7-АПРЕЛЬ ФОТОГРАФ ЖАНА ОПЕРАТОРДУН КӨЗҮ МЕНЕН

№596 04-апрель-10-апрель, 2014-ж


Өлкө тарыхында бейкүнөө адамдардын набыт болушу менен эсте калган 7-апрель окуясына быйыл 4 жыл болду. Ал күнү бакиевдик режимди кулатуу үчүн 100дөн ашуун кыргыздын жигиттери баатырларча курман болгон. Алардын бири да эртең менен үйүнөн чыгып бара жатканда түнгө жетпей бул дүйнө менен кош айтышып кетерин билишкен эмес. Октон шейит кеткендердин сөөктөрүн жакындары аянттан, ооруканадан, өлүкканадан таап, көз ирмем ичинде уулун, жолдошун, бир тууганын ажалга тапшырып берип, сыздап-ыйлап кала беришкен.
Буга чейин катардагы катышуучулардын, кызматтык милдетин каармандык менен аткарган врачтардын, ошол кездеги оппозиция лидерлеринин баяндарын жазып келгенбиз. Бул ирет ошол каргашалуу күндү, мүнөттөрдү окко учам деп коркпой камерага илип калган фотограф менен оператордун көргөн-билгендерин бөлүшүүнү эп көрдүк. Каармандарыбызга айланган фотографтын сүрөттөрү дүйнөлүк дөө-шаа жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланса, оператордун тарткан кадрлары аркылуу өлкө ичиндеги эл «Ала-Тоо» аянтындагы кан төгүүгө күбө болушкан.

«МЕРТ КЕТКЕНДИ КӨРГӨНДӨ ГАНА ЧЫНЫГЫ ОКТОР АТЫЛЫП ЖАТКАНЫН ТҮШҮНДҮМ»
Вячеслав Оселедко 37 жашта, учурда франциялык «Франс Пресс» маалыматтык агенттигинин Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча фотографы. Сүрөт тартуу менен аскердик кызматты өтөп келгенден бери алектенет. Кесибине байланыштуу атайын билими жок. Эмгек жолун «КирТАГ» маалыматтык агенттигинде баштап, «Вечерний Бишкек» гезити, дүйнөнүн эң ири эл аралык маалыматтык агенттиктеринин бири «Ассошиэйтед Прессте» иштеген.

«7-АПРЕЛЬ ОКУЯСЫН ЭКИ СААТТЫК МИТИНГ ДЕП ОЙЛОГОМ»
– Ал күнү эртең менен «Ала-Тоо» аянтына кадимки жумушумдай көрүп эле, мурда болуп жүргөн 2 сааттык митингдердин бири болуп жатат деп баргам. Эл топтолуп баштаптыр, Алматы көчөсү тараптан да митингчилер келип кошулушту. Ак үйдү укук коргоо органдарынын кызматкерлери тегеректеп турушкан. Бир маалда митингчилер жүк ташуучу унаа менен Ак үйдүн дарбазасын сүзүп киришип, укук коргоо кызматкерлери менен алардын ортосунда тирешүүлөр башталды. Эл жерден таш алып ыргытууга киришкенде аскер кызматкерлери тарабынан аларга карай ок атылды. Алгач газ тапанчасынан атып жатышат деп ойлогом. Көз алдымда бирөө мерт кетти, ошондо гана чыныгы октор атылып жатканын түшүндүм. Ошого карабай окуяны өзүндөй чагылдыруу үчүн кадрларды кармап калууга аракет кылып, өзүмдүн өмүрүмдү ойлобостон сүрөт тартып жүрдүм.
Бул окуя жүрөгүмө катуу баткан экен, 2010-жылы жылы бою бир эле 7-апрель бардай жашадым. Адамдардын канжалап жатканы, элдин ызы-чууга түшкөнү мээме катуу сиңип калса керек.
Былтыркы жылы Апрель окуясына байланыштуу дагы бир фотожурналист Игорь Коваленко экөөбүз Мамлекеттик тарых музейинде «Чтобы помнили» деп аталган сүрөттөрдүн көргөзмөсүн уюштурганбыз.

«СҮРӨТ ТАРТУУ ОҢОЙ-ОЛТОҢ ИШ ЭМЕС»
– Акча табуу үчүн фотограф болуп иштөө жарабайт, себеби биздин тапканыбыз көп эмес. Бул менин жан дүйнөмө жагып, берилип иштеген жумушум. Фотограф болуунун жеңилдиги жок, бирок жагымдуу учурлары бар. Мисалы, жумушум менен дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө ар кандай окуяларга туш болдум. Ал эми оорчулугуна келгенде кандай гана окуя болбосун чагылдырганга аракет кылабыз. Ошол эле Аксы окуясы, 24-март, 7-апрель революцияларын чагылдыруу кыйын жана кооптуу болду. Мен Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан өлкөлөрү боюнча бөлүнгөн фотограф болгондуктан, ал жакта да болуп жаткан олуттуу окуяларга барып катышам.
Жыйынтыгында жан дүйнөм менен аткарган жумушумду колумдан келишинче уланта бергим келерин айткым келет.

Вячеслав Оселедко объективге илип калган кадрлар Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү далай ЖМКларда жарыяланды.



«ЖАШТЫГЫМ МЕНЕН ӨМҮРҮМӨ КОРКУНУЧ ЖАРАЛГАНЫН АҢДАБАПТЫРМЫН»
Давран Игамбердиев 28 жашта, азыркы тапта НТС телеканалынын башкы режиссёрунун ассистенти. Кесибине байланыштуу атайын билими жок болгону менен, университетти аяктагандан бери операторлук кызматта иштеп келет.

– 7-апрель окуясын саналуу телеканалдар гана аянттан чагылдырып турганын билебиз. Анын ичинде НТС каналы болгон. Демек, ошол күнү сиз тарткан кадрларды бүтүндөй коомчулук көргөн турбайбы?
– Ошол күнү митинг Алматы көчөсүндө жайгашкан «Форум» имаратынын жанынан башталбады беле. Биздин кызматкерлер 2 топко бөлүнүп, бири Алматы көчөсүнө, экинчиси Ак үйгө кеткен. Чыгып бара жатканыбызда редакциядан «эгер кооптуу учурлар болсо, эч нерсеге карабай келе бересиңер» дешкен. Ак үйдө ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов отчёт бермек эле. Барсак, 70ке чукул жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чогулуптур. 6-апрелде Талас облусунда орун алган баш аламандыктан уламбы, чет элдик ЖМК өкүлдөрү да келишиптир. Д.Үсөновду күтүп жатсак, Алматы көчөсүнө кеткен кесиптештерибиз чалып, «митингчилер Ак үй тарапка багыт алышты, абал оорлошуп бара жатат, силер чыгып келе бергиле» дешти. Бул маалда сыртта эл чогулуп калыптыр. Эшикке чыксак, эл жабылып камераларыбызды тарткылап, ур-токмокко алганы аз эле калган. Ар ким ар кайсы тарапка жүгүрүп кетти. Биздин топ «окуяны тартышыбыз керек» деген чечимге келип, камерага тартып баштадым. Кийин ошол кадрларды монтажсыз, комментарийсиз эфирден көргөзүүгө да жетишип жаттык.

– Кан төгүлүп жаткан окуяда иштөө оор болсо керек...
– Аянтта көпчүлүгү жаштар жүргөн. Бардыгы агрессивдүү эмоцияда эле. Ак үйдүн тегерегинде таш жок болгондуктан, алар аллеяга төшөлгөн таш төшөлгөлөрдү казып чыгарып, ыргытып жатышты. Чындыгында өтө коркунучтуу көрүнүш эле.
Тартуу иштерине тыюу салган деле эч ким болгон эмес. Бирок түртүшүп, жөөлөшүүнүн айынан кыйынчылыктар орун алган.
Азыр ойлосом, ал учурда жаш экенмин, өмүрүмө коркунуч келип жатканы оюма да келбептир. Анын үстүнө операторлук – менин сүйүп аткарган ишим.

Давран Игамбердиев тарткан видеодон кадрлар.


Ширин Турдакунова
koom@super.kg



7-апрель, 4 жыл мурда... (видеобаян)

Автор: Кутмырза Жакыбалиев
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(16)
07.04.2014. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allah azabyndy bersin kim atsa da!
07.04.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астафир Аллах..
07.04.2014. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал кундорду эстесем чуулдаган октун ундору кулагыма жанырып, тутун, ак уйдун сынык терезелери коз алдыма элестейт...
SUPER.KG видео
07.04.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ак уйду алдык дейт ко душмандан чек араны коргогулачы
SUPER.KG видео
07.04.2014. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
акырында узундусун 2 жолудан кошуп койуп жатышат не понятно!!!!
SUPER.KG видео
07.04.2014. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмне учун тушунуксуз себеби оздору уюштуруп эми Бакиевти жамандашып ататго бизде Кыргызстанда чындык жок деп тушунсо болот митинг уюштурган адамдар оздорун кызыкчылыгы учун адамдарды акча аркылуу митинге чыкырышкан бир кундо Талас Нарын Кара-колдо бирдей быштылгын демек уюштурган адамдар барда эл билбей калгансып кудай урсун деп кудай деп суйлоп коюшат политика дегенде же тууган дебей же элим дебейт жузу жоктор !!!
SUPER.KG видео
07.04.2014. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооба булар уюштурушу уюштурду, баарын баштап коюп азыр журушпойбу тымпыйып жегичтер, кресло, акча дегенде олушот да булар, журоктору таш болуп клса керек. Бирок ок атканга буйрук берген Бакиевдер да.
SUPER.KG видео
08.04.2014. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамдар айтып жатышат биз качкан жокпуз ак уйго карап кете бердик деп анан кантип аркадан ок тийди снайпер ак уйдун башында олтурса мисалы ушул жерде да окшобой жатат ким буйрук берсе да агада кудай бар !
08.04.2014. 05:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол снайперлердин бироосун кармап жазалай албаган азыркы бийликтегилерге -Тфу.
Биз универде окучувуз анда, деканаттан келип Бакиевди колдоп митинге чыгасынар деп бизди засталять эткенде отказ берсек курбум экообуз, отчисления болосунар деп коркуткан.
Эн окунучтуусу олуп кеткен жаш балдардын жакындарына кыйын болду. Бийлик эмне, бири кетти экинчиси келди. Бири тоноп жутуп жеп кетти, экинчиси эми тоноп тоймоюнча кетпейт. Имхо.
08.04.2014. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
качан онолобуз
08.04.2014. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mulatka_kg, антпей калдык ко
09.04.2014. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой бизде баягы эле адамдар мамлекетибизде иштегендер.Канча президент алмашты ошол эле адамдар иштеп журушот .баягы эле депутаттар.Анан кантип онукмок элек?
10.04.2014. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул баатырлардын бир тамчы канына да арзыбайт азыркы бийликтегилер.
SUPER.KG видео
12.04.2014. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар оздору менен оздору атышканго анда
13.04.2014. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарых тастыктайт ким баатыр экенин!!!
11.12.2014. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мерген 6 кабатан тамай атат крышадан тамай атуу мункун эмес убакыт отот ким атканы билинет азыр издештин кереги жок бул иш аягына чыкпайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: