БИР ЖЫНЫСТУУЛАРДЫН МАМИЛЕЛЕРИН ЖАЙЫЛТУУГА КАРШЫ МЫЙЗАМ КЕРЕКПИ?

№594 21-март-27-март, 2014-ж


Акыркы жылдары Кыргызстанда бир жыныстуу мамилелердин укугун коргогондор көбөйдү. Былтыр укук коргоочулар милиция кызматкерлери сексуалдык азчылыктагыларга кысым көрсөтүп жаткандыктарын айтып коомчулукка даттанышкан эле. Экинчи тараптан гей, лесбияндарга каршы жарандар акцияларды өткөрүштү. Бул кырдаал мыйзамдаштырууга жетип, жакында парламенттин депутаттары лесбиян, гей, бисексуал жана транссексуал (ЛГБТ) жарандардын ишмердүүлүгүнө үгүттөгөндөрдү, аны жайылтууга көмөктөшкөн уюмдарды, ЖМКларды жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Кеп ушул мыйзамдын тегерегинде улансын.

КОҢШУЛАРДА АБАЛ КАНДАЙ ЧЕЧИЛГЕН?
Адам укугун коргоо боюнча коңшулаш өлкөлөрдөн алдыда келе жаткан биздин мамлекетте ЛГБТлар бардык адамдар сыяктуу тең укуктуу. Албетте, Кыргызстанда бир жыныстуу мамилелердин никелешүүсүнө уруксат берилген эмес. Ошол эле учурда аларды чектеген, жоопкерчиликке тарткан мыйзамы да жок.
Бизге салты да, дини да жакын өлкөлөрдөн коңшу Казакстанда ЛГБТлар 1998-жылдан тарта легалдаштырылды. Ал эми 2009-жылы транссексуалдарга жынысын алмаштырууга расмий уруксат берилген. Көп өтпөй 2011-жылы кайрадан бир жыныстуулардын баш кошуусуна тыюу салынган мыйзам кабыл алышкан. Былтыркы жылы Карагандыда 3-октябрь гейлердин күнү катары белгиленген.
Ал эми Өзбекстанда ЛГБТлардын аракеттерин жайылтуу кылмыш катары каралып, 3 жылга чейин эркинен ажыратылса, Тажикстан менен Түркмөнстанда 2 жылга чейин абакка камалат.
Бул маселе Орусияда тыюу салуу менен сексуалдык азчылык тарабынан да, эл аралык уюмдар тарабынан да катуу сынга кабылган. Аталган мамлекетте 2013-жылдын 30-июнунда президент Владимир Путин тарабынан ЛГБТлардын ишмердүүлүгүн үгүттөөгө каршы багытталган мыйзамга кол коюлган эле. Эске салсак, «сексуалдык азчылыкты кысымга алып жатышат» деп бир катар Европа өлкөлөрү «Сочи Олимпиадасына бойкот жарыялайбыз» дегенге чейин барып, кээ бир спортчулар «оюнга келбейбиз» деп чыгышкан.

«БУЛ МЫЙЗАМ КОНСТИТУЦИЯГА КАРШЫ КЕЛБЕЙТ»
«Хьюман Райтс Вотч» адам укугун коргогон эл аралык уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда ЛГБТлардын саны 15 миңден
36 миңге чейин жетет. Былтыр мындай каалоосун ачык айткан 40 гейдин жашоо турмушун чагылдырган аңгемелер жыйнагы басылып чыккан. «Кыргыздын канында жок көрүнүш» деп баалагандардын пикирин же эртеңки демографиялык өсүүнү (калктын көбөйүү көрсөткүчү) эске алсак, 15 миң деген минималдуу
көрсөткүчтүн өзү жүрөк түшүрөт. Жогорку Кеңештин депутаттары бул аракеттерди үгүттөөгө каршы мыйзам долбоор жазып чыгышканын билдиришти. Биз бул кандай мыйзам экендиги жана эмне жоопкерчилик жүктөлөрүн билели деп демилгечилердин бири парламенттин депутаты, вице-спикер ТӨРӨБАЙ ЗУЛПУКАРОВДУ кепке тарттык:
– Конституциянын 36-беренесинин 1-бөлүгүндө «Үй-бүлө – коомдун негизи. Үй-бүлө, ата болуу, эне болуу, балалык бүткүл коомдун камкордугуна алынат жана мыйзам менен артыкчылыктуу корголот» деп жазылган. ЛГБТлардын аракеттери биздин башкы мыйзамга каршы келет. Ошондуктан биз салттуу эмес сексуалдык мамилени жайылтууга, ачык айтууга, үгүттөөгө тыюу салууга багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Анын негизинде Административдик кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, тынчтык митинги жөнүндөгү жана ЖМКлар жөнүндөгү мыйзамдарга толуктоо киргизгени жатабыз.
Айта кетчү жагдай, биз демилгелеген мыйзам боюнча, алардын пикирин, көйгөйүн бүткүл республикага билдирген юридикалык жак, алардын укугун ачык коргогон уюмдар 10 миң сомдон 30 миң сомго чейинки айып пул төлөйт же 6 айга эркинен ажыратылат. Ал эми салттуу эмес сексуалдык карым-катнаштарга карата оң мамиле кылган ЖМКлар жана интернет колдонуучулар 2000-5000 сомго чейин айып төлөйт. Ушул эле көрүнүш экинчи жолу кайталанса, 3000-6000 сомго чейинки айыпка тартылат жана 1 жылга чейин абакка отургузулат.
Алдыда депутаттар тарабынан сунуштар, кошумча-алымчалар болот. Мамлекеттин келечеги үчүн олуттуу иш болуп жаткандыктан бул мыйзам парламентте колдоо табат деп ишенем.

«ЛГБТ ТУКУМ КЫРУУЧУ АТАЙЫН ДОЛБООР»
27-февралда АКШнын элчилигинин маңдайында, 12-мартта Жогорку Кеңештин алдында активист жаштардан турган «Калыс» саясий кыймылы гей, лесбияндарга каршы акция өткөрүшүп, «Гей, лесбияндарды үгүттөөгө тыюу салган мыйзам жазылсын!» деген чакырыктар менен тынчтык митингине чыгышкан. Биз аталган кыймылдын лидери ЖЕҢИШ МОЛДОКМАТОВго кайрылганыбызда, ал бул маселе боюнча оюн төмөнкүчө билдирди:
– Кыргызстанда акыркы жылдары башталган адепсиз окуялар батыш өлкөлөрүндө так эле ушундай көрүнүштө мындан бир топ жыл мурда ишке киришкен. Учурда толгон токой мыйзамдарды кабыл алып да токтото албай келишет. Бул ЛГБТлар кыргыз элин гана эмес, бүтүндөй дүйнөнү тукум курут кылчу атайын ойлоп табылган бир долбоор. Эгер адам гей же лесбиян болсо, аларды эч ким куугунтукка албайт да. «Хьюман Райтс Вотч» уюмунун маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда 15 миңден 36 миңге чейин ЛГБТлар бар экен.


«САЛТЫБЫЗДЫ САКТООГО МИЛДЕТТҮҮБҮЗ»
«Гей, лесбияндар кыргыз тарыхында болгонбу?» деген суроо менен тарыхчы КЫЯС МОЛДОКАСЫМОВго
кайрылдык:
– Кыргыздын тарыхында гейлер, лесбияндар деген болгон эмес. Ар бир элдин өзүнүн басып өткөн жолундагы салттары бар, аны сактоого милдеттүүбүз. ЛГБТлардын ишмердүүлүгүн үгүттөөгө каршы мыйзамды динге байлабай, кыргыздын салтына, маданиятына, өнүгүү жолуна негиздеп туура түшүндүрүү зарыл. Өлкөбүздө мындай адамдар бар, аны тана албайбыз. Алар элди өздөрүнүн артынан ээрчиткенге аракет кылбашы керек.



«БУЛ МЫЙЗАМ КОЛДОО ТАПСА ДА ӨТПӨЙТ»
Буга экинчи тарап эмне дээрине кызыгып, ЛГБТ активисти Жаныбек менен баарлаштык:
– Бул мыйзам боюнча укканбыз. Ачыгын айтканда, бизге кейиштүү кабар болду. Демилге пленардык жыйынга чыкпай калышы да мүмкүн. Кыргызстанга эл аралык уюмдардын, адам укуктарын сыйлаган өнүккөн өлкөлөрдүн басымы күчтүү. Ошондуктан бул долбоор колдоо тапса да өтпөйт деп ишенем. Эл аралык коомчулук буга карап турбайт. Бул мыйзам долбоору адам укуктарын бузат. Демилгеленип жаткан мыйзамдын негизги маанисине келсек, үгүт деп жатышпайбы, бирок ушул терминди туура эмес колдонушууда. Анткени биз бирөөгө барып «сен лесбиян же гей бол» деп жаткан жерибиз жок. Ошондо, балким, үгүт болмок. «Балдарга терс таасирин тийгизет» деп жатышат, бирок алардын колунда жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгы, «мына мындайча зыянын тийгизет» деген бүтүмү жок. Мунун эч кимге зыяны жок да.

ДҮЙНӨДӨ КАНДАЙ?

  • Өткөн жылдагы жыл жыйынтыгына ылайык, ЛГБТларды БУУга мүчө мамлекеттеринин ичинен 114ү колдосо, 76 өлкө кылмыш катары тааныйт.
  • Мындан сырткары 7 мамлекетте ЛГБТларга өлүм жазасы каралган.
  • Адам укугун туу туткан АКШнын 8 штатында ЛГБТны жайылтууга тыюу салынган.

«Супердин» сурак бурчу
БИР ЖЫНЫСТУУ МАМИЛЕНИ КОЛДОЙСУЗБУ ЖЕ КАРШЫСЫЗБЫ?

Сайкал Жунушова, ЖОЖдун окутуучусу:
– Бир жыныстуу никеге биздин коомчулук психологиялык-нравалык жактан даяр эмес. Биз эмес, жакында Францияда гей, лесбияндарды колдогон мыйзам кабыл алынганда ага европа элдери сын көз менен карашты. «Буга каршы мыйзам керекпи же жокпу?» деп коомчулукта талкуулай берсек, мунун өзү да чоң үгүт болот.

Асыл Автандилов, студент:
– Биз демократиялуу коомдо жашап жатабыз. Ошондуктан бирөө менен бирөөнүн иши болбош керек. Азыр эми бардык эле адам өзү үчүн жашап жатпайбы? Андыктан мындай мыйзам кабыл алынса да, буларга уруксат берилбесе да мага ысык-суугу жок.

Майрамкүл Култаева, бухгалтер:
– Бул кыргызга жат көрүнүш. Адамдын канында, маңызында жок нерселер коомубузга келип жатканы жанды кейитет. Анан аны мыйзамдаштыруунун эч кандай кажети жок деп ойлойм. Мен караманча каршымын.

Турсунбек Асылканов, пенсионер:
– Жеке менин эч кандай каршылыгым жок. Алар да табияттан ушундай жаралган адамдар турбайбы. Алардын укугун демократияны колдогон, анын принциптерин тутунган өлкө катары мыйзамдаштырса деле болот. Гейлерге каршы чыксак эле алар жоголуп кетпейт.

Нурлан Калмырзаев, студент:
– Бул деген табиятка каршы чыгуу. Айбан жасабаган ишке барган адамдын мындай аракеттери жийиркеничтүү көрүнүш деп ойлойм. Эртең мен да балалуу болсом, балам же кызым келип «мен ушундай» деп айтса, анда ага ушул коом, мындай адамдар күнөөлүү болот.

Тимур Бегиматов, айдоочу:
– Ошол геймин, лесбиянмын дегендин баары оорулуу, аларды дарылоо керек. Кантип болсун? Бул динде да тыюу салынган, кыргыздын каада-салтында жок нерсе. Мен сыяктуу колдобогондор көп болсо керек. Депутаттар ушуну карап чыгышса...

Нурбек Алиев, убактылуу бош:
– Бул биздин динибизге да, салтыбызга да каршы нерсе. Менин да уулум, кызым бар. Анан алардын эртең ушундай жорукту башташына каршымын. Кудай арам кылган мындай ыплас нерсени колдобош керек. Башкаларды да ошого чакырам.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg



Бир жыныстуулардын мамилелерин жайылтууга каршы мыйзам керекпи?

Автор: Кутмырза Жакыбалиев
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(49)
SUPER.KG видео
23.03.2014. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sakibaev,
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат!
SUPER.KG видео
24.03.2014. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озу сактасын, тфу
24.03.2014. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чындыгында эле кыргыздын келечегине балта чапчу корунуш. Элестетсенер эртен эки кыргыз гей уйлонуп алып балдар уйунон бала багып алабыз деп чыгышса. Ал бала анан психологиялык жактан кандай болуп чоноет? Созсуз турдо каршы мыйзам кабыл алынышы керек.
24.03.2014. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kara_kyrgyz,
Провокацияга жол берилбейт!
24.03.2014. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ЛГБТда мучолукто турган эркек балдардын баарын эч кынтыксыз аскерге жиберуу керек. Ошол жактан чыныгы жигиттик тарбия алат. Булар кобойуп кете беришсе, эртен мамлекетибизди ким коргойт? Дене мучолору транс же башка болуп туулса да, алар озулору жонундо жайылтууга тыюу салуу керек. Кадимкилердей эле болуп жашай беришсин. Копчулугу ден соолугу сопсоо туруп, ориентациясын озгортуп алып жатышат. Бул писохологиялык жактан айныгандык деп эле тушуном. Аларды даарыласа болот.
26.03.2014. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура
24.03.2014. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демократия-бул ар ким каалаганын кылуу эмес. ЛГБТларды коргогон уюмдар буларды Кыргызстандан топтоп кетсин,биздин коомду булгашпасын. PS: Гитлерге салам!
24.03.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
табият ошондой кылып койсо эмне кылсын анан алар. Силер да туура тушунгуло да. Аял эркектен, эркек алдан ырахат алса. А алар эркек эркектен, аял аялдан ырахат алат экен. Негизи бул нерсе илгертен эле бар нерсе болгону ачыка чыкпай келген да
24.03.2014. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sonun90,

Табиятынан жыныстык мучолору ошондой жаралса бир жон. Бирок аларды да контрольго алуу керек коомго билдирбоого. Дене мучосу аман туруп эле, бузулуп кеткендер, психалогиялык жактан бузулганы. Аларды ондош керек болгону. Бул нерсени пропаганда кылууну токтотуу керек.
24.03.2014. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Sonun90, илгери кыргыздардан чыккан эмес коп жалганды суйлобогуло кыргыздарда жалан натурал эркектер болгон .бул оору бекерчиликтен чыгат аларды кара жумуштарда катуу иштетиш керек гей деп эле аяп койбостон армияга алпарып машыктырыш керек ата мекенин коргоого уйротуш керек
24.03.2014. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ххх ххх tabiyat emes ozdoru kunooluu buga. Islamda en chon kunoo bul. Kuday antip aratpayt da bulardi. ozdoru owentip kalgan ...
Модератор admin_media түзөттү 24.03.2014 15:45
24.03.2014. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pakistanka,
Башка колдонуучунун өздүгүнө асылбай билдирүү жазыңыз! Эскертүү!
24.03.2014. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайдын мыйзамына каршы чыккан акмактар деп билем буларды. Эгер аял менен аял, эркек менен эркек уйбулоо курууга боло турган болсо кудай деле ошентип жаратмак. Илгери башка улуттарда болсо,болуп келгендир, бирок кыргызда болгон эмес!
24.03.2014. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жоокерчилик заманда жашаган ат жалында ойноп чонойгон кыргыз жигити мен эркекти суйом деп эркекке уйлонгонун эч жерден окубагамда,укпагам. Эгер эле ошондой соз оозунан чыкчуу болсо, атанды наалатка калтырдын деп атасы башын кыя чапмак.
24.03.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.lady,

Туура. Эгер азыр айтканга тушунбосо ошол методго кайрылып келишет чыныгы эркекетер.
24.03.2014. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булар азаймак турсун,"балалап",кобойуп жатат. Буларга эркиндикти берип койсок,эртен буткул коомубузга чон таасирин тийгизет.
24.03.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахка тообо деп коелу, сактоочуда озунсун Аллах, жазалоочу да озунсун Аллах. озун сактай кор Аллах
24.03.2014. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кай жерден окуганым эсимде жок бирок жер ортолук дениздин алдында шаар бар дейт ал шаардын суу алдында калганына себепкер гейлер болгон дешет бирок чынында да жер которо алгыс кылмыштар куноолор кобойуп баратат ошондуктан адамдар ойлонгула таза ойлоп таза жургуло демекмин
25.03.2014. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лут пайгамбардын убагында Соддом шаарынын эли ушундай ыплас бачабаздыка барып атугул публична когозо башташкан Алла Тааланын каарына калышып жер менен жексен болуп жок болушкан Кыргызда эсин барда этегинди жап кудагый дечу беле
25.03.2014. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мыйзам кабыл алынып, мындай нерсеге жаза тартыш керек
25.03.2014. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул нерсени ким ующтуруп жатат ошону жоопко тартыш керек. Гей дегенди мен акмак дегенден да жаман тушуном
25.03.2014. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкекте жаман кобойуп кетти
25.03.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аларга каршы мыйзамды чыгарып эле койбостон кучуно киргизуу, катуу козомолдоо керек!!!
SUPER.KG видео
25.03.2014. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз менен эле,кылыш керек дей бербей! Куч менен коркутуш керек,ошол эле Чечендерди алсак! Сразу бычактап салышмак,ошону учун ал жака аракет да кылышпайт! Биз ошол адамдарды жок кылышыбыз керек,депутаттардын законун кутконго болбойт,азыр мына ушул сааттан аракет керек!
SUPER.KG видео
26.03.2014. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кабыл алыш керек албетте мыйзамды! Акылы менен туюп, туура эмес иш экенин сезбегендер жок дегенде мыйзамга туура эмес иш экен деп билуусу керек андай жорукту.
SUPER.KG видео
26.03.2014. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mr.juma эн туура айтасын жана тез арада бул мыйзамды кабыл алыш керек тамыры жайылып кете электе
26.03.2014. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин элибиз учун - бул ото жийиркеничтуу корунуш.Коом дагы мамлекет дагы бирдикте каршы чараларды корсо жоголот деп ойлойм.Кыргыздарда мындайлар болгон эмес жана болбой эле коюшун каалайт элем!
27.03.2014. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечирестер менин жеке оюм .Чындыгында атып салуу керек .. атууга окум чыгаруу шарт. ..... Алар бир жакшы эркек боло туруп туура эмес иш кылып жатат ... Мыйзам эмес башка нерсеге да туура келбейт ..... Айбан сымалдар десе. ... админден кечирим сурайм бироок озум жеке оюм айттым ...
28.03.2014. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
30мин деп,кобойтуп айтылышы мумкун. Бирок жок эмес бар, алар жон гана оорулуу адамдар психологиялык жаткан дегенге кошулам. Баягы илгери Кыргызда оздук окум деп аксакалдар,улуу косом адамдар чогулуп туура эмес маскарачылыкты,абийирсиздикти,кыргыздын салтына кайчы келген ишти жумурай журтту чогултуп элдин талабы аркылуу жазалаганы эн туура адилет сот б-гон.Кыргыздар мурунку жазалоо жоролголоруно кайтуу керек,атайлап гейге айлангандарды ошол колдоо корсотуп жаткан батышка кетируу керек.Динибиз да
28.03.2014. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче бул запретная тема болуш керек. Мынтип тез тез талкуулай берсек чын эле мода болуп кетет. Табиятынан гей же лесби болсо бир жон. Транстар менен бисексуалдарды тушунбойм. Кантип одновременно аял менен да эркек менен да бирге болгусу келсин адамдын. Бул жон гана оору, копкондун, жаны ощущения издеп ушул жолго келип калгандар да. Элдин санын курутчу долбоор дегенге кошулам.
Чын эле кыргызстанда коппу лгбт лар? Аларды колдогон уюмдарды текшериш керек, каяктан каржыланып жатканын, макс
28.03.2014. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мастаты эмне экенин анык тактоо керек. Иностранный агенттер да алар. Олко тынчтыгын бузуу алардын максаты.
28.03.2014. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мастаты эмне экенин анык тактоо керек. Иностранный агенттер да алар. Олко тынчтыгын бузуу алардын максаты.
28.03.2014. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атың чыкпаса жер өрттө деп,кыргыздын атын чыгармай болушту.Булардын укугун коргогондор мекенине алып кетишсин.Психикалык жактан тарбиялоо керек буларды.Эч эле болбосо бычып салуу керек.Көгүш болгондон көрө жок болгону жакшы.
29.03.2014. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1
30.03.2014. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айып пулдун кимге кереги бар?.. Андайларга бир гана жаза "олум" жазасы керек.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: