Нурланбек Шакиев, экс-министр:«ӨТКӨНГӨ ӨКҮНБӨЙ, АНДАН САБАК АЛУУ КЕРЕК»

№603 23-май-29-май, 2014-ж


19 жашында башкы редактор, 28 жашында президенттин басма сөз катчысы, 31 жашында ЭлТР телеканалынын башчысы, 33 жашында маданият, маалымат жана туризм министри болгон Нурланбек Шакиев биз менен кенен маек курду. Баарлашуубуз Нурлан мырзанын туулган күнүнө дал келип, ал 37 жашка чейинки өмүрүндө жетишкен ийгиликтерин баяндап берип отурду.

– Нурланбек мырза, көрүнбөй кеттиңиз, учурда эмне менен алектенип жүрөсүз?
– Бүгүнкү күндө саясий активдүүлүктү бир аз азайтып, өзүмдүн жеке иштерим, үй-бүлөлүк маселелер менен алекмин. 1994-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач орто мектебин аяктадым эле, быйыл мектепти аяктаганыма 20 жыл болуптур. Буга карата бирге жүрүп, бир уядан билим алган классташтар 20 жылдык жолугушууга чогулабыз деп камынып жатабыз.

– Сизди эл карьерасын журналистикадан баштап, аз убакыт ичинде ийгиликтерге жетише алган коомдук ишмер катары тааныйт. Маалымат тармагына качан, кантип келип калдыңыз эле?
– 1-курстан тартып, 1995-жылдан бери журналистика тармагындамын. Негизи, Айыл чарба университетинин экономика факультетинде окугам. Студент кезде эле коомдо, саясатта, экономикада болуп жаткан оош-кыйыш жаңылыктарга кайдигер карабаган, идеясы, көз карашы бар жаштардын катарында болуп, ошол кездеги эң алдыңкы делген эркин гезиттерге өзүмдүн көз карашымды жазып жүрдүм. Ошондон кийин мени жумушка чакыргандар чыгып, сырттан кабарчы болуп иштеп, журналистикага аралашып кеттим.

– Кызматка алынганыңызда дароо башкы редактордун орун басары болуп дайындалган экенсиз. Кийин кыйынчылыктарга кабылган жоксузбу?
– Мен гезитте башкы редактордун орун басары катары дароо иш баштаганым менен, ага чейин штаттан сырт кабарчы катары тажрыйба алып жүргөндүктөн, журналистиканын оош-кыйыштарына кайсы бир деңгээлде аралашып, түшүнүк алып калгам. Ошол себептен кыйынчылыктарын деле сезген жокмун.

– Экс-президент Курманбек Бакиевге кандайча басма сөз катчысы болуп келип калгансыз?
– Өкмөттүн «Эркин-Тоо» гезитинде иштеп жүргөнүмдө ошол кездеги президент Курманбек Салиевич менен Өзбекстанга болгон расмий иш сапарында чогуу болдук. Иш сапардан кайтып келе жатып ал «мага басма сөз катчысы болуп иштеп бербейсиңби, бетке айткан, маалыматтарды жашырбай айта алган кызматкерге муктаждык болуп жатат» деп кайрылган.
Курманбек Салиевич менен иштешүү абдан жеңил болчу. Ал кишини дале сыйлап, урматтайм. Тилекке каршы, убагында аны менен чоң кызматтарда иштешкендердин көбү башкача сүйлөп калышпадыбы...

– Ушул эле бийликтин тушунда ЭлТРге жетекчилик кылдыңыз. Бул каналга өзгөртүү киргизип, көрүүчүлөрүн көбөйтө алдым деп ойлойсузбу?
– ЭлТРге башкы директор болуп келгенимде ал каналдын көрсөтүүлөрү суткасына 6-7 гана сааттын тегерегинде чыкчу. Жарым жылдын аралыгында 12 саатка чыгардык. Материалдык-техникалык жактан абдан начар абалда эле, ал жагын да 1 жылга жакын убакытта чыңдап, эфирди суткасына 17 саатка жеткирдик. Жаңы программа, ток-шоу, долбоорлорду иштеп чыгып, мурда Кыргызстандын 50 гана пайызы көрүп жүргөн ЭлТРдин көрүүчүлөрүн 74 пайызга жеткире алдык. Мындан сырткары түрк кесиптештер менен келишип, 130 миң еврого грант катары спутник алып келип, дүйнөнүн 54 мамлекетине спутникке чыгарганыбыз менин эң башкы ийгилигим болду.

– Ийгиликтер менен катар жаза таюулар да болсо керек. Андай күндөрдү кантип жеңгенсиз?
– Ар бир ийгиликтин артында опол тоодой эмгек, кыймыл-аракет, билим, тажрыйба турат. Алар болбосо ийгилик эч убакта өзүнөн өзү жаралбайт. Жараткан ийгиликтеримдин сыры өзүмдүн аракетим, Алла Тааланын колдоосу деп гана билем. Кайда, кайсы жерде иштебе, оңой иш жок, ар бир иште кыйынчылыктар болот. Кыйынчылыктарга баш ийип, ошону жеңе албай отуруп калуу – адамдын алсыздыгы.

– Өткөндө аты таанымал маданият ишмерлери өкмөт үйүнө өкүрүп барып, бул тармакка өтө начар мамиле жасалып жаткандыгына нааразычылык билдиришти. Бул министрликти сиз да жетектеп калбадыңызбы. Чын эле маданият министринин орду башка жактан «кресло-папке» табылбай калгандарга берилеби?
– Бул жаңылыкты кайсы бир деңгээлде бийлик адамдарына коңгуроо чалуу катары жасалды деп ойлойм. Өкүрүп барган менен маселе чечилбейт да, маданият тармагы жакшырып кетпейт. Маданият тармагы өтө оор, акыбалы алсыз тармак. Бирок аны оор деп эле отура бербей, маселени чечүүнүн жеңилдете турган жактарын издеп көрүш керек. Ал үчүн эң биринчи кезекте жеке эле министрликтин өзү эмес, бүтүндөй мамлекет, бийликтин бардык башкаруу бутактары системдик түрдө өзгөртүү киргизип, чоң каражат бөлбөсө, бул министрлик жалгыз өзү маданиятты көтөрө албайт.
Ал эми бул тармакка креслого жетпей калган адамдар келип жатат деген кептерге мен кошулбайм. Бүгүнкү маданиятка сырттан карап, жеке гана маданиятты эмес, экономиканы түшүнгөн, башкаруу системин чече билген менеджер керек.

– Көп киши эмгектенген жамааттарды башкардыңыз. Лидер боло алдыңызбы ошол чөйрөдө?
– Маданият тармагында 18 миңдей адам иштечү. Бул тармакта 1 жылдан ашык убакыт министрлик кылдым. Кол алдымда иштегендерди орун басарларымдан тартып, пол жууган кызматкерлерге, айдоочуларга, баарына бирдей мамиле жасайм. Алардын максаттарын кайсы бир деңгээлде орундатып, анан талап коём. Кээ бир жетекчилердин кемчилиги – кол алдындагыларга үстүртөн, жогорку звенодогу кесиптештери аркылуу гана байланышып иштегени. Маселенин эң көйгөйлүүсү дайыма төмөн жакта калып, кичинеден топтолуп отуруп чоң маселеге айланат.
Лидер адамгерчиликтүү болушу керек. Мына ушул сапат болсо, лидерлик касиет өзүнөн өзү пайда болот.

– Кыска ойлонуп, туура эмес чечим чыгарып, жаңылыштык кылган учурлар болгонбу?
– Бул татаал турмушта тирүү адам болгондон кийин ар бирибиз сөзсүз түрдө жаңылыштык кетиребиз. Бирок мен турмушумда оптимист да, пессимист да эмес, реалистмин. Ошондуктан эч убакта катачылык кетирип өкүнүүгө же бир ийгиликтерди жаратып сүйүнүүгө өзүмдү алдырбаймын.

– Кайсы бир белгилүү инсандардан үлгү аласызбы?
– Турмушумда, тилекке каршы, эч кимди идеал тутпайм. Себеби жашоодо эч качан идеалдуу адам болбойт. Бирок кайсы бир деңгээлде ийгиликтерине суктанткан адамдар бар. Алар Исхак Раззаков жана Нурсултан Назарбаев.

– Бала кезде көксөгөн кыялдарыңыздын ишке ашканы барбы?
– Бала кезимде 2 кыялым бар эле. Бири 20 жашымда үйлөнүү, экинчиси келечекте мал доктур болуу. Тилекке каршы, окууну бүтүп жаткан мезгилде колхоз-совхоздор кыйрап, мал доктурлук кызматтын мааниси жоголуп бара жатканда ким болушумду билбей калгам. Анан айла жок, экономист болуу оюмда болбосо да экономика факультетине тапшырып калгам. Ишке ашпай калган балалык таттуу кыялымдын бири ушул. А бирок экинчи кыялым орундалып, классташтарымдын алдыңкысы болуп 20 жашымда үй-бүлө күттүм.

– Ийгиликке, жакшы турмушка жетүүнү эңсегендерге кандай кеп-кеңештерди айтар элеңиз?
– Ийгиликке жетүү үчүн адам баласы бирөөгө бут тоспосо, ага да эч ким бут тоспойт. Бирөөнү ушактабаса, аны да эч ким ушактабайт. Ошол үчүн түз жүрүп, талбаган эмгек менен алдыга гана умтулуу кажет. Өткөндөн сабак алып, бирок ага өкүнбөө зарыл. Эң башкысы Алладан көбүрөөк суранып, аны көп эстеш керек.

Ширин Турдакунова
politika@super.kg



"К.Бакиев менен иштешүү жеңил болчу" дейт экс-министр Нурланбек Шакиев

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
SUPER.KG видео
24.05.2014. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негизи суперге татыктуу адамдар келет.
Модератор admin_superstan түзөттү 26.05.2014 09:32
SUPER.KG видео
24.05.2014. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маданият министр. боюнча айткан оюна кошулам, кандай министр болсун ал менеджер, уюштура алган, экономиканы тушунгон киши болуш керек. Ал маданият же мал чарба, эконом. министри болому бардыгында акча маселеси каралат, мад. министр кино тартып, же ырдап, жебийлемек беле...
Модератор admin_superstan түзөттү 26.05.2014 09:27
SUPER.KG видео
24.05.2014. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Bakiev makoo bolso ishteshkenge onoi bolot da. Lukashenko aityp atat ech kim karabai kochodo yilap jyrgon jerinen kirgizip aldym dep. Kyrgyz taryhyndagy en ele dengeeli tomon president boldu.
Модератор admin_superstan түзөттү 26.05.2014 09:27
SUPER.KG видео
26.05.2014. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
detektiv, кимдир бирөөнүн абийирине шек келтирүүгө тыюу салынган! 3 күн БАН!
13-nazi, кимдир бирөөнү мазактоого болбойт. Эскертүү!
bopos, талкуудан алыс билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
Модератор admin_superstan түзөттү 26.05.2014 09:40
SUPER.KG видео
27.05.2014. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Хе Бакиев барда жыргап арзан жашоодо жашаганбыз,болгону свет мн байланышты бир аз кымбаттатып койду деген калп шылтоо мн тонкорушуп салышты.Азыр эмне силерге АША май чайнатып,бал каймак жегизип,бейиштин жашоосун алып келип бердиби.Аык-тулук асманды чапчып,бензини айтор жашоонун озун кымбаттатып койду го.Бакиев бийлик башында турганда азыр онукмокпуз.Эми светти кымбаттатып койсо ошондо озунорго келесинер АШАнын суйчуулор!!!
28.05.2014. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурлан агай ЭлТРде директор болуп турганда иштешип калдым. Чынын айтыш керек мындай чечкиндүү кичи пейил жетекчини дале болсо учурата элекмин. Агай чыныгы мыкты инсан. Агай, сиздин ишиңизге ийгилик каалайм. Сиз менен дагы бир тармакта иштешип калууну Аллахтан суранам, аман болуңуз.
SUPER.KG видео
30.05.2014. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sularak76 сен Бакиевдей болуу учун эки жуз жолу торолсонда жетпейсин ххх ххх, сен бакиев менен озунду алмаштырып жазып алыпсын ххх
Модератор admin_media түзөттү 30.05.2014 11:49
SUPER.KG видео
04.06.2014. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы суйлоптур.. ....
SUPER.KG видео
17.06.2014. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бакиевдин заманы жаман деле эмес болчу ит уроберет кербен журо берет ал кишидей падыша болобу да болбойбу эми
SUPER.KG видео
08.11.2014. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул мен окуган мектептен бутуп ,атамдын эн жакшы коргон окуучулары экени эсимде.Аксылыктар орт болушат,азаматсыз ага,кандай кун болсо дагы ар дайым сизди ийгилик коштосун.ЭЛТРде иштеген журналист курбу кызым сиз жонундо:"ушундай омурлук жолдошум болсо мен бул байкеге бут жагынан баа берем,кылган иши,суйлогон созу озун алып жургону мени тан калдырат",-деп копко чейин айтып журду.Азаматсыз!!!
SUPER.KG видео
16.07.2015. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Э э э Бакиев энди онуктуруп жоногондо иттик кылдылар да Манин айлыма суу келбес жерге канал куруп баштаганда иттик кылды бийлик сын 5 жылдан бери буто элек ошо канал эх.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: