ТИРҮҮ НАРИСТЕНИ ӨЛҮККӨ АЛМАШТЫРГАН ТӨРӨТ ҮЙҮ

№593 14-март-20-март, 2014-ж


Борбордогу мыкты деп аталып келген №4-төрөткана акыркы убактарда чуулгандуу окуялардан башы чыкпай калды. Эске салсак, 2007-жылы аталган мекеменин дарыгери жаңы төрөлгөн ымыркайды сатканы жатканда кармалса, 2009-жылы эки ай ичинде алты эне төрөттөн көз жумган. Былтыркы жылдын күз айларында да төрөтканадан ымыркай сатылып кеткен окуя катталып, үрөйдү учурган. Жакында дагы бир чуулгандуу иш катталды. 27-февраль күнү мекеменин дарыгерлери жаңы төрөлгөн баланы чарчап калган ымыркай кызга алмаштырып салышкан.

«ӨЛҮККАНАГА БАРСАК ЭРКЕК ЭМЕС, КЫЗДЫ КӨРСӨТҮШТҮ»
Наристесин жоготуп, кайра тапкан үй-бүлө коомчулукка аттарын айткысы келбеди. Алмашылып кеткен наристе бул жаш үй-бүлөнүн экинчиси. Төрөттөн кийин ата-энесине жаңы төрөлгөн ымыркайы чарчап калгандыгын мекеменин дарыгерлери айтышкан. Бирок жынысы эркек болуп төрөлгөн ымыркайдын ордуна өлүкканадан кызды көрсөтүшкөн. Энеси бул окуядан кийин кан басымы көтөрүлүп, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул иш жөнүндө ымыркайдын чоң атасы төмөнкүлөрдү билдирди:
– Келиним төрөгөндүн эртеси бизге «небереңер чарчап калды» деп угузушту. Өлүкканага барсак кыз экен. Биз «алмашып кеткен эмеспи?..» деп дароо Саламаттыкты сактоо департаментине кайрылып, текшерип берүүсүн сурандык. Себеби келиним төрөй элек кезиндеги бейтапканадан алган бардык документтеринде жынысы эркек экени көргөзүлгөн. Кантип эле бир вакуумдан экинчи вакуумга алмашып кетмек эле, бул иш атайын жасалгандай болууда. Учурда неберем вакуумга жаткырылып багылууда. Дарыгерлер «атасы менен ымыркайдын ДНКсын текшергенден кийин гана баланы кайтарып беребиз» дешүүдө.

«ТОЛГОО УЧУРУНДА ДА КОШ КӨҢҮЛ МАМИЛЕ КЫЛЫШКАН»
Жаңы төрөгөн аялдын сиңдиси төмөнкүлөрдү кошумчалады:
– Эжемдин толгоосу учурунда деле дарыгерлер көңүл кош мамиле жасашкан. Эртеси күнү бизге чарчап калган баланы алып келип беришти. Алмашып кеткенин байкап, башкы жана киндигин кескен дарыгерге жолугалы десек таптакыр жолуктурбай коюшту. Ошондо гана Саламаттыкты сактоо департаментине кайрылдык. Ал жактан комиссия келип териштире баштаганда дарыгерлердин бардыгы өз ордунда болуп калышты.

«ЭКИ ДАРЫГЕР ЖАНА ҮЧ АКУШЕР КЫЗМАТЫНАН АЛЫНДЫ»
Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин директорунун орун басары РАХАТ БЕЙШЕНАЛИЕВ бул факт боюнча Октябрь райондук прокуратурасы тергөө ишин жүргүзүп жаткандыгын билдирди:
– Бизге 27-февраль күнү ымыркайдын ата-энесинен билдирүү келип түшкөн. Ата-эне жынысы эркек баланы күтүп жатышкан экен, бирок дарыгерлер «ымыркай чарчап калган» деп кызды көрсөтүшкөнүн билдиришти. Бул факт боюнча атайын комиссия түзүлүп, иштеп жатат. Ымыркайдын колундагы бирка өлгөн наристеге тагылып, журналдагы жазуу да оңдолуп калган. Биздин комиссия «бул атайын жасалган иш» деп баалап, күнөөлүүлөрдү аныктады. Буга тиешеси бар адамдардын баары түшүнүк кат жазып беришти. 2 дарыгер жана 3 акушер кызматынан алынды.
Жаңы төрөлгөн ымыркай ара төрөлгөндүктөн вакуумга жаткырылган, учурда ден соолугу канааттандырарлык. Эми бул иш тергөө амалдарынан кийин аныкталат. Ал эми чарчап калган ымыркай кыз өз ата-энесине берилди.

Ал эми төрөт үйүнүн жетекчилиги тергөө иштери жүрүп жаткандыгын айтып, жооп берүүдөн баш тартышты. Башкы дарыгердин орун басары өз арызы менен кызматтан кеткен.

«ЫМЫРКАЙЛАР АЛМАШТЫРЫЛГАНЫ ДАЛИЛДЕНДИ»
Октябрь райондук прокурорунун орун басары КУРСАНТБЕК КАРИМОВ бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканын айтты:
– Бул ишти иликтөө учурунда ымыркайларды алмаштыруу фактысы далилденип, аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (баланы алмаштырып коюу) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда бул кылмыш иши Октябрь РИИБине өткөрүлүп берилип, тергөө иши жүрүп жатат.
Азыркы убакта акча үчүн 9 ай бою көтөргөн энени баласынан ажыратып коюу 2 мүнөттүк эле иш болуп калдыбы деп коркосуң. Бул заманда, башкаларын жөн эле коёлу, бала жытын искеп, бактылуу болуу да кооптуу болуп калгандай...

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg



Тирүү наристени өлүккө алмаштырышкан

Автор: Динара Абдыкадырова
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(50)
SUPER.KG видео
16.03.2014. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай мыкачы адамдар бар колунан эмне келет эле деген да тигилер, жараткандан корксонор боло бир аз болсо да бала сатып бизнес кылбай бирого кор казбай туз эле иштеп тиричилик кылсак болот эле го, биз моминтип бири бирибизди кордоп азап берип журсок онукпойбуз да,"Бир жакадан баш, бир женден кол" чыгаруну качан уйронот экенбиз, Кыргыз элим биз башкаларга азап беруу м н эч качан онуго албайбыз, андыктан бир келген жашоодо башкалардын убалына калбай жашап отсок кеч боло электе ойлонолу, ойгонолу
SUPER.KG видео
16.03.2014. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай эшектерди атыш керек атып салсан дагы аздык кылат, Кудайдан коркпогондор жазасын Аллах берсин!
SUPER.KG видео
16.03.2014. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин мнистирлер вапшее иштебейт акча десе озунда сатат бул не законыйлардын баарын жок кылуу керек кыргызстан тазаа жанаа ынтымак мамлекет болоруна ишенем
SUPER.KG видео
16.03.2014. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллах коркусу жок болгондуктан ушундай иштерге барып жатышат
SUPER.KG видео
17.03.2014. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай окуяларды китептен окуп алып ишенбейт болчумун.Кунумдук жашоодо болуп жатканы окунучтуу.Адамдар кайда баратат.Кудай баардык пендесине ынсап,ыйман бере корсун.
17.03.2014. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мдаа, 9 которуп которгон баласын кантип берип коюшат бироого,толтура го багам десе балдар? Кудайдан корушот го оной акчага азгырылгандарды!
17.03.2014. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эн негизгиси кылмыштын бети ачылыптыр иншАЛЛАХ
17.03.2014. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообо кылайын ушундай адамдар акыретти ойлошпой бекен ыя. Кантип колдору барат болду экен, коркосун тороштон дагы. Аллахым озу сактасын мындай адам сымал айбандардан. Негизи ушул 4 торотканага коррупционерлер толуп алышканда. Качан болсо бир жаман иштин башынан чыгышат. Баарын иштен айдаш керек
17.03.2014. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондуктан торот маалында жакын ишенген адамды жанында болушун талап кылыш керек. Ошондо эч кандай маселе болбойт. Кудайга шугур алданбай калышыптыр, балким башка бироо болгондо кимден чындыгын аныктаарын билбей алданып калмак.
18.03.2014. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
DNurgiza, кошулам. Тороордо апанызды де эженизди ээрчите кирин. Акча учун адамдар эн жаман ишке барып калышты. Глаз да глаз нужно следить. 4-троткананын баш даарыгерин иштен алыш керек. Балык башынан сасыйт, оз жумушун компитенттуу аткара алмак турсун, кылмыш ка жол ачып берген адам омуру онбойт. Дагы мамлекеттен онор эмес айлык маяна алып жатканычы.
17.03.2014. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул торот кананы жаап салып,баардык медайымдарды сурака алып,жазалаш керек.
17.03.2014. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жакшы сезип калышыптыр ата энеси...мумкун буга чеин да мындай иштерди жасап журушкон алар кудай билет
SUPER.KG видео
17.03.2014. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олум жазасына тартыш керек 4 роддомду
SUPER.KG видео
18.03.2014. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Торот уйу эмес базар эле болуп калганго.Кудай жазасын берсин.
18.03.2014. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врачтар учун уголовный кодекске озгортуу жана толуктоолорду киргизиш керек.
SUPER.KG видео
18.03.2014. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой Кудай мындайларды уккан сайын торот уйуно баргым келбей калды. Бирок айла жок барышка туура келет экен.
SUPER.KG видео
18.03.2014. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдан коркпогондон корк деп бекеринен айтылган эмес
Ошол наристелерди озунорго окшогон
Энелер тороп атканынан кабарынар жокпу айым даарыгерлер
Ак кара кудай таалам жагынан
Соззуз жазаланат
SUPER.KG видео
18.03.2014. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен буюрса жакында торомокмун, мени да дал ушу 4-роддомго жиберишкен. эми коркуп атам ал жакта торогонго... эми кантем...
19.03.2014. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
БаЯгы эле 4 роддом. Мен да ошол жакта болгом , ачыгын айтайын кечирип койгула - акча деп эле коздору жайнап турушат ал жактын врачтары, тааныштарыбыз деле бар, билем ото начар карашат,Отто начар....
19.03.2014. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул роддом оло жаман менин да подрушка кызым тороп олум менен омурдун ортосунда жатса карашпай акча ыргытып жатып аман алып чыкканбыз баласы вакумда энеси рониматьсяда болуп оло кыйналгйанй.
19.03.2014. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адамдар не болуп баратат буларды отургузуш герек анан баласын сагынып бала кандай экенин билет.эне болуп туруп ушуну кылышса.мындан нары аяалдар радомго барганда ото сак болуп артынардан адам койбосонор болбойт.
19.03.2014. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ноябрь айында болгон окуядан сабак алышпаптыр да, негизи уяттары деле калбаптыр... Адам деле буларга айбан сыяктуу эле болуп калыптыр сатып, кааласа алмаштырып...
SUPER.KG видео
19.03.2014. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр баардык жерге видео камералады койуш керек болуп калды анпесе укмуштун баары болуп жатат.адамдар эмне болуп баратабыз.деги кайда баратабыз.
19.03.2014. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын ар турдуу врачтар бар баардыгы бирдей эмес(((даже торотуп атканда же тороткону кетип жатканда кудай эсен аман эки болунуп алсын деп кирчу апакем(((ошондуктан баардык врачтар бирдей эмес демекчимин
20.03.2014. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондуктан Ислам дининин негизинде бир оорукана ачуу керек экен... Мыктыбек Арстанбек колго алса жакшы болмок.Азыр бизге ошол нерсе аябай зарыл. Оорусан да торосон да коркпой барасын бойрогумдун бирин жулуп алышпайбы, баламды алмаштырып салышпайбы деп ойлонбой.
SUPER.KG видео
20.03.2014. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эххх өкүнүчтүү эгер билинбей калса экоо тен тируу болуп башкалардынеолунда чоноюшмак ла
21.03.2014. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оой тообо кылдым.бул тороткананын врачы кайсыл жакты карап отурат.эмнеге козомолдобойт кимдин эмне иш кылып жатканын же булар да акча деп отурушабы.
21.03.2014. 06:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдан коркбогон айбандар.
SUPER.KG видео
21.03.2014. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аз эле элбиз бир жарыбай койдукго
13.04.2014. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да уккам эгер жакшы акча берсе тим эле конул буруп карашат экен. Акча бере албагандарга кош конул мамиле кылышат экен. Ынсап берсин баарына.
28.04.2014. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
камаш керек 10жылга буларды
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: