ЧУПАКАБРА ДЕП ЖОЛБУН ИТТЕРДИ ӨЛТҮРҮП ЖАТЫШАБЫ?

№607 20-июнь-26-июнь, 2014-ж


Өткөн саныбызда Кочкор районунда белгисиз кан соргуч пайда болуп, тооктордун жана койлордун канын соруп кетип жатканы тууралуу маалыматты жарыялаган элек. Бул ирет андан бери кандай окуя болуп жаткандыгын, кан соргучтун табылган же табылбаганын изилдеп көрдүк.

«12 КОЁНДУ ДА ӨЛТҮРҮШКӨН»
Алгач жаңы эмне кабарлар бар экенин билүү үчүн Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы МИРЛАН ИСРАИЛОВГО кайрылдык:
– Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан 17-июнга чейин биздин эсеп боюнча өлгөн койлордун саны 36га, тооктордун саны 33кө, ал эми коёндордуку12ге жетти. 156 жолбун ит атылды. Акыркы ирет 13-июнда түнкү саат 1лер чамасында Кочкор айылынын тургунунун 9 тоогун өлтүрүп кетишкен. Алардын эмнеден жана кантип өлгөндүгү, жугуштуу ооруга чалдыккан же чалдыкпаганын аныктоо максатында текшерүүгө жиберилген. Жаңы өлгөн башка жандык жок.

 

«КАНЫ СОРУЛГАНДЫГЫ АНЫКТАЛГАН ЖОК»
Тоокторду текшерүүдө кандай жыйынтык чыгарылгандыгын билүү максатында Кочкор райондук ветеринардык жана фито-санитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы САБАТБЕК МЕДЕТБЕКОВ менен байланыштык:
– Бишкектен атайын түзүлгөн комиссия келген кезде кочкорлук Нургүл Жусупакунованын 9 тоогун өлтүрүп кеткендиги маалым болду. Алардын үчөөсүн Бишкектеги Республикалык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборуна, ал эми алтоону Кочкор райондук ветеринардык дарт аныктоо борборуна жиберген элек.
Кочкордогу текшерүүнүн жыйынтыгында тоокторду жырткыч негизинен мойнунан, төш сөөгүнөн тиштеп, жулмалаганы аныкталды. Бирок этин жеген эмес, каны сорулбаган. Кутурма жана чума оорусунун козгогучтары табылган жок. Тоокторду бөрү, чөө же жолбун иттер тиштеп, жулмалашы мүмкүн.
Ал эми өлгөн койлорго келсек, алардын да каны сорулуп өлгөндүгүнө далилдер жок. Койлордун жаагын, жука чурай жагын, далыларын тиштегилегендиги аныкталган.
Кочкордо жалпысынан өлгөн койлордун саны 36ны түздү. 2-3 күндүн ичинде өлгөндөрү жок.

«ЖЕБЕЙ ЖӨН ЭЛЕ ТИШТЕП, ЖУЛМАЛАШКАН»
Эми Бишкектеги Республикалык ветеринардык дартты аныктоо жана экспертиза борборунун вирусология бөлүмүнүн жетекчиси БУРУЛ ОСОКЕЕВАГА кайрылдык:
– Бизге текшерүүгө 3 тооктун өлүгү алынып келинген. Союп көрүүдө аларды жырткыч мойнунан, төш сөөгүнөн тиштегилеп, жулмалаганы маалым болду. Жырткычтын тиши 2-3 сантиметрге чейин кирип, төш этин 3-7 сантиметрге чейин жырып кеткен. Андан тышкары мүрүлөрүн жана төш сөөгүн сындыра тиштеген. Тооктор кутурма же чума ылаңы менен оорубагандыгы такталды.

«ЧУПАКАБРА ДЕП ОЙДОН ЧЫГАРЫП АЛЫШКАН»
Кой, тоокторду кандай жаныбар өлтүрүп жаткандыгы жана бул жаатта эмне чара көрүлгөндүгүн так билүү үчүн Аңчылык департаментинин адиси БАТЫРБЕК АБДРАИМОВГО жолуктук:
– Атайын буйруктун негизинде биздин департаменттин кызматкерлери жана аңчылары Кочкорго барып, малы зыянга учураган адамдар менен жолугушкан. Алар малдарынын каны сорулуп өлгөндүгүнө далилдер жок экендигин айтышкан. Бизден баргандар да андай малга кездешпеген. Ушул себептүү кой-тоокторду жолбун иттер өлтүрүп жаткан деген жыйынтык чыгарылды. Анткени үстүбүздөгү жылы кара өпкө оорусу менен эчки-койлор көп өлүп, алардын өлүгү бүкүлү ыргытылган. Ошону жолбун иттер жеп көнүп калышкан. Андыктан эшиги ачык же жакшы бекитилбеген короо-сарайларга киришкен. Чупакабра деп эл ойлорунан чыгарып алышкан.
Учурда биздин департаменттин Нарындагы өкүлчүлүгү Кочкор ИИБи менен бирге түнкү күзөт уюштуруп жатышат. Жалпысынан 108 жолбун ит атылып, өлүктөрү чуңкурга ташталган. Бул сан дагы өсүп жатат, анткени иттерди атуу улантылууда.
Кыргызстанда кан соргондордон чиркей, көгөн сыяктуулар гана болбосо, чоң кан соруучу жаныбарлар жок. Америкадагыдай кан соруучу жарганаттар да бизде жашабайт.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg



Чупакабра деп жолбун иттер атылууда

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
SUPER.KG видео
21.06.2014. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондой эле болсунчу,адамдын журок ушун албай.
SUPER.KG видео
22.06.2014. 05:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолбун иттерди атышып деле туура кылыптыр, ээси жок ит адамды каап алышы мумкун да.Жер-жерлердеги жолбун иттерди да ошентип тазалап салуу керек...
SUPER.KG видео
22.06.2014. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элди коркутпайлы дешип жатышат го негизи чоо эмес эле бир шумдуктуу айбан бар болуш керек.
SUPER.KG видео
23.06.2014. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул чупакабранарды окуп алып туну менен уктабай чыкты ээ(. Качана терезеден кирип келет деп журогум дукулдоп жаттым. кудай сактасын эми. Бул айбан сокулукта журот деп уктум го. Чынбу же тогунбу билбейм.
23.06.2014. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жон эле тиштегилеп койсо жерге жаныбарлардын каны агыш керек эле да
SUPER.KG видео
23.06.2014. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Manat212184, биринчиден, аймактык бөлүнүүгө тыюу салынган!
Экинчиден, кемсинтүүгө жана мазактоого тыюу салынган!
20 күн БАН!
23.06.2014. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер чындап ушташ учун ошол жандыкты бир кой бир тоокту ээн жерге байлап кечинде тан аткыча карап жатса болот очирет менен ошол жаныбарды олтуруш учун
SUPER.KG видео
24.06.2014. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жолбун итер канын сорбойт да, ойлонсонор!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: