.2014. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колдорунан кармап албагандан кийин кимди кноолойсун оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун болуп кимдин колунда бар кимдин созу кыйын болсо маара ошонуку турбайбы жашоо ошондой болуп калыптыр да.,
04.03.2014. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирин кайын, бирин тал,
бирин олуп, бирин кал.
Деп коет беле кыргызда......
04.03.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коррупцияга батып бутшкон давно эле, былтыр жайында айылга барып калсам КТРК дан журналисттер келиптир деп Айыл окмот айтып калды, дагы бир нерселерди тартам акча бер дейт качып жургонун билем, канча сурайт десем 20000 сом деп айтып берген.
04.03.2014. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дананы акча берип атканда карматып коюу керек эле.Ошондо куноолуулор жазаланмак,бала-чакасын аяса кийин деле кечирип койсо боло берет эле.Азыр бул иштин аягына чыгышына козум жетпейт.
Жердешибиз Артыктын ырларын теле-радиолордон чыгарбай койгон да ушул Дана болчу.Бироого жамандык кылсан оз башына кайтат деген ушул.
04.03.2014. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аалам сырларына деген, Орустардыкындай Битва Экстрасенсов деген передачасындайбы ? )))
SUPER.KG видео
04.03.2014. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кубат оторбаевдин да тиешеси бар да,болбосо озунун короосунда эмне болуп атканын билбесе анда эмнеге отурат,жумуштан кетпейпи уяты бар болсо
SUPER.KG видео
04.03.2014. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кубат оторбаев Атамбаевдин оозун карагандан башка нерсени билеби
04.03.2014. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hakker oilonyp jazsan
1)Artiktan birinchi syrasan emne ychyn andai bolgon?dep,arky berkisin bilbei ele shibai beresizby .
2)mina baary oz ordyna kelip jatpaiby,kantip Indira aim yat bolgonyn
04.03.2014. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негизи козу ачыктардын козу чын эле ачык болсо алдын ала корупсия экенин билип келбей коймок да. бул болбогон нерсе кылган иштери менен кудайга шек келтирип атышат.Кудай алдында кантип жооп беришет болду экен. Журогунорго ыйман берсин АЛЛАХЫМ.
05.03.2014. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
...аябай кубанып отурам, ушул реалити шоу жок болгонуна. Копчулук адамдардын Аллахка эмес козу ачыктарга ишенип калганы,журогумду оорутат эле. эми эч ким ишенбейт эми андайларга, бул окуядан сон. . . Биз женишке жеттик, ин шаа Алла!
05.03.2014. 06:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырас эле болду! Аллахтан кыйын чыктынар эле,дагы уялбай кудайды кошуп суйлоп жаткандарын карасан.Кудайды оозунарга албагыла силер!!!Индиранын ххх ххх ххх жон отурбай озун ушул жерде да реклама кылып атат,мен Россия менен иштейм по контракту деп.Кудайым жазанарды берет го,шашпагыла!!!!!!!!
Модератор admin_media түзөттү 05.03.2014 10:05
05.03.2014. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erudit,
Сизге эскертүү! Кимдир-бирөөгө ат коюп, кемсинтүүгө тыюу салынат! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
05.03.2014. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирин орук бирин тал
бирин .... бирин кал
06.03.2014. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kara_kyrgyz, chyn aitasyn. Birin olup bilin kal. Kos achykka ishengen shindiler bar eke ine tan kalam.
05.03.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллаха ишенгиле
SUPER.KG видео
05.03.2014. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кандай заман болуп баратат? Ушу козу ачыктарда тойгозушту. Булар эмне баарын билген Кудай бекен? Аалам сырлары десе мен тушунбодум эле. Интернеттен 2-сезонуну 4чу чыгарылышына чейин кордум. Индира эженин ичи кытмыр адамдай сезип жатам. Бироону шылдындаганды жакшы коргон аялдайго. Бирок телевдениени деле ак деп айтпайм. Ушу кыргыздар качан онолот экенбиз.
05.03.2014. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгер Индира чынле козу ачык болгондо , ААЛАМ СЫРЛАРЫ кантип аякташын "корушу" керек эле,,,,
07.03.2014. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кимге ишенсем алдангандаргабы же алдагандаргабы
07.03.2014. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ктрк болбогон канал корупцияга суугарылган Оторбаев баш болуп калганы жаш болуп .Аалам сырлары долбоорун колдобоймун бул кылыгынар кыргыздарга туура келбейт Эмне кудайдан да кыйын болуп кеттинерби
09.03.2014. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allaha iwenqile kozu a4yktar waitandar m iwteit
SUPER.KG видео
17.03.2014. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах мусулмандардын дуба тилегин кабыл кылыптыр. бул бузукулук нерселердин жок болгону жакшы болду. Козачыктар да туура жолго тушушуно Аллах жардам берсин.
18.03.2014. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперчилер,бул иш эмне болуп аяктады?акыркы учурда дым болуп эч нерсе угулбайт го!
20.03.2014. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызчылык кыла койобуз деп аягы жаман болуптур.Көрөсүнөр го күнөөлүү деп тапкан адамы больницага жата калып кутулат эмеспи.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: