ӨЗ ЭНЕСИН ӨЛТҮРҮП, ЖИЛИКТЕП САЛГАН

№610 11-июль-17-июль, 2014-ж


Үстүбүздөгү жылдын 21-мартында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Анатолий (белгилүү себептерден улам кылмышка шектүүлөрдүн жана каза тапкан аялдын аты-жөндөрү өзгөртүлүп берилди) аттуу 21 жаштагы жигит 45 жаштагы Татьяна аттуу апасы дайынсыз жоголуп кеткенин айтып арыз жазган. Бирок 3-июлда кайрадан милиция кызматкерлерине келген Анатолий агынан жарылып, апасын өзү өлтүргөнүн айтып, кылмышын мойнуна алган. Чамасы, энесинин убалы уктатпай, 3 жарым айдан бери тынчын алса керек.

“ЭНЕ-БАЛАНЫН ОРТОСУНДАГЫ ЧЫР ӨЛҮМГӨ АЛЫП КЕЛГЕН”
Бул ишти карап жаткан Свердлов РИИБинин тергөөчүсү Каныбек Сулайманов окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

– Анатолий кылган кылмышын мойнуна алды. Окуя март айында болгон экен. “17-мартта Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичи районундагы үйүнөн 45 жаштагы Татьяна аттуу аял чыгып кетип, кайрылып келген эмес”. Ушундай арыз менен жоголгон аялдын уулу кайрылган.
Дайынсыз жоголгон жаранга милиция кызматкерлери тарабынан издөө салына баштап, издөө иштеринин жүрүшүндө Татьянанын туугандары, жакындары суракка алынган. 3 жарым айдан кийин анын жоголушуна 21 жаштагы уулу Анатолий себептүү болгону аныкталып отурат.
Кылмышка шектүүнүн айтымы боюнча, маркум акыркы күндөрү урушчаак болуп, баласы менен көп чыр-чатакка барып жүргөн. Окуяга тийиштүү башка да версиялар бар. Алардын бири кыймылсыз мүлк талашуу маселесине байланыштуу. Ал таенесинен калган Бишкек шаарындагы үйдү өзүнө каттатып берүүсүн апасынан суранган, бирок ага апасы макул болбой койгон экен. Анатолий апасын башка балта менен чаап өлтүрүп, андан соң 19 жаштагы Андрей аттуу досун чакырган. Экөөлөп каза тапкан Татьянанын сөөгүн жашырууга аракет кылышкан. Окуя болгондон 4 күн өтпөй “апам жоголду” деп укук коргоо кызматкерлерин алаксытуу максатында билмексен болуп милицияга арыз менен кайрылып койгон. Учурда бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү Анатолий жана "кылмыш жасоого жардамдашкан" деп айыпталган Андрей Бишкек шаарындагы №1-СИЗОго тергөө иштери аяктаганча камакка алынышты.
21 жаштагы Анатолий орто мектепти аяктаган соң шаардагы тигүү цехтерине чакыруу менен барып, бузулуп калган тигүүчү машиналарды оңдоп акча таап жүргөн.
Туугандарынын айтымында, алар баланын кичине кезинде терс жактарын көрбөгөн экен. Алар өз баласынан апасынын мыкаачылык менен өлүм тапканына таң калышып, жээнинен мындайды күтүшпөгөнүн айтышууда. Шектүү Анатолийдин атасы болсо баласы төрөлгөндөн бери келип көргөн да эмес. Апасы аларды катташтырбаптыр.

“АПАМДЫ БӨЛҮП САЛБАГАНДА КӨТӨРӨ АЛБАЙТ БОЛЧУБУЗ”
Кылмышка шектелип кармалган Анатолий төмөнкүдөй көрсөтмө берген:

– Үйдө апам экөөбүз эле жашачубуз. Биз болор-болбос нерселер үчүн араздаша берчүбүз. Ал үйгө көп ичип келип, жадакалса бейтааныш эркектерди да алып келе берчү. Мен анысын жактырчу эмесмин, акыркы күндөрү үйдө тынчтык болбой калган.
Окуя болгон күнү да бир маселенин айынан уруша кеттик. Апам компьютерден бир нерселерди карап отурган. Мен артынан келип балта менен башка чаптым. Ал жерге жатып калды, карасам дем албай калыптыр. Сөөктөн кутулуунун айласын ойлой баштадым. Досума телефон чалып чакырдым, ал мага апамдын өлүгүнөн кутулууга жардам берди. Батирдин жуунуучу бөлмөсүнө алып кирип, араа менен сөөктөрүн араалап, бутун бут, колун кол кылып кескиледик. Башын, ички органдарын өзүнчө ажыраттык. Досум болсо мен ошол иштерди кылып жатканда сөөктөрдү кармашып, жардам берип турду. Кийин майдаланган денени полиэтилен баштыктарга салып, скотч менен ороп, кийимдерин кошуп товар ташый турган үч чоң баштыкка салдык. Апам олбурлуу, толугунан келген аял болчу. Аны бөлүп-бөлүп салбаганда көтөрө албайт элек. Бул окуяны эч кимге айтпоосу жана жардамдашканы үчүн досума 2 миң доллар бермек болдум.
Таенем каза болгондо Бишкек шаарынын Пишпек аймагындагы Чайковский көчөсүндө жайгашкан үйү апама калган эле. Ал үйдө эч ким жашачу эмес. Мындан сырткары апамдын наамында башка дагы 2 үй бар болчу. Ошол Чайковский көчөсүндөгү үйдө жайгашкан ичи бетондолгон жер төлө эсиме келди. Досумдан баштыктагы даярдалган сөөктү ошол үйгө жеткизишип коюшун сурандым. Экөөбүз сөөктү унаага салып, үйгө алып барып, жер төлөгө алып кирдик. Түбүн казып көмүп, андан соң цемент сатып келип үстүн бетондоп салдык.

КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ ООРУЛУУ ЖЕ ООРУЛУУ ЭМЕС ЭКЕНДИГИ ТЕКШЕРИЛИП ЖАТАТ
Апасынын денесин уулу өзгөчө мыкаачылык менен кескилеген. Ал тургай башын да бир нече бөлүккө бөлүп, чачын өзүнчө кесип, айтор, апасында өчү бардай эле бырчалаган. Мындай үрөй учурган оор кылмышка соо адам барышы мүмкүнбү? Бул боюнча кылмышка шектүүлөргө тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы жакында билинмекчи.
Жогорудагы окуяга окшош кылмыш үстүбүздөгү жылдын алгачкы айында да катталган эле. Анда Наиль Надиров аттуу Бишкек шаарынын тургуну Карина аттуу 16 жаштагы кызды өлтүрүп, жиликтеп, таштанды салуучу челектерге таштап салган. Кармалган соң тергөөнүн жүрүшүндө Надировдун акыл-эси жайында, бирок баңгизатына көз каранды экендиги аныкталган. Бул кылмыш боюнча Свердлов райондук соту Наиль Надировду күнөөлүү деп таап, 13 жылга эркинен ажыраткан.


Андрей, Анатолий

Кескиленген аялдын денеси үйдүн жер төлөсүнөн табылган.




Апасын өлтүрүп, бетондоп салган

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(34)
SUPER.KG видео
12.07.2014. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык 3 айдан кийин оз башы менень келди дейби.
Ага чеин эмне кылышты?Озу барбаганда ишти кантип жабышмак ?
SUPER.KG видео
12.07.2014. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыз елим аман болсун, биздин тергоочулор оз ишин так аткара алышпайт, жондоп суракка да алалбайт уят органдын адамдары жок дегенде силер дипломду сатып албай кичине уялсанар боло.
SUPER.KG видео
13.07.2014. 05:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне учун кыргыздар кылмыш кылса бетип бекитпейсиздер?
SUPER.KG видео
13.07.2014. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
naz-aika87 туура айтасын анан эмне учун бул чочколорго кыргызча эле суйлобойсунор кыргызстанда жашап жаткандан кийин мисалы россияда жашаган кыргыз киши кылмыш кылып кармалса кыргызча суйлоп сурака албайт да туурабы.
SUPER.KG видео
13.07.2014. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба оздору кыргызча суйлогуло акыркы убакта киргиздер кобойду деп кайгонучу
14.07.2014. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ujas kudai saktasyn
14.07.2014. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кылмышты мыкаачылар озлору ачыкка чыгып айтышпаса, куч органдарындагылар эч нерсе иш жасабай эле даяр келген тамакты жеп коюп отурушат, мамлекеттин бюджетинде!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 14.07.2014 11:41
14.07.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myshka406, туура айтасын
14.07.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай адамдарды которуп жургон жер эне ай.
14.07.2014. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ужас ...
14.07.2014. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайран гана эне байкуш, баласы адам болуп чонойбосо ушуда...
SUPER.KG видео
14.07.2014. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул адамга турмо да аздык кылат! Кудайым оз жазасын берет.
14.07.2014. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
энеде да куноо барго баласын жакшы тарбия берген жок
14.07.2014. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах баарыбызга ыйман берсин
14.07.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанындагы кыкенге эмне жок деймда озуно озу иш ашырып.
14.07.2014. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоо кылдым
14.07.2014. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын андай адамдардан,ыплас иштерден,ыйман берсин адамзатка
15.07.2014. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо. Атыш керек
15.07.2014. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх жашоо.
15.07.2014. 07:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булда бангизатка коз карандыго менимче
15.07.2014. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактаа тобоо кылдым оз энесин кантип олтурду
15.07.2014. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кылдым..
16.07.2014. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактай кор мындайдан
SUPER.KG видео
16.07.2014. 05:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындайлар адам деген атты булгагандар.
16.07.2014. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллахым тозоктон бутун чыгырбасын мындай айбандарды
17.07.2014. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир башына 3 үйү бар экен. Баласынан кызганбай эле берип койбойбу дейм да...
Ач көздүктүн түбү ушундай болот. (Табаа эмес тобоо).
Баласына ылайыктап тарбия бере албаса.......ойййй кайдагы тарбия эйй!!! Өзү тигинтип жүрсө…
Сөзүм жок…
Ыйман берсин Жараткан!
Өз энесин мыкаачылык менен өлтүргөн бала сөөрөйгө Периштелердин наалаты болсун!!!
17.07.2014. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астагфируллах
18.07.2014. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын мындай балдардан.
19.07.2014. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын. Энеге да , балага да ыйман берсин кудайым.
20.07.2014. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашап журуу да кыйындыкка туруп калды го азыркы заманда!!!(((((
11.10.2014. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым ощу жазасын берет мындайлардын. Кантип 9 ай которуп сай соогу сыздап торогон апасына колу барды ...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: