ОҢ РУЛДУУ УНААЛАР КИМДИН БИЗНЕСИНЕ ТОСКООЛ БОЛУУДА?

№593 14-март-20-март, 2014-ж


ИИМ оң рулдуу автоунааларды өлкөбүзгө киргизүүгө тыюу салууну сунуштоодо. Алардын түшүндүргөнүнө караганда, жолдордогу болгон кырсыктарга мындай автоунаалар күнөөлүү экен. Өкмөттө коомдук угуудан өтүп жаткан бул мыйзам долбоорун колдогонго караганда каршылар көп. Кеп ушул тууралуу.

СТАТИСТИКАГА КАРАСАК
Өлкөбүздө 888 миң 572 транспорт каражаты катталган болсо (2012-жылдын 31-декабрына карата), анын 89 миң 375и оң рулдуулар. Мындай унаалар катталган унаалардын 10 пайызын түзөт жана акыркы 3 жылда саны 30 пайызга өскөн. Жол көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча, жол кырсыктары 2012-жылга караганда 2013-жылы 29,1 пайызга өскөн. 2012-жылы 4 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 1069 киши каза тапса, 2013-жылы 5990 жол кырсыгы катталып, анда 1214 киши каза болгон. Оң рулдуу унаалар сол рулдууларга караганда 10 эсе аз болсо да, кырсыкка кабылуу көрсөткүчү жалпы жол кырсыгынын 18,2 пайызын түзөт.

«КЫРСЫКТАР ИЛИКТЕНГЕН ЭМЕС»
«Жол кырсыктарынын негизги себеби иликтенген эмес» дегендердин арасында Бишкек ишкерлер клубунун аткаруучу директору УЛУК КЫДЫРБАЕВ да бар:
– ИИМдин «оң рулдуу унааларга тыюу салуу керек» дегени негизсиз. Себеби алар иликтөө жүргүзбөй эле, статистикага таянып айтып жатышат. Оң рулдуу унаалар жол кырсыктарына катышканы менен, кырсыкка учураган унаалардын кимиси күнөөлүү экендиги статистикада ачык көрсөтүлгөн эмес. Кырсык эмнеден улам келип чыкканы да иликтенген эмес. Бул жерде айдоочулардын тажрыйбасы, жолдун абалы, ошол убакта жол чырак иштегенби же иштеген эмеспи, алар да белгисиз. Мүмкүн, айдоочу ошол убакта мастыр? Эң алгач кырсыктын чыныгы себебин иликтеп, далилдеп, анан күнөө койсо болмок.
Эгер оң рулдууларга тыюу салынып калса, биринчи эле карапайым эл жабыркайт. Мындай унаа менен нан тапкан таксисттер, унаа ташыган ишкерлер да жумушсуз калышы мүмкүн. Алар салык төлөбөй калышса өкмөт да экономикалык жактан зыян тартат.

«КАЛККА ЗЫЯН АЛЫП КЕЛГЕН МЫЙЗАМ ЧЫГАРЫП КОЙГОН ОҢОЙ»
«Консалтинг жана изилдөө» компаниясынын директору АЗАМАТ АКЕЛЕЕВ:
– Маселе рулда эмес, жол кыймылын көзөмөлдөө жана унааны башкарууда. Коррупцияга малынган чиновниктерге эч кандай реформа кылбай эле, карапайым калкка зыян алып келген мыйзам чыгарып койгон оңоюраак. Мисалга, коопсуз шаар деген долбоордун алкагында көчөлөргө видеокамералар орнотулмак. Бирок ал долбоор чийки иштелип калган, ошондуктан тендер бузулуп, бүгүнкү күндө соттошуп жатышат. Мындан мамлекетке канчалаган акча зыян келтирилди, ошентсе да эч ким жоопкерчиликке тартылган жок.


«КИМДИР БИРӨӨНҮН ЗАКАЗЫ БОЛУШУ МҮМКҮН»
«Бул сунуш сол рулдуу автоунаа чыгарган же ташыгандардын заказы болушу да мүмкүн» деп эсептейт Жөнөтүүчүлөр (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясынын президенти ГҮЛНАРА УСКЕНБАЕВА:
– Мен муну орто жана кичи бизнеске, элге карата ойлонулбаган кадам деп эсептейм. Оң рулдуу автоунаалар арзан жана сапаттуу. Ошондуктан элибиздин жакыр катмары, көптөгөн ишканалар ушундай унааларды өз иштерине пайдаланышат.
Тажрыйба көрсөткөндөй, көпчүлүк учурда депутаттар жергиликтүү калктын жана элибиздин көпчүлүгүн түзгөн майда ишкерлердин кызыкчылыгын талаша бербейт. Ким кимге канча акча берди, бул тууралуу менде азырынча маалымат жок, бирок бул кимдир бирөөлөрдүн заказы экендиги көрүнүп турат. Оң рулдуу унаалар мынча жол кырсыгына кабылган деп жатышат. Алардын арасында оң рулдуу менен сол рулдуу унаалар сүзүшкөндө сол рулдуу унаанын айдоочусу күнөөлүү, ал эми оң рулдуу унаанын айдоочусу жабырлануучу болгон учурлар да бар. Ошондуктан баарына оң рулдуу унаа күнөөлүү деген анализ туура жүргүзүлдү дегенден күмөнүм бар.
Оң рулдуу унааларга тыюу салуу менен жол кырсыктарынын көйгөйлөрүн чече албайбыз.

ЖОЛ КЫРСЫГЫН АЗАЙТУУНУН БАШКА ЖОЛУН ТАБУУ КЕРЕК
Чынында эле оң рулдуу унаанын айдоочусуна биздин өлкөдөгү оң жактуу багытта жүрүүгө ылайыкталган жолдордо унааны ашып өтүүдө жана жүргүнчүлөрдү отургузуп-түшүрүүдө ыңгайсыз. Бирок кырсыктардын болушуна руль эмес, рулду башкарган адам күнөөлүү.
Кыргызстанда МАИчиге акча бербеген айдоочуну же айдоочулардан акча албаган МАИчини табуу чөптүн арасынан ийне издеп тапкандай эле болсо керек. Жол эрежесин бузган айдоочу МАИчиге тыйын берип кутулуп кетерин билет. Себеби бизде жогорку кызматта иштеген таанышың же жаныңда акчаң болсо, жол эрежесин канчалык одоно түрдө бузсаң да камалбайсың же айдоочулук күбөлүгүңдөн айрылбайсың. Бул эреже бузууну пропагандалоо эмес, коомубуздагы реалдуулук. Ошондуктан толук иликтебей туруп, кырсыктардын баарын оң рулдууларга шылтап жаткан МАИ кызматынын ишмердүүлүгүн биринчи реформалоо керек болуп жүрбөсүн?
Оң рулдуу автоунааларды киргизүүгө тыюу салынабы же жокпу, азырынча белгисиз, бирок кандай болгон күндө да, жолдогу кырсыктар азайып кетишине кепилдик жок. Андан көрө кырсыктын алдын алуу үчүн эң алгач айдоочулук күбөлүктү сатып алууну токтотуп, айдоочуларды жол эрежелерин сактоого үйрөтүп, МАИчилердеги пара алууну токтотуп, мыйзамдуу иштөөгө өткөрүү зарыл.

ОҢ РУЛДУУЛАР АРЗАН, САПАТТУУ
Оң рулдуу унаалардын акыркы 3 жылда 30 пайызга көбөйүшү жөнөкөй кыргыз жарандарынын кандай унааны тандагандыгынан кабар берет. Эмне үчүн оң рулдуу унааларга талап көп? Биринчиден, сол рулдуу унаага караганда баасы алда канча арзан. Мисалга алсак, 2003-жылы чыккан оң рулдуу
Хонда Фит унаасынын орточо баасы 3 жарым миң доллар болсо, ошонун эле сол рулдуусу Хонда Жаз 5 жарым миң доллар турат. Анан да Япониядан чыккан унаалардын сапаты башка өлкөлөрдөн чыккан унааларга караганда мыкты, техникалык мүнөздөмөсү да жакшы жана түрү көп. Ошондуктан чөнтөгү жука эл акчасына карап арзан,
бирок сапаттуусуна качырат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫНА КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?

Жумабек Токтогонов, 43 жашта:
– Кеп рулдун оң же сол жакта болгондугунда эмес, айдоочунун чебердиги, тажрыйбасында. Оң рулдуу унаа алыскы жолго айдаганда гана кыйынчылык туудурбаса, шаар ичинде абдан ыңгайлуу. Айдоочулар бири-бирибизди сыйлап турсак эле жол эрежесин бузуу азаят.

Батырбек Матешов, 38 жашта:
– Жол кырсыктарына оң рулдуу унаалар күнөөлүү деген туура эмес. Күнөө айдоочуда. Мисалга, мен оң да, сол да рулдуу унааларды айдап жүрөм. Ыңгайсыздык жаратпайт деле. Ал эми Япониядан чыккан унаалардын сапаты башкаларга караганда жакшы.

Зарема Шаршенова,32 жашта:
– Баарыбыз эле жол эрежелерин бузабыз. Тажрыйбалуу айдоочу болсоң, кандай унаа болбосун айдап кете аласың да. Бирок шаарыбызда унаалар көбөйүп, тыгындар көп боло баштады. Мамлекет тыгындарды азайтууга чара көрүүсү керек.

Асылбек Жоломанов, 23 жашта:
– Оң рулдуу унаалар арттан келе жатып алдыга чыга калышып, алдыңкы жактагы унааны көрбөй калышат. Ушундай учурлар көп кездешет. Шаарыбызда да ошондой унаалар толуп кетти. Бир чара көрүшсө, тыгындар да болбой калат беле?..

Ильяс Ормонбеков, 26 жашта:
– Жол эрежесин сол рулдуусу деле, оң рулдуусу деле бузуп жатпайбы. Мунусу күнөөлүү, тигиниси күнөөсүз деп кесе айтуу кыйын. Болгону биздин жол оң жактуу, сол рулдуу унаага ылайыкталган. Андыктан сол рулдуу унаа айдасаң, оңоюраак болот.

Бакай Жалилов, 24 жашта:
– Оң рулдуу унааларды көбүнчө кыз-келиндер айдашат, алар эрежени жакшы билишпейт. Ошон үчүн эл арасында «оң рулдуулар эрежени көп бузат» деген пикир жаралып калса керек. Көбү айдоочулук күбөлүктү сатып алышат, эрежелерди бузушат, анан күнөөнү рулга шылтап коюшканына таң калам.

Жаннат Калмаматова, 20 жашта:
«Оң рулдуу унаалар эрежени көп бузат» дегенге кошулбайм. Айдоочу туура айдаса эле жол эрежелери бузулбайт. Мен деле оң рулдуу унаа айдайм. Жол эрежесин бузбаганга аракет кылам.

Адилет Керимбек уулу



Оң рулдуу унаалар жол кырсыгына себепкерби?

Автор: Кутмырза Жакыбалиев
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(36)
SUPER.KG видео
14.03.2014. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бишкектен Жалалабадка жеткиче келмем оозуман тушбой аран жеткем.Эки жакты карабай эле обгонго чыканда эки камаздын ортосунан кудай жалгап отуп кеткен. Ажалым жетбептир значить деп ойлоп калгам.
SUPER.KG видео
15.03.2014. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кептин баары ролдо эмес, айдаган адамда деп ойлойм. Себеби менин атам деле он ролдо айдайт эч кандай проблемасыз эле, ушул убакытка чейин.
SUPER.KG видео
16.03.2014. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ролдо куноо жок.праваны сатып алып айдай беришет кыргызстандыктар.россияда жакшына эле айдап журушот,мастары кана авария болушат.кыргыздар сол рулда дагы соо абалында авария болушат.
SUPER.KG видео
17.03.2014. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кеп он руль сол рулда эмес кептин баары права сатып алышып тажырыйбасы жок эле тобокелге салып айдап журо беришет.мен деле алты жылдан бери машина айдайм торт жылдан беери он рулдуу машинадамын мага экоонун тен айырмасы жок.права сатканды токтотуш керек.
SUPER.KG видео
17.03.2014. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tina_90 - эскертүү!
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек.
17.03.2014. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Он рульдуу машинелердин Кыргызстанда катталуусуна, жолдо жургунчулорду ташып журуусуно мен каршымын. Копчулук мезгилде, он рульдуу айдоочу озун коопсуз сезип, башкалар жонундо коп деле ойлонбой обгонго чыга бергенин еоп эле кордум. Бирок эгер мындай мыйзам киргизиле турган болсо, анда сол рульдуу машинелердин импорттоо толому дагы томондотулушу керек. Антпесе элге кыйын болот.
17.03.2014. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wave., сол рульдуу айдоочу озун жакшы сезип айдайт бекен? Эн башкысы машинаны кандай башкарып айдаганында, он же сол деген бул озгочосу деле жок. Сол колун менен бутургон ишинди он колун менен жасай бер дегендей эле экоо окшош эле.
19.03.2014. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yakut190,

Он кол жасаган ишти сол колун ошондой сапатта жасай албайт.
Сол жакта отурсан, алды жагынды жакшы коруп, обгонго чыккан машинени да коруп турасын. Эгер он рульдуу м-н сол рульдуу машиналардын айырмасы жок болсо, эмне учун сол рульдуулар кымбат турат техникалык акыбалы начар болсо да?
19.03.2014. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Wave., Иштин баары арзан кымбатта эмес аны кантип айдап башкарат ошондо тема. Кырсык каш кабактын ортосунда деп коёт кыргызда кудай сактасын! Он рульда деле отуруп жакшы айдап эле журушпойбу. Эн негизкиси жол эрежесин сактап айдаса эле баары жакшы болот. Солдо отуруп бул ДТПга учурабайт деп ким кепилдик бере алат ал айдаганды билбесе?
20.03.2014. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wave., кошулам. Бизде жол эрежеси сол рулдуу машиналарга ылайыкташтырылган болсо. Кантип он рулдуу машина ынгайлуу болсун. Озум эч качан он рул айдабайм жана андай машинага отурбайм. Жан кечти эмесмин.
17.03.2014. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
орок оралбаган орок тандайт болбой олкобуздогу башка проблемаларды чечишсе болмок атка минерлер
17.03.2014. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
окмот он рулдуу унаасы барларга сол рулу барын сатып берет бекен
17.03.2014. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
okmottun akyly bolso on rulduu unaaga kunoo koiushtan murda joldorubuzdu keneitip jakshy kylyp ondop koiso bolmok oshondo men garantiya berem jol kyrsyga 100%azaiat deputattardyn airymdary on rulduu unaalarga kunoo koiup jatyshat bul tuura emes mashina koboiup joldorubuz buzulup jana tar bolup avto kyrsyk koboidu oilonup karap taldap korgulo eger meniki kata bolso mawinemdi sol rulduuga almashtyram @@@
17.03.2014. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сол рулдуулар деле,эрежени бузуп,бир звонок менен кутулуп кетип жатышпайбы. Башта ошолордон баштасын ишти.
17.03.2014. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оң рулдуу унаалар бирөөнүн бизнесине эмес,жол эрежелерине тоскоол болуп жатат. Бул мыйзам эчак эле күчүнө кириши керек болчу.Бирок бийликтегилер элди дагы дүрбөтүп алабызбы деп унчукпай жүрүшүп жеткен күнүбүз ушул болду. Кошуна мамлекеттердин баардыгында бул мыйзам иштейт. Натыйжада Кыргызстан оң рулдуу машиналардын таштандысына айланды.
SUPER.KG видео
17.03.2014. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башка маселелерди чечип алсанар жакшы болмок он руль сол руль деп асылбай ал айдоочуданго деп ойлойм кандай болгон учурда да запрет кыла албайт азыр демократия ошондуктан пайдасы жок репортаждардын кереги жок дярдап
18.03.2014. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
он рулдуу машина обочинадан жолго чыгаарда сол кузгуну карайт ал кузгу алыс коргозот мурду бир аз жолго чыкканда ал кузгу обочинаны коргозуп калат обгонго чыгыш учун машина полносту встречкага чыгып каршы келаткан машинага жолтоо болот япошкаларды байкасанар кобунун сол жагы бырыйып ондолуп тузолгон япошка айдагандардын кобу ары эмес же бери эмес полосаны минип алып айдашат мына факты эми чечим чыгаргыла
SUPER.KG видео
18.03.2014. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
On ruldu avto unalarga chektoo kirgizish kerek. Zholdorubuz, zhol erezheleru sol ruldu avto unalarga ylaiyktashkandan son. Baasyna karap ozubuzdu, zhakyndarybyzdy zhana bashka zhurgunchulordun koopsuzdugun oiloshubuz kerek. razu ele chek koibosh kerek, birinchiden on ruldu avto unalardy kirgizilbesh kerek. Al emi azyr paidalanyp zhatkandar zhuro berishsin, 5-10 zhyldyn ichinde alar akyryndap azaiyshat.
18.03.2014. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жогоруда кеп он же сол рульдуу машинада эмес, кеп машинаны айдаган адамдардын чеберчилигинде деген создорго 100%кошулам. Жол эрежесин мыкты билген адамга он же сол рульдуу машине маселе же кыйынчылык жаратпайт, авариянын баары опкосун колуна кармаган жел опко айдоочулардын шалаакылыгынан улам келип чыгат. Жакшысы алкынып жол талашкандарды откоруп жиберсен болду;) тынч кетесин.
18.03.2014. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul sakon kuchuno kirse shakshy bolmok. Misaly Germanijada on rul mashina aidoogo uluksaat emes.Al emi anglijada shalan on rulduu masjinalar. A bisde baary ele aralash bolup ansys dele biri birin syilabagan aidoochular kochodo bespredel kylyp shatyshpaiby.
18.03.2014. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сол руль айдаган маршрутниктер деле авария кылып,встречкага чыгып,эрежелерди бузуп жатышпайбы!
19.03.2014. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде рассиядагыдай камера койушса жолго и штраф салып маичилер протоколду толук толтурушса жарымын жазып коркутуп акчасын алып гетирип жибербей.бизде он ролду машына эмес гобунчо маршурткалар бузат эрежени.мындан нары разтаможканы кымбат кылып койсо эле он ролдулар аз гирип калат.
SUPER.KG видео
19.03.2014. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул иштин артында дагы бир чиновник отуратта, ошондуктан 2005 жылдан бери токтото албай келип жатышат.
20.03.2014. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маршрутниктер ото коркунучтуу, мен да ошондойго кабылып машинемдин левое крылосун спринтер арттан келип жулуп кеткен туура эмес жерден токтоп, ошондуктан маршруткаларды жоюп автобустарды кобойтсо жакшы болмок,2025-жылга Бишкекте метро курулат деген имиш бар ошол чын болуп калса экен.
21.03.2014. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо он рульду жок кылбай эле койсо экен.... Ар адамдын озунон унааны кандай башкарышы....
21.03.2014. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчиден келген машиналарга тыйуу сала албайт.Тонкоруш болуп кетпейби. Экинчиден рульга асылбай айдооочу куболуктуу сатууну токтотуш керек. МАИчилер тыйуу салалы деп проект сунуштап жатат. Вааще уяттары жок Кыргызстанда куболук алыш оппоной экени баарыбызга белгилуу. Биринчи машина сатып алып анан куболук сатып алгандар толтура. Маршрутка, такси айдаган жаш балдарды коргондо алысыраак айдайм.Абдан одоно бузушат. Жургунчу ташыган жаш балдар кантип ошол категорияны алып жатышат.Стажы жок.
21.03.2014. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперинфо бир сурамжылоо кылып корсонор Маршрутка айдаган жаш жигиттерди жаштары канчада экен. Так что озгортуу керек болсо так маичилерден башташ кк. Бир жылда 3 жолу праванды алдырсан, через сот алышын кк, анан конечно айдоочу взятка мн ишин бутурот. Бул атайын взятка алууну коздогон система.
24.03.2014. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lenin,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
22.03.2014. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жолдун ортосуна бордюра койсо, бут кыргызстан боюнча аеропортко кеткен жолдогудай болсо ошондо он руль сол руль деле роль ойнобой калат туугандар ошондо жол кырсыктары каттала берет анын себеби айдоочуда болуп калат
SUPER.KG видео
23.03.2014. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде закон жок как Озбекстандай,Таджикстандагыдай кылыш керек ГАИ ге балкарканы карматып чекеден токтотуп право рулдарды кыртырып салыш керек и все!!!аны ообществого салбай эле...
SUPER.KG видео
23.03.2014. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орок оролбаган орок тандайттан болбой биринчи праваны сатып алган "опколорду" кармашса коп эле адамдардын омурун,ден соолугун сактап калышмак.
12.04.2014. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
...Оң рулдуу унаалар жол кырсыктарына катышканы менен, кырсыкка учураган унаалардын кимиси күнөөлүү экендиги статистикада ачык көрсөтүлгөн эмес.

унаалардын кимиси?)))
24.04.2014. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жон кана шылтоо.Анткени акыркы жылдары он рульдуу автомобилдер кобойуп чиновник,депутаттардын бизнеси жакшы журбой калды.Япошкалар техникалык жактан аябай жакшы.мындай унааларды алгандар СТОго чанда кайрылышат.КР дагы чон чон СТО,Автосалондор сол рульдууларды саткан,жалан чиновник,депутаттардыкы,Япошкалар кобойгону алардын бизнеси токтоп калды.Биз карапайым эл жаны машина деп суйунуп алып жатабыз 2-3жыл карабай айдайбыз деп,улам улам ондотконго акчабыз саналуу,ал эми байларга баары бир.
24.04.2014. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажикстанда он рульдууга тыйуу салгандан бери жол кырсыктары азаймак тугул наоборот кобойгон.Жол эрежесин жакшы сактасан рулу артында болсо дагы айдап кете бересин.Бул маселе чиновник жана депутаттардан бизнесине байланыштуу гана заказ,аны элдин баары эле билип турушат.Анткени алар карапайым элдин кычыраган жаны машина айдап жургонун каалашпайт.Алардын жанында эски москвич минип жалдырап жургонду каалашат.Бюджеттин элдин акчасына 90мин долларга машина алып минип журот ЦИКтин торагасы. м мисалдар
01.06.2014. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсынарбы? кыргыз элим мынча коп талаш тартыштын кереги жок он руль сол руль деп андан коро пара алган МАИ кызматкерлерине жана куболук (права) берген кызматкерлердин
ишине катуу козомол салып тартипти койсо болмок
жана жол жеегинде туурган бут знактарды бардык жерге койсо жакшы болмок.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: