«КУТ САТЫП АЛАМ, 1 ГРАММЫ 10 000 ДОЛЛАР!»

№604 30-май-05-июнь, 2014-ж


Учурда элге «кут алабыз, 1 граммы 10 000 доллардан» деген сөз тарап, оңой акча тапкысы келгендердин бүйүрү кызып баштаган чак. Бул тууралуу биз да уккан соң бул бар нерсеби же «ЗилМосква» муздаткычы сыяктуу шылуундардын кезектеги «өрдөгүбү» деп кызыгып көрдүк.

КЕЗЕКТЕГИ ЭЛДИК ЖАРНАМАНЫН ТОЛКУНУ
Редакциябыздын эшигин «жардам бербесеңер болбойт, кайдагы бир кут үчүн эл текелерди кырып таштамак болду» деп Нарын облусундагы аңчылык багыттагы «Эки уул» ЖЧКсынын жетекчиси ОЧОР ТОКТОНАЛИЕВ аттады. Күйүп-бышкан ага суроолорду узаттык.

– Очор, айтсаңыз, ал эмне болгон кут жана анын текелерге кандай тиешеси бар?
– Кимдер чыгарганын билбейбиз, бирок элди «кут алабыз, 1 граммы 10 000 доллар» деген сөз аралай баштады. Сураштырсам, «тоодогу аска-таштардын кычыктарында өңдөрү кызыл, сары, ак, жашыл, күрөң келген кут деген тирүү жандык болот. Аны тоодогу текелердин айрымдары жеп алышат. Ошол үчүн эл кезиккен эле эчки-текелерди атып, ичин жарып, кут издеп жатышат. Кутту алгандан кийин 7 күн жашайт, анан өлөт. Кутту жеген адам рак болобу, башка болобу, оорусунан биротоло айыгат экен. Чет элдиктер сатып алышат» дешти. Мен буга ишенбейм, бирок ишенип, акчага кызыккандар болуп жатпайбы.

– Кайсы жак дүрбөп жатканын билбейсизби?
– Таластыктар, чаткалдыктар, анан кочкорлуктар экен. Менде куттун 2 сүрөтү жана бир видеосу бар. Балдардан көчүрүп алгам.

«КУТ ТАППАЙСЫҢБЫ, БАЙЫЙСЫҢ»
Маек учурунда Очор мырзанын чөнтөк телефонуна чалышып, Чаткалдан балдар аскалардан кут аталган нерседен үчөөнү тапканын баяндашты. Эртеси бир таанышым чалып, кут тууралуу айтып кирсе болобу. Демек, кут элге жайыла баштаган.
Негизи кут деп көпчүлүгүбүз асмандан түшчү жана бакыт- таалай алып келчү нерсени түшүнөбүз. А булар башкача айтышууда. Баарынан текелердин абалын ойлоп, бооруң ачыбай койбойт. Аймактардагы аңчыларга чалып сураштырганыбыз менен, сүрөттөрдүн жана видеонун ээси табылбады. Сүрөттөгү жана видеодогу нерселерди алдыруу мүмкүн болбоду. Бирок чаткалдык аңчы Шаамбек Субанов «былтыр күздө Чаткалда «7 жаштан өткөн текелердин айрымдарынын ичинде атайын без болот. Аны алып, чет өлкөлүктөргө өткөзсө 10 миң доллар беришет экен» деп дүрбөшкөн. Бирок аны эч ким тапкан эмес, ойдон чыгарылган экен» деген маалыматты берди.

«БИР ЖАКТУУ ЖООП АЙТА АЛБАЙБЫЗ»
Биз 2 сүрөттү жана видеону алып, бир билсе ушулар билер деп Кыргыз улуттук илимдер академиясына баш бактык. Биология жана топурак таануу институтунун директору, биология илимдеринин доктору БЕКМАМАТ ЖЕНБАЕВ мындай жооп берди:
– Биздин илимий изилдөөчүлөр мындай фактыга мурун-кийин жолуккан эмеспиз, билбейбиз дешти. Сүрөттөрдөгү нерселер минералга окшошуп тургансыйт. Ал эми видеодогу нерсе канга окшошот жана сарымсакка тартылуу күчү менен тартылып жаткандай. Сүрөттөгү жана видеодогулар бири-бирине тиешеси жок, эки башка нерсе. Кыскасы, бир жактуу жооп айта албайбыз.

ГЕОЛОГДОР БИЛЕР БЕКЕН?
Эми Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик институтуна жөнөдүк. Геология башкармалыгынын башчысы НАБИ ЭШНАЗАРОВ мыкты деген геологдорун чакырып, сүрөттөр менен видеону көрүп чыгышты. Жыйынтыгында:
– Сүрөттөгүлөр минералдарга, башкача айтканда, малахитке, ошондой эле нефритке да окшошуп кетет экен. Бирок аларды тирүү жандык деп айтуу мүмкүн эмес. Видеодогунун эмне экенин билбедик. Мүмкүн, ал видеомонтаждыр?! Минералдарды кийиктер жебейт. Алып келип текшергенде гана аныгы билинбесе...- деп жооп берди.

Мына ушундай, замандаш, бул имиш да мурунку имиштердин катарын толуктагансыйт. Демек, эчки-текелерди жайына койгула демекчибиз.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg



Кут сатып алам, 1 граммы 10 000 доллар!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(38)
02.06.2014. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
канга окшобойт ко. Кан антип тартылмак беле? агып калат да ошол жерде жайылып.
02.06.2014. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кыргыз элим кайда баратабыз? Бирөө жогоруда отуруп алып Фасс десе эле чуркай берчү болдук го. Кайран КЫРГЫЗЫМ ай. Эртең эненди өлтүрүп жүрөгүн алып келсеңер 30миң$ берем десе, аны да кылгандар чыгаткоо бул кетиште.
02.06.2014. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asus77, tyyra aitasynar, degi zaman kaida baratat???
03.06.2014. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
sara90, Заман ошо эле,биз нито жактарга баратабыз.Бесит саясаты дагы ушундай ишенген адамдар дагы.
02.06.2014. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мунун баардыгы элдин карангылыгындаболуп жатпайбы. Африкада дагы носорогтордун мандайындагы муйузун кургатып майдалап сууга салып ичсе дарылык касиети бар деген тушунук елде болгондуктан канчалаган жаныбарлар олтурулуп же тируулой муйузунон ажырап жараатынан олуп жатат. Жаныбарларды коргоочу уюмдар канчадан бери курошуп келишет. Пилдердин дагы еки чыгып турган азуу тиштери учун омурлору кыйылууда. Эл бул имиштер болбогон нерсе екенине ынаныш учун коп убакыт керек да.
02.06.2014. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Индонезияда чонойгон таанышымдын айтканы есиме тушту. Ал жакта акуланын жонундагы сузгон канатынын тарамыштарынан шорпо жасап ичишчу екен. Абдан кымбат баалуу болчу дейт. Кийин тушунуп жатам ал учун акулалар тируулой сузгучунон ажырап андан сон тамак таап жей албай сузо албай озулору еле чогуп кетишет екен. Ал сыяктуу бизде да жаныбарларды ойлосок. Тукум курут кылбайлык.
04.06.2014. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisanat, акуланы атайын тутуп, канатын алып анан кайра сууга таштайбы экен ээ.))
02.06.2014. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ой тобоо бул да болсо элибиздин карангылыгын жардылыгын бекерчилигин билдирет иши болгондо кут издегенге убакыты болмок эмес акчасы болгондо тоо таштарга чыгып жаныбарларды олтурушпойт эле элибиз эмне болуп барайтабыз тери учун эшектерди олтурушсо эмне кылуу керек.......
02.06.2014. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Toboo uwundai kantip bolsun, el durboso ewek kowo durboit bolup ele, yzyldatyp jibergeni jakpait bizdin eldin... Baikuw tekeler (((
02.06.2014. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апендинин жооруктарыго
02.06.2014. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Балким чындап эле ушундайдыр силер кайдан билесинер?
02.06.2014. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бул жагында теке олтуруу башталыптырго. Пай-паай бечара эле жандыктар иий! Ошол теклердин убалы урсун,ошол олтургон адамдарды!
02.06.2014. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
пай пай кожожаштар чыгат турбайбы эми
03.06.2014. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калайык-калкты пайдаланып,Кыргызстандын баалуулуктарын жок кылууга белсенгендер аракетин баштаган экен да демек...Акырындап биротоло тугонуп калбасак экен элим...
Медиа-портал
03.06.2014. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал эмне кут????
Медиа-портал
03.06.2014. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaisan060690,
Саламатсызбы! Шилтеме менен кириңиз: http://www.super.kg/article/?article=27921
03.06.2014. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары эле жеңил акчалуу болгусу келишип эмнелерди гана кылышпады, бир таанышым Кыргызстанды бүтүн кыдырып чыкты го, красный ртуть издеп советский термометрлерде болот экен. Нарынды оңторуп чыкты. Результат жок. Эми түшүндү да, көптөр башынан өтмөйүнчө түшүнбөйт го. Кудай деп эле эмгек кылып тапкан мансапка эмне жетсин! Ишенгендерге ийгилик!
03.06.2014. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мээбиз тегеренип эле, ар кайсыны айтса ар кайсы созго ишенип журо беребизби. кичине анализдеп деле ойлонсо боло. Качан эле ыйык нерсе буюм арылуу брерилчу эле.
03.06.2014. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде эн сейрек кездешкен майда жаныбарлардын Энцклопедиясы бар,бирок бул "кут" дегенге шилекейлуу улулдон башкасы окшошпойт экен.
03.06.2014. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кутту алган Адам барбы анан
03.06.2014. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш биз Кыргызды болушунча калчап атышат го, биздин кээ бир келесоолор бул сыяктанган "КУТ" ка ишенишип канча деген зыян алып келип атышат.
03.06.2014. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боло берет экенда))
03.06.2014. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эчки текелерди кут суту жок эле кырып жатышат ко кыргыздар. Такыр келечекти ойлобойбуз.
03.06.2014. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экологияны коргоо тармагы,парламентке- Жаны жана кучотулгон тартиптеги мыйзам долдоорун сунуштасса дээр элем!!!Жаратылышка зыян келтирген жарандардын жоопкерчилигин кучотуш керек,,,Мисалы штраф менен эле чектелбестен эркинен ажыратуу же болбосо таптакыр ал адамды атуу болуп эсептелинет!!!
04.06.2014. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кут эмнеси?
04.06.2014. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле "КУТ" деген эмне?
04.06.2014. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
MUSU1MAN, "Кут"деген менин билишим боюнча бул,ата-бабаларыбыздын колдон создору. Кут деген Ырыскы-береке,токчулук-молчулук,эл журтта барчылык,болсун деген маанилерге келет.Ал эми Илимий-билим жактан Аллахтын бизге берген берекети,ырыскысы.(Кут деген соз коп мааниге ээ). Мен билген маалымат ушул,ал эми башка билгендер болсо кошумчалай кетиниздер.
06.06.2014. 06:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ужас канип болсун илюзия
06.06.2014. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
06.06.2014. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал эчнерсе эмес. Анча коп кыйналбай 10 эшектин терисин сатып 10 мин $ эмес 13мин $ кылып алгыла да :))))))
07.06.2014. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бут эле кирет, Бут эле кирет КУТТАН кабар жок дегендей )))) КУТ деген эмне ????????????????????????????

07.06.2014. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан мурун зил муздаткычын алабыз кымбатка деп элди дурботушту эле.эми муну ойлоп табышыптыр да.башка эл деле билип калышыптыр да.Кыргыздарга бир нерсени айтып коп акчаны сунуштап койсон булар талап тоноп олтуруп жер байлыктарын сата беришет дешип.
08.06.2014. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ложь. ...ширк
09.06.2014. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
matteraza, жарыялар үчүн тиешелүү бөлүм бар. Комментарийиңиз өчүрүлдү.
Медиа-портал
25.06.2014. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кут емне?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: