Турсунбай Бакир уулу, ЖКнын депутаты: “АПАМДЫН ТИРҮҮСҮНДӨ ЫРААЗЫЧЫЛЫГЫН АЛГАНЫМА КУБАНАМ”

№615 15-август-21-август, 2014-ж


Уулу эрезеге жетип ата болуп, кызы бойго жетип эне болсо да, эне балдары үчүн өмүр бою кам көрүп, жанын курман кылууга даяр. Деги эле эне-бала ортосундагы байланыш, мээрим, сүйүү эч нерсеге салыштыргыс өзгөчө сезим. “Ар-Намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы депутаты Турсунбай Бакир уулу апасы тууралуу эскерип отурду.

ПАХТАЧЫ КЫЗ...
ТАБЕЛЧИ ЖИГИТ...
– Атам менен апам Алай районунун эки башка айылдарынан. Экөө тең ата-энесинен эрте ажырап жетим калышканында, туугандары аларды Кара-Суу районуна алып келишкен экен. Ал жакта апам пахтачы, атам пахта теримчилеринин нормасын көзөмөлдөгөн табелчи болуп иштеп калышат. Ошондо атам апамды пахтаны көп тергенинен улам жактырып, таанышып, ага үйлөнүптүр. Экөө тең жетим болгондуктан, туулган күн, жылдарын так билишчү эмес. Кийин атам баарыбызга бир күндө барып документ алып, кээ бирибиздин туулган даталарыбызды чаташтырып алыптыр.
Мен төрөлгөндө коюлган ысымым Турсунбай болсо, метрикага Турсун-Али, 16-мартта төрөлсөм 17-март деп жазылып калган. Кийин бул катачылыкты өзүм оңдотуп алгам. Ал эми өзүн, апамды, апамдын эжесин 1932-жылы туулган деп жаздырып коюптур. Ошондо ата-энем 17 жаштарында баш кошуп, 37 жыл бирге түтүн булатышкан. Апам 9 баланы жарык дүйнөгө алып келип, андан жетөөбүз аман калдык. Менден улуу бир агам жана эжем өтүп кетишкендиктен, аман калсын деген мааниде атымды Турсунбай деп коюшуптур. Болбосо атам менин атымды шайлоо маалында төрөлгөнүмдөн Шайлообек деп коёюн деп жүрүптүр. Атам эрте чоң кызматка барып, кийин куугунтукталып, түрмөгө да отуруп чыкты. Ошондуктанбы, эрте көзү өтүп кетти.

“БАЛАЛЫГЫМ БАКТЫЛУУ ӨТҮПТҮР”
– Биздин балалык кез азыркылардын балалыгына караганда бактылуу өткөн экен. Бүгүнкүдөй ачка калуу же кийимсиз калуу, базарларда араба түртүү, көчөдө батинке сүрүп отуруу деген жок эле. Совет мамлекети ар бир үй-бүлөнү көзөмөлгө алып, иштебеген адамдарды камап да койчу. Албетте, согуш убагына жана согуштан кийинки оор жылдарга туш келип калган турмушта кыйынчылыктар болуптур. Ал күндөрүн эстегенде апам: “Бир жолу ачкалыктан агаң экөөбүз колхоздун картошкасын казып келип аябай жеп алган экенбиз, түнү менен кусуп чыкканбыз. Ошондон кийин картошканы жаман көрөбүз” ,- деп айтып бергени эсимде.

“ФУТБОЛЧУ БОЛГУМ КЕЛЧҮ”
– Бала кезимде чоң футболчу болууну самап, алдыма максат коюп, шаардын, райондун командасында ойноп жүрчүмүн. Мени Турсунбай деп эч ким айтчу эмес, Пеле деп чакырышчу эле. Өкүнүчтүүсү, 8-классымдан тарта көзүмдүн көрүүсү начарлап, футбол ойной албай калгам.
Дагы бир максатым – орус тили жана адабияты мугалими болуу, болгондо дагы жапайы жаңгактар өскөн Арсланбаб токоюндагы кичинекей айылга барып иштөө болчу. Максатымды ишке ашыруу үчүн мектепти аяктаганда жогорку окуу жайлардын журналистика, филология факультеттерине бир нече жолу тапшырдым. Тилекке каршы, өтпөй калып жаттым. Себебин кийин университетте окутуучу болуп иштеп калганымда билдим. Көрсө, ошол кезде эле паракорлук деген нерсе бар экен. Окууга тапшыра албай жүрүп убакыт өтүп, аскерге жөнөп кеттим.
Аскерден келгенден кийин тарыхчы болууну чечип, окууга дагы өтпөй калбайын деп университетке формачан барып, экзамен тапшыргам. Ысыктын күнү форма менен тердеп-кургап жатып, Кудайга шүгүр, ошондо араң окууга өткөм.

“ЭЧ КИМ АПАМДАЙ НАН ЖАБА АЛЧУ ЭМЕС”
– Апам менин окумуштуу болушумду кааласа да, чечкиндүү түрдө айтып, ошол багытка бурган эмес. “Эң негизгиси, бактылуу бол” дечү, анан дагы “семиз болбосоң кийим жарашпайт, семир” деп көп айтчу. Саясатка киришип алганымда деле капа болгон жок. Тескерисинче, анда дагы депутат болгонум жөнүндө ырларды жазып жүрдү. Кийин президенттик шайлоо болуп, мен тууралуу ар кандай ушактар чыгып, ыплас оюндар башталып, кара пиар болгондо, мени “экстремист, террорист” кылып коюшканда ыйлап, саясатчыларга, журналисттер менен ушакчыларга капа болуп жүрдү.
Апам жапкан нандай эч ким нан жаба алчу эмес. Айылдаштардын баары келип, “нан жапканды үйрөт” дешчү. Кыпкызыл болуп жалтырап бышкан нанын чарага салып, үйгө алып келген апам “балдарым, биринчи эски нанды жеп бүткүлө, жаңы нанды андан кийин жейсиңер” деп айтчу. Мен анда тамашалап, “апа, биз эски нанды жеп бүткүчө жаңы нан эскирип калбайбы” десем, “туура айтасың, балам, жей бергиле ысык нанды” деп анысын кайра берчү. Айтмакчы, тандырды дайыма мен кызытып берчүмүн. Ошондой эле апамдын ширин күрүчүн, мастава жана шавала деген тамактарын жакшы көрүп жечүмүн.

“АТАҢ ТҮРМӨДӨН ЧЫККАНДА ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕМ?”
– Апам бир гана ирет катуу тилдеген. Баянды үйрөнүү үчүн кирген музыкалык мектептин 1-классын бүтүргөн маалда атам камалып, эч нерсеге көңүлдөнбөй, көгүчкөн багууга өтүп кеткем. Ошентип окуудан да начарлап, үйдөгүлөргө айтпастан музыкалык мектептен чыгып алгам. Аны апам билип калганда, “эми атаң түрмөдөн чыгып келгенде сен жок балдарды карай албай калдым деп айтамбы, эмне деп жооп берем?” деп шапалак менен бетиме чапкан. Бул нерсеге бүгүнкү күнгө чейин өкүнөм. Ошондо мектепти таштабаганымда балким, азыр мен Рыспай Абдыкадыровдой же Түгөлбай Казаковдой музыка адамы болуп калат белем, ким билет...
Атамдын ден соолугу начарлап, операциядан кийин жакшы боло албай, 3-4 күн реанимация бөлүмүндө жатып калды. Бир туугандар кыжалат болбосун деп бул нерсени апама айтпай, баары жакшы деп жүрө бериптирбиз. Ошентип атамдын көзү өтүп кетти. Ушул суук кабарды үйгө алып келгенибизде апам “Атаңар операциядан кийин кыйналып калды деп айтып койбойсуңарбы?! Атаңар менен ушунча жыл бирге жашадык, балким, мага айта турган сөзү бар эле” деп баарыбызды силкип-жулкуп ыйлаганда туура эмес кылганыбызды түшүндүк.

“ЭКӨӨБҮЗ МЕККЕДЕ ТООК ЖЕГЕНБИЗ”
– Сүйүнгөнүм, 1999-жылы апам экөөбүз чогуу Меккеге барып, ажылык парзыбызды аткарып келгенибиз. Азыр элестетсем апам менен ажыда жүргөн күндөрүм эң бактылуу күндөрүм экен. Апам 67 жашта болсо да чыйрак эле, ажылыктын бардык парздарын сүйүнүп, жеңил аткара алды. “Тоокту Меккеде жебесең, анда ажылыгың толук аткарылбайт деп атаңдын шоопуру айтты эле, тоок алып бер, балам” дегенинен экөөбүз тоок алып жегенбиз. Ошондо апам мага ыраазычылыгын билдирип, ушунчалык узак бата бергени эч эсимден кетпейт. Анын “балам, мен сага ыраазымын” деген сөзүн угуп, тирүүсүндө ыраазычылыгын алганыма кубанам.
Акыркы жолу инсульт болуп жыгылганда тура албай каларын сезген окшойт, “атасы жок экенин билдирбегиле” деп 4 кызын бизге табыштады. Ошентип 2006-жылы 21-февралда оор операциядан тирүү чыкпай калды. Апамдын көзү өтүп, анын зыйнатын өткөрүүдө кыйналган жокпуз. Анткени ал бардык нерсени өзү белендеп, берген акчаларыбызды сандыгына топтоп, эмнени кандай кылуудан бери жазып кетиптир. О дүйнөгө кетерде да бизге оорчулук жаралбасын деп маданияттуу өлгөн экен.

"Апам менен ажылык сапарда жүргөнүм – эң бактылуу күндөрүм экен".

"8 айлык кезим, апам жыгылып кетпесин деп артымдан кармап сүрөткө түшүргөн экен".

Ширин Турдакунова
politika@super.kg



"Музыка мектебин таштабаганымда, Түгөлбай Казаковдой музыкант болмокмун" дейт Турсунбай Бакир уулу

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(32)
18.08.2014. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Футболчу эле болуп калбапсыз
18.08.2014. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
бул киши менен соц тармактарда кечке эле онлайн болуп турат,анан ар кандай статустарды коюп ,обсуждать этип кечке олтурат.Аман эле болсун,бизге улгу болчу аттуу баштуу кишинин суйлогон созу 10 жашар баланын акылындай.Агрессия жузунон тогулуп турат,бирде ынгайсыз суроолордогу аялга тенгелип ,тукуругу чачырап кеткичекти кажылдашкан.Ошол топ тээп эле топту кубалап журсо ошол жарашмак экен Турсунбай Бакир уулу)))
Модератор admin_superstan түзөттү 18.08.2014 14:29
24.08.2014. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
raxelya, туптуура айтасын! Мен да соц.сеттен комменттерин окуп алып,конулум иренжиди.Аябай агрессивный адам экенсиз деп алып,балээсине калгам.Бетке айткан создун заары жок десем,бетимди жулуп алайын дегенсиди.Анан удалить этип кутулдум (((.
18.08.2014. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Динден туш жооруйт да Дружба багына особняк салуусун же Куловду туурап жапжаш кызга уйлонгонун ашкере кылбай тымпыйат. Молдонун айтканын кыл да кылганын кылба деп ушундайларды айтса керек, суйлотуп койсо оозунан бал тамчылайт, ишке келгенде бир чыбык башын сындырганын корбойсун, ушактан колу бошобойт. Анан калпты ышкыртып, ххх, аман болсун да, мен Турсунбай Бакир уулун мусулман да, эл уулу да деп эсептебейм, ал мен учун исламдын атын жамынган бир ххх!
Модератор admin_superstan түзөттү 18.08.2014 16:45
18.08.2014. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Revolyutsioner, далили жок кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, кемсинтүүгө тыюу салынган!
Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 18.08.2014 16:47
18.08.2014. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Revolytsioner туптуура айтасыз
18.08.2014. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Туура суйлосо бал таамат. Кыйын экен озу эле жаш кыздарды алып озу жыргай бербей жетим жесирлерге жардам бербейби.
Ар кимдин апасындай нан эч ким жаба албайт если что.
18.08.2014. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
комментарийлердиле окудум ачыгы...Жогору жагын озун корупле окугум келбей калды....
18.08.2014. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
maliw, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз!
18.08.2014. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Озу аксакал болуп туруп озунун небересиндей болгон кызды алып алды ай ай ай
18.08.2014. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушул адам качан качан болсо эле озун мактап басып журот. Элге озун созу менен пиар кылбай, кылган иши менен пиар кылганды биздин чиновниктер уйроно албай койду! Дагы уялбай Рыспайдай, же Туголбайдай ырчы болмокмун деп коёт!
19.08.2014. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
мумкун ырдап берип жагып калгандыр жаш аялына,,,
SUPER.KG видео
19.08.2014. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек болуптур, аябай кунт коюп уктум.
SUPER.KG видео
19.08.2014. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек хажи аке
SUPER.KG видео
19.08.2014. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аялдары жонундо айтпаптырго :)))))
SUPER.KG видео
19.08.2014. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Tugolbai Sydykovdoi bolo albagany uchun muzykalyk mektepti tashtaganda, kolunan ech nerse kelbei ele ozun asmandan ala beret ushul kishi
SUPER.KG видео
19.08.2014. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Улутту башка........
19.08.2014. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ушул адамды корсом кыжыным кайнайт!
SUPER.KG видео
19.08.2014. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мунун улуту эмне?кайсы улут
19.08.2014. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9

мр. Sаn. Сага 100% кошулам. Бул адамдын кылыктарын мен аитпаиын сен укпа дегендеи еле -да, кыскасы..
Модератор admin_superstan түзөттү 19.08.2014 14:13
19.08.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
aitmambet, мазактоодон алыс болуңуз. Эскертүү!
SUPER.KG видео
19.08.2014. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата энеси туралуу жакшы маек бериптир. Апасы бар адамдар эч качан картайышпайт. Баарыбыздын апаларыбыз аман болсун, кайгы капа тартышпасын. Апабызды аялга, куйоого, балага, досторго, акчага алмаштырбайлы. Себеби баары табылат, эне табылбайт, алмаштыргыс дан! Турсунбай мырза жакшы маек бериптир. Ким эле апасын жакшы корбосун, баары жакшы корот. Бирок бул киши мага жакпайт! 60жашка таяп калган учурда небересиндей кызга бешинчи жолу уйлонгону учун.
SUPER.KG видео
19.08.2014. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дин м.н жашайт экен, неге анда жесир башы бош келинге баш кошподу?Уялбайбы!Ушул кыздын убалына калбай!Ортодо суйуу бар дегенге ишенбейм.Себеби 18жаштагы баардык жагынан топ келишкен бойжеткен чон "папик"ке турмушка чыкпайт, суйуп-куйуп!Кайдагы суйуу?!Элестетип кеттим озумду, чон кишинин койнунда жатканымды,жиркенип кеттим.Турмушта ушул кылган чон кадамы учун бул кишини адам катары сыйлабайм жана жактырбайм.Бул менин жеке оюм.КР жараны катары оюмду айтканга укугум бар.Эч кимди кемсинткен жокмун
SUPER.KG видео
20.08.2014. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мисирге барып жон жаран катары ! Израиль менен Мисирдин чек арасында ушул ишин жасасын! Бирок Кыргыздын жараны катары эмес! Тынч жашап,тышкы саясаттан алыс болгон Элимди. Дуйнонун кир иштерине аралаштырбоосун отуном! Озубуздо толгон чечилбеген маселелер коп! Ботон улуттун ички ишине аралашып! Озун диний аалым катары эмес!Жон Кыргыздын жараны катары коншу мусулмандарды биримдикке чакырып.Биримдикте Кыргыз мамлекетинин чек ара,суу, когултур отту чечууго аракет жасасын!
SUPER.KG видео
20.08.2014. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ыйлагым келди, ар бирибиздин асыл адамыбыз бар, апаларыбыз биздин жакшылыктарыбызды көрсүн, бизге ыраазы болушсун. Аялын айтып эле сөгө бересиңер. Ойноштук кылып жаткан жок го. Никелешип жашап жатат. Колунан келсе, алы жетсе үйлөнө берсин, биздин кандай тишебиз бар? Аялы чын эле сүйөттүр, бактылуудур, силер кайдан билесиңер?
20.08.2014. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апасын ажыга алып ыраазычылыгын алса жакшы, бул ар бир баланын тилеги.Анан менда Карасуудан болом, бирок бул кишинин оз элине кылган жакшы ишин укпадым.Турсунбай агабыздын Ислам принциптери жонундо айткан идеалары жагат интернеттен окууп журом.Личной жашоосу кандай экенин билбейт экенмин, эми угуп жатам.Эмнеси б.со да ар бирибиз озубуз учун жооп беребиз Аллахтын астында
21.08.2014. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мусулманчылыкта тоок жеген болбойтко же боло береби? Тоок бо. чокуйт деп коюшчу беле?
SUPER.KG видео
21.08.2014. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колунан келеби ошончолук кыйынсынбы так ошолордун мекенине барып анан айрысын желегин. Кыргыз мамлекетибизде башка койгойлор толуп жатканда. Андан Коро эмитеден эле свет очот деп жаттат кышында. Ошону айткан бийлике, газ дегенди ош унутуп калды ошолорду айтып чык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: