ООРУЛУУ ӨСПҮРҮМДҮ ӨЛТҮРҮП, ӨРТТӨП САЛЫШКАН

№625 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж


15-октябрь, 2014-жыл. Бул күндү 15 жашар өспүрүм көрбөй калды. Нөөмөт бөлүмгө түшкөн маалымат боюнча окуя болгон жерге барган Сокулук РИИБинин кызматкерлери мыкаачылык менен өлтүрүлүп, андан соң өрттөлгөн адамдын денесине күбө болушат. Анын өздүгүн тактоо аракети көрүлүп, ошол эле күнү баласын издеп арыз жазган Тотугүл айымдын үйүнө келишет.

«БАЛАМДЫН ӨЛГӨНҮН ЖОЛДОН УГУЗУШТУ»
15 жаштагы баласынын өлүмүнө эмдигиче ишене албай жаткан эне көзүнөн жашы сызылып, окулган куранга алаканын жайып бата кылды да, сөзүн баштады. Анын айтымында, уулу Айбек кичинесинен тарта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип, сүйлөй алчу эмес.

– Балам абдан жароокер, кабагым-кашым дебеген жан болчу. Сүйлөй албаган пенде кантип анан бирөөгө жамандык кылсын? Уулум 14-октябрда сыртка чыккан. Кошунабыздын бири келип, «балаңар Школьный көчөсү жакта жалгыз жүрөт» деп калды. Эшикке чыгып эле таппай калдык. Түнү менен издедик, издебеген жерибиз калган жок. Эртеси эртең менен милицияга кайрылып, арыз жаздым.
Каргаша ошол күнү кечинде эшик какпай кирип келди. Милиция кызматкерлери келип, «Эже, «Манас» аэропорту жактан бир адам табылды. Сиз анын өздүгүн тактоого жардам бериңиз. Балаңыз болушу мүмкүн. Арыз менен кайрылган үчүн сизге келдик» дешти. Жолдо катар табылган баланын кийим-кечесин, кийген байпагына чейин менин баламдыкындай кылып сүрөттөп айтып беришти. «Ооба, менин балам. Дал ошондой кийимдери менен чыккан, деги тирүүбү?» десем, «сабыр кылыңыз, каза болуп калыптыр» дешти. Окуя болгон жерге барып ошол көрүнүштү карап тургуча көзүм сокур болуп калбай эмне дедим. Өлүмдүн адамга ушундай келишин биринчи көрүшүм. Анан калса бул мыкаачылык адам колунан келгенине ишене албай турдум. Башы жарылып, көзү жок. Күлгөндө күрүчтөй тизилип көрүнө калчу тиштеринин бири жок. Анан калса белинен өйдө өрттөп жиберишиптир. Боздоп кала бердим. Уулумду жерге бергенден 3 күн өткөндөн кийин тергөөчү кылмышка шектүү эки бала колго түшүрүлгөнүн айтты. «Баламды өлтүргөн эки зөөкүрдү көрсөткүлөчү. Мындай мыкаачылык кимдин колунан келди?» деп сурандым. Солкулдаган жапжаш балдар экен, бири 18де, бири 21де. Адам өлтүрөт деп ойлочудай немелер болсочу.

«СҮРӨТТӨРДӨГҮ ЭЛЕСИ ГАНА КАЛДЫ»
– Угушума караганда, ошол күнү менин уулумду өлтүрдү деп кармалгандардын бири биз тарапка келип, кайра кетип бара жатса алдынан Айбек жолугуп калыптыр. Аны шакаба чеккенби же башкабы, айтор, «сыра ич» деп жетелеп кетиптир. Жолдон досуна жолугуп, баламды үйдөн алыс токой тарапка алып барган экен. Өлүгү ошол жерден табылды, себептери белгисиз, өзүм окуя тууралуу эч нерсе дей албайм.
Балам өз алдынча бир нерсе кылчу эмес. «апа, нан жейм, чай ичем, ачкамын», ушул сыяктуу керектүү нерселерин айтып түшүндүрө алчу. Азыр «апа, тамак ичем» деп эшикти ачып кирип келчүдөй сезилип, анын өлүмүнө ишене албай жатам. Сүрөтүн тиктеп, төрөлгөндөн беркисин элестетсем, дайым күлүп гана жүрчү экен. Азыр бассам-турсам сүрөтүн колума алып, уктасам жаныма коюп жаткан адатым болуп калды. Жашоо улана берет тура. Аза күтүп кичүү уулум менен ушинтип үйдө калам. Жайкысын талаада жер иштетип, кышкысын болсо тигүү цехтеринде иштейм.

КЫЛМЫШТЫН СЕБЕПТЕРИ АНЫКТАЛЫП ЖАТАТ
Тестиер баланын колдун тактары түшүп, кирдеп, бырышып калган сүрөтүн кармалап отурган энени көрүп боор ачыйт. Эненин башына түшкөн оор кайгынын эң ачуусу – анын баласынын өлүмү тура. Тотугүл айымга сабыр тилеп кайттык. Күнөөсүз баланын мынча мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүнө эмне себеп болгонун билүү максатында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын кызматкери АЙБЕК АРЗИМАТОВго кайрылдык:
– Сокулук районуна караштуу токой тилкесинде жайгашкан «Суу» дачасынын түндүк тарабында белгисиз адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барып, анын ошол районго караштуу Раздольный айылынын тургуну 15 жаштагы М.Айбек аттуу бала экени аныкталды. Кылмыш болгон жерде отундун күйүктөрү, бөтөлкө сыныктары, кан болгон жана өрттөлгөн кийимдер табылган. Кылмышка шектелип аталган айылга жакын Манас авиашаарчасынын 18 жана 21 жаштагы 2 тургуну кармалды. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Эмне үчүн өлтүрүшкөндөрү аныкталып жатат.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Оорулуу баламды өлтүрүп, өрттөп салышыптыр"

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(34)
SUPER.KG видео
25.10.2014. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкаачылар кудай жазаңарды берсин
SUPER.KG видео
25.10.2014. 05:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аллахым куноосу жок адамдарды оз кучагына алгысы келет тура ..байкуш бала аябай жаш каза болуптур ..ал эми эненин зар какшап суйлогон создору ,кичинекей баланын молтуроп аккан жаштары зеенди кейитип ,ыйлатууга мажбур кылды ...аллахым энени баладан -баланы энеден айрыбаса екен
SUPER.KG видео
25.10.2014. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жер жайлуу болсун
SUPER.KG видео
25.10.2014. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун.
SUPER.KG видео
25.10.2014. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш бала,жанкан жери жайлуу болсун.
SUPER.KG видео
26.10.2014. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
орустарга эмне жок кыргыз болуп кыргыз жеринде оз жигитерибизди сабатып олтуртуп журо берели кыргыз жигитер кыргыз балдарга асылбай ушуларды карабайсынарбы оз жерибизде оз инилерибизге карай албайбыз бул ото чон уятчылык
SUPER.KG видео
26.10.2014. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаткан жери жайлуу болсун.коруп журогум сыгылып ыйладымго ээх эртенки кунуго деле ишенбей калдынго.апасына жакындарына сабырдуулук каалаайм!
SUPER.KG видео
26.10.2014. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кармалган кылмышкерлерди катуу жаза бериш керек, наша колдонгон зоокурлор экен адам болбойт акмактар.
SUPER.KG видео
26.10.2014. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иий инисинин коз жашын коруп чыдабай кеттим.жайын жанаттан берсин кудайым
SUPER.KG видео
26.10.2014. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыбыз бул дүйнөдө аманатпыз.Жаткан жери жайлуу болсун. Тиги мыкаачыларды жазалаш керек
27.10.2014. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыкаачылар,айбандар ошол экоон тозоктун отуна куйгуло,бул дуйнодо эч качан жакшылык корбогуло!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
SUPER.KG видео
27.10.2014. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш инисинин сыздаганы, жаткан жери жайлуу болсун
27.10.2014. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
качан болсо эле такталып жатат иликтеп атабыз дегенден башкасын айтышпайт.Тотугул эже сабыр кылыныз. Ал эми эки зоокурго олум!!! олумдон башка не дейбиз турмодо чирисин!
27.10.2014. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бизде дагы башка өлкөлөрдөгүдөй түбөлүккө түрмөгө кесүү статьясы иштелип чыгышы керек. Болбосо азыркы адамдарда адам өлтүрүү, зордуктоо ж.б. кылмыштар жөнөкөй эле көрүнүш болуп калды. Андан да жаманы мыкаачылык менен өлтүрүлүп жатат адамдар. ошондой кылмыш кылгандарды психологический оорукчанбы, башкабы эч нерсесине карабай
27.10.2014. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
навечно айдаш керек. Ошол жерде көрчүсүн көрөт, а башкаларга сабак болот б.а. кадамын ойлонуп басат
27.10.2014. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай маселени чечуу адамдарга тан каласын оной гана жаза берип коюшат, алар болсо кутулуп чыгып кетишет, неге катту жаза корушпойт олум жаза же омур бою камакта отуру жаза дегендей, мындайлар чыгып алышып кайра эле ануулоого чыгышат. Байкуш баланы неге мынча кордоп олтурду экен куноосу жок балага мындай кунду неге салышты экен. Иий ба Супер инфо баягы салам нью йорк киносундагы кылмышкер не болду ошол боюнча жазбадынар окшойт ээ?
27.10.2014. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaiy janatta bolsun,orukchan bso da bironun suiup 4onoitkon balasy da,apasyna sabyr bersin kudaym,,emi korupsia bolbosole kylmywkerler jazasyn alat dep oiloim'mojet al baldar i4rebiz dp any kyinawsa al i4wten baw tartkan,alar kokusunan urup any olturup alwp,anan emne kylywaryn bilbei kuiguzup salwkandyr kantse da tuura iw kylbaptr,kudaym ar 1adamga yiman ynsap bersiin!
27.10.2014. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла жазаңарды берсин мыкаачылар тозоктун отуна күйсөнөр экен апасына сабыр берсин экинчи уулунузга өмүр берсин
27.10.2014. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай адамдарды кудайым бул дуйнодо болбосо наркы дуйнодо жазасын берет.энесине кудайым сабыр берсин.
27.10.2014. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай ыйладым окуп алып кайрат кылыныз инисин коруп аябай журогум ооруду
27.10.2014. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже сабыр кылыныз,кошуна эже болчу мага,уулун да коргом,эч бир жанга зыяны жок болчу.жакамды кармап тообо кылып турам,кудай нысап берчи балдарыбызга
28.10.2014. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул бала кандай кыйноо менен олсо.кылмышкер 18 ,21 жаштагы жетимдер мындан да бетер кор болуп олсун.жан алгыч вампирлер.ээ органда иштегендер качан болсо иликтеп атабыз. экспертиза кылып атабыз деп адамдын ичин бышырбай тузук иш кылгыла .
SUPER.KG видео
28.10.2014. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкаачылар турмодо чиришсин!!!
28.10.2014. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атууга да .мындай мыкаачылар Адам болмок беле...
29.10.2014. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким! Балким ал экоо куноосу жок болсочу? Азырынча жыйынтык чыгаруу эрте го дейм. Сотто далилденсе анан жазасын алышат.
30.10.2014. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч качан ата-энелерден баласын ажыратпасын!
31.10.2014. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
э кудаай сактай гор ,кудайым баланы акыл эси ыйманы менен берсин
01.11.2014. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jatkan jeri jailuu bolsun.Tuugandaryna jana ui bulosuno sabyr kylynuzdar!
03.11.2014. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже,сабыр кылыныз,жашоо ото берет,калган омурун кичуу уулунузга берип жакшы жашоо корунуздор!Менин балам 5те,баары жайындаго,только эч эч суйлобойт,эмне кааласа ымдайт аны мен гана тушуномун!бироо туртуп уруп койсо,айталбай кор болуп калбасын деп,ишими да таштадым карыш жылбайм,сиздин мээнетти айтпаса тушунуп турам,Аллага кайрыламын,олтургон балдар,олбосун,коп жашашсын жана олуунун тозогунан мурда тируунун тозогун корсозсун,жанымды ал,деп жалынышса да албасын,жана олуктору сыртта калып,
03.11.2014. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кепиндери куйсун,ит кушка жем болсун!!!Ар дайым кыйналышканда,байкуш бейкуноо оспурум кулмундоп пешенелеринде карап турссун!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: