«КЫЗЫМДЫН БУТУНА ГИРЯ БАЙЛАП, КӨЛГӨ ЧӨКТҮРҮП ЖИБЕРИПТИР»

№593 14-март-20-март, 2014-ж


«Чындык издеп чыркырайт экенсиң. Жолдошум кызымды өлтүргөндөрдү атып салам деп жүрөт. А мен аларга акыйкат жаза болор бекен деп үмүттөнүп гана жашап келем. Болбосо көкүрөк күчүгүмдөн айрылгандан бери мага жашоонун кереги жок болуп калды» деп сөзүн баштады каарманым. Өткөн жылдын август айында Ысык-Көлдөн гиряга байланып чөктүрүлгөн кыздын денеси табылган. Каза болгон Махабат Сарбагышеванын апасы Төлөбүбү Кубатова окуя кандай болгонун айтып берди.

КӨЛДӨН КАЛКЫП ЧЫККАН СӨӨК ТАБЫЛГАН
ИИМдин басма сөз кызматы 2013-жылдын 7-сентябрында Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунан 24 килограммдык гиряга байланып сууга чөктүрүлгөн аялдын денеси табылгандыгын маалымдаган эле. Табылган маркумдун өздүгү такталып, ал 26 жаштагы Махабат Сарбагышева экендиги аныкталган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Көп өтпөй бул кылмышка шектелип 1979-жылы туулган Турат Алиев аттуу жаран кармалган. Учурда кылмышка шектүү күнөөсүн моюнуна алса дагы тергөө изоляторунда эмес, Ысык-Көл РИИБинин убактылуу кармоочу жайында. Маркумдун апасы ТӨЛӨБҮБҮ КУБАТОВА келип, окуяны айтып берди:
-Кызым Махабат 26 жашында зөөкүрдүн курмандыгы болуп, жер кучактап кете берди. Махабатым жароокер, жаркылдап күлүп коюп жүрө берген өзгөчө жан болчу. Кызым турмушка чыгып, күйөө балам экөө Бишкекте батирде жашап жүрүштү. Жолдошу Махабатты аябай жакшы көрчү, кийин эмне болду билбейм, пикир келишпестиктен улам балалуу болгонго да жетишпей эки айрылыш жолго түшүштү. Капаланып жүргөндө көңүлү ачылсын деп Түркияда иштеген эжелери Балыкчыдан дүңүнөн соода кылган дүкөн ачып беришти. Ошол биз ачкан дүкөндүн жанында Тураттын унаа тетиктерин саткан дүкөнү бар болчу. Кызымдын ажалын издеп ошол жерге биз да дүкөн ачканыбызды карабайсыңбы.
Ошентип, Махабат Турат менен таанышып калат. Мен деле ал бала менен уруубуз бир экенин, менин төркүнүм тарап болуп каларын билчүмүн. Бир күнү туугандарыбыздын бири каза болуп, көз көрсөткөнү барып отурсам эле Тураттын апасы кирип келди. Көпчүлүктүн көзүнчө «сенин кызың менин баламды азгырып жолдон чыгарып жүрөт. Башка бирөөнүн кызы болсо башын жармакмын. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасын бузуп жүрүптүр. Кызыңды тый, мен да баламды жолотпойм» деп эле жаман кебин агытып кирди. Мен дагы «балаңыз өзү келгенин токтотсун, кызым анын артынан эч качан барбайт» деп сүйлөштүк.

«ТҮРКИЯГА АЛЫП КЕТСЕМ ДА ТАБЫШЫП АЛЫШТЫ»
-Ушул сөздөн кийин Бишкекке алып кеттим. Менин кызымды азгырып жатабы дейин десем, жок, кызым дагы аны менен жолугушуудан баш тартчу эмес экен. Нечен ирет урушуп да, жакшы айтып да көрдүк, болбоду. Телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүп эле табышып алышыптыр. Тиги бала күнүгө машинасын айдап келип үйдөн окчунураак токтотот да, Махабат үйдөн чыгып кетет. Бир күнү 10 чакты балага сүйлөшүп, «күмүш түстүү БМВ келип токтойт, ошонун ээсин какыс-кукус кылып койгулачы» дедим. Айткандай эле машинасын айдап келип токтоткондо мен сүйлөшүп койгон балдар барып, эшикке сүйрөп чыгып сабай башташты. 7-кабаттан карап тургам, сарсанаа болуп, аша чаап бара жатышса токтотуп калайын деп сыртка чыгып жанына жеткиче эле менден биринчи Махабат чуркап чыгып, ортого түшүп калыптыр. Кызымдын чыңырган үнүн укканда өзүм кошулуп ажыратып калдым. Ошондо Махабаттын колу 2 жеринен сынып кетиптир. Ал окуядан кийин экөөнүн ортосуна кийлигишүү кооптуу экенин сездим. Түркиянын Стамбул шаарында жашаган кыздарымдыкына өзүм менен кошо алып кеттим.
Махабаттын колунан телефон түшчү эмес, кайда барбасын ала жүрүп, 4-5 саат, ал тургай бир күн кечке телефон менен сүйлөшчү. Жумушуна көңүл коштук кылып айдалып кетпесе экен деп эле бери жакта менин чый-пыйым чыгат. Кызым бара-бара баштагыдан да түнт болуп кетти.

«АРТЫНАН КАЙРА ИЗДЕП КЕЛДИ»
-Бир күнү кызым адаттагыдан көңүлдүү болуп, аябай кубанып алыптыр. Көптөн бери анын мындай кубанган жүзүн көрбөгөн жаным билүүгө ашыктым. «Апа, Тураттын апасы биздин үйлөнүшүбүзгө макул болуптур. Уруксат берди, эми биз баш кошобуз» деди. Бир маалда эшиктен Турат кирип келсе, кызымды азыр эле жетелеп кетчүдөй болуп коркуп кеттим. Аркасынан Түркияга чейин келсе, кызымдын бактысын байлабай макулдугумду берсемби деп жатсам улуу кызым ортого түшүп калды. «Апа, канчадан бери эле ар бир айдын башын айтып, ана алам, мына алам деп жүрөт. Башын айлантып алган окшойт, макул болбоңуз. Паспортун бербейбиз» деди. Ошол жерден Тураттын апасына чалсам, баласынын көзүнчө эле айтпаган сөздү айтып, мени ашатып сөгүп салды. Ачуум менен Махабатты урушуп, Туратты үйдөн кууп чыктым. Эжелери да «Сен үчүн апамдын укпаган кеби калган жок, эмнеге ушунчалык төмөнгө түшөсүң?» деп урушуп колунан телефонун алып, ордуна башка телефон берип койдук.

«АЖАЛ ИЗДЕП КЫРГЫЗСТАНГА ЖӨНӨГӨН ЭКЕН»
-Эки күндүн биринде жумушка майда-чүйдөнү шылтоолоп чыкпай калды. Анан күнүгө эле «Кыргызстанга жибериңизчи, 10 күндөн кийин кайра келем, атамды сагындым» деп буркурап-боздоп ыйлайт. Бир күнү өкүм үн менен паспортун сурап, Кыргызстанга кетмекчи болгонун айтты. Каршылыгымды көрсөтсөм «Тураттын айтканы чын турбайбы. Сиз менин паспортумду катып алып, кул кылып жатасыз анда» деген сөзү кулагыма шиштей сайылып, ачуумду келтирди. Көптөн бери чогулуп жүргөн ачуума туруштук бере албай калдым да, паспортун таап чыгып бетке чаптым. Менин жан дүйнөм эңшерилип жатканы менен иши жок, паспортун көргөндө энеси эгиз төрөгөндөй сүйүнүп, моюнума асылып, бетимен өпкүлөп кайра кечирим сурады. Кантип кечирбейсиң, ак жол каалап, аэропортко барып өзүм узаттым. Көрсө, кызымды акыркы жолу көрүп жаткан экенмин... Ажалдын жолуна өз колум менен узатып жатканымды ошондо билсем кана, аттиң?!
Окуянын чоо-жайы кийин билинди. Көрсө, Турат «эгерде келбесең, үйүңдү сыртынан бекитип, айланта бензин чачып туруп атаңды өрттөп жиберем. Атаңды тирүү көрөм десең кел» деген экен. Менин баамымда, ал мындайга барбайт болчу. Себеби Балыкчыдан Махабаттан кийинки уулума жолугуп, машинаны башы менен сүзгүлөп, «Махабаттын номерин бер, менин жашоом ансыз уланбай калды» деп боздоп ыйлаган экен.
Кызым Кыргызстанга келгенде аэропорттон Тураттын туугандары тосуп алышып, түз үйгө алып барышпаптыр. Анан менин жолдошума чалып, «кызыңды алып кет да, экинчи биздин балага жолотпо» дешиптир. Бирок документтери менен кошо чемоданын бербей коюшуптур. Үйгө келип 3 күн жатты дейт. 4-күнү кызыма Турат чалып, «чемоданыңды алып бара жатам, чык. Сени Түркияга салып жиберейин. Орусиядан кайненем келе жатат, чоң чыр чыгып кетиши мүмкүн» деген имиш. Саат 10до «Бишкекке кеттим» деп үйдөн чыгып кетиптир. Саат 12ге жетип-жетпей эле «Бишкекке жеттим, сарсанаа болбоңуз» деп атасына телефон чалыптыр. Ошол кезде Быстровкада бара жатышкан экен. Күбөлөрдүн айтымында, алар Бишкекке жетишкен эмес.

ТУРАТКА ЖОЛУГУП АКЫРКЫ 2 СУРООМДУ БЕРДИМ»
-Ошентип, бирөө элеби же бир нечесиби ким билсин, айтор, кызымды өлтүрүп, ээн жерге алып барып сууга чөктүрүп жиберген экен. Кызыбызды жоголуп кетти деп, «белгисиз аялдын сөөгү суудан табылды» дегенди уксам дагы ишенбей, ДНКга анализ бербей койгом. Суудан табылган сөөктүн башы менен бутун бириктирип байлап, ичине гиряны салып, жип менен таңып туруп чөктүргөн экен. Сөөк толкун менен жээкке чыгып, чырмалган жип жазылып, гиря бутуна байланган боюнча чыгат. Табылган өлүк чаначтай болуп шишип турса эле менин кызым арык болчу деп ишенбей койгом. Кийин аны бир жайга алып барып көмүп коюшуптур. Анан такыр эле табылбай калганда көрдү кайра казып, кызымдын сөөгүн алып чыгышты. Шишиги тарап, башта көргөндөй олбурлуу эмес, ичке боло түшкөн экен. Баарынан дагы кызымды баягы Туратты балдар сабаганда арачалап жатып сынган колунун сыныгынан тааныдык. Үйгө алып келдик да, жаназасын окутуп эле кара жерге кайра узаттык.
Кийин Турат бардык кылган күнөөсүн моюнуна алды. Суранып жатып Туратка жолугуп, акыркы 2 суроомду бердим. «Өзүң жалгыз өлтүрдүңбү же бирөөлөр сага түрткү болдубу?» десем, унчукпады. «Айтчы, кызымды муунтуп кыйнап жатканыңда апакелеп мени чакырдыбы? Акыркы сөзүн эмне деп айтты?» десем да унчукпай койду.
Учурда сот процесси уланып жатат. Эки ирет тең сот отурумунда Турат өзүн акыл-эси жайында эмес адамдай алып отургандыктан, жактоочусу процессти токтотуу өтүнүчүн киргизген. Ошондон улам туугандары мага «Туратты «психикалык жактан оорулуу» дедиртип абактан чыгарып алабыз» деп айтышты. Эгер ушул нерсе ишке ашса, анда жолдошум «өз алдымча жазалайм» деп жатат.

«УЧУРДА КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ УБАКТЫЛУУ КАРМООЧУ ЖАЙДА»
Төлөбүбү Кубатова кылмыш иши ортодон акыйкатсыздык менен бурмаланып жатканынан шектенип, КРнын Башкы прокурору Аида Саляновага кат жазган. Баш прокурор Ысык-Көл ОИИБин тергөө иштерин акыйкат жүргүзүүнү көзөмөлдөөгө милдеттендирген. Ысык-Көл ОИИБинин башчысынын орун басары БОЛОТКАН КАЛИЕВ сот ишине чейинки иликтөө тууралуу маалымат берди:
-Биз сот отурумуна чейинки кылмыштык иликтөө иштерин толугу менен жүргүзүп, сотко өткөргөнбүз. Учурда соттук процесс жүрүп жатат. Бирок мыйзам боюнча шектүү кылмыш кылгандыгын моюнуна алган соң СИЗОго камалыш керек болчу. Учурда ал Чолпон-Атадагы Ысык-Көл РИИБинин убактылуу кармоочу жайында. Мунун себебин соттук процесс бат-баттан кайталанып жаткандыктан, Караколдо жайгашкан СИЗОдон шектүүнү Чолпон-Атага алып барып, алып келип турганга мүмкүнчүлүк жоктугу менен түшүндүрсө болот. Бирок СИЗОдо да, убактылуу кармоочу жайда деле жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар үчүн тартип бирдей.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Кызымды бутуна гиря байлап, көлгө чөктүрүп өлтүрүптүр"

Автор: Динара Абдыкадырова
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(135)
SUPER.KG видео
18.03.2014. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
balanyn akmaktygy yi bylo je byl kyz dei albasa,emnege oltyrot bawka jol menen tywyndyrso da bolot elego, aga jarmawyp almak bele bir kyzdyn omyryn kyigan akmak,jazasyn alsyn.
19.03.2014. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи кыргыздарда ата-эне билип, козу жеткен учун балдарына акыл-насаат айтып, туз жолго багыштайт. Кыз теренирээк ойлонсо мындай болмок эмес беле, бейишин берсин...
SUPER.KG видео
19.03.2014. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялынын колунан келген иш го дейм, жолдон экооону карматып туруп куйосун башка жака алып барып, анан бир нечен адам жасагандай сезиоип жатат. Анан балдары учун бул жигит куноосун мойнуна алган. Ал эми азыр болгон акчасын жумшап жинди деп справка алып чыгып кетет го, анан бул эжеге жашоо бербейт туболук.... Кыскасы акмак экен тигил эркек. Бирок кыз дагы туура эмес кылган , эмне кылат бироонун уй булосун бузуп ай ай акмактар билбейм... соз жок
19.03.2014. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздын апасы эмнеге Туратты балдарга токмоктоттурат.Ошон учун да очошуп калгандыр.
19.03.2014. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне куноо бир таращат дейсинерби мне, эми бул жерден Тураттын уйбулосуно жалко, бул кеткен кыз жаны жанатта болсун бирок уйбулолуу немеге эмне учун жабышат, анын уйбулосун бузуп, сабак болсун ушундай жолдо жургон адамдарга. Эми чын тогун билбегенден кийин бир нерсе айтуу кыйын, Кудай сактасын . Ар бир пенденин журогуно ыйман бер жараткан....
01.04.2014. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Murok, созунузго кошулам.мындай адамдар толтура.даже апа,эжелери комоктошуп акыл уйротушот.аялынды кетир де.ЗАГСынды кырк де о де бу де-дешип.мына жыйынтык!бироонун семясын бузгандаар козунорду ачкыла!башында силер ал адамга кошулбадынарбы,демек жолунар башкадааа!а суйууго келсек ал отоор нерсе.убагында эзилесин бирок отуп кетет.андан да кучтуу суйуу келет!
19.03.2014. 05:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун.
SUPER.KG видео
19.03.2014. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындайда "моунтиш керек эле анан тигинтиш керек эле" деп болбойт. Биз озубуздун башыбызга тушкон туйшукторду эч ким жабыркабай турган гылып жайгаштырып алсак ошол моорой деп эсептейм,
Куноо 70% кызда, анткени ошончо ата-энесине чейин жетип,ата-энесин жер каратып койгону учун, жок дегенде алтындай болгон апасы учун, бир эркек соройдон баш тартып койсо бары башкача болмок беле...
Апага болсо кайрат айтам...
Кыздын топурагы торко болсун
19.03.2014. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жашоодо ар бир уй-булодо кыз-бала бар.Баарына ыйман берсин.Кыздын жаткан жери жайлуу болсун.
19.03.2014. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун!Жакындарына сабыр берсин.
19.03.2014. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кемигинде да, керкисинде да бар. Бир жактуу суйлобогуло сураныч...
19.03.2014. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыз кишинин чачы узун болгону менен акылы кам деп бекеринен айьтылган эмес.
19.03.2014. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундайларды эл озу или жаштар эле жайласа болот акырын бир бычак или бир ок чечет тагдырын
20.03.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shirin_91,
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт! Банга!
20.03.2014. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Энесинин ыйын, кызы үчүн күйүп айткан кебин, мээримин, көңүлүн, ичинде көтөрүп жүргөн тогуз айлык азабын, уктабай түнү менен бакка мээнетин бир тыйынга да теңебей, жадакалса өз жанын да кайдагы бир акмакка берип салыптыр да. Кудай өзүң кечир! Мен апамдын бир тамчы жашын көрбөө үчүн тоодой каалоомдон да баш тартам.
21.03.2014. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апасынын тилин алып отурбайбы анан.уй булоолу эркеке жолобой
21.03.2014. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйуп,куйуп жатып олтуруп койгону кызык экен.бироонун ордуна мойнуна алган эмеспи,апасынын же аялынын ордуна.
22.03.2014. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарымынан кобун эле кызды куноолопсун го?Тураттын эмне куноосу жокпу?Чындап уй-булоосун сактап калам десе 1кызга алы жетпейби мамилесин узуп таштаганга?Махабатка сага уйлоном,аялымы суйбойм,ажырашам деп аны да колдон чыгарбай аялы менен да жашап,ушинтип журо берем десе керек да.Бардык сасык иш Туратта.Махабат да бир турмуштан ажыраган болсо,ал да уйлонгон жигитти озунун тенин издеген.Анын убадаларына ишенген.Кызда не айып?!Эркектер эптей алсанар ойнош ойногула.Жалган убада бербегиле кыздарга!
22.03.2014. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апасына рахмат.Болгонун болгондой айтыптыр.Турат кылар ишти кылып,кыл жип менен бууп коюп отурат.Аялын да катуу суракка алып турмонун жашоосунун чекесин коргозуп коюш керек.Анын да тиешеси бар.Аялын камап сурак кылса Турат балдары учун ушундай озу келип сотко ырдап айтып берет.И Тураттын кайын журту кызын чыгарыш учунда Турат кандай адам экенин показания берет.Ошондо бириникин бири чукумай башталып чекеден баарынын абийири айрандай ачылат.
22.03.2014. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал балага куноону мойнуна алдыртып койгон эмеспи, бизде менттердин ошондой адаты бар болчу. Кызды олтургондор Камиланы олтургондор менен тиешеси жок бекен э? Жакшыраак изилдоо иштерин жургузсо болмок, мумкун ал олтургон эместир.
SUPER.KG видео
22.03.2014. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
θкүнүчтүү.....Ээээч убакбакта Апалардын көз жашы төгүлбөсө экен.
23.03.2014. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аида Салянова мындайларды карапда койбойт.карашы мумкун эгер акчаны коп толошсо
23.03.2014. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жайлуу болсун!
24.03.2014. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй булоолу адам менен суйушбош керек акыры олум менен аяктайт кыздар уйбулоосу бар эркектер менен суйлошпогуло эркеке бари бир да аял киши озубузду тыйбасак жаткан жери жайлуу болсун
28.03.2014. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баланын аялы аркылуу болсо керек кайсы аял эле куйсун тартыа алган адамга жакшылык ойломок эле булар олумго чейин барышса семясы мн больнойлор го,Саляновага чн арыз жазышса анда токтотпой улам аррызданып аягына чыгыш керек пусть жазасын алсын андай больнойлор жазаланбаган учун кыздардын четинен олтуруп кетип атышат
SUPER.KG видео
30.03.2014. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла жамандыктардан кыргыз элими озу колдоп коргоп журсун.Эрезеге жеткен кыздар энелердин созун укса дейм,азыр кайра энелерин башкарган заман
01.04.2014. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а дейбиз бу дейбиз бирок канча чындыкты биз билбейбиз!албетте мантаж болот окуя айтылып жатканда!ким эле болгонун болгондой тогуп чачсын.бул жерде баяндалган м.н видеонун озундо эле айрымачылыктар бар экен.кантсе да сабырдуу бололу!
09.04.2014. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул окуя анча мынча кыздарыбызга сабак болсун,уй булолуу адамга коз артса аягы жаман болоорун билишсе кана.
30.11.2020. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн башкы куноо тиги эркек соройдо.Аялы жасаган болсо керек, аялын суракка алуу керек. эркек суйбосо, жаман аял болсо ажырашуу керек да. Куйоосу- аялы болгон менен, экоо эки башка личность булар, ар кимиси тандоосу менен жашоого акылуу. Аялы мойнуна алуу керек, жармаша бербей. Жашагысы келбесе жашабайт да. Кызда куноо жок, бул жерде.
04.12.2020. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакындарына сабыр
04.12.2020. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болуптур
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: