КЫЛМЫШКЕР МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИН АТЫП ӨЛТҮРДҮ

№629 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж


14-ноябрда Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө милиция кызматкерине ок атылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган укук коргоо кызматкерлери кылмышкер чыгарган октон жаракат алып, ошол жерден мерт кеткен кесиптешинин жансыз денесин табышкан.

КЫЛМЫШКЕР ЭРКИНДИКТЕ ЖҮРГӨН
Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын кызматкери Мырзабек Токтосуновдун берген маалыматы боюнча, кылмышкер Александр Сояпин мурда Кылмыш жана жаза кодексинин 241-беренеси (ок атылуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жасалгаларды мыйзамсыз сатуу, сатып алуу, берүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен соттолуп, жатак-абагына киргизилген. Акыркы эки айдан бери дарегин билдирбей жүргөн ага 6-ноябрда издөө жарыяланып, милиция кызматкерлери анын үйүнө барышат. 3 баласы менен жашаган кылмышкердин аялы аны менен ажырашып кеткенин айтып, бирок анда-санда балдарына келип турарын билдирген. Укук коргоо кызматкерлери келип калса кабарлап коюшун өтүнүп кетишет.
14-ноябрь күнү Сояпиндин аялы милицияга чалып, «Күйөөм келди, мас экен. Терезелерди тарсылдатып, тынчымды алып жатат» деген. Эки милиция кызматкери дарек боюнча барганда, кылмышкер кошунасынын дубалын ашып өтүп, Шорин туюк көчөсүн көздөй качып кетет. Каза тапкан Бакай Сыдыгалиев дубалдан ашып өтүп, аркасынан барган. Кошунасынын дарбазасы бек болуп, короодон чыга албай калган Сояпин милиция кызматкерин көздөй ок чыгарган.

«СЕНИ ДА АТЫП ТАШТАЙМ ДЕСЕМ КАЧЫП КЕТКЕН»
Мындан кийинки окуянын кандай болгонун кылмышкердин көрсөтмөсү менен берүүнү туура көрдүк. Александр Сояпин «өлгөн милиция кызматкеринин шеригин өзүмдүн короомо келгенде жолуктурдум» деп жатат. Ал эми кошо барган Бакай Сыдыгалиевдин шериги Сояпиндин аялынын жанында калып, балдары коркуп кетпесин деп ок чыгарган эместигин айткан:
– Окуя болгон күнү үйгө барып, балдарды көрөйүн дегем. Аялым милиция чакырып коюптур. Мен үйдүн артындагы кошунанын дубалын ашып качтым. Артымдан бир милиция кызматкери кубалап келди. Мени бутка атып жаракат келтирген соң мен да аны аттым. Ал жыгылып калганда жанына келип дагы бир ирет башка аттым. Кошунанын дарбазасы бек болгондуктан кайра өзүмдүн короомо секирип өттүм. Келсем дагы бир милиция кызматкери бар экен. Мен ага «сени да атып таштайм, тынч эле жолуңа түшүп кете бер» дедим. Ал качып кетип калган соң кошунамдыкына дубалынан ашып кирип бардым.
Учурда Александр Сояпиндин кошунасы, 64 жаштагы Мезина Наталья дагы тергөө абагында. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 339-беренеси (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча иш козголгон:
– Александр ошол күнү оң бутунан ылдый кан агып, аксап кирип келди. «Аялым менен уруша кетсем, милиция чакырып коюптур. Мени бир жерге жашыра тур» деди. Колундагы куралын «катып кой» деп берди. Мен аны сүлгүгө ороп сарайга катып койдум. Өзү болсо үйдүн жер төлөсүнө кирип, жашынып алды. Көп өтпөй он чакты милиция кызматкерлери келди да, жер төлөгө түтүн чыгуучу заттарды ыргытып, анан кармап чыгышты.
"Кылмышкер мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүү, сатуу же колдонуу кылмышы менен соттолсо, эмнеге эркиндикте жүргөн?" деген суроо баарыбызда жаралса керек. Буга жооп алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалымат катчысы Элеонора Сабатаровага кайрылдык.

«ЖАТАК-АБАГЫ ЖАБЫК ЭМЕС МЕКЕМЕ»
– №32-жатак-абагы жабык эмес мекеме. Бул жакка алгачкы жолу соттолуп жаткан кылмышкерлер абак режимине адаптация болгуча камакка алынат. Жатак-абакта жазасын өтөп жаткандар иштеп, кадимкидей эле эркиндикте жашап жүрө беришет. Бирок көзөмөлдө болуусу шарт. Сояпин октябрь айына чейин кайсы жакта эмне тиричилик кылып жүргөнүн, дарегин белгилетип кетүүдөн баш тартып жүргөн. Мындай жагдайда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы ИИМге кылмышкерди издөөгө алуусун айтып кайрылуу жасайт.

"МАРКУМДУН АРТЫНДА ЭКИ УУЛУ КАЛДЫ"
Сөөк коюлгандын эртеси Бакай Сыдыгалиевдин үйүнө барып куран түшүрдүк. Эки небересин жетелеп, уулунан калган туяктарды жаштуу көзү менен тиктеген маркумдун атасы Нурлан Сыдыгалиев күйүтүн сөз менен айтып жеткизе алгыс абалда эле. Ал ортодо маркумдун агасы МЕДЕРБЕК СЫДЫГАЛИЕВ күйүтүн айтып өттү:
– Бакай балдардын эң улуусу болгондуктан, 19 жашында эле үйлөнүп алган. Ошенткени жакшы болуптур. Кеч үйлөнсө, балким, бул эки чүрпөсүнүн жытын да жыттабай калат беле? Артында 2-класс жана 4 жаштагы эки уулу калды.
Кырсыкты интернеттен окудук. Ар бир эле ата-эне «сөөгүмдү сыртта калтырбай, жерге жашыра турган уул болсун» деп уулду жаратат экен. Анан, тескерисинче, жаш баланы жерге берип калыш ата-эне үчүн кандай азап экени айтпаса да белгилүү.

Кылмышкердин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 340-беренесинин (Укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу) негизинде иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул окуядан улам дагы бир жолу судьялар корпусунун короосуна таш ыргытууга себеп болуп, соттордун шектүү өкүм чыгаруусу боюнча коңгуроо кагылды. Ички иштер министри Мелис Турганбаев милиция кызматкерлерине кылмышкерди кармоодо куралчан болсо, аны түз эле атууга уруксат берүүгө чейин жетти. Эске салсак, Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасында дарыланышы керек болгон, кылмышкерлер Боом капчыгайында эки милиция кызматкерин атып салып, качып кетишкен болчу. Анын бири алган жараатынан улам көз жумган.
Абакта же психиатриялык ооруканада дарыланууда жатышы керек болгон кылмышкерлердин эркиндикте жүрүшү, кайрадан коркунучтуу кылмыштарга барышы Кыргызстанда акыркы жылдары көп катталууда.
Укук коргоо органдары, прокуратура, судьялардын корпусу, Жаза аткаруу кызматы, дегеле кылмыш ишинин тегерегинде жүргөн мамлекеттик кызматкерлердин коррупцияга белчесинен батканынын айынан да жогорудагыдай окуялар келип чыгып жатат.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Оперкызматкер мени бутка, мен аны башка аттым"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(21)
SUPER.KG видео
22.11.2014. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаткан жери жайлуу болсун
SUPER.KG видео
22.11.2014. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу болсун. Топурагы торкоо. Жаны жаннаттан болсун
SUPER.KG видео
23.11.2014. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барган жери бейиш болсун.Балдарынын омуру узуун келечеги кен болсун.
SUPER.KG видео
23.11.2014. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерин жайлуу болскн. Жанындагы кызматкер эмге себептен качып кетти тапанчанын унун уккандан кийин жардамга барбаганы жаман болуптур издоодо жургон кылмышкер эмге себептен издоодо жургондугу тууралуу толук маалымат болгондон кийин шерги да барыш керек эле
SUPER.KG видео
23.11.2014. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу топурагы торколлуу болсун...
SUPER.KG видео
23.11.2014. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Армандуу окуя экен кандай эки эле сотрудникти жиберип коюшат целый оперативный топ барыш керек эле да озу мыйзамсыз курал жарактарды сактап жургонун билишет да анан эки сотрудникти жиберип коймок беле дароо эле журокко атса болмок сотрудникти,тиг экинчиси аялы менен балдарынын жанында не кылып турду кошо барып артынан атпайбы,деги элемыйзамсыз жатак абага которуп салганын карагыла кыргыздын кырчынлай мырзаларынан айрылып жатабыз,азыр орган кызматында иштегенден да коркосун
SUPER.KG видео
23.11.2014. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кылмышкерлер камалгандан кайра чыкканы бат,кылмышкерлерге катуурааак жаза берсе болот эле
SUPER.KG видео
24.11.2014. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Напарник эмне качат
24.11.2014. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арты кайрылуу болсун. калган омуру балдары корсун.
24.11.2014. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу...Жаткан жери жайлуу болсун!Жайы жаннаттан болсун!
SUPER.KG видео
24.11.2014. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul emi barip turmodo avtaritet bolboso ele boldu milisani olturdun dep
SUPER.KG видео
24.11.2014. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mintse bolmok tigintse bolmok dep aitkandin paidasi jok emi jash jigit jok boldu da ,jatkan jerin jailuu bolsun .
SUPER.KG видео
25.11.2014. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!!!!Айнаш келинчегине сабырдуулук тилейм,калган омур жашын балдарына,ата-энесине,келинчегине,жакындарына берсин...
25.11.2014. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун. Ушул алакандай Кыргызстан менен торт тутун кыргыз элимдин тынчтыгын сактап, укугун коргой албаган чондорду да тизип алып ошондой кылып башка атыш керек. Колумдан келсе ошентмекмин.Жон эле зээнинди кейитип журокту ооруткан окуялар коп болуп жатат. Президенттен зависит этет баардык нерсе. Путинге окшоп талапты катуу коюп ар бир кызматкерди зынкылдатып иштетсе болбойбу. Анын ордуна биздин кызматкерлер байлыктарын эсептешип мактанышат. Уят уят эле болсун чондорго
SUPER.KG видео
25.11.2014. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
озу качып жургон кылмышкер болсо стой дебей эле атыш керек болчу ушул орус кыргызстанга жакшылык алып келмек беле тескерисинче эки баланын убалына калды ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 26.11.2014 11:04
SUPER.KG видео
26.11.2014. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннаттан болсун.
29.11.2014. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул милиция кызматкерледин шалаакылыгы. Эмне учун милиция кылмышкерди биринчи аткан? Милиция эч убакта кылмышкерди биринчи болуп атпайт, биринчи коко атып токто деп эскертуу берет, анан кылмышкер токтобосо ошондо кылмышкерди атууга болот.
01.12.2014. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalaibek., Taalaibek бул жерде кылмышкер милиция кызматкерин атып жатса ал кокко атсынбы? роликти кунт коюп корсонуз биринчиден ал эскертуу берген......
Жаткан жериниз жайлуу болсун Бакай байке
01.12.2014. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalaibek бул жерде кылмышкер милиция кызматкерин атып жатса ал кокко атсынбы? роликти кунт коюп корсонуз биринчиден ал эскертуу берген......
Жаткан жериниз жайлуу болсун Бакай байке!
22.01.2015. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каап жаман болшуптур мент байкеге!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: