АТАМБАЕВДИН ТАЛАСТАГЫ СӨЗҮ КЫЗУУ ТАЛКУУ ЖАРАТТЫ

№599 25-апрель-01-май, 2014-ж


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин 17-апрель күнү Талас облусуна болгон иш сапарында сүйлөгөн сөзү өлкөгө, учурда болуп жаткан маселелерге чын дилинен күйгөн адамдын кеби болду. Атамбаев өзү да «мен айтпаганда ким айтат, бардык облустарга барып ушундай ачуу чындыкты айтайын деп чечтим» деди. Бул сөздөр коомчулуктун көңүл чордонун ээлеп, кызуу талкуу жаратты.

«МЕН БОЛГОНУН БОЛГОНДОЙ АЙТАМ»
– Мени билесиңер, болгонун болгондой айтам. Бир тилегим бар, татынакай мамлекет куруп алсак, Кыргызстанды сактап калсак. Мына, Кудай буюрса, Кара-Буура районунда эки чоң канал салсак деп жатам. Сарымсак каналы менен Бакты-Ногой каналы. Ал эки каналга 11 миллион долларга жакын каражат керек болот. Жолдорду оңдоп-түзөгөнгө канча каражат керек болорун билесиңер. Таласка чейин Бишкектен, Төө-Ашуудан алып келген жолго канча миллиарддаган акчалар кетти. Ошол эле убакта Кыргызстан азыр чек арасын бекемдеп, куралдуу күчтөрүн бутка тургузушу керек. Рахмат Орусияга, быйыл курал-жарак берип баштады, бирок бул да туура эмес. Эмнеге ар бир мамлекет курал-жарагын өзү сатып алат, чек арасын өзү бекемдейт? Бизде президент көрүнгөн жерде кайырчыдай болуп сурап жүрөт. Аны да жактырбай азыр кыйкырып жатышат, «президент узурпатор болду, кийин бүт бийликти парламентке бериши керек» деп. Бирок карасам, кыргыздын элитасынын бышпастыгы дагы деле бар. Кээ бирде президент да «ай-кой» деп турбаса болбойт. Акыркы өкмөт түзүлгөндө бир топ адам мени күнөөлөдү, «тиги министр туура эмес болуп калды, бул министр туура эмес болуп калды» деп. Үч фракция чогулуп туруп өкмөттү үчкө бөлүп, министрлерди тандап жатат. Президент киришип жатып, «ай-кой» деп жатып... Болбосо мындан да жаманыраак болмок.
Бир эле мисал келтирейин, өткөн жылы салык инспекциясына элүүдөн ашык депутаттардын жардамчылары барып иштеп баштаган. Элүүдөн ашык. Ал эми быйыл жылдын башынан үч айдын ичинде салыктардын планы 1 миллиард 200 миллион сомго аткарылбай калды. Эмнеге аткарылбай калды? Элүү шылуун барды.

«ТАЛАСТЫН БЕРГЕНИНЕН АЛГАНЫ 3-4 ЭСЕГЕ КӨП»
– Жакында Таластын Бакай-Ата районунда бир кенди иштетпейбиз деп эл чыкты. Ага жеткирбей эле Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик менен жергиликтүү бийлик чечип койсо болмок. Эки-үч жылдан бери Таласта «эч бир кенди иштетпейбиз, 50 жылдан кийин урпактар иштетсин» деген сөз жүрүп жатат. Кээ бир маалыматтарды окуп берейин. Ойлонуп көргүлө.
Салыктардын чогулушу боюнча маалыматты Каржы министрлигинен алдым. 2012-жылы Талас облусунда республикалык жана жергиликтүү бюджет үчүн
435 миллион сом чогулган. 2012-жылы Таластын чыгашаларына Бишкектен, борбордук бюджеттен 1 миллиард 877 миллион сом берилген. 2013-жылы Таластан 525 миллион сом салык чогулган, Таласка 1 миллиард 969 миллион сом бөлүнгөн. 2014-жылы план боюнча 543 миллион сом чогулат деп жатышат, Таласка
2 миллиард 43 миллион сом берилгени турат. Дагы маалыматтарды окуп берейин. Социалдык фонддун расмий справкаларынан. Таластан 2012-жылы пенсия үчүн 462,7 миллион сомдук камсыздандыруу төгүмү чогулган, пенсияга 1 миллиард 91 миллион сом берилген. 2013-жылы 495 миллион сом чогулса, пенсияга 1 миллиард 208 миллион сом бөлүнгөн. Быйыл 535 миллион сом чогулат деп пландаштырыптыр, пенсияга 1 миллиард 388 миллион сом берилгени турат. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 23 жыл болот, ар бир жылын алсак, Таластын бергенинен алганы үч-төрт эсеге көп. Бир облустун кыргыз элинин мойнуна минтип отуруп алганы туура эмес, таарынбагыла. Мен айтпасам, эч ким айтпайт. 
Чоң кендерди, «Кумтөр» болобу, «Жер-Үй» болобу, минтип иштетпей отурсак, элүү жылдан кийин Кыргызстан бар болобу, ким билет?
Ош шаарынын жаңы мэри жакында келип мага «урматтуу президент, ойлонбой көпүрө салып баштаптырбыз, эми бүтүргөнгө акча керек» деп айтат. Ош шаарынын мурунку чоңдору да көнгөн. Акыркы төрт жылда 14 миллиард сом берилип, кандай эркелик кылса да Бишкектен акча келип, 200 миллион сом жалаң гана эстеликтерге кеткен. Эмнеге кээ бир облустар керек болсо уранды, көмүрдү, алтынды иштетет, кээ бир облустар болсо башкалардын мойнунда отурушу керек? Бул уят.

«ТАЛАСТЫК БИР ЖИГИТ 400ДӨЙ ОБЪЕКТТИ ИТ БЕКЕРГЕ САТКАН»
– Эки жарым жыл мурун президенттик шайлоодо бир жигит мени менен теледебатка чыккан. «Иштейсиңби?» десем, «үч-төрт жылдан бери иштебейм, эки-үч балам бар» дейт. Бирок президент болом дейт да. Өзүңдүн жаныңды бага албасаң, үй-бүлөңдү бага албасаң, азыр ушундай мителер көбөйүп кетти. Элди да бузуп, башка бир жакка жетелөөдө. Мына, кыйкырып чыккандардын башында таластык бир жигит турат. Убагында 300-400 объектти ит бекерге саткан. Ошол эле «Кумтөрдүн» 67 пайыздык үлүшүн 33 пайыз кылгандар бакылдап жатат. Уят да. Элге рахмат, эл колдобой жатат. Бирок баарыбыз ойлонуп көрүп, ар бир жерде ушундай окуяларды токтотпосок, уят.

«КАЧАНКЫГА ЧЕЙИН КОҢШУЛАРДЫН КӨЗҮН КАРАЙБЫЗ?»
– Мисалы, «Атамбаев «Кыргызгазды» 1 долларга берип койду» деп кыйкырып жатат. Мына, өзбектер түштүктө газды өчүрүп койду, «Газпром» келсин» деп. «Газпром» барат, түштүккө кайра газ алат, бирок эстеп көрсөңөр, жыйырма жылдан бери кыш келген сайын биздин чоңдун баары тең Ташкентте жүрүшчү да. Ошол эле «Газпром»
40 миллион доллар «Кыргызгаздын» карызын жабат, ошол эле «Газпром»
600 миллион доллар инвестиция алып келип, Кудай буюрса, түштүктөн көгүлтүр от таап берип, болбой баратса, Алексей Миллер (ред. «Газпром» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы) мага «түндүктөн түштүккө куур тартып беребиз» деди, коңшуларга кор болбогондой кылып. Биз качанкыга чейин коңшулардын көзүн карап жүрүшүбүз керек? Кыш келерде 1-январды газ менен тособузбу же газ өчүп калабы деп дайыма жалдырап отурабызбы? Мындан кийин андай болбошу керек.

«ОРУСИЯ «МАНАС» АЭРОПОРТУНА КЕЛСЕ, КЕРОСИН АРЗАНДАМАК»
– Дагы кыйкырып чыгышты. «Атамбаев «Манас» аэропортунун 51 пайыздык акциясын орустарга берип жатат» деп. Мага аэропорттун президенти келип «Игорь Сечин (ред. «Роснефть» компаниясынын президенти) Москвага чакырды, мен барып келдим» дейт. Сечин ага «Биз бара электе кыргыздар чуу салып жатса, алар бизди иштетпейт. 51 пайызыңардын да, 50 пайызыңардын да кереги жок, өзүңөр башка бирөөнү таап алгыла» деп айтыптыр. Арзан керосин менен эки жылдан бери учактын билеттери арзандап жатпайбы. Ошко учкандар билишет, кээде билет 5 миң сомго жетчү, азыр миң сомдук билеттер бар. Же «Бажы союзуна кирбейбиз, кирсек, баалар көтөрүлөт» деп жатышат. Макул, кирбейли, эртең бензиндин баасы эки эсе кымбаттаса, баалар ордунда турабы ошондо? Же бат эле унутуп койдуңарбы, 2010-жылы бензинди кичине эле кысып койгондо кандай болгонун? Мекендештерим, Кудайдан коркуп, Кудайга шүгүр деп, көзүбүздү ачып жүрсөк. Мен бирдеме кылып жатсам, ойлонуп кылып жатам. Ошол эле «Манаска» «Роснефтинин» келишин суранганбыз, 51 болобу, 50бү же 49 пайыздык акция болобу, эптеп келип бер деп. «Роснефть» келсе, «Манаста» керосин арзан болмок. Алматы, Ташкент менен учкан учактар Бишкекке конуп, Бишкектен учуп калмак. «Манас» аэропортунун келечеги болмок. Макул, «Роснефть» келбейм деди, туура кылды, сыйлабагандарга барбайм деди, арзан керосинди эмне Америкадан алып келеби?
Бизде бензин Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга салыштырмалуу канча арзан экенин билесиңер. Керек болсо Орусияныкынан да арзан.
Кайгырганым ушул, эмдиги жылы кимдер алдаар экен парламенттик шайлоодо, үч жарым жылдан кийин президенттик шайлоодо жанагындайы келип алдаса, кайран элим кайра алданып кетеби деп. Кайда барат Кыргызстан? Бар болобу же жок болобу?
Чек ара деп кыйкыргандар митинг өткөрүп, элүү чакты киши «автомат тараткыла, өзбекке, тажикке көрсөтөбүз» деп келиптир. Андай кыйын болсоң, эмне көчүп келдиң, чек араны таштап коюп Бишкекке? Эмнеге кайтарып отурбайсың? Же Кыргызстан президентке эле керекпи? Анан душманды бир жактан издейбиз, Орусиядан, тияк-бияктан. Урууну ойлобой, улутту ойлосок. Коктуну ойлобой, коомду ойлосок.
Акыркы митингге Сузактан 300 жаш жигит келиптир же Сузактын ата-апалары кой деп койбойт. Эптеп эле Кыргызстанды баш аламан кылуу керек. Бийликке жулунгандарга «эмдиги жылы парламенттик шайлоону таза өткөрүп беребиз, үч жылдан кийин президенттик шайлоо болот» деп айтып келем. Көздү ачып, ким болду экен, эмне кылды экен деп, азыртан башкача карабасаңар, жаман болгону турат.

«КИМИСИ КЫЗМАТКА КЕЛСЕ ЭЛЕ КОЛУН САЛЫП КИРЕТ»
– Күйгөнүм үчүн быйыл аймактарга барганда ачуу сөздөрдү айтайын деп чечтим. Аны Таластан баштайын дедим. Коррупцияны жоё албай жатабыз, ачык эле айтайын, уурулук өтө эле сиңип кеткен. Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттигинде 3 министрдин үстүнөн кылмыш козголду. Кимиси барса эле колун салып кирет. Бирок акырындан натыйжасы чыгып баштады. Ошол эле фасоль сатуудагы ортомчулукту жоготтук. Азыр фасолдун баасы жакшы эле көтөрүлүп калды. Жаманбы-жакшыбы, карызга алсак да, жолдун баарын салалы деп жатабыз.
«Газпромдун» келгени эмнеге жакшы? Газ жок жерлерге Миллер көгүлтүр отту алып барып берем деди. Элибиз жок дегенде үйдү жылытууда газга өтсө, электр энергиясын, сууну үнөмдөп калабыз. ГЭСтер быйыл курулуп башталат. Нарын каскады өткөн жылы эле башталган. Камбар-Ата-1ди деле мөөнөтүм бүткөнчө баштатып кетем. Аскер реформасы жүрүүдө. Бюджеттин 20 пайызы балдарга, окууга кетип жатат. Бирок жалгыздын иши жалгыз. Кыргызстандын эли биригип, жапа тырмак болуп жардам бербесе кыйын болот. Коңшу казактардан эле арттабыз, Казакстан уран, көмүр, нефть болобу, баарын дүрүлдөтүп иштетип жатат. Биз казак бир туугандарыбызга жетишибиз керек. Ал үчүн иштөө зарыл. Башка бир жол жок. Асмандан бирөө келип чачып жибербейт. Балдар үчүн башка бир Кыргызстанды калтыралы. Кээде мага деле дубалды сүзгүлөп жаткандай сезилет. Бирок Кыргызстан бутка туруп кетет деп ишенем.

Эльвира Караева
politika@super.kg



Атамбаев: "Орусия "Манастан" баш тартууда"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  23 
Комментарийлер(214)
30.04.2014. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бугунку бийликке убакыт берели дейсинер али Ж.Сатыбалдиевден 6 миллиард сомдун дарегин, сатылып кеткен оорукана жерлерин, Бабановдон 1 миллион $лык аргымакты пара алганын, Отунбаеванын 40-50 миллион ф.с. особнягынын эсебин сурабай туруп.. Бийлик 4 жылда тыштан карыз алган 2 миллиард доллардын эсебин берсин элге, 4 жылда бир иш жасабаган бул бийлик эми эмнени кыйратмак эле, жомок айтпай жургулочу, эртен булар да сатчуларды сатып миллион-миллиарддарды артынып кете берсе алар учун ким толомок эле!
30.04.2014. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Maga baaribir jakpait Atambaev...((
01.05.2014. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirrow, al e4 kimge jakpait!!!
01.05.2014. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эң туура айтат иштеш керек жалаң иштеш керек,ар ким өзүнө суроо бериш керек-Мен Кыргызстан үчүн эмне кылдым,-деп.Жөн гана президент жаман дей бербей.
01.05.2014. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул жерде да Оштун экс мэрин жамандап калыптыр да. Мырзакматовдай болуп эл учун эмнени жасадынар деги азыркы бийлик? Бироолордун былыгын чукугандан башка ишинер жок (озунордо толуп жатканын эске албай).Акаевчилер, бакиевчилер дейт го уялбай. Озу да учурунда акаевчи да, бакиевчи да болгонун унуткан го сыягы. Откон кундоруно бир коз салып койсо болмок. Ичкен ашына тукургон ушуга окшогондор элди жыргатаарына козум жетпейт.
01.05.2014. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Чынын айтайын ушул жердегилер биринда бир аз уят м.н жазсанар болмок кайра сындабай. Атамбаевдин ордуна озунорду койгулачы?? Силер иштей алат беленер?? Биринда жок. Кыйын болсонор ХХХ ХХХ ХХХ эленерго. Суйлой бересинер. Ушул форумдада норм жазышпай ызы чуу. Биз кандай болсок ошондо президент келет. Де путин ьерип койбой озубузго жараша болот. Атамбаевда президентке ойноп келбегендир мээнет кылып эмгеги синип келген жаман болсода сыйлайлы. Онолгонго дагы 40-50 жыл бар.
Модератор admin_portal түзөттү 01.05.2014 09:34
01.05.2014. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Destro, сен АША менен болсон Кыргызстан 50 жылда да онукпойт, 3-5 жылда Кыргызстандын озун сатып кетет бул кетиште сенин АШАн! Ошончо мигрант айласыздан, бийликке жеп-жутарлар "эмгек" синирип, шайлоолордун жыйынтыгын бурмалап, БШКны колго алып келип жатышат, атамбаев дагы, Чуйдо явка 80% болуп (?), мигранттар Кыргызстанда ачкадан олмок беле баарын чекеден сатып жатсанар кургандын ордуна. Атамбаевдин ордунда болсонор иштей албайсынар депсин, АША эмне жумуш жасады озу 4 жылда, бизге ошону айтчы!
01.05.2014. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Destro, мигранттар бийликтеги бир ууч жеп жутарларга тенелбей оз арабабызды озубуз тарталы деп талаалап журушот,ар жылы олкого 2 миллиард доллар акча которуп ал акча Кыргызстанда калат,ошол акчаларга калганынар жан багып жатасынар, чет олколук инвестициялар менен АКШ, Россиянын жардамы да баары чогуу жылына 2 миллиард долларды тузбойт! Атамбаевдин 4 жылда жасаганын кул базардан кармап келинген сабатсыз бири 4 айда жасамак! Патриот, чарбачыл президент 4 жылда Кыргызстанда ото чон озгоруу жасамак
01.05.2014. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Destro - эскертүү!
Кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө жол берилбейт.
01.05.2014. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Revolyutsioner- акча салат дейсин ак салгандар туз атамбаевге которуп жаткандай айтасынго. алар баары озунун уй булоосу учун. акча салгандар акчасына бир нерсе алып жеп жатат туз мамлекетке которгон жок. сен озун айтчы мамлекетке эмне иш кылды?
01.05.2014. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мадумаровдун айтканы чын экенин баары билишет.
01.05.2014. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атанбаевди Президент катары тан алгандар аз эле го....Свет да уже 2эсе которулду....баардык жакта кымбатчылык, Оштогу копуро иши токтотулду, Эскакада копуронун ордуна простой еле копуро курулат деп жатышат, булардын элге кереги бар беле? Ким Куноо кылган болсо Аллахым озу жазасын берсин.... Бул дуйнодо Байлык-бийликтин кучу менен саясат жургузуп элди алдап жатышат , ошолор Акыретте абалы эмне кечет экен? .... Ар бир адам бул жашоодого жашоосун эмес , кийинки жашоосун ойлоп жашаса Коом озу эле о
01.05.2014. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
revolyutsioner, созундо чындык бар!!! Бизге темирдей тартип керек. Антпесе олкобузду бир жагынан АКШ чоюп,бир жагынан РФ чоюп,бир жагынан НПОлор тытмалап элибиз эмне кылаарын билбей калышты!!!Азыр кыргыз эли атасы жок бала сымал жетимсиреп утрат!!!Элди ээрчитип чыкчуу эрендерибиз,акылдуу-билимдуулорубуз,косомдорубуз кайда экен?!Олкобуз онугот деп ишенебиз...
01.05.2014. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис Мырзакматов байкебиз болуп турганда копурону бутурмок, просто коро албай жатышат да!
02.05.2014. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Силер жатып алып талашып-тартыша бересинер. Эртен Кыргызстаныбызды жеп бутурушот. Аллах бизге береке берип, АШАнардан куткарсын!
02.05.2014. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдын куну коп дагы деле кеч эмес бийлик колунда эч ким тартып ала элек корсотсун резултат жок дегенде мэр челик
02.05.2014. 05:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kachan bolso kaiırchydai suranyp jurobuz kyrgyz dep aitkan jaiı bar eken.any emnege elden surap jatat ya ХХХ ХХХ ХХХ jegeden koro oshol kaiyrchydai bolboi ondoboibu oshol joldorun ıshı kılıp kırgızdın chachyna jun chykandan berı ele talaalap jurot da ısh joktun aiınan tashıevdı ele shailap alsap bolot ele bızge sonun prezıdent bolup bermek oshol
Модератор admin_portal түзөттү 02.05.2014 09:53
02.05.2014. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nurgul-92 - эскертүү!
Кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.
02.05.2014. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
туура айтат алдыга жылышыбыз керек талас белгенден алганы коп деп жатат мунун баары элде куноо жок акчаны кимге берип жатат ошону такташы керек эсептеп кайра ошону тортурушу керек да толгон акчасын жакшы нерсени курганга жиберсе ошол акчаларын бергенин да алганын да эл берет баарын окмотко окмоттогулор оздору жок кылып жатпайбы кем берип айыл окмоттон башталат канчасын жеп анан андан кийинкисичи ошолордун баарын тактасанар эле толук чыпмак аны силер менден да жакшы билесинер ошону ишке ашыра
02.05.2014. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
туугандар азыр эн башкы нерсе болунбосок себеби болунуп украина, ливия,сирия, баары жарандык согушка алып келди эгер америка бизди кайрап согуштурса иштин буткону ушул ошого этият бололу.азыр америка акча берип бийликти кучтосо элге туруп ата берет ошого болунбой чагымчылардан оолак бололу.
02.05.2014. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага жакты суйлогону,баарын туура айтыптыр. Умный киши экен. Жамандаган комментаторлорго соз жок... Жакпаса укпагыла.
03.05.2014. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кантсе дагы чындыкты айтыптыр, Атамбаев деле жинди эмес, мурдакы 2 президенттин тагдыры башына тушушун каалабаса керек. президентибиз аракет кылып жатат тушунгон адамга белгилуу эле, Бажы биримдигине кошулсак Атамбаевдин Кыргызстандын онугушуно чон салымын кошкон болот. Кетсин эле дей берет экенсинер эмне Атамбаев ар бирине уй салып берип, алдынарга бирден машина мингизип койсунбу? анда деле айтмаксынар салып берген тамы менен машинасы анча деле эмес экен деп.Жакпаса минусту баса бергиле...
03.05.2014. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
айланайын эмне болуп кеткен бул жак. АША Азамат болгонун болгондой айтыптыр. Кыргыщздар малдай болуп эле мурдагы ууруларды бошоткула, мурдагы кылмышкерлерди актагыла деп митингге чыгып, завод курса иштетпе, жол салса салбагыла деп, анан кайра ачка болдук деп митингге чыгып атышса куйогонун айтат да. мен деле айтмакмын. президент да адам да куйгонунон нерви чыдабай кетсе керек. бирок мен ага толук кошулам. 100 пайыз туптуура айткан азыркы коом ушундай болуп калдык.
03.05.2014. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АШАнын бул создору аябай катуу кетиптирго э, чынында озу да жадап да кеткенго ар олкодон акча сурай берип жана ал да аз келгенсип башка бет да калбадыго. Дагы канчалаган мекендештерибиз чет олколордо уй-булолорун багып , оздорун-оздору камсыз кылып журушот канчалаган кыйынчылыктарды корушуп. Алардын баары келсе Олкобуздо эмне болот Кудай билет. Тилегеним Мекенибизде тынчылык эле болсун , бут бардык Кыргызстандыктардын уй-булолоруно ынтымак, ырыс, дасторкондоруна береке ! Аман болунуздар!!!
03.05.2014. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Чындыгында эн туура айтылган создор.Атамбаев молодец.Кыргыз элин алдыга жылдырып жатат .А жанагы жакпайт дегендер биринчи озунорду карап алып анан айткыла силер мисалы Кыргызстан учун эмне кылдынар?Буйруса мекенибиз оркундоп осо берсин Алга кыргыз элим!!!!!!
03.05.2014. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев грамотный,кандай иштеш керек экенди билген,Кыргызстанды онуктуруу б-ча озунун пландары бар мыкты адам,просто кыргызстанга жакшылык каалабай,оз кекиртегин ойлогон адамдар,коро албай ар кандай калп ушактарды жайууда.Иштерине ийгилик!!!
04.05.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ayaza, Атамбаев грамотныйлыгынан 4 жылдан бери ойлонуп отурабы эмне кылсам Кыргызстан учун деп, же Казахстандан ташылып келип 4 жылдан бери Бишкекте турган миндеген тонна радиактивдуу Кулан комурун ташып келип сактоо да Атамбаевдин пландарында бар беле, коррупция менен курошуп жатам деп чамынат, эмнегедир ошол Кулан комуру, Камбар Атада кумга синген миллиондор, дирекцияда дайны чыкпаган 6 миллиард сом боюнча бир жан камалганын укпадык!! Атамбаевдин ишкердиги Кыргызстанды сатуудан байкалып жатат
Медиа-портал
03.05.2014. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мелис эркек озуно ишенген учун копуро салып жаткан
03.05.2014. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу мекендештер сабыр кылалы.
03.05.2014. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Комментарийлерди окуп олтуруп аябай суйундум,жалан акылдуу адамдар чогулуптур бул жерде,биринен бири акылдуу тигинтмекмин,минтмекмин деген эле анда эмне олтурасынар комментарий жазып,кылбайсынарбы.?Кыргызстаныбызды кулдотуп жибергилечи биз жардам берели,айткылачы эмне кылышты куч бар,акыл бар силер только айткылачы эмне кылышты. Биринчи кочугунорду которуп Кыргызстан учун бир нерсе кылып койуп анан кийин бироону критиковать этсенер туугандар .
03.05.2014. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев туура кылып жатат азыр биз Орусия менен жакшы мамиледе болушубуз керек(.ырыматылык Чынгыз Айтматов созу).азыр биз олко катары чек арабызды коргой албай жатабыз,Бажы союзундагы олколор бизди тендерине албай жатышат.бир кана Орусиядан жардам болуп калышы мумкун.
04.05.2014. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев 4 жылдан бери бийликте отуруп бир жарытылуу иш кылбай кайра баары жокту чекеден сатып жатса атасынан энчи калгандай, алтын-кумуш кендерди,аэропорт,Кыргызнефть,ГЭС,Мегаком, ОшТВ ж.б. Бийликти бир ууч жеп-жутарлар менчиктеп алса байлык-бийликти колдоруна топтоп, карапайым патриоттор бийликке кантип келет же митингге чыкса жакпаса! Мигранттар ар жылы 2 миллиард доллар акча которуп Кыргызстанды багып жатат,силер эмне кылып койдунар деп бийликтин жугундукорлору чамынат арам тамакка тоюп алып
04.05.2014. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экичи Стив Джобстун биографиясын окуп койсо ото суйунот элем
04.05.2014. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым буйуруп Кыргызстан онугуп кетсе экен,кудайдан тилегеним ушул россиялап канчага чейин журобуз!!!
05.05.2014. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунун жанынан берип жаткандай суйлотурго элдин акчасын
Медиа-портал
21.10.2014. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаевдин кгга салымы азмаз тийди 1ден Тартиптуулукту орнотту 2ден Америкалыктарды кетирди 3дон бишкекте кыйла жолдор онолуп калды
бирок тан калаарлык бир озгоруш кыла алган жок коррупцияны,кадр маселесин,энергетика,билим жагын,саламаттыкты сактоо жагын,жаакырлык жагын,эми айта берсен коп,азыр кундоп тундоп Россияга иш издеп кеткендер кобойуудо Куштуу созу откур элге байлыгы менен эмес чечендиги менен эмес иши менен таанылган чыгаан чыныгы кыргыз учун куйгон патриот келсе ошондо онолот
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: