ЭЛДИК ЖАЗАЛООБУ ЖЕ ӨЗҮМ БИЛЕМДИКПИ?

№638 23-январь-29-январь, 2015-ж


Ушул жылдын 7-январынан 8-январга караган түнү Сокулук районундагы Конуш айылынын тургундары топтолуп айылдашы, 43 жаштагы Нурлан Амановду «Рустамбекти зордуктапсыӊ» деп ур-токмокко алышкан. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жетпей көз жумган. Коомчулукту дүрбөлөӊгө түшүргөн бул окуяны айрымдар мыйзамга баш ийбеген баш аламандык, оор кылмыш катары сыпатташса, кай бири элдик жазалоо катары баалашууда.

«4 СААТТАЙ САБАШТЫ»
Жогорудагы окуянын чоо-жайын аныктоо максатында аталган айылга бардык. Маркумдун жубайы ГҮЛНАРА ШАРШЕНОВА күйөөсүн сабап жатышканда жанында болгондугун айтат:
– Нурландын "тоок ферма, спорт зал куруп иштетем" деген жакшы ойлору бар эле. Ошол күнү уктай албай, түнкү үч жарымга чейин отурду. Негедир эшикте ит улуп жаткан. Жаӊы эле көзүбүз илингенде, таӊкы саат 4төр чамасында топураган үн чыкты. Тура калып жарыкты күйгүзүп карасам, 15тей киши үйгө чейин кирип келип калышыптыр, эшикте да толтура киши. Колдорунда союл, арматура бар экен. Бирөөсү лампочканы таяк менен чаап жиберип, анан күйөөмдү сабап киришти. Туугандарга телефон чалайын десем бирөө колумду кайрып, телефонумду алып койду да, мени түртүп жиберди. Эсимди жоготуп коюптурмун, өзүмө келгенде эшиктен «Байлагыла, колу бошосо баарыбызды өлтүрөт!» деген үн уктум. Мени болсо сыртымдан бекитип коюшуптур. Эшикти чапкылап «Чыгаргыла, аба жетпей баратат!» десем, «мунусу да өлүп калбасын» деп сыртка сүйрөп чыгышты.
Чыксам Нурлан энеден туума жылаӊач, бети-башынын баары канжалап, коркурап өлөйүн деп калыптыр. Кайра үйгө чуркап кирип плед алып чыгып үстүнө жабайын десем, жаптырбай коюшту. Ар кимиси келип колундагылары менен Нурланды чапкылап жатышты. «Колун чечип койгулачы, жаны чыкпай кыйналып жатат?» десем да угушпады. Анан «кошунамдын үйүнө барып турайын» деп айтсам, экөө сүйрөп барышты. Кошуна келиндин боюнда бар, анын да эси чыкты. Бизди ошол жерге камап коюшту. Эптеп качып чыгып, Сокулукка барып, милиция кызматкерлерин чакырдым. Кошуналардын эч кимиси жардамга келбей, милиция бөлүмүнө чалайын десем бири да телефонун бербей коюшту.
Нурлан зордуктады деп жатышкан Рустам аттуу киши мурда үйгө келип күйөөм менен бир-эки жолу ичимдик ичкен. Эки көзү баӊгиникиндей болуп кызарып турганынан «көзү жаман экен, муну үйгө жолотпочу» дегем. "4-январда Нурлан Рустамды өзүнүн үйүнөн зордуктады" деп жатат. Ал күнү үйдө мен, 12 жаштагы балам бар болсо кайсы жерден зордуктамак эле? Жолдошум олбурлуу, ак көӊүл адам эле. Ошондуктан ага ар ким таяк жеп келип даттана берчү. Күйөөм «мен айылдаштарымдын бирөөсүн да чаппайм, чапсам өлүп калышпайбы» деп тамашалап калчу. Жолдошумду сабаган 30 баланы кармап келишип, тергөөчү мага «кимдер бар эле, тааныгандарыӊызды айтыӊыз» деди. Балким, арасынан дагы башкаларын да таанымакмын, мен тааныган 6 кишини эле айтып калдым. Ал ортодо тигилерди судья Нурлан Мусаев белгисиз себептер менен үй камагына чыгарып жиберди.

«КӨЧКҮЛӨ ДЕП ЖАТЫШАТ»
Маркумдун иниси АЛТЫНБЕК АМАНОВ окуя тууралуу буларды кошумчалап өттү:
– Таӊ атканда айылдаштарымдан бирөө телефон чалып «сенин агаӊды сабап жатышат» деди. Чуркап чыктык, элдер толтура, эмне болуп жатканын түшүнгөн жокмун. Чалы, кемпири, жаш балдары деле жүрөт. Агамды аркан менен байлап сабап жатышыптыр. Бети таанылбай канга чыланган. Пледге салып үйүнөн айылдын ортосуна чейин көтөрүп келишиптир. Сабагандар ызы-чуу чыгарып, бизге «айылдан көчүп кеткиле» дегенге чейин барышты. Аӊгыча улуу агам да келип калды. Арканды чечкенибизде эле Нурлан «суу берчи» деп үзүлдү. 4 саат сабашыптыр. Биз милиция кызматкерлерине нааразыбыз. Тоок уурдагандарды деле камап жатышат, ал эми сабагандардан 6 кишини чала-була суракка алып үй камагына чыгарып салышты. Ушул күнгө чейин тергөөчү бизге бир да басып келген жок. Мен деле окуянын күбөсүмүн, менден деле сураш керек беле? Агамды байлаган аркан тергөө ишине керек болмок, ал менде турат.
Айбек деген биздин айылдык бандит сөрөй бирөө бар, өзү Сокулукта жашайт. Ал милиция кызматкери эмес, бирок тергөө учурунда Сокулук РИИБине барып кармалгандарды бир бөлмөгө киргизип сабап, коркутуп-үркүтүп, агама каршы жалган арыздарды жаздыртыптыр. «Мурда рэкет болчу» деп агама каршы арыз жазгандардын бирөөсү ошону айтып, кечээ эле бизден кечирим сурап, арызын кайра алды. Биздин айылда негизинен эки уруу жашайт, солтолор жана саяктар. Рустам дегени солтонун майчы уруусунан, а биз саяктардын токтор уруусунан болобуз. Агамды жерге берип келе жатканда сабагандар жолдон элди токтотуп, «ким кайсы тарапка кошулат?» дешип ошол жердегилерди экиге бөлүп жиберишти. Аксакалдар «эмне элди бөлүп жатасыӊар?!» деп кыйкырып араӊ токтотушту. Андан соӊ айыл өкмөтү тарабынан чогулуш болуп, ынтымакка чакырышты. Бирок тигил тарап дале тынчыбай, «жети күндөн кийин келип желкеӊерди кесип кетебиз» деп коркутуп жатышат. Мен алардан коркпойм, өлтүрсө да туулган айылымдан көчпөйм. Өткөндө сөөк жашыруу менен алек болуп жатканда келинчегим жумуштары менен көчөдө баратса, агамды сабагандардын бирөөсү Ринат «көчөдө эмне басып жүрөсүӊ? Токторлордун эркектери калбай калдыбы? Катындары эле көчөдө басып калыптыр» деп биздин намысыбызга тийип кайра жаӊжалды самап жатат.

«УУЛУМ АК БОЛЧУ»
Маркумдун апасы МЕЙИСКАН АМАНОВА көзүнүн жашын көлдөтө буларды айтып берди:
– 3 уул, 4 кызым бар. Нурлан уулдарымдын экинчиси. Ак көӊүл эле. Күрөш менен жаштайынан машыккан. Орусияга барып иштеп, «эми өзүмдүн айылымды көтөрөм, балдарды спорт менен машыктырам» деп келгенине 2 жыл эле болгон. Ушунчалык да мыкаачы болобу? Уулумдун көзү чанагынан чыгып, буту-колу, кабыргалары, бир жери калбай сыныптыр. Анысы аз келгенсип өлгөн соӊ уулумдун бетине көө жаап жатышат. Өлүк узаткан күнү сабаган балдардын аялдары келип кызым экөөбүздүн бетибизди тытып кетишти. Үстүбүздө Кудай, алдыбызда жер турат, балам сүттөн ак, ишенип койгула. «Жарашкыла» деп биринен сала бири келип жатышат. Бирок уулум түшүмө кирип, «мага ишениӊиз, мен акмын» деди. Ошончолук күнөө кылса ошол отузу менин алдыма алып келип, күнөөсүн моюнуна коюп туруп өлтүрүшсө бир жөн эле го. Артында 19 жаштагы кызы, 11 жаштагы уулу калды. Алардын тагдыры эмне болот эми? Мугалимдер коркуп уулун мектепке албай жатышат.

«НУРЛАН АЙЫЛГА КҮН КӨРСӨТЧҮ ЭМЕС»
Маркумду сабаган деп айыпталып, үй камагына чыгарылган 6 киши менен жолугушууга мүмкүн болгон жок. Туугандары аларды калкалап жатабы, айтор, баары эле "Сокулукка кеткен" деген жоопту кайтарып жатышты. Ал эми «зордукталды» делинген Рустам азыр эч ким менен сүйлөшпөй, «тирүүнүн өлүгүнө айландым» деп дубалды сүзгүлөп, башынан оор жаракат алып, борбордогу ооруканалардын бирине жаткырылганын айылдаштары айтышты. "Окуяга катышы бар" деп кармалгандардын бири Марат аттуу жарандын апасы ЖУМАКАН айым кылмыш иши тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
– Сабаганга бир эле менин балам эмес, окуяга айылдагы көп эле жаштар катышыптыр. Уулумдун айтымында, Рустам балама телефон чалып, «Нурлан "атаӊды зордуктадым" деп балама айтыптыр, мен эми ушинтип тирүүнүн өлүгүнө айланамбы?» деп чакырыптыр. Аны укканда ачууланып чыгыптыр. Мен айылдаштар туура кылды, бул элдик жазалоо деп ойлойм. Маркум Нурланды сыртынан эле таанычумун. Бизге жамандык деле кылган эмес, бирок айылдаштардан «тигини уруп коюптур, буга арак алып бер деп коркутуптур» дегендерин угуп калчумун. 3 ай мурун бир баланы бычак менен сайып жибериптир. Бирок ал милицияга арыз жазбай, Нурлан камалбай калган. Өткөндө коӊшу жашаган дүкөнчү келин «бизге келип балдардын көзүнчө баса калып сабап, товарларыбызды алып кетчү» дегенин кулагым чалып калды эле.

«КЫЗУУ КАНДУУЛУККА АЛДЫРЫШЫПТЫР»
Окуяга шектүү деп кармалгандардын дагы бири Ринат аттуу жарандын жубайы НУРЗАДА айым төмөнкүлөрдү кошумчалады:
– Ал күнү түн ортосунда бирөөлөр күйөөмө телефон чалып «келе кал» дешти. Эгер бирөөнү сабаганы кетип жатканын билсем токтотуп калмакмын. Барса элдер «Нурлан Рустамды зордуктап салыптыр» деп чогулуп жатышыптыр. Буга чейин деле маркумга айылдын көпчүлүгү кекенип, тиштенип жүрүшчү экен. Ошентип тарбиялап коёлу деп барышып, кызуу кандуулукка алдырып катуу сабашыптыр. Анан агасын чакырып «бул мындан ары да бирөөгө кол салышы мүмкүн, айылдан чыгып кеткиле!» деп анын колуна салып беришиптир.
Маркум дайыма эле арак ичип алып ар кимди тоноп, уруп-сабап жүрчү. Жайында күйөөм бирөөдөн таяк жеп, көйнөгү айрылып келиптир. Сурасам «Нурлан мас болуп балдарды четинен сабап баштады, качып баса бердим» деген эле. Күзүндө да бирөө көчөдө ат минип келе жатса атын сураган экен, бербей койсо атынан сүйрөп түшүп, сабап, муунтуп жатканда бир кайнагам барып ажыратып калыптыр. Эмнеси болсо да айылда жаман иш болду. Өлтүрбөй эле милицияга салып берип коюшса болмок. Маркум мурда деле бир канча жолу милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, бирок камалбай чыгып кетип жатканынан элдер ушундай кадамга барышты окшойт.

«ОБЛУСТУК СОТ КАРАЙТ»
Маркум чын эле айылына тынчтык берген эмеспи же бул жөн гана ага көө жабуубу? "Зордукталды" делген Рустам эмне үчүн убагында арыз жазган эмес жана ал экспертизадан өттүбү? Бул жерде окуяга тиешеси жок Айбек деген адамдын ысымы эмнеге аталып жатат? Балким, бул кандуу окуя эки уруунун же кримчөйрөсүндөгүлөрдүн тирешүүсү болуп жүрбөсүн? Айрым суроолорубузга жооп алалы деп бул ишти тергеп жаткан Сокулук РИИБинин тергөөчүсү Таалай Молдогазиевге кайрылганыбызда, ал "маалымат кызматы гана жооп берет" деп кутулду. ИИМдин басма сөз кызматкери НУРГҮЛ НУСУПОВАГА кайрылып, окуя тууралуу маалымат алдык:
– Бул окуя боюнча кылмышка шектүү 6 жаран кармалып, алардын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор зыян келтирүү, жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе) менен кылмыш иши козголгон. Ал эми Сокулук райондук соту кылмышка шектүүлөрдү үй камагына чыгарган. Бирок Сокулук райондук прокуратурасы кылмышка шектүүлөрдү үй камагына чыгаруу чечимине каршы болуп, Чүй облустук сотко арыз менен кайрылган. Учурда кылмышка шектүү дагы башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүүлөрдүн көрсөтмөлөрү менен экспертизанын жыйынтыгын тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча айта албайбыз. Маркум Нурлан Аманов тирүү кезинде анын үстүнөн айылдашы "мени сабагандыгы үчүн арыз жазганмын" деп айтып жатат. Бул боюнча да иликтөө жүрүүдө. Эгер арыз жазса маркумдун үстүнөн кылмыш иши козголгонбу, эгер козголбосо эмне үчүн козголбогон деген суроонун үстүнөн иштеп жатабыз.

Окуя болгон үй. Айылдаштары маркумду өз үйүнүн алдында сабашкан.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Элдик жазалообу же мыйзамга баш ийбестикпи?

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(33)
SUPER.KG видео
24.01.2015. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sottor akchaga satylyp butkon. Aram akcha ash bolboit. Al balanyn kunoosun anyktap anan olturso bolmok.
SUPER.KG видео
24.01.2015. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эненин көз жашынан айлангыла айбандар!!! КУДАЙ бар жазалай турган, же силер кудайсынарбы? Сот бар Кыргызстанда, кандай акынар бар адам олтургонго??? анан ушу Сокулуктун сотуна ишенип кереги жок адам олтурсо үй камагы, ал эми тоок уурдаса түрмө!!!
SUPER.KG видео
24.01.2015. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Энеге гана боорум ооруйт.тооба жаман коргон кишинди ушинтип эле ууру токмокко ала берген деле болбойтко.cоз менен эле тушундурушуп алса болмок да,колдорун канга булгабай.заманыбыз бузулду.чон соройлор озу менен озу,эл байкушту караган бир жан жок азыр.жадакалса ишенген менттер да кишини куйдурушот.мындайча айтканда оздорунун ишин билбейт.
SUPER.KG видео
24.01.2015. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай ОЗУ жазаласын айбандарды! Ким кайсыл уруудан экени кандай айырмасы бар? Эн негизгиси биз кыргызбыз да!Кантсе да Адам олтургонго эч кимдин акысы жок! Ошондуктан жазасын алышсын зоокурлор... Кудайым баарыбызга ыйман берсин!
SUPER.KG видео
24.01.2015. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акмактар го молдосу баш болуп.Бул не деген шумдук.Акыры мыйзам бар го.Эгерде чындап эле ошондой болгон болсо мыйзам чегинде жазаласа болмок.Байкуш энесине жаман болуптур.
SUPER.KG видео
24.01.2015. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аял кишини жалгыз адам зордуктай албайт тиги Рустам деген кандай эркек кызык болуп жатат?
SUPER.KG видео
24.01.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Табышмак кылбай ошол зордукталган Рустам деген кишини экспертизага беришпейби ошондо жыйынтыгы чыкса эки тарап бир келишимге келмек экен
SUPER.KG видео
24.01.2015. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рустам дегендин боюнда болуп калбаптырбы?Эркекти эркек кантип зордуктасын?Озунун аялы болсо.Уят эле,башка эл укпасын.
SUPER.KG видео
24.01.2015. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin jeke ojum kudai dele ushundai olumdu yraa korso kerek.Ushul jaza menen ele ushul duinodo kylgan kylygyna joop berip jaiy jannatta bolsun. Enesine ele kyiyn boldu............
SUPER.KG видео
24.01.2015. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындыгында маркумда да куноо бар оз айылдаштарына кун коргозбой налог салып уруп соккону учун эл ушуга барды да. Учоо же бешоо болсо акмактар дейт элен а бул жерде 35-40 адам акмак эмес да.мындай окуя таластын озгоруш айылында да болгон. Эки бир тууган оз элине кордук корсоткон учун 50 киши атасынын козунчо олтурушкон. Туугандар айтаарым кучтуу болсон айылына пайданды тийгиз кордук корсотпо. Энелерге гана боорум ооруйт да алар билбейт да балдары кочодо кандай экенин.
SUPER.KG видео
25.01.2015. 04:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал адамдын кандай экенин билбейм бирок ошол өлтүргөндөр акмактар алардын кандай акысы бар жазалашка бирөөгө кол салышка
SUPER.KG видео
25.01.2015. 05:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энеге боорум ооруду жаман бала чыкса ата-энеге эле шор,тиги аялдар кызын эмне сабап кетишти эми деги адамдар кайда баратабыз,Рустам дегени сотко кайрылбайбы ар кимге айта бербей, куноосу болсо керек каза болгон адамдын бирок сот чечиш керек эле жазаны бирок адамдардын бул кылганы болбойт эми эмне чечим чыгаар экен
SUPER.KG видео
25.01.2015. 07:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт. Куноонун баары олгон балада турбайбы катыны бала чакасы турса акылга сыйбаган иш кылган экен! Озу олгону аз келгенсин канча адамды суйрой кетиптир турмого. СОТда туура чечим чыгарсын!!!
SUPER.KG видео
25.01.2015. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul kishini el jazalabasa dele Allahym ozu jazalamak. Eger kylgan kunooloru anyk bolso.
26.01.2015. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироонун омурун бироо алганга эч кандай укугу,акысы жок!Бир гана Кудай чечет,Кудай берет,Кудай алат!Мин куноолу болгон чакта деле,милицияга тапшырып бериш керек эле.Ошол олтургондордун колу канга чыланды,алар да бир куну. Кудайдын каарына калат,бул дуйнодо болбосо,тиги дуйнодо соссуз жазаланышат.Анан да козу откон адам мин жаман болсо да,аны эч качан жамандабаш керек.
SUPER.KG видео
26.01.2015. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы жашоодо бироо бироого ишениш кыйын... Бирок зоокурлордун айтымы чын болуп чын эле зордуктаган болсо анда нурлан озунун жазасын озу аркы дуйнодон деле алмак.... Это не объязательно куч колдонуп олтуруш...Жашоо аябай кыйын болду.... Апасы туура айтат кудай коруп турат деп тура кудайым коруп турат ким кандай экенин... Бир гана кудайга коюш керек деп ойлойм...Ал эми маркумдун жакындарына конул айтам....Кайгырбаныздар кудайым бар ошону эстен чыгарбаныздар....
SUPER.KG видео
26.01.2015. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirba24, провокацияга жол жок! 2 күн БАН!
26.01.2015. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зордуктаганы экспертизадан аныкталса демек чын да...эхе заман кайда баратабыз эркекти эркек зордуктап...бирок олтуруп туура эмес кылышкан экен, колдорун канга боёп...энеге журогум ооруйт...алла таалам кайрат берсин сизге...
Модератор al79mi түзөттү 2015-01-26 11:22:05
SUPER.KG видео
26.01.2015. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун.Адамдар айбандан да жаман болуп кеттик акыркы кундору.Неужели айылда бир да акылдуу жан чыкпады кой деп бул зоокурлорду токтотконго.Апасын коруп журогун сыздат.Апасына бир туугандарына кайрат кылыныздар демекчибиз.Калганын ким куноолу ким куноолу эмес экенин кудайым озу таразалап алат.Эгерде Нурлан мырза куноолуу эмес болсо анда адамдын каны уктатпайп буларды,Коншулары суйлошуп алгандай бардгы эл бир созду кайталап жатышат.Соз жок просто булар жазасын алыш керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 26.01.2015 17:36
26.01.2015. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне болгон кундо да олтуруу туура эмес.эгерде 15-20 киши бироону олтуруп койсо элдик жазалоо деп жоопко тартылышпаса беспредел болуп кетпейби кыргызстанда
Модератор kanatkayrat түзөттү 2015-01-26 17:15:55
SUPER.KG видео
26.01.2015. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болгон кундо да бизде закон деген нерсе бар ошончо кылмыш иш кылса неге кайрылышьайт милицияга адам жазалагыдай булар кудай беле? Башка жерлерде да ушундай нерселер каталбаш учун баары камалсын законду сыйлаганды уйронушсун зордогон биякта турсун бир тууганы олгондор деле закондун ченеминде иш алып барып жатбайбы жеткен озумчулдор ууру ууру болунуп алышып бирин бири чаап алып журушкон экенда ушул эле жетбей аты эле ментер акча жеп олтура бербей закондун ченеминде иштегиле
26.01.2015. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
улуттар арасында эмес уруулар арасында чатак башталган экен да , адамды олтургондордун балдары кийин азабын тартып калышат, келечекти талкалап жатабыз. Адамды адам деп атабай жырткыч десе жарашат. кыргыздын туура эмес жоруктарына аябай уялам, бул окуя уланып кийинки жаштарга да залакасын тийгизет.
26.01.2015. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мусулманчылыкка туура келбеген иш кылышыптыр.
26.01.2015. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбандарго кудай сактаа,зордогону чын болгон ченде деле сот деген неме барго
SUPER.KG видео
27.01.2015. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ олум анан зордуктоо коп болот ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-01-27 10:43:21
27.01.2015. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери бейиште болсун. Ким ак ким куноолуу кудай билет..кудай жазалайт.болоор иш болуптур.
27.01.2015. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайран кыргызым эх...эми уруу-уруу болуп болуно баштадыкпы...
29.01.2015. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда жашаш деле кыйын болупкалды бироо сабаса деле, олтуруп кетсе деле адилеттуулук жок! Ишенген сотторубуз таза иштешпейт кимге кайрылып кимге ишенишиндида билбейсин!!!!!!
06.02.2015. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык жаман кырсыктардан кудайым озу сактасын ;элибизде ынтымакчылык болсун.
12.02.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Далили жок олтуруптур да!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-12 15:47:02
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: