Азамат Бараков:«УКРАИНДЕР МЕНДЕН МЫНДАЙ ТРЮКТАРДЫ КҮТҮШКӨН ЭМЕС»

№595 28-март-03-апрель, 2014-ж


Мындан жарым жыл мурун кеңсебизге келип өнөрүн көрсөтүп кеткен Азамат Бараков «Украина таланттары» шоу-сынагына Кыргызстандын атынан барып, уникалдуу трюктары менен жарым финалга чыкты. Калыстар тобундагы профессионал боксчу Вячеслав Узелков күрөктү Азаматтын башына чаап сындырды. Аны менен эле токтоп калбай, Азамат залдагы бирөөнү чакырып тиши менен бел курунан көтөрдү. 3 кабат көмөч казанды бүктөдү. Кыскасы, калыстардын оозун ачырган Азамат бизге Украинага сапар алар күнү маек берип кетти.

Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 9-январь
Туулган жери – Каракол шаары
Үй-бүлөлүк абалы – Үйлөнгөн, 1 уулу бар, экинчиси жакында төрөлөт
Салмагы – 62 кг
Бою – 176 см

– Трюктарыңды көрүп калыстар таң калышты. Арык жигиттин колунан балбандар жасачу иштин келерине ишенүү кыйын экен...
– Башында чымыр денелүү, олбурлуу адамдар жасай албаган ишти кылганыма өзүм да таң калгам. Өмүрүмдө спорт менен машыккан эмесмин. Тамеки чегүү боюнча тажрыйбам 5 жыл.

– Калыстар сени абдан колдогону билинип турду, ушундай кабыл алууну күттүң беле?
– Долбоор мага көптөгөн сюрприздерди алып келди. Баратканда 2 күн уктаган жокмун. Анткени жол жүргөндө уктай албайм. Башталарга жакын жарым саат уктап алайынчы десем да уруксат бербей коюшту. Уктап калбасын дешти окшойт, кичине виски ичирип коюшту. Чынын айтсам, ал жерден мен болгону жарым күчүмдү гана көрсөттүм.
Украинада жасаган трюктарым – менин эң оңой аракеттерим. Украиндер менден мындай трюктарды күтүшкөн эмес, аябай таң калышты. Жарым финалда жасай тургандарым андан да оорураак. Башыма 50-60 килограммдык таштарды коюп темир менен чаап сындырышат. Мен бул трюкту жасагандан эмес, көрүүчүлөрдөн коркуп жатам, аларды чочутуп албасам экен дейм.

– Күч менен урулган соккудан ден соолугуң начарлашы мүмкүн эмеспи. Мындай трюктардан кийин ооруканага текшерилесиңби?
– Өмүрүмдө бир да жолу ооруканага кайрылган эмесмин. Бир да жолу мээм чайкалган эмес, ишенбегендер текшертип көрүшсүн.

– Көмөч казандарды кантип тандайсың, жукаларын аласыңбы?
– Совет мезгилиндеги калың көмөч казандарды мен кыйын дегендер да бүктөй албай коюшкан. Аларды мен 7-8 жолу бүктөгөм. Ошондой таппай жүрөм. Сынактарда бүктөп жүргөндөр кытай көмөч казандары.

– Бала кезден эле күчтүүсүңбү?
– Бала кезде алсыз, арык бала элем. Анан уйкучу болчумун, сабакка дайыма кечигип барчумун. Алтынбек деген досум бар, ал 1-атаман эле. Анын жанында жүргөндүктөн, мага эч ким жекеме-жеке чыккан эмес. Мен негизи тайларымдын колунда өстүм. Чоң күчкө ээ болушумду тай жагым өздөрүнө байланыштырышат. Тайларымдын уруусу – коңурат. Ушул уруудан чыккан Бөрү деген таятам баатыр болуптур. Калмактардын атагы чыккан баатырларын жыккан карылуу, чымыр киши экен кезинде. Ал деле мен сыяктуу арык, бою орто болгонун угуп калам. Ал жөнүндө жазылган китеп дагы бар.

– Кайсы окуу жайды бүткөнсүң?
– Окууга тапшырып, бирок шартка байланыштуу окуумду таштап, иштөөгө туура келди. Башымдан көп кыйынчылыктар өткөн. Андан кийин борборго келип, арак чыгарган заводдо иштеп калдым. Такыр башкача жашоо башталды. Акча жакшы эле табам, бирок карасам дайыны жок. Ошондуктан жашоомду бузуп албайын деп үйлөнүүнү туура көрдүм. Ошол учурда менде ушундай өнөр бар экенин алгачкы жолу байкадым. Телевизордон америкалык адам көмөч казанды ийип «Гиннестин рекорддор китебине» киргенин көрүп, мен дагы кызыгып калгам. Анан 2 сааттын ичинде мындай өнөрдүн ээси болуп чыга келдим. Көмөч казанды кантип бүктөп, жазып койгонумду өзүм да билбей калгам. Бүктөлгөн көмөч казандарды эсептесем 78 болуп жаткан, Украинага барып келгенден кийин 80ден ашты.

– Көмөч казанды бүктөп, кайра калыбына келтиргенден кийин тамак жасоого болобу?
– Болот. Мен ийгенден кийин кайра дагы 2-3 жолу бүктөсөм болот, андан кийин жыртылып калат экен.

– Кантип өнүктүрдүң бул өнөрдү?
– Үйдөн калың китепти колум менен экиге бөлүп, чаканы тишим менен айрып жүрүп,
КамАЗдарды сүйрөөгө өттүм. Анан ичиме катып жүрө бербей тааныштарга, досторго көрсөтүүнү чечтим. Борбордогу Төкөлдөштүн унаа токтотуучу жайына барып, унаага жип улап, аны тиштеп жылдырайын дегем. Барсам бир киши «койчу, кантип ушундай болсун?» дейт. Намыстанып кетип «дагы бирди кошкула» дедим. Дагы бир адам «алыңа ченеп иш кылсаң» деп келекелегенде ого бетер намыстанып, «дагы бир машина кошкула» дедим. Бирди эле сүйрөйүн деген мен үчөөнү чиркештирип салдым. Биринчини 2 жарым метр, экинчини 2 метр, үчүнчүсүн 1 метрдей жылдырып туруп эс-учумду жоготуптурмун. Катуу күч келип, моюнуман кан өтпөй калыптыр. Эсиме келип, кайра сүйрөйүн деп тура калсам, чогулган эл, баягы намысыма тийгендердин баары кол чаап жатышыптыр.

– Орто жолдон бул өнөрүңдү таштайм дептирсиң...
– Ойлонуп көрсөм, бул өнөрүм мага эч нерсе алып келбейт экен. Тияк-биякка барып көрсөтөм, жол киреге, көмөч казан сатып алганга акча кетирем, убактымды коротом, андан башка жагын көрө албадым. Ошон үчүн тынч эле иштеп акча табайын деп жумшак эмерек жасаган цехке кирип кеткем. «Кыргызстан таланттары» деген долбоордун жетекчиси Вячеслав Гудинов менин видеомду «Украина таланттары» сынагына жөнөтүптүр. Ал кишиге ыраазымын, эгер ал болбосо мен таптакыр таштап салмакмын. Ошентип чейрек финалдан өттүм, бүгүн жарым финалга катышуу үчүн кетип жатам.

– Азамат, ак жол. Ийгилик менен келишиңди күтөбүз.

Азамат 19-апрелде өтүүчү «Украина таланттары» сынагынын жарым финалына катышууга 24-мартта жөнөп кетти. Ал сынакка чейинки аралыкта репетиция болорун айтат.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg



"Темир киши" аталган Азамат Бараков

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(50)
SUPER.KG видео
25.03.2014. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
http://www.super.kg/media/uservideo/115215/

Азамат германияга барып келген экен
SUPER.KG видео
25.03.2014. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик.Жениш менен кайтып келуусуно тилектешмин.
SUPER.KG видео
25.03.2014. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай уулдарыбыздай чыга элек таланттуулар кобойуп,дунуйо жузун тан калтырып,журо берсин.Талантты жашырбаш керек,ал да озунчо оору болот.Ишине чон чон ийгиликтер.
SUPER.KG видео
25.03.2014. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсын бирок денсоолугуна кайдыгер мамиле кылба башына бир нерсе болсо азабын озун тартасын, кийин кеч болгондо окунгон менен пайда жоок.
SUPER.KG видео
25.03.2014. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соз жок. Красавчик
SUPER.KG видео
25.03.2014. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодеееееец!!!! Супер! Со слезами смотрела! Успехов тебе, Азамат!!!! Мы все будем держать кулаки за тебя!!!!!
SUPER.KG видео
25.03.2014. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Manas atabys koldosun!
SUPER.KG видео
25.03.2014. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азаматсын! Алга кыргыз алга!!!
SUPER.KG видео
25.03.2014. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аты да Азамат озу да Азамат жигит экен ийгилик!!!
SUPER.KG видео
26.03.2014. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы молодец,ийгиликтерди багынта берсин
SUPER.KG видео
26.03.2014. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах колдосун сени ийгилик сага!!!
SUPER.KG видео
26.03.2014. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! Азамат! Чыныгы эр жигит! Кыргыздардын атын чыгарып жүрө бер!
SUPER.KG видео
26.03.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! Азаматсын кыргыздын мыкты жигиттеринин катарын толуктап аман эсен бол.
SUPER.KG видео
26.03.2014. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат азаматсын бирок крышан жылып кетпесин байка жаш экенсин жашоонду тобокелге салбай эле койсончу.
SUPER.KG видео
28.03.2014. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodes talantyna taazim aiabai tan kaldym
SUPER.KG видео
28.03.2014. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелди
SUPER.KG видео
30.03.2014. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МАНАСТЫН урпактары алга алга. Азаматсын силердей КЫРГЫЗДЫН жигитери менен сыймыктанабыз
31.03.2014. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оа чындыгында кучтуу экен арык болгону мн откондо видеосун коргон элем
31.03.2014. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул братты коро элек экенмин го (((((((
31.03.2014. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын! Украиндердин оозун Ошту каратып коюпсун. Талантын оркундоп, ден соолугун чын болуп, Кыргызстаныбызды жакшы жагынан таанытып журо бер! Тиги атка минерлерге караганда, сенин кадыр баркын эл алдына бир топ жогору. Ишенип кое бер мага!
Модератор admin_media түзөттү 31.03.2014 11:27
31.03.2014. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wave.,
Башкалардын улутун, динин кемсинтүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
31.03.2014. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик сага азаматсын
31.03.2014. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат онорундо соз жок Ден соолукту да ойлош керек эртен ооруп калсан бала чаканды ким карайт жасаган трюктарын зыяны коп не дейбиз ийгилик Украина дан женишке жет
31.03.2014. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
senin Germaniaga bargan videondu da kordyk owol jerde sen yiyp salgan skvarotkalardy juriler da jon ele koldory menen togoloktop anan seni jasalma chygyp jatkanyn ychyn dep ketirip saldy go owol jonyndo bilgim kelip jatat da emne ychyn je chyn ele jasalmaby anyn baaary eee?
01.04.2014. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
soz jok super..alga Azamat...
02.04.2014. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Opkodu jok Maktanchaagyrak eken a tak MALADECC
08.04.2014. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mikatagaev, мактанчаак эмей эле, болгонун болгондой айтыптыр! АЗАМАТ!
05.04.2014. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец азамат. мен классташым менен сыймыктанам.
SUPER.KG видео
05.04.2014. 05:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyz Asamat baike!Allahym koldosun!Iigilik!!!
SUPER.KG видео
05.04.2014. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар бол омурун узун ден соолугун чын болсун)))Рахмат ушунча адамдын ичинен алга келгенин сыймык!Бар бол
SUPER.KG видео
29.04.2014. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баардык ширин создорго кошулам,онорун оркундой берсин братан.
SUPER.KG видео
05.05.2014. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сага айта турган мактоо создор бул дуйнодо жокко эседей. коооп жаша алтын бала кыгыздын "ТЕРМИНАТОРУ"демекмин
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: