ТАЛАНТТУУ, БАКТЫЛУУ ЭГИЗ БӨБӨКТӨР

№605 06-июнь-12-июнь, 2014-ж


1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата «Супер-Инфо» гезити, super.kg сайты жана «Асанбай» сейил багы менен биргеликте борборубуздагы «Асанбай» сейил багында «Эгиз бөбөктөр» деген аталышта майрамдык акция өткөрдү. Ага эрежеге ылайык 3 жаштан 7 жашка чейинки эгиздер катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Быйыл жаздын келиши да, кетиши да кыйын болуп жаткандай. Демейде июнда күн чакчайып чыгып калчу эле, бул ирет жайдын биринчи күнү булуттуу болду. Ошого карабай биздин бөбөктөрдү ээрчитип, алыскы райондордон келген ата-энелерди көрүп көзүбүз сүйүндү. Эгиздер чогулганда «тамашоучулар» Самат Эркинбеков менен Эмил Эсеналиев кечени ачык деп жарыялап, жаш ырчы Руслан Абылов «Мекеним» аттуу патриоттук ырын аткарып өттү. Андан кийин кезеги менен бөбөктөрдүн талантына күбө болдук. Кичинекей таланттардын өнөрлөрүн ырчылар Гүлзада Рыскулова, Анжелика, Ильяз Андаш жана super.kg порталынын өкүлү Дамира Арстанова баалап, калыстык кылышты. Эгиздердин арасында ырдаганы, бийлегени, Манас, жомок айткандары да болду. Быйылкы «Кара жорго» модасы балакайларга да жетип, биринен бири калышпай бийлеп беришти. Жалпысынан 16 жуп түгөй келип, алардын арасында атайын даярданып, бирок элден сүрдөп сахнага чыкпай койгондору да кезикти. Бардык эле ата-эне баласы үчүн күйөт эмеспи. Катышуучулардын апаларынын бири таң атпай алыстан келишкенин айтса, көпчүлүгү балдарынын номери мыкты болсун деп атайын кийим тиктирип, ижарага алып, аябай даярданышкан экен. Сынакта эгиздердин аткаруу чеберчилигине, өзүн сахнада алып турганына, кийимдерине карап калыстар өз баасын берип, жыйынтыгында төмөнкү жуптар байгелүү орунга татышты.

Канайым менен Даткайымдын жатка айткан ырынан да моделдик таланттары күч экен.

Айлен жана Айден «Маленькая страна» ырына бийлешүүдө.

Кара-Балтадан келген «жөжөлөр».

Жылдыздардан турган калыстар тобу.

Аяна менен Баяна жарыша Манас айтып беришти.

Аспандияр менен Райдияранын «Кара жорго» бийи өзгөчө болду.

1-орун Аспандияр, Райдияра (6 жаш)
2-орун Ширин, Жасмин (4 жаш)
3-орун Аэлита, Элина (5 жаш)

Жеңүүчүлөр аныкталары менен аларга «Супер-Инфо» гезити тарабынан даярдалган белектер тапшырылды. Калыстар да куру келбей, балдарга белектерди ала келишкен экен. Майрамдары менен куттуктап ырдап, өздөрүнүн атынан да белектерин ыйгарышты. Андан соң бөбөктөргө бекер балмуздак таратылып, майрамдык кеченин экинчи бөлүгү болгон эс алууга кезек келди. Таланттуу бөбөктөр ал күнү «Асанбай» сейил багындагы каалаган аттракционго бекер түшүп, көңүл ачышты. Айта кетчү нерсе, ал жакта башка сейил бакта жок интерактивдүү оюндар, бир топ кызыктуу аттракциондор бар экен. Биринен чыгып экинчисине түшүп кубанган, жетелешкен эгиздердин көздөрүндөгү кубанычты көрүп, биз да сүйүндүк.

Жеңүүчүлөр белектерин алып кубанычта.

Аэлита, Элина Аспандияр, Райдияра Ширин, Жасмин

Жаш ырчы Руслан Абылов.

«Асанбай» сейил багынын жетекчиси, ЭЛБУРС КАРБАНОВ:
– Балдарга бүгүн каалаган аттракционго түшүү бекер болуп, көңүлдөрү куунак. Биз «Супер-Инфо» гезити менен биргеликте балдарга майрамдык маанай тартуулап жатканыбызга кубанычтабыз.

 

 


Балдар чарчаганча аттракциондорго түшүп жыргашты.

Майрамдык акцияда балдарга бекер аттракцион уюштуруп берген «Асанбай» сейил багынын жетекчиси Элбурс Карбановго ыраазычылык билдиребиз.

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg



"Эгиз бөбөк" сынагы жеңүүчүсүн тапты

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров, Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(24)
SUPER.KG видео
03.06.2014. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сонун! Быйтыйган ананайындар десе)
SUPER.KG видео
04.06.2014. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Асанбай паркка рахмат! сонун аттракциондор бар экен!
SUPER.KG видео
04.06.2014. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мойтошкалар го баары.супер азаматсынар!
SUPER.KG видео
04.06.2014. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балдар биздин келечегибиз!
SUPER.KG видео
04.06.2014. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ииии мынча сонун мотурайашып бир-биринен откон ширин балдар экен.Менда эгиз балалуу болгум келип кетти.
SUPER.KG видео
04.06.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Женилип калгандарга ичим ачышып кетти мостойуууууп калышты го
SUPER.KG видео
04.06.2014. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ииий мамалактар! бактылуу, өмүрлүү болгула!
SUPER.KG видео
04.06.2014. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баарына белек берип коюшса болмок экен
SUPER.KG видео
04.06.2014. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мотурайган коёнектер десе,менда эгиз балалуу болгум келет. Омурлору узун,келечектери кен болсун!
SUPER.KG видео
05.06.2014. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой аман болсун балдарыбыз, бобок болсо да таланттарын тартуулашыптыр, азаматтар
SUPER.KG видео
05.06.2014. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
соонун омурлору узун болун
SUPER.KG видео
05.06.2014. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ииииии таттуулар, сонун болуптур
Модератор admin_media түзөттү 05.06.2014 11:21
SUPER.KG видео
05.06.2014. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары тен сооонун бөбөктөр экен.. Эги кыздуу болгум келип кетти.
SUPER.KG видео
05.06.2014. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баары жакшы болуптур...Бирок жюридеги Гульзат эженин кийимине тушунгон жокмун...Жарашыгы жок кийинип алыптыр...
SUPER.KG видео
05.06.2014. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары молтурайган бобоктор экен. Бактылуу балалык каалайм. Менин да насип кылса келечекте эгиз балам болсооо.
SUPER.KG видео
06.06.2014. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииий шириндерим десе омурлуу эсту акылдуу болушсун
SUPER.KG видео
06.06.2014. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga da kudayim egiz baldardy bersin tilenem
09.06.2014. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin dagy tilegim kyialym egiz balaluu boluu...;)
SUPER.KG видео
09.06.2014. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун балдар экен. Аман болушсун кичинекей бобоктор
10.06.2014. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун сынак болуптур.окшош жожодой эгиз балдар.эгиз балалуу болууну баардык адам эле кааласа керек.Азаматсынар супер инфо.
11.06.2014. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх бактылуу балалык кандай соонун. Супер инфо суперсинер
11.06.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мени эгиз балалуу болгум келет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: