«БАЛАМДЫ МЕКТЕПКЕ ЖЕТЕЛЕП БАРСАМ ДЕЧҮ ЭЛЕМ»

№621 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж


Үмүт адамды эң акыркылардан болуп таштай турган сезим. Кандай кыйынчылык башка түшпөсүн жаныңда күйпөлөктөп үмүтүң жүрөт эмеспи. Каргашалуу кырсыктан жаракат алып, төшөктө жаткан 28 жаштагы Махабат аттуу каарманыбыз да үч жылдан бери басып кетсем деген шамдын жарыгындай үмүтүнө таянып жашап келет. Анысы аз келгенсип, жолдошу таштап басып кеткен.

«АБАЛЫМА АВТОКЫРСЫК СЕБЕП БОЛДУ»
-2011-жылы Жумгалдан Кантка кайнагамдар менен ашка жөнөдүк. Аш бүтүп, кайын журт менен коштошуп, кайра айылга сапар тарттык. Кочкордун кире бериш жеринде унаанын дөңгөлөгү шагылга тартылып, жол жээгине ала салып кетти. Караңгыда эмне болгонун деле билбейм, алдымда 4 жаштагы уулум бар болчу. Өзүмдөн мурун баламды ойлоп, аны бекем кучактап алыптырмын. Мындан улам унаанын ичиндеги туткаларды кармабай, унаа чайкалган сайын ичинде топтой эле томолонуп жүрө берсем керек. Катуу урунуп, бут койгон жерге кирип кетиптирмин. Ошол учурда Соң-Көлдө Куйручуктун мааракесине карата той уюштурулуп, шаарга каттаган унаалардын агымы көп болчу. Башка мезгилде түнкү саат бирде киши деле болмок эмес, ошол тойдон келе жаткан маршруттук такси токтоп, ичиндегилер бизге жардам көрсөтүштү. ӨКМнын кызматкерлери, «Тез жардам» келгиче жабыркагандарды унаага салганга аракет кылып киришти.
Эң катуу жаракат алган эле мен экенмин. Тойдон келе жаткандардын арасында масы да, соосу да болсо керек, мени унаанын отургучуна төшөгөн көрпөчөгө жаткырып, кичи автобуска салабыз деп жатып, эки жолу жерге түшүрүп жиберишиптир. Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп жанчылган денем ого бетер талкаланса керек, ал учурда мен такыр эле эсимди жоготуп койгон болчумун. Кыскасы, ошол күнкү кырсык мен үчүн өмүрүмдөгү кыямат күн болуп кала берди.

«ЭЧ КИМ ЖҮЛҮНДҮ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРГЕН ЭМЕС ДЕШТИ»
-Ошол боюнча эсиме көпкө келбептирмин. Апамды чакыртып, мени Кочкор райондук ооруканасына алып барышкан экен. Ал жактан эсиме келбегенде Бишкектен санавиация барып, шаарга алып келишиптир. Эсиме келсем, ооруканада жатам. Сыздаган оорумду доктурлар дары менен басып, операция жасап, сынган омурткаларды бириктиргенге темир салып коюшту. Ошентип белимден ылдый шал болдум да калдым. Дарыгерлер көкүрөк тушумдагы омуртка жана кабыргам сынып, ошол кабырганын бир учу өпкөмө, бир учу жүлүнгө кирип кеткенин айтышты. Ал аз келгенсип, бир бутум өзүмө баш бербей силкинип, тизеден ылдый жерге тийбей ыргыйт. Токтоосуз мындай кыймыл жүлүнгө кирип кеткен сөөктү ого бетер кыймылдатып, ансайын жүлүн өйкөлөт. Экинчи ирет жасалган операция жардам берип, бутум тынч алып калды.
Башым дагы катуу жарылып, чачымды алып, терисин тигишти. Канчалык айыгып басып кетем деген үмүткө жетеленгеним менен, жылыш болбоду. Үчүнчү, анан барып төртүнчү операцияны жасашты. Акыры доктурлар дүйнөлүк практикада да жүлүндү калыбына келтирген эч ким болгон эместигин айтышты.

«ЖОЛДОШУМ ТАШТАП КЕТТИ»
-Апам жанымдан чыкпай карегим менен тең айланат. Жолдошум жанымда жүргөн менен, анын жардамы деле билинбейт, ал эч жерде иштечү эмес. Азыр ойлосом, карааны эле болбосо каралашпаптыр деле. 3 жылдан бери жанымда жүрдү. Эми бир жарым айдан бери жок. Кайда кетип, кайда иштеп, эмне кылып жүргөнү дайынсыз. Иштеген иши жок, колунан жардам келбейт, өзү да чайналды окшойт, акыры минтип басып кетти. Абалым бул болсо аны кармап эмне кылам? Бактылуу болсун. Кайын журтум башында жардам берип турушту. Азыр жардам эмес, уулумду «каныбыздан жаралган жан эле» деп бооруна тартып коюшкан жок. Атамдын бир тууганы алып кетип окутуп жатат. Бутума туруп, жалгыз уулумду мектебине жетелеп барсам дегенде эки көзүм төрт болчу. Ал убак да келип, уулум быйыл мектепке барды, бирок өзүм жетелеп бара албадым.

«АТАСЫ ДАГЫ КЕЙИП ЖҮРҮП КЕТЕ БЕРДИ»
Махабат көзүнө жаш алып, андан ары сүйлөй алган жок. Мукактанган кызынын көз жашын көрүп жүрүп бышып деле калган окшойт, апасы Жыпаркүл Абдыкеримова кызынын кебин улай буларды кошумчалады
:
-Жолдошум экөөбүздүн 4 кыз, 1 уулубуз бар. Махабат улуу кызым. 2 кызым турмуш куруп, очор-бачар болуп кетишти. Алар деле кол кабыш кылып турушканы менен, бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт да. Азыр мага жардамдашып бир кызым менен уулум жанымда болуп жатышат. Балам мектепти бүтүп кабыргасы ката электе эле бизге жардам берем деп курулушта иштеп жүрөт. Кичүү кызым болсо Махабатты карашат. Жолдошум былтыр каза болуп калды. Кызым кырсыктагандан бери эле «Сенин ордуңда мен болбой эмне болдум, сени ушинтип багып калганча, мени силер баксаңар жеңилирээк болбойт беле. Ооруп кыйналганыңды көргөнчө чуркап жүргөнүңдү карап жатсам санаам тынч болмок» деп жүрүп, санаадан ооруга кабылган. Доктурга алып барсак, рак дешти. Кызыл өңгөчүнөн тамак өтпөй, акыры суюк азык менен эле жан багып калды. Ошол оорудан оңолгон жок.
Өзүм айылдагы ишимди таштап, мал-жандын баарын сатып, кызымдын дары-дармегине жумшагандан калган акчага Бишкекке келе бердим. Бул жакка келгенибизге 2 айга жакындап калды, батир акысына 5000 сом төлөйм. Үйдө бош отурбайын деп аялдардын улуттук чапандарына шуру басам. Бир чапанга шуру тизгениме 80 сом алам. Болгон каражатка батир акысын төлөйбүз. Махабатка күнүгө жалаяк-шым ала берип түтпөй кеттик эле, врачка айтсам катетер салып беришти. Аны да ай сайын алмаштырып туруш керек экен. Мындан сырткары 3 жылдан бери жата берип, кыймыл жок болгондуктан эки жамбашы, кырынан жатканга капталдары жана чычаңынын үстү чоң оюк болуп ириң толуп, эти чирип кемирилип баратат. Белинен ылдый кыймыл жок, буттары муздап эч нерсе сезбейт. Жүлүндү калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес экен. Доктурлар көкүрөк туштагы 3 сантиметрдей жүлүн сөөккө өйкөлө берип эзилип калган дешти. Мындан улам чет өлкөдө жасалчу операциядан да үмүт үздүк.
Күнүнө эки жолу дары сүйкөп таңып турам. Бир жолку таңганга бир бинт, бирден тюбик левомеколь жана бир саат убакыт кетет. Ичиңден чыккан баланын көзүн жалдыратып таштап коё албайсың. Ал майып болсо да сенин балаң. Азыр алты саны аман, мончоктой мөлтүрөгөн балдарды таштап баса берген энелерди санасаң четтен чыгат. Ошолорго берген ден соолукту менин кызымдан эмнеге аяйт деп кээде тагдырга да наалат айтып жиберем. Мага окшоп кызым дагы эне да, жалгыз уулун мектепке жетелеп барсам деп тиленип жүрөт. Бизде азыр үмүттөн башка эч нерсе калган жок.

Аталган үй-бүлө азыр жардамга муктаж. Карап отуруп, алардын кайсынысына жардам берериңди билбей калат экенсиң. Дарысынабы, батиринеби? Же «Көп түкүрсө көл болот» дегендей, элден тыйын чогултуп, чет өлкөдөн дарылатууга үмүт болбосо... Апасы Жыпаркүл айымга ден соолук каалап, дем-күчтүү болуусун тиледик. Себеби «азыр мага да дарт жабышкан» дейт ал. Колдорунун баары экземадан сыйрылып, анысы күчөгөндө көзүнөн бери кызарып кетет экен. Ошого карабай «ийне кармап шуру тизип отурам» деген энеге каңырыгыбыз түтөп, оорулуу адамды 2 саат карап турууга түтпөй кайтып келдик.

«Сиңдим, жолдошум, иним жана уулум. Жолдошумдун кеткенине 2 айга жакындап калды. Мен деле кайрыл деп жалбарган жокмун, бактылуу болсун».

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Жолдошум таштап кетти"

Автор: Наргиза Бекжанова
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(43)
SUPER.KG видео
27.09.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айыгып кет Аллах шыпаасын берсин эркектер ошода биз аялдар куйоон ооруса Жан талашып аракет кыласын жакшы болсун деп эркектерчи аял ооруса карабайт чыдабайт андан коро башка аял алышка шашат Махабат ка апасыга ден соолук каалайм сакайып кетиниздер апаларыбызга узун омур берсин
SUPER.KG видео
27.09.2014. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
куйоосу башына ушундай кырсык келбейт деп ойлоп атса керек. кайгырбаныз эжекеси айыгып кетиниз
SUPER.KG видео
27.09.2014. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тамчыдан кол куралат эмесби,келгиле жардам берели.
SUPER.KG видео
28.09.2014. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
yasmina_kg тура айтат Махабат эже жашоодон эч умутунузду узбонуз. Ору берген Аллах шыпа берген Аллах АЛЛАХдан дуа кылып сураныныз Аллахым сизге созсуз шыпаа берет инша АЛЛАХ жакшы болуп кетесиз. ОО Жараткан АЛЛАХЫМ Махабат эжеге шыпаа бер.
SUPER.KG видео
28.09.2014. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээх кееде эркектер ушундай туура эмес кылабыз эже ден соолук
SUPER.KG видео
28.09.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алла Таала озу шыпаасын берсин!
SUPER.KG видео
28.09.2014. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Allahym shipaasyn bersin.
SUPER.KG видео
28.09.2014. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ejenin tel nomerin jazyp koysonor jakshy bolmok baylanishkany.
SUPER.KG видео
28.09.2014. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бечара татынакай келин Алла таала шыпасын берсин
SUPER.KG видео
29.09.2014. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах мээримдуу жана ырайымдуу! Бул да сыноо. Бул дуйнодо туболуктуу калбайбыз.Сабр, дуа кылыныз.аягында жениш сиздики болот!Жалгыз, Аллахка каршы келуудон сактаныныз...
29.09.2014. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым оорунузга шыпаа берсин
29.09.2014. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай ден соолук берсин
SUPER.KG видео
29.09.2014. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
басып кетсин аллах жар болсун
SUPER.KG видео
29.09.2014. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ЖАЛГЫЗ КУДАЙ БИР ГАНА АЛЛАХ ТААЛАМ ОЗУ ЖАР болуп сабырдуулук, чын ден-соолук, ыйман, бакыт-таалай берсин! Омин! АЛЛАХ ТААЛАМ ОЗУ жараткан баардык пенделерин кырсыктан, оорудан, суук коздон, суук создон, кайдыгерликтен, зулумдуктан ОЗУ колдоп ОЗУ сактасын! Омин! АЛЛАХ ТААЛАМА чексиз мактоолор жана шугурлор болсун, саллаллаху алейхи ва саллям Мухаммед пайгамбарга анын сахабаларына салам, салаваттар болсун! Тилектерибизди АЛЛАХ ТААЛАМ кабыл кылып Махабат эже жакшынакай болуп айыгып тилегине жетсин!
29.09.2014. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах шыпаа берсин!!!
29.09.2014. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аллах шыпаа берсин,аллах суйгон адамына ооруу берет айыгып кеттин.
SUPER.KG видео
30.09.2014. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allahym ozun shypasyn bere kor, sopsoo jurgon kelin ushintip kalyptyr balasyn oylop Oz janyn kyiganga dayar boluptur da baykush sakayip ket ylayim. Ertengi kunubuz emne bolushun bilbeybiz ehh... Joldoshundu baktyluu bol dep tuura kylypsyn, apana kuch kubat, den sooluk, omur bersin apanday kylyp ech kim karay albayt. (((kozdorumdon jashymdy tyia albay iylap jatam
01.10.2014. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртээрек сакайып кетиниз сизге кудай куч кубат берсин
01.10.2014. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озу жардам берээр.
01.10.2014. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаман болгон экен,эртереек сакайып кетсин,кечке жаткан кишиге бир матрас бар эле 'Пролежневый матрас'деген жакшы жардам берет,Ошого жатса эти оюлбайт.Кантип байланышсам болот менде ошол матрас бар эле ошону берейин,колуман келген жардамым ушул болсун.Ал азда болсо жардаи берет.
01.10.2014. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tentek1, саламатсызбы!
Купуя кат менен жооп жазылды. Кат куржунуңуздан окусаңыз болот.
01.10.2014. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан Аллам озун шыпаанды бере кор!!!
02.10.2014. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ылайым ниетинизге жетип баланызды,мектепке да, ЖОЖго да, уйлонуу той аземине да жетелеп барыныз. Апасына мин ирет ыраазычылык, бар болунуз энелердин периштеси экенсиз!
SUPER.KG видео
02.10.2014. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаасын берсин,эсен аман айыгып кет омииин....
02.10.2014. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыгып кетиңиз
03.10.2014. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жалгыз Аллахтын боору орусун,пенденин колунан эмне келмек эле....
04.10.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энеден башка эчким мынчалык куйбосо керек балага кудай ден соолук берип сакайып кетсин
SUPER.KG видео
11.10.2014. 06:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай эн мээримду Кудай буйруса жакшы кундор алдыда эже сабырдуу болунуз.Куйоосу кабар алып турат окшойт,"1 ай дан бери корушо элекбиз"дедиго бир жарым жыл жанында журсо жакшы эле,эркек адамды да туура тушунуш керек да тамак ашынан кыйналат негизгиси унутуп койбой акыбалын сурап каралашып турса жакшы.
12.10.2014. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шпа берсин жакшы болуп кетишинди чын журогумдон алладан сурайын тилегине жет
05.11.2014. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым шыпаасын берсин
05.02.2015. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах Таала оорууну жиберсе аны менен кошо шыпаасын дагы кошо жиберген. Баланызын жанынызда болбогону жаман экен,бирок бул кундор да отот Баланыз акылдуу болсун
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: