МАЙЫПТЫН АТЫН САТЫП АКЧА ТАПКАНДАР БАРБЫ?

№636 9-январь-15-январь, 2015-ж


Массалык маалымат каражаттарында, интернеттеги социалдык тармактарда майыптарга жардам берүүгө чакырган жарнамалык чакыруулар өтө көп кездешет. Бирок берилген жардамдардын баары эле өз дарегине жете бербейт өӊдүү. Редакциябызга телефон чалган Наргиза Жолдошева аттуу айым кайрымдуулук фонд майып уулунун атын пайдаланып, бирок түшкөн акчаны бербей жатканын айтып арыздангандыктан ага жолугууга жөнөдүк.

«УУЛУМДУН ЗААРАСЫ ТОКТОБОЙ АГЫП ТУРАТ»
– 2 уулум менен Чүйдүн Беловодск айылында батирде жашайм. Улуу уулум Аман тубаса майып болуп төрөлдү. Табарсыгы жарылып, заарасы булак сымал токтобой агат. Торолуп калганда жамбаш сөөгү чыгып кеткенин, белинде грыжасы бар экенин байкадык. Кош бойлуу кезимде базарда музоо курсагыма сүзүп кеткен. Анан сасык тумоо менен да ооругам, дарыгерлер «ошол себептен балаӊ майып төрөлдү» дешти. Музоо сүзгөндө ооруканага кайрылгам, бирок дарыгерлер «баары жайында» дешкен болчу. Кайын журтум мени «майып бала төрөдүӊ» деп күнөөлөп, уулум Аман 2ге чыкканда, кичүү уулум Алихан курсагымда 2 айлык кезинде жолдошум бизди таштап кеткен.
Дарыгерлер «бул балаӊ адам болбойт» дешкен эле, мен болсо үмүтүмдү үзбөй баламды бастырам деп барбаган жерим калган жок. 3 жарым жашка чыкканча табарсыгын бүтөтө албай ооруканалап жүрдүм. Табарсыгы тешик, ичинде эмне бар экени баары көрүнүп турчу. Анан Бишкектеги Энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборунда пол жууп иштеп, анын директору Камчыбек Узакбаевдин жардамы менен табарсыгына операция жасатып, тешигин бүтөттүк.
Балам бир аз жакшы болуп калганда 2 баламды ата-энеме таштап, Москвага иштөө үчүн кеттим. Барганда 3 айдай документ топтой албай кыйналдым. Документтерим бүтүп, идиш-аяк жууп 3 айдай иштеген соӊ Аман ооруганынан кайра келип, аны карап иштебей үйдө отуруп калдым. Анын белиндеги грыжаны алдырыш керек болуп нейрохирург, профессор Миталип Мамытовго кайрылсам ал «бекер эле операция жасап берем» деди. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги буга уруксат бербей койду. Акчаӊ, таанышыӊ жок болсо ушул экен да.

«УУЛУМА ЖАСАЛЧУ ОПЕРАЦИЯ КЕЧИГҮҮДӨ»
– 2013-жылдын апрель айында көп балалуу агама ун алып келишкен «От слов к делу» деген фонддун мүчөлөрү Нуркыз Өзбекова менен менин айылдашым Улан Давлеткулов эшиктин алдында таяк менен басып жүргөн уулумду чөнтөк телефонго сүрөткө тартып кетишиптир. 3 күндөн кийин алар келип «Биздин фонд жаӊы ачылып жатат. Биз элге кайрылып, сизге жардам беребиз. Уулуӊуз айыккыча операциясына кетчү каражаттарды таап берип, жанында жүрөбүз» дешти. Муну угуп кубандым. Амандын бир буту артка карап турат, бутуна да операция кылыш керек эле. Макул болуп, тиешелүү документтердин көчүрмөсүн аларга бердим. Ошентип алар социалдык тармактарга Амандын сүрөтүн коюп, элден жардам сурай башташты. Жакшы эле акча чогулду окшойт, себеби алар өздөрү «мынча доллар чогулду, тиги 600 доллар берди, бул 300 доллар берди» деп улам-улам социалдык тармактарга жазып жатышты.
Сабырбек Жумабековго да байланышып, уулумдун бутун көрсөттүк. Ал «бутуна операция жасап, темир салып берем. 20 миӊ сом болот» деди. Фонддогулар «ал акча бизде бар, операцияга камдай бериӊиз» дешип уулум экөөбүздү ооруканага жаткырып кетишти. Операция болчу күнү дарыгерлер жок, «эмне болду?» деп барсам, алар баламдын белиндеги грыжадан коркуп жатышыптыр. «Грыжасын алдырып кел, анан жасайбыз» дешти. 6 айдай чуркап, акыры грыжасын алдырууга ооруканага жаткырдым. Акча керек болгонунан Улан менен Нуркызга чалсам келип колума 8 миӊ сом карматышты. «Калган акчалар кайда?» десем «болгону ушул акча чогулду» деп коюшту. Операция болуп, белиндеги грыжасы алынгандан 3 саат өтпөй Америкада иштеген Адилет аттуу бала «Элим, барсыӊбы?» деген фонд аркылуу 400 доллар берип жибериптир, ал акчаны мага берип кетишкен. Ошол жерден Нуркыз менен Улан «акчаны апасына эмес, бизге бергиле» деп талашканынан уруша кеттик. Мен ушул балам басып кетсин деп чуркап жүрөм да, эмне мен ал акчага кийинмек белем? Фонддогуларга кайрылып: «Амандын калган акчаларын бергиле, бутуна операция жасаш керек» десем, Нуркыз «Аманга 90 миӊ сом чогулган, аны сага бербейбиз» деп койду. Бутуна операция өткөн жылдын сентябрь айында жасалмак эле. Минтип кечигип калдык. Мындан 2 жыл мурун Германияга бир ооруканага кайрылгам. Алар табарсыгына бекер операция жасашмакчы болду, бирок ага чейин мен бутун түздөтүп барышым керек. Бир бутунун сөөгү ичкерип, азыр экинчи бутунан 7 сантиметрге кыскарып кетти. Улан менен Нуркыздан суранарым, Аманга берген элдин аманатын берсеӊер!

«БАЛАМДЫН БАСАРЫНАН ҮМҮТҮМ ЧОӉ»
– Аман 6 жашка чыкты. Уулум менен теӊ балдар мектепке барганы калды. Ал эми Аман баспай үйдө жатат. Заарасы токтобогондуктан кээде жыттанып кетет. Маршруткага салсам эл мени жаман көздөрү менен карайт. 3 күн сайын бир таӊгак памперс кийет. Бир таӊгактын баасы 500 сом. Андан тышкары батирге айына 2 миӊ сом, светке 700-800 сом кетет. Өзүм 3-топтогу майыпмын, бир колум жакшы иштебейт. Өкмөт уулума 3 миӊ сом пенсия берет.
Жайкысын ар кимдин талаа иштерине жардам берип, күнүнө 400 сом табам. Кышкысын жума күндөрү уулумду көтөрүп Беловодск айылынын борбордук мечитинин алдына барып элден жардам сурайм. Андан 200-300 сом чогулат, памперс, тамак-аш алабыз. Кичүү уулумду кийин атасы талашып келди. Эмнеге ал улуусун чанып кетет да, дени сак кичүүсүн талашат? Анысы аз келгенсип социалдык кызматкерлер «балдар үйүнө бер» деп жатышат. Балам атасы жок өскөнү аз келгенсип эми бир тууганынан, апасынан айрылышын каалабайм. Амандын болгон эрмеги иниси. Экөө кечке мультфильм көрүшөт, чогуу ойношот. Буюрса, ушул баламды эптеп бастырып алсам баары жакшы болот деген үмүтүмдү үзбөй, аракет кылып келем. Аман «чоӊойсом врач болуп элди дарылайм» десе ого бетер жүрөгүм канайт...

«АПАСЫ АКЧАНЫ ЖОК КЫЛЫП ТАШТАЙТ»
Андан соӊ жогорудагы кеп болуп жаткан Улан Давлеткулов менен Нуркыз Өзбековага байланыштык. Алар биздин редакцияга келип, 1 жарым миӊ долларды көрсөтүшүп, ал акчаны Амандын апасына эмнеге бербей жатканын Улан Давлеткулов төмөнкүдөй түшүндүрдү:
– Биз кайрымдуулук фонд эмеспиз, атайын элге жардам берүү максатында ачылган топпуз. Эч кандай каттоодон өткөн эмеспиз жана эч ким бизди көзөмөлдөбөйт. Болгону башында достордон турган 6 адам чогулуп, сөздөн ишке өтүп, муктаж адамдарга бош убактыбызда колдон келишинче жардам берели деп чечкенбиз. Аманды көрүп калып да жардам берүүнү чечтик. Социалдык тармактар аркылуу элден жардам сурап, биринчи операциясына жардам кылдык. Экинчи операция 3 жылдан кийин жасалмак. Ага чейин апасына акчаны бербей туралы дедик. Себеби Амандын апасы буга чейин деле берген акчаларыбызды өз керектерине коротуп салган. Эскерте кетчү нерсе, Аманга деп чогулган акчанын көпчүлүгүн биздин топтогулар чогулткан. Социалдык тармак аркылуу көп деле каражат чогулбайт экен, биздин топтогулар деле чоӊ жумушта иштегендер же ишкерлер эмеспиз. Аман эле эмес, көптөгөн адамдарга, карылар үйүнө, жетимдер үйүнө жардам кылдык. Андан тышкары акчабыз жок болсо деле өзүбүз чогулуп кары адамдардын кара жумуштарын кылып келебиз. Наргиза айымга биз жардам берели деп жүрсөк, кайра бизди каралаганы туура эмес.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



"Жардам беребиз деген фонддор алдап кетишти"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(115)
13.01.2015. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бергиле Амандын атынан тапкан акчаны
SUPER.KG видео
13.01.2015. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бала айыгып кетсин!!!
SUPER.KG видео
13.01.2015. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже акыбалыныз оор экен,коруп алып ыйладым.Кыргыз элим карап турбастыр,жардамын аябайт деген умуттомун.Сабыр кылыныз.Аллахым берерин унутпасын,бул да болсо сыноо.Аманчик ылайым жакшы болуп кетсин.
13.01.2015. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бербей турганы эле туура жок болуп кетсе каура башынан башташ керек, керек учур да бериш керек.
13.01.2015. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurmuhammad
Hanif, мен сага тан калып жатам! Ошол баланын
атын сатып акча таптынбы? Таптын! туура...
13.01.2015. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атын стакан жокмун !! акча дагы бир тыйын тапқан жокмун !!!!

ошол созун учун жооп бербейм деп ойлоп жатасынбы ??????

акча алып жегенимди корбой,билбей туруп мени куноолоп жатасынбы ???

уверен на 100% что я скушал деньги прикрывааясь именем инвалида ???
14.01.2015. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тогда давай призовем проклятие Аллаха на себя и своих детей и семей на того кто из нас лжёт !!! согласно аятам из Курана !!!! духу хватит ????
14.01.2015. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тому, кто станет препираться с тобой
относительно него после того, что к тебе явилось из
знания, скажи: «Давайте призовем наших сыновей и
ваших, наших женщин и ваших, нас самих и вас самих, а
затем помолимся и призовем проклятие Аллаха на
лжецов!»
( Сура семейство Имрана 61 аят )
14.01.2015. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тажадым силерге тушундуром деп. . .

Операцияга деп чогулткан акчаны операцияга толойбуз деп азап болдукко..
Модератор admin_superstan түзөттү 14.01.2015 10:14
18.01.2015. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Hanif,
:)))) Супер теманы жестко коюптур. Ошого копчулук сени жемелеп жатат. Жакшылык ишини уланта бер. Акча максаттуу иштетилгени жакшы.
14.01.2015. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
на этом я заканчиваю свои попытки донести что мы не мошенники. Собаки лают караван идет.
14.01.2015. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hanif, ак ийилет, бирок сынбайт. Nurmuhammad деле куйгонунон айткпндыр. Ага эмнеге анча тежиктин? Карганыштын кажети жок. Силерге да рахмат! Ошентип ойлоп жардам берип койгорунарга. Эми аман болсок мезгил корсотот баарын. Дагы да болсо супер инфодон окуйбуз го. Сабыр кылгыла!!
14.01.2015. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hanif куйбочу ит уро берет кербен журо берет
14.01.2015. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
калганына айтаарым акчаны берип койду дейли ага памперс алып уйуно толоп башка кем кар часы мн жок болот акча деген суу кийин операция кылаар убагында ким эле ме деп эле бере калат экен
14.01.2015. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
амантай айыгып кет ,, бирок апасын баласы менен кочодон кайыр суратпай акчадан каралашса болотко баарын бербесе да аз аздан операцияга чейин.
18.01.2015. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыпчак, операция болгондо ким толойт толуктап?
14.01.2015. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Макул аларга акчаны берип койду дейли, операцияга кайдан акча алышат эгер апасы акчаны тиричилике жумшап салса?
14.01.2015. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Улан Давлеткуловту коргонмун, ал акчаны уурдап же жеп кете турган адам эмес.
14.01.2015. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай боло берсе,коркосун жакшылык кылыштан да,дуйнодогу бардык ушундай организациялар,тушкон акчадан ишчилерге маяна берилет,алар да адамдар да,жашаш керек.Бирок,баарын официалдуу турдо,кагазга жазып,канча тушконун, канчасы кай жакка кеткенин далилдешсе, мындай окуя болмок эмес.Эки жактыкы тен туура, каталары,баарын кагаз турундо кылыш керек болчу.
14.01.2015. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башынан эле,кайсы нерселерине жардам берээрин тушундуруш керек,адамга акча эч качан жетпейт,канча алган сайын,ошончо болсун дейбиз да.
14.01.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге билип билбей туруп талаш тартышка тушобуз.Мумкун бул балдар ак журогу менен жардам берип жатышат.Минтип ак жеринен кунолосок кийин жашылык кылган адам чыкпай калып журбосун.
14.01.2015. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hanif, сиз мумкун чын айтып жаткандырсыз, мумкун жок... Азыр Аллах тын атын жамынып алып кандай гана жолдор менен акча таап озунун кызыкчылыгына иштеткендер коп. Ошондуктан ошолордун бири болгунуз келбесе, ушундай негативный комментарийлерди окуп, элдин алдында жалганчы болгунуз келбесе анда сиз документально отчет берип журушунуз керек элге. Канча акча тушту, кайсыл жака коротулду, канча калды, чек, квитанция, болгон кыймыл аракеттин баары по фактам далилденип туруш керек.
14.01.2015. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hanif, сизге болгон ишеничтин кетиши, сиз "жардам берип жаткан" баланын энесинен кеткендиги, башка элдерди уже кооптондуруп жатпайбы. Эне кантип оз баласына жардам берип жаткан балдарды ошонтип жазсын? А мынтип тигини кылдык, муну кылдык деп интернетте жаза бергенди баары эле жаза берет да. Элдер азыр фактыларга ишенет. Жардам кылдынбы-далил болуш керек.
14.01.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rusana, Hanif жардам берип жатканы корунуп жатпайбы ким эле кочодо турган баланы журу мен сага жардам берем деп жатыптр.Наргиза да туура эмес рахмат деш керек болчу.сабырдуу болуш керек.Корунуп турбайбы Наргиза акчаны алып озу жумшагысы келип жатат .Анын ойунда ушинтип акча тошо берет деп ойлойт бирок андай эмес бир берген киши экинчи бербейт.Ушинтип отурса ишеничтен чыгып экинчи эч ким бул дооматчы деп жардам бербейт.
14.01.2015. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгер Амандын келечегин ойлосонуз сабырдуу болунуз.
14.01.2015. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hanif,Улан Давлеткулов кайрымдуулук иш кылсан баарын ачык айрым кылсан озуно да озгого да жакшы.. Силер каттоодон отуп документальный иштер менен иш жургузгуло. азыркы заман адамга караганда бир барак кагазга ишенип калган учур. бул ишине эч ким каршы эмес. каршы да чыга албайт. Анан ал баланын энеси менен бир пикирге келип иштешуу керек. Антпесен мындан да жаман ахыбалга кабылышынар мумкун. Менин берээр кенешим ушул....
14.01.2015. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында,сагызган сактыгынан олбой,суктугунан олот.
15.01.2015. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Офтоп. Мындан 2-3 жыл мурун Бермет деген кыздын журогуно операцияга акча топтолгон. Ал акцияны да ушул балдарга окшогон бооркер, активдуу балдар уюштуруп, акча кайда кеткенин, эмне сатып алынганын, кайда толонгонун квитанция, фотоотчет менен жарыялап турушкан. Германиядан да коптогон жаштар акча жонотконбуз. Кудайга шугур, операция ийгиликтуу болуп, кыз айыгып кеткен. Аягында анын апасы " дагы акча бергиле, кызымды Ыссык-Колго эс алдырып келем"-дегенде нааразы болдум эле. Айтайын дегеним,
15.01.2015. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жардам бергенди унуптагыла, копчулук балдар жардамга муктаж. Отуруп алып бироонун жумушун сындаган оной. Ал эми бул окуяда болсо, топтолгон акчаны бербей туруп, операцияга кассага тологону туура деп эсептейм. Дагы жакшылыктарды жасай бергиле, чон рахмат силерге!
16.01.2015. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишенич да кыйын экен. Бирок сен мойнуна алдын акчасын толоп берем деп ханиф коробуз аны да ак бол.
16.01.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмки операциясы февральда болот ага 120 мин сом керек анын 90 мин сомун толойбуз Амандын фондуна чогулган акчаны деп атышатко. Туура кылатда бербей чогулган акчаны апасына берип койсо кор тиричиликке киргизип операцияга акча таппай отуруп калат анан дагы кимден акча сурайт андан коро сабыр кылып турса болмок апасы. Аллах шыпаасын берсин жардам бергендерге Аллах раазы болсун ишиниздерге ийгилик!
16.01.2015. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимисине ишеништида билбей калдым эки тарап тен оздорун актап атышатю Бирок эмнеси болсода кудай шыпаасын берсин.
19.01.2015. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сооптун тубу тешик деп ушуну айтса керек.баардык еле кайрымдуулук фондтор.НПОлор.каражатка жумшалуучу суманы жарандардын колуна карматпайт алар ошол оруукана болобу же ошол объекттин есебине которуп коюшат бул ишеничтуу жана ефективдуу.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: