2015-ЖЫЛЫ БИЗДИ ЭМНЕЛЕР КҮТӨТ?

№635 2-январь-8-январь, 2015-ж


Жыл алмашкан сайын кирип келген жыл дүйнөгө жана Кыргызстанга эмне тартуулайт деген ой баарын кызыктырат. Бул жаатта кандай жоромолдор бар экенине биз да кызыгып көрдүк.

Кыргызстанда
САЯСАТТА ЖАНА КООМДО
Саясат талдоочу Бакыт Бакетаевдин божомолу:

  • Кой жылында өкмөт башчы жана өкмөт алмашышы мүмкүн.
  • Күзүндө өтө турган парламенттик шайлоодо үч партия чыгышы мүмкүн. Негизи шайлоодо ар бир партиянын 20 миллион доллардын тегерегинде акча сарпташы болжолдонууда. Мынча акчаны 3 партия чогулта алат. Демек, кээ бир партиялар биригүүгө аргасыз, бириккенде деле көбү өтпөй калат да, майда митингдерди уюштурушат.
  • Бириккен «Республика» менен «Ата Журтка» келсек, 2 лидер бирине жол бошотсо 4-орунду алышат. Болбосо айтуу кыйын.
  • Рубль азыркы деңгээлинен бир аз көтөрүлөт, бирок көпкө кармалбай кайра түшөт. Кыргыз сомунун да куну түшөт.
  • Президент, өкмөт, депутаттар, министрликтер тарабынан текшерүүлөр катуу жүрөт. Демек, орун алмашуулар болот.

Негизи 2015-жыл Кыргызстан үчүн кыйын жыл болот. Буга Бажы биримдигине кирүү, экономикалык абал, инвестициянын аз келиши, шайлоо жана башкалар түрткү болот. Бузукулардын кебине кирбей, сабырдуу болуубуз кажет. Болбосо кыйын абалда калышыбыз ыктымал.

Көзү ачык Дилдара Буларкиева:
– Жазында Ош жана Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде, Чүйдө сел жүрөт. Жер титирөөлөр жайында, күздө жана кышта күтүлөт. Очогу Токмокто, анан Өзбекстан, Тажикстандын чек арасына жакын аймактарда катталат. Күздө Ош, Талас аймактарында жана Бишкекте чакан митингдер өтүшү мүмкүн. 5 депутаттын жана 2 министрдин өмүрүнө коркунуч туулат. 6 партия биригет. Жыл ичинде өкмөт башчы кетип, 8 министр алмашат. 2-3 депутаттын үстүнөн кылмыш иши козголот. Кыш кыска болуп, жаз эрте келет. Жай орточо кургакчыл болуп, күз узун, анан жаанчыл болот. Түшүм орточо алынат.

Экстрасенс, астролог Индира Исманкулованын божомолу:
– 2015-жыл сюрприздерге бай жыл. Жаз, күздө саясатта өзгөрүүлөр күтүлөт. Өкмөт башчы алмашат, ал эми өкмөт курамы жарым-жартылай жаңырат. Март айында өлүм, алдоолор көп болот. 8-апрелден тартып 17-майга чейин газ, электр энергиясы же чек арага байланыштуу маселелер чыгат. Жайында Тажикстан менен болгон чек арада кооптуу кырдаал жаралат. 16-июнь-25-октябрь аралыгында бийлик жана андагыларга, социалдык жана түрмө маселелерине байланыштуу көйгөйлөр көтөрүлөт. Чиновник жана депутаттардын кээ бирлери соттолот. Митингдер өтүшү мүмкүн. Март-август аралыгында кыймылсыз мүлк, нике жана курулуштарга байланыштуу маселелер натыйжалуу чечилбейт. Май-июнда идеологиялык системдердин бекемдиги сыналып, жаңылары түзүлөт. Декабрь – түрдүү кырсыктарга жакын ай.
Экономикада августка чейин кыйынчылыктар болуп, анан аздан көтөрүлө баштайт.
Август, сентябрда бөйрөк, тамак жана кан тамыр ооруларынан, март, августта муун, ал эми июль, декабрда жүрөк-кан тамыр ооруларынан сактануу кажет. Негизи жыл ичинде жугуштуу оорулар күчөйт.

АБА ЫРАЙЫ
Санжырачы жана жыл санакчы Дастан Сарыгуловдун аба ырайы боюнча божомолу:
– Башкасын болбосо да кыш менен жазды так айтып берем. Быйыл жаз эрте келет. Январдын 20сынан кийин жаздын деми сезиле баштап, 10-15-апрелде жаз толук өз өкүмүн сүрүп калат. Февраль-март айлары жылуу болот.

Дүйнөдө
Орусиялык астролог Павел Глобанын божомолу:

  • 2015-жылы Евробиримдик акырындап талкаланууга өтүп, мүчө өлкөлөр андан четтей баштайт.
  • Италия, Франция, Испанияда төңкөрүш болуп кетиши мүмкүн.
  • Түркия менен Ирандын ортосунда куралдуу кагылышуу болуп, ага Орусия кийлигишип токтотушу ыктымал.
  • Орусия Украина, Азербайжан, Армения менен пайдалуу келишимдерди түзүп, мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдү өзүнүн тегерегине топтоого өтөт.
  • Алгачкы 6 айда Европа нөшөрлүү жамгырдан, Орусия жайында өрттөн жабыркайт.
  • Африкадагы ачарчылыктын айынан көптөгөн эл Европага жер которот.

Көзү ачык Ванганын божомолу:
Европанын, Түштүк Американын жана Түштүк-Чыгыш Азиянын көптөгөн бөлүгүн суу каптайт. Андыктан жылдын экинчи жарымында эл массалык түрдө Түндүк Америкага, Канадага жана Орусияга көчө баштайт.
Мишель Нострадамустун божомолу:
4 өлкөнүн өлкө башчысынын өмүрүнө кол салуулар болот.

ӨТКӨН ЖЫЛЫ ТУУРА КЕЛГЕН БОЖОМОЛДОР

Жыл жаңырарда артка кылчайып, болуп өткөн окуяларды анализдеп көрдүк. 2014-жылы бизди эмнелер күтөрү тууралуу көзү ачыктардын астротөлгөдөн айткан божомолдорунун көпчүлүгү туура чыгыптыр.
Кыргызстанда
Божомол: Жай ысык жана кургакчыл болот.
Тактасак: Жай кургакчыл келип, мунун айынан түшүм аз болду.
Божомол: Марттын экинчи жарымынан тартып апрелдин аягына чейин күтүлбөгөн жана жагымсыз окуялар бийлик кылат.
Тактасак: 24-марттан баштап өлкө боюнча бензиндин баасы 1 сомго кымбаттады.
25-мартта Жантөрө Сатыбалдиев отставкага кетүүгө арыз берди.
17-апрелде Баткен облусунун Зардалы айылына жакын жерде жарылуучу зат жарылып, 2 баланын өмүрүн алып кетти. 5 бала жаракат алып, ооруканага түштү жана башкалар.
Божомол: Айрым партиялар биригет.
Тактасак: «Бүтүн Кыргызстан» менен «Бир бол» жана «Республика» менен «Ата Журт» партиялары биригишти.
Божомол: Армияда жана күч түзүмдөрүндө тартипке келтирүүлөр башталат.
Тактасак: 6-февралда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы түзүлдү.
Божомол: Экономикада оорчулук апрель, август, октябрь, ноябрь айларында күтүлөт. Элде ушул аралыкта акча каражаты тартыш болот.
Тактасак: Октябрдын башында рублдун курсу 1.36, ал эми доллардын курсу 54.20 болуп, ноябрдын аягында рублдун курсу 1.20га түшүп, доллардыкы 57.50гө көтөрүлдү. Ал эми декабрда рублдун курсу түшүп отуруп 0.70 тыйынга бааланса, доллар 60 сомго чейин жогорулады.
Дүйнөдө
Божомол:
Орусия Крым жарым аралын бөлүп алуу максаты менен Украинага кысым жасап, куралдуу кагылышуулар жүрөт. Украина экиге бөлүнүп, чыгыш бөлүгү Орусиянын курамына кириши мүмкүн.
Тактасак: 2014-жылдын 16-мартында өткөн референдумдан кийин Крым Орусияга өттү. Украинанын аймактык бүтүндүгү азыркыга чейин суроо бойдон турат.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg



Кыргызстанда 2015-жылы эмнелер күтүлөт?

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(32)
SUPER.KG видео
03.01.2015. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай буйруса баары жакшы болот келечек алдыда
SUPER.KG видео
03.01.2015. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Хе хе козу ачык,буу бакшы,толго,астролог,ж.б лар жон гана жомоктон алынган каармандар,булар эчнерсени бильбейт,БААРДЫК НЕРСЕ АЛЛАХТЫН КААЛООСУ МЕНЕН ГАНА БОЛМОКЧУ!!!АЛЛАХ УШУНЧАЛЫК КЕРЕМЕТ ЗАТ,Биздин элдин ааламдын корунушун тагдырын бир АЛЛАХ билет!!!так что ишенбегиле бул нерселерге туугандар!!!
SUPER.KG видео
03.01.2015. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги коз ачыктарга ишенбегиле алар кудайдан корпогон неме алар алдамчы кийин кудайдын астында жоп берет алдыдагы иштерди кудайдан башка еч ким билбейт бар болобузбу жок болобузбу ертенки кунду айту кыйын
SUPER.KG видео
03.01.2015. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тынчылыктын жылы жана онуугунун жылы болсун!
SUPER.KG видео
03.01.2015. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары Аллахтын колунда.Жыл жакшылыктын токчулуктун ийгиликтин жылы болсун.
SUPER.KG видео
03.01.2015. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жылдардан болсун
SUPER.KG видео
03.01.2015. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неси болсода жаны жыл жалан жакшылыктардын жылы болсун деп тилейли.
SUPER.KG видео
03.01.2015. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жылдардан болсун.
SUPER.KG видео
03.01.2015. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары Кудуреттуу Аллах Тааламдын буйурганы ,айтканы болот ,буйурса баары жакшы болот ИН ША АЛЛАХ ,,,,,,,эч качан ишенбеш керек козу ачыктарга!!!!!!!
SUPER.KG видео
05.01.2015. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын айтышыптыр., бул Аллахтын гана буйругу.Аллахым тынчылык, , токчулукту кабыл кылсын! Жаны жылда тилегибизге жетелиии
05.01.2015. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары Аллахтын буйругу менен алдыда кандай кун кутуп турса ошону коробузда тынччылык эле болсунда.
05.01.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dastan sarygulovgo iwenip kandai boldu ele kyw
05.01.2015. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ХХХ ХХХ ХХХ ачырып койгондойго.
Бир гана Аллах билетта эмне болуп,эмне болбошун.
Модератор admin_media түзөттү 2015-01-05 12:04:44
05.01.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Oceana, Эскертүү! Коомдук этиканы сактаңыз!
05.01.2015. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
chyn, bir Alladan bawka ech kim bilbeit erten emne bolorun.
05.01.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга эмне тартуулайт деген ой баарын кызыктырат.Бирок аны азыркы убакта керемет коч коргон бала да, божомолдоп айталатургандай денгээлде болуп калбадыбы ::: жаз ж/а куз айларында митингдер отот,кышында электр жарыгы танкыс болот, чон атка минерлер ардайымкыда бирин-бири чукулашып,куру убадаларын берет ,базар баалары которулот деп))) бул текстида божомолго кошуп койгула,кийинки жылы тууру чыгыщы мумкун)))
05.01.2015. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ванге качаан эле олгон бирок жылдале анын передсказанияларын ким каяктан угуп эле жазып жатыптыр ,магада кызык табыщмак боло баштадыго)))
06.01.2015. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ilyamyrza, Ванганын айткан-дегендери интернетте роликтерине чейин чыгып кеткен..ошояктан табыштыда!туура баары Алланын колунда,бирок ванганын айткандары болууда!ужас..!!
SUPER.KG видео
05.01.2015. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жыл ото эле кыйын жыл болот рубль которулбойт доллар тушпойт ортодо елдер кыйналып журо берет деген создор бардык жерде
05.01.2015. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Албетте биринчиден кыргыз элимде тынчтык гана балсун! Ал эми козу ачыктарга келсек аларга такыр ишенууго болбойт деп ойлойм божомолдоону биз деле билебиз биздин деле создорубуз кээде туура чыгып калуусу мумкун, бирок бул деген ал адамга ишенуу керек деген соз эмес да. Эртен эмне болоору бир гана алланын колунда.
06.01.2015. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ох, элимде, жеримде тынчтык болсунчу?
06.01.2015. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазында сел болору турган иш да, жер титирөөлөр болуп турат дайыма эле, митингдер көбүнчө жазында болот го, чек ара маселеси, газ ж.б. көзү ачык эместерге деле белгилүү да. Жалпылап айтышыптыр, эл билген нерсени. Конкреттүү эч нерсе айтышпаптыр.
06.01.2015. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Март-август
аралыгында кыймылсыз мүлк, нике жана
курулуштарга байланыштуу маселелер
натыйжалуу чечилбейт.???
SUPER.KG видео
06.01.2015. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башындагы видео мен жасаган видеого, жарашып калыптыр. :)
07.01.2015. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары Кудайдан болот го. Жер жузундо тынчтык жана токчулук -молчулук болсун!
07.01.2015. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга ишене албайм баарын кудай берет кудай билетго э
07.01.2015. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Накти жейт баары
07.01.2015. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойюо келгенин отой беришет ээк
07.01.2015. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
215-жыл тынчтыктын, ынтымактын жылы болсун,эл аман болсун эличинде биз аман бололу туугандар.сабырдуу болгула жараткан алла озу колдосун бойдо кырсыктан.
08.01.2015. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасынар баарына Аллах себепчи,жакшы ниет кылсак,баары жакшы болот,козу ачык,астрологторго ишенбеш керек,жаны жыл жакшы жыл болсун,баарыбызга ийгилик алып келсин,ЖАНЫ-ЖЫЛЫНЫЗДАР менен мекендештер!!!
10.01.2015. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эртен эмне болушун бир гана кудуреттуу Аллах гана билет!жогорудагы айтылгандардын баары ширк!
Медиа-портал
27.12.2015. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ванганын айтканы ишке ашкан жок! 2015-жылы Европаны суу каптагандыктан европалыктар эч жакка көчкөн жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: