ИНТЕРПОЛ ИЗДӨӨ САЛАТ

№634 26-декабрь-1-январь, 2015-ж


«Интерпол аркылуу изделүүдө» деген сөздү акыркы учурда көп укчу болдук. Кыӊыр иш кылып коюп өлкөдөн качып кеткен кылмышкерлердин тигил же бул жактан кармалгандыгын да угуп калабыз. Азыркы тапта Интерпол аркылуу дүйнө боюнча 80 миӊден ашуун адам, 7 миллиондой автоунаа жана башка жоголгон баалуу буюмдар изделүүдө.

ИНТЕРПОЛДУН НЕГИЗДЕЛИШИ

Интерпол – Эл аралык кылмыштуулукка каршы полиция уюму расмий түрдө 1923-жылы негизделген. Бирок аны түзүү демилгеси 1914-жылы эле айтылып, Монако мамлекетинин князы Албер I 14 өлкөнүн (ичинде Орусия империясы да болгон) күч органдарын чакырып, эл аралык конгресс өткөргөн. Иштин андан ары уланышына Биринчи дүйнөлүк согуштун башталып кетиши тоскоолдук жараткан.

Экинчи эл аралык конгресс 1923-жылы Австрияда өткөн. Дал ошол жыйында Эл аралык кылмыштуулукка каршы полиция уюму түзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттик Германия Австрияны басып, Венадагы Интерполдун штабын Берлинге көчүргөндө мүчө мамлекеттердин көбү бул уюмдан чыгып кетишкен. Уюм жоюлуп кетүү коркунучунда калган. Аталган уюмдун иши кайрадан 1946-жылы штабы Францияга көчүп келгенде жанданган. Азыркы тапта Интерполдун штаб-кеӊсеси Франциянын Лион шаарында жайгашкан.

Жалпысынан бул уюмда 700гө чукул адам иштейт, алар 100гө жакын улуттун өкүлдөрү. Интерпол өз ишмердүүлүгүндө расмий деп англис, француз, испан жана араб тилдерин кабыл алган. Учурдагы президенти Мирей Балестрази Интерполдун тарыхында уюмду башкарган биринчи айым. 1987-жылы атактуу француз сүрөтчүсү Жан-Батист Камиль Коронун уурдалган төрт картинасын тапкандан тарта анын карьерасы жогорулай баштаган.

Интерполдун маалымат базасына жыл сайын ар өлкөдөн издөөгө байланыштуу 800 миллиондой суроо-талаптар түшөт. Көбүнесе алар жоголгон же уурдалган документтерге, шектүү адамдарды текшерип берүүгө байланыштуу болот. Белгилей кетчү нерсе, бул уюм өзүнүн Конституциясына ылайык, саясий, аскердик, диний жана расага байланыштуу чыр-териштирүүлөргө кийлигишпейт. Ошондон улам экс-президент Курманбек Бакиевге, Украинанын мурунку өлкө башчысы Виктор Януковичке издөө салуудан баш тарткан.

308 КЫРГЫЗСТАНДЫК КЫЛМЫШКЕР ИЗДЕЛҮҮДӨ

2008-жылы кыргызстандык 38 кылмышкер Интерпол линиясы аркылуу изделүүдө болсо, азыркы тапта алардын саны 308 кишиге жеткен. Кармалган кыргызстандыктардын саны 143 адам. Интерпол кылмышкерлерди издөө менен гана алектенбестен, дайынсыз жоголуп кеткен жарандар, унаалар, маданий-тарыхый баалуулугу бар буюм-тайымдар боюнча да иш алып барат. Бүгүнкү күндө дайынсыз жоголгон 15 кыргызстандыкка эл аралык издөө жарыяланган. Алардын көбүн чет жакка иштейм деп кеткен жаш кыздар түзөт.

Интерполдун Кыргызстандагы улуттук бюросунун жетекчисинин орун басары Дайырбек Казыбаевдин айтымында, уюм кайсы бир кылмышкерди издөө, кармоо жаатында гана иш жүргүзөт. Андан ары кылмышкерди экстрадициялоо Башкы прокуратуранын "баш оорутмасы".

Мисал катары, мурдагы энергетика министри Сапарбек Балкыбеков 2011-жылы Ирландиядан Интерпол тарабынан кармалган болчу. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны экстрадициялоо боюнча Ирландия мамлекетине кайрылган. Бирок ошондон бери жооп келе электигин Башкы прокуратурадан билдиришти. Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын күч органдары Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн көптөгөн кылмышкерди да колго түшүрүшкөн.

КЫРГЫЗСТАН ИНТЕРПОЛГО 165 МИӉ ЕВРО КАРЫЗ
Кыргызстандын Интерполго мүчө болгонуна быйыл 18 жыл болду. 1996-жылы Түркиянын Анталия шаарында Интерполдун башкы ассамблеясынын 65-сессиясында Кыргызстанды бул уюмга мүчө катары кабыл алуу чечими чыккан. Ал эми бир жылдан соӊ Интерполдун Кыргызстандагы улуттук-борбордук бюросу ачылган. Ал Ички иштер министрлигине караштуу орган. Кыргызстандагы улуттук-борбордук бюродо 7 адам иштейт. Айлыктары кадимки ИИМдин башка милиция кызматкерлериникиндей. Интерполдун Кыргызстандагы УББсын 2012-жылдан бери милициянын полковниги Нурбек Субанбеков жетектеп келет.

Азыркы тапта Интерполдун Кыргызстандагы УББсынын Интерполго 2002-жылдан бери
165 миӊ еврого жеткен карызы турат. Дайырбек Казыбаевдин айтымында, Интерполдун ар бир өлкөдөгү бюросу жыл сайын
10 миӊ евронун тегерегинде мүчөлүк акы төлөп турушу зарыл. "Бирок бюронун ачылган жылынан бери биздин мамлекет бир да сом берген эмес. Бул карыздын айынан Интерполдун Кыргызстандагы УББсынын сөзү конгресстерде өтпөйт",- дейт Казыбаев.

ИНТЕРПОЛ ЖАНА БЕЛГИЛҮҮЛӨР

  • Быйылкы жылдын ноябрь айынан бери Аргентинанын укук коргоо органдары канадалык поп-аткаруучу Жастин Бибердин сотко келүүсүн Интерпол аркылуу талап кыла баштады. Эгер ырчы 60 күндүн ичинде соттук процесске келбесе, анын эл аралык ордер менен арестке алынары айтылууда. Эскерте кетсек, Бибер "2013-жылдын ноябрь айында өзүнүн жан сакчыларына жергиликтүү фотографты сабоого буйрук берген" деп айыпталып жатат.
  • Быйыл март айында Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Ливиянын экс-өлкө башчысы Муаммар Каддафинин баласы Саади Каддафи Нигер мамлекетинен өз өлкөсүнө экстрадицияланган. Ливиянын укук коргоо органдары Саади Каддафини "адам өлтүрүү" беренеси боюнча айыптоодо.
  • Быйыл декабрдын башында "Бириккен Араб Эмираттарынын Ажман шаарында уюшкан кылмыштуу топтун лидери деп саналган Алманбет Анапияев Интерполдун Кыргызстандагы бюросунун өтүнүчүнөн кийин колго түшүрүлдү" деген маалымат тарады. Бирок Анапияевдин жактоочусу "ал кармалган эмес, жөн гана аты-жөнүн тактоо үчүн чакырылган" деп маалымат жыйын өткөрдү. Интерполдун Кыргызстандагы УББсы Бириккен Араб Эмираттарына бул боюнча кат жөнөтүп, бирок жооп келе электигин билдиришти.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg



Интерпол Курманбек Бакиевди издөөдөн баш тарткан

Автор: Наргиза Бекжанова
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(26)
SUPER.KG видео
26.12.2014. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
быйылкы жылы жаны жылдагы балатыны ж.б имаратарды кооздогону 2.5млн коротушуптур андан коро ошондой акчаларды уномдоп карздан кутулуш керек эле балатыны жаш активистер оз чонтогунон деле жасап койушатко
SUPER.KG видео
26.12.2014. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тоооба биздин чондор эмне кылып олтурушат дейм да оздорунчо эле бирин гошун бири жеп, анан кору кичине иштеп койушса болмок, карыздарын толоп дегендей, онолушпады онолушпады да булар. Мин наалат ошолорго.
SUPER.KG видео
26.12.2014. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баш тартат анан кечке эле президент чиновниктерди издете берсе,жакшы болуптур,Бакиев каерде экенин оздору жакшы билет.
SUPER.KG видео
26.12.2014. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кадыржан Батыровду да оздору качырышып эл козуно эле издетип коюшкан.
SUPER.KG видео
27.12.2014. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Афганистан толойт, биз толой албайбыз дейт, эми элестете бер да олкобуздун абалын.
SUPER.KG видео
27.12.2014. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Oto ele okunuchtuu uyat uyat
SUPER.KG видео
29.12.2014. 05:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
yruulardy.ozdory.4ygaryp.jylyy.jymwak.oryndyk.daiardap.yzatyp.jiberiwet.da yialbai kaira izdoo.salywat.
29.12.2014. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эмнеге Азиз Батхаев жок.
30.12.2014. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ош окуясынын себепкерлери да жок го ?
02.01.2015. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ernist007, Батукаев издоодо эмес да.Ал азыр Россиянын турмосундо.Ага чейин биздин турмодо болгон.
29.12.2014. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Интерполдун бюросу Кыргызстанда бар экенине тан калып жатам.
29.12.2014. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бюросу каякта?
29.12.2014. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстандын карыз болбогон жери жок го (((
01.01.2015. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AIZAD, Карыз- Кыргызстандын хоббиси го
29.12.2014. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда Интерполдун бюросу КРнын ИИМнин кенсесинде жайгашкан.
29.12.2014. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аты жонун тактоо учун чакырылган. Алманбет. Тоообо жактоочусун суйлоп жатат. Э шондо кармаса болбойбу. Айланайыыын койгула е уят. Тушунбойсун булардын саясатына.
29.12.2014. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Издей берет, таап алат кайра жоготот!
30.12.2014. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул маалга чейин бир да адамды кармап беребептир, бирок карызбыз...
30.12.2014. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу уюмдан да карызбызбы
30.12.2014. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
демек интерпол кармап берип жургон,озубуздун атактуу чондорубуз алчусун алып кайра качырып журушот экен да.эгер алар жумуш жасабаса кимге карыз болмок эле.коррупция жок болбосо карыздан кутулбай журо берет окшойбуз.
15.05.2015. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bopos,бул жерде сөз взнос жөнүндө болуп атпайбы.Бизге кабинет жасап,баардык шарттарды түзүп жатса,биз взносту төлөбөсөк,кечке эле карызыбызды кече береби? Догурунуп, таап бересиңер деш да туура эмес го
30.12.2014. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кимди кармабай эле, аты учун карыз боло береби.Анда жаап эле салышпайбы.Башка интерпол кармап берсе да, бизде акча менен кутулуп кетишет.
03.01.2015. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
изделуучулордун акчасын алып биздин чондор ,качырышып оздору эле анан кайра интерполго беришип кайра калп эле!!!даагы акча карыз болушуп!!!не кереги бар!!! же озору отказ кылып койбой же оздорун (кыргызстанды)отказ кылышпай !!!бирин калпагын бирине кийгизишип ушу чондор дагы эээч уяттары калбады ай!!!
04.01.2015. 04:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Картина сурот, Арест соттоо, фотограф суротчу)))))
15.05.2015. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интерполдун Кыргызстандагы бюросу иштеп атыптыр.Ал эми БУУнун (ООНдун) бюросу эмне иш кылат.Таптакыр эле дымы чыкпайт го.Мурунку килейген "Детский Мирди" ээлеп жатышат, ал жерде эмне иштер жүрүп атты экен???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: