«БАЛДАРЫМА ДУШМАН БОЛУП КАЛДЫМ»

№628 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж


Гезитибиздин 619-санында «майыптыгыбыздан улам аялым балам экөөбүздү таштап кетти» деген макала даярдаганбыз. Медина аттуу 18 жашар кыз кеңсебизге келип, жардам сураганынан улам анын өтүнүчү боюнча Нурбек Курманалиевдин үйүнө Токмокко барып келген элек. Каарманыбыз башынан өткөн окуяны айтып берип, окурмандардан баласынын баспаган бутун дарылатууга жардам берүүсүн учкай суранып өткөн. Нурбек Курманалиевдин жубайы Айнура Киргабакова макалада жазылган күйөөсүнүн каралоосун жокко чыгарып, өз чындыгы бар экенин айтты.

«НУРБЕККЕ БООРУМ ООРУЧУ»
-Жолдошум Нурбек Токмоктун базарында кийим-кече, мен жашылча-жемиш сатып иштечүбүз. Ал «Менин эч кимге керегим жок. Кичинемден эле буттарым ооруп, майып болуп калганымдан кийин эч ким карабай, апам үйдөн кууп жиберген» деп калчу. Нурбекке боорум ачып, аны аяй берчүмүн. Экөөбүздүн мамилебиз келишип, баш коштук. Дароо эле бул үй-бүлөнүн алгачкы «сюрприздерине» кабылдым. Тобо, кас-душмандан куралган үй-бүлөдө кимиси чоң сүйлөп койсо эле милиция кызматкерлерин чакыртып, биринин үстүнөн бири арыз жаза беришет экен. Эки жума өтпөй тойдон кийин күйөөм менен кайненем уруша кетип, экөөбүздү үйдөн кууп чыгып салды. Ошентип менин бир тууган эжемдин үйүндө жашап жүрдүк.
Нурбек 14 жашында апасы бир дунганга турмушка чыгыптыр. Өгөй атасы Нурбекти кеч күздө суукка карабай ылайдан кыш куйдуртуп иштетип, ошондон суук тийгизип алган экен. Оор жумушка жарачу эмес. Апам жок болсо да атам, бир туугандарым жардам берип турушчу. Нурбек экөөбүз 2 кыз, 1 уулдуу болдук. Алар төрөлгөндө атам ар бир балама мал энчилеп берген. Банктардын биринен насыя алдык. Атам берген энчилерге кошуп бир топ мал курадык.

«ҮЙГӨ ЖЕТМЕГИБИЗ АЗАП БОЛДУ»
-Нурбек гезитте айтып жатпайбы «малдын баарын мен курагам. Аялым цивилизацияда жашайм деп малды саттырып, шаардан 4 жер тилкесин алдык» деп. Ал жерди апасы экөө «биз майыппыз» деп догурунуп жүрүшүп «захват» кылып алышкан. Ошентип бир күнү кайненемди ээрчитип келиптир, «Токмоктон үй алалы» деп. «Макул» деп ылайыктуу үй издеп жүрсөк, кайра «автоунаа алам» деп калыптыр. Малды сатып, Жигули алдык.
Жигулисине бой жүргөн тели-теңтушун, аялдарды ташып, үйгө да келбей калчу. Ошондо жиним келип үйгө киргизбей койгон күндөрүм болгон. Эми ошол кылганымды кайра курал кылып өзүмө колдонуп, «мени балдар менен кошо үйдөн кууп чыгып салган» деп айтып жүрөт. Кыскасы, акыркы жылдары ыркыбыз келишпей, үзүл-кесил жашоо кечирип жүрдүк. Ал арада баягы басып алган жерлерин сатышты, кайра унаа алды, анысын чаң ызгытып айдап алып үйгө келбей, көрүнгөн жерде жүрдү. Балдарына бир кесим нан көтөрүп келип койгон жок.

«НУРБЕКТИ АЛЫП КЕЛИП, ҮСТҮМӨ КИРГИЗИП КЕТИШТИ»
-Ошол учурда Нурбек унаасы менен бирөөнү өлтүрө сүзүп алыптыр. Унаасын сатып, каза болгон кишинин кунун берип, кыргызча кутулушту. Анан бир туугандары чогулуп келип, «Ортодо балдарыңар турат. Келишип жашагыла, Нурбекти кечирип кой, жаңылыштык кылды» деп үстүмө киргизип кетишти.
Балдарды үйгө камап коюп, жумуш издеп биржага чыгам. Бир күнү уулум жолго чыгып ойноп жатса унаа сүзүп кетиптир. Ооруканага алып барсам бутун гипстеп салышты. Балдарды караганга киши жок, 2 кызымды Токмоктогу мектеп-интернатка киргиздим. 6-7 айдан соң ооруканадан чыгып, кайын эжемдин 4 чарчы метр күркөсүндө соода-сатык кылып 3 жыл жашадым. Дем алыш күндөрү кыздарымды интернаттан алып келем да, кайра окуусу башталганда жиберем.
Балдар чоңойгуча бир жерге орун алып шаарга жакындайлы деп, Якутияга иштеп кеттим. Баламды эжеме таштадым, кыздар мектеп-интернатта калышты. 10 айдан кийин келип, Токмоктогу азыркы алар жашап турган үйдү агамдан акча сурап, жанымдагыны кошуп, эптеп сатып алдык.

«ЧОГУЛГАН АКЧАГА УНАА АЛЫП АЛСА ДЕЛЕ ТАҢ КАЛБАЙМ»
-Нурбекти кечирип, балдар менен кошо үйгө киргизип коюп, Якутияга кайра жөнөдүм. Ал жакта кыштын суугу 40 градустан ашат, ал эми жайкысын ысыкты айтпа. Темселеп сувенирлерди көтөрүп алып, ысык-суукка карабай соода кылам. Тапканымдын баарын жөнөтөм. Акчаны алып туруп, анан «Сен арам жол менен тапкан акчаларыңды колко кылба. Бизге аның бир тыйынча да жуккан жок» деп жатпайбы сотто. Макул, сотто айтсын, эми гезиттерге жарыялабай эле койбойбу. Ар кайсы редакцияга барып «баламды дарылатканга акча керек, кайрымдуу адамдар, жардам бергиле, аялым балдарым менен кошо таштап кетти» деп мени жамандап акча чогултуп жүрөт. Чогулган каражатка өзү автоунаа алып алса деле таң калбайм. Кыздарымды болсо мага тукуруп тескери тарбия берип бүтүштү. Атасы ээн-эркин койгонго жедеп көнүп алышкан. Баламды бастырып, көнүгүүлөрдү кылдыргандан эринип жатып, азыр буту да баспай калган. Азыр жалаң эле соттон башыбыз чыкпай жүргөн учурубуз. Жүрөгүмдүн алдында өсүп жетилип чыккан балдарымды ушинтип тескери тарбиялап, мага тукурган күйөөмдү кечирбейм. Кыздарым чоңойгондо эстерине келер.

«Якутияда 40 градус суукка карабай оор жүк көтөрүп соода кылып иштейм. Тапканымдын баарын күйөөмө, кыздарыма салчумун».

Айнура айым көзүнө жаш алып, Орусиядан үй-бүлөсүнө салган акчаларынын бир тутам квитанцияларын кармалап отурду. Чынында, өз жанынан чыккан балдары өзүнө каршы чыгып, душман тутканын айтса айла жок баш чайкайсың. Бир канаты көк тилип, бир канаты жер чийип, кара жанын карч урган аялзатынын орду кандай болсо да үйдө, очоктун жанында болушу шарт экенин ушул окуя айтып тургансыйт.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



“Кайненем кыздарымды эрге сатканы жатат”

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(65)
17.11.2014. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Созсуз эки жактан кетет.
17.11.2014. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек куноолу
17.11.2014. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
турмуш кандай гана кыйын кимисине ишенээринди билбейсин не болсо да баарына кудай ыйман берип акылдарына келишсе деп тилеп калам
18.11.2014. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноо менимче эки тарапта тен бар го,баарынан да баспай калган баласына кыйын болду ,ошол балага ичим ачышат баарынан,атаэнесинен айынан акыбалда калыптыр,балага кудайым денсоолук берсин
18.11.2014. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурбек ХХХ ХХХ!
Модератор admin_media түзөттү 18.11.2014 12:57
18.11.2014. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ooki8888,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
18.11.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экоо тен кунолуу эркек уйдо отурбаш керек, аял уйдо отуруп балдарды тарбиялаш керек, эркек оорулу болсо дагы тырышып оокат кылыш керек да бирок азыркы заманда экоотен бирдей иштеп турмуштун ызык суугун бирдей тартыш керек болчу балдарды бири бирине жаман айтырбай туура тарбия бериш керек
18.11.2014. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул окуянын чындыгын билген, коргондор бар бекен?
18.11.2014. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркектер кичине колуна тыйын кармап калганда көөп калышат.бул ачуу чындык.
18.11.2014. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ужас
18.11.2014. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул турмуш кудайым баарбызды сыноо учун жараткан барга копой жоко чокбой кудайыбызга шугур келтирип эле озубуздун иштерибизды жазап жургонубуз он аны кудайым ким ак ким кара экенин таразалайт
18.11.2014. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйоосу оорулу эмес эле жаны жоктордон болуш керек.уй булоосун багаарга келгенде оорулу боло калып.келиндерге барганда оорубай калчуулардан да.Менин эжемин кызы торолгондо эле ДСП болуп торолгон.жыйырма жылдан бери азабын тартып эле келатат жалгыз.элден эмес туугандарынан жардам сурабайт.эркек башы менен Нурбек уялса.акча коротуп.соттун эшигин сагаалабай.баласын даарылап.кыздарын тарбияласа болмок.тыйындын эки бети бар демекчи.эки жак тен куноолу.бирок балдар ортодо кыйналып атпайбы.
18.11.2014. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дээгеле адамдарга нысап берсинчи адамдарга.кудайым
18.11.2014. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
619-санын кандай таап окуса болот айтып койгулачы?
19.11.2014. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emneni ayitam-balaby-ozvngsvng,bul qyndyk,dagy qyndyk!

19.11.2014. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым кечиресинго . Бироону сузуп алса атасы. Куноосун бечара баласы тартыптырда. Ата куноо кылса Уулу тартат! Эне куно кылса оз башы менен тартат ушу соз 80%тура
19.11.2014. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-бабаларыбыз "Мекенди,элди "коргочу эле,ал эми азыркы аталар уй -булосун коргой албайт.Намыс союз мн кошо таркап кеткен окшойт.
19.11.2014. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-бабаларыбыз "Мекенди,элди "коргочу эле,ал эми азыркы аталар уй -булосун коргой албайт.Намыс союз мн кошо таркап кеткен окшойт.
19.11.2014. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эженин интервьюсун коруп чыктым, эгер айткандары чын болсо албетте коп оор кундорду баштан откоргон, бирок туура эмес кадамдары да коп, кыздарын интернатка бербей озу тарбияласа, болбосо озу мактаган оз туугандарына берип татыктуу тарбия берсе болот го, балдарына мээрими болбосо бала ата-энесине жакын болмок беле? Булардын турмушу илгери бузулуптур, ошол бойдон ондоого аракет кылбаптыр, анан эми ондолмок беле? Эркеги да, аялы да оздорун гана ойлоп турмушка реалдуу карашпаптыр...
19.11.2014. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнени эксек ошону жыйнайсын дейт, эми ошол кундого жетипсинер, ал жерден, бул жерден уй алып койгуча, уул-кызынарга татыктуу тарбия берсенер бугун башкача болмоксунар!!! Оз жашоонорду да, балдарынардын жашоосун да тозокко айлантыпсынар!!!
21.11.2014. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек кунолу окщойт
21.11.2014. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балдардын тагдырын ойлобой атасы апасына очошуп аябай чон ката кетирип жатат деп ойлойм баласын 2 кызын ойлоп койсо болмок келечекте бардары ким болмок эле алар азыртадан ушундай тарбия берсе
SUPER.KG видео
21.11.2014. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
БУМАГА не краснеет деселе оидогунун бапрын жазаберсе болоберет экен да жазгандып айтылган нерселер кобуу карама каршы.Mен бул уйболону коруп билем балдары кичинеден бери энедей меримден айрылышган.куйосу энелик аталык меримин так которгон.Балдар бирого кор,бирого зар заман экенда барын азыркы убакытка чеийн атасы оз майып болсодагы балдарын канатына калкалап турмуштун оор соккуларына карабастан багып журот.биринчи статья чыкканда Айманга медицина жардамы керектикинен кайрылган анысы анык
SUPER.KG видео
21.11.2014. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оз энеси баласына кыянаттык кылганын эл таразаласын Айманга чын эле жардам керек болгопдуктан чогулган каражатка машина алып алат деп жазып жатканына биз тан калбайбыз энеси баласына тосколдук кылып жатканы анык болуп турат бул корунуп турбайбы эне ушундай кылабы?
SUPER.KG видео
22.11.2014. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ушул Эженин айткандарына ишенип турам,негедир.Анткени куйоосунун айткандарында нистыковка болуп жатат.
SUPER.KG видео
25.11.2014. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхххх жашоо эмне болуп баратат....??????кыз бала энеге жакын болуп,энени сыйлабайбы жок дегенде аялзаты катары.Куйоосу бир грамм ишенген эмес элем,куноонун баары ошолордо болсо керек...Эми оз козум менен корбогондон кийин коп куноого батпайын.Кудай таразалап коет
15.12.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркек деле эмес екен ал
20.01.2015. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу СуперИнфо мага ушул аялдын номер телефонун алып бере аласыздарбы , якутияда болсо жумуш жагынан жардам коргозойун дегем

20.01.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asia.11, саламатсызбы! Купуя менен жооп берилди.
22.01.2015. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудая тообо баласы менен энеси соттошуп жургону эмнеси менимче кайненеси куноолуу
25.01.2015. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апасын Аялын жамандаган эркек эмес го)))Эмне деген шумдук Апасы м.н баласы кантип соттошот деги??))Ар намыс деле жокко.
04.02.2015. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыймандын жоктугу.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: