АФРИКАЛЫК ЖИГИТ 25 ЖЫЛДАН КИЙИН КЫРГЫЗ АПАСЫН ТАПТЫ

№639 30-январь-5-февраль, 2015-ж


Африканын Мозамбик өлкөсүнүн 25 жаштагы тургуну Сальвадор Айрес өмүр бою издеп келген апасына, кыргызстандык Залина Абдалиевага жолукту. Унутта калган сүйүү, узап кеткен бала, үзүлбөгөн үмүт, жолугушуу бактысы, деги эле жомоктогудай окуянын баяны...

АФРИКАЛЫК ЖИГИТ МЕНЕН КЫРГЫЗ КЫЗЫ БАШ КОШУШКАН
1988-1989-жылдары алыскы Африкадагы Ангола өлкөсүнүн тургуну Сальвадор Сильва Фрунзедеги учкучтарды даярдоочу окуу жайга келип окуган. Окуп жүргөн кезинде тубаса дудук Залина аттуу кыргыз кызы менен таанышып калып, кийин баш кошушат. Ошентип, 1990-жылы уулдуу болушуп, ага Тилек деген кыргызча ысым ыйгарышкан. Тилек 7 айга толгон кезде атасы Сальвадор Сильванын окуусу аяктап, өз мекенине кетмекчи болот. Өзү менен кошо келинчеги менен уулун алып кетүүгө аракет кылган. Бирок өлкөсүндө согуш башталып кеткендиктен, Сальвадор уулу менен гана кетүүгө аргасыз болгон. Залина коогалаӊ токтогондон кийин артынан бармакчы болот. Бирок жубайлар бири-биринин дарегин так алышкан эмес, ошентип байланыш үзүлгөн. Ал жакка барган соӊ баланын Тилек деген атын атасы өз ысымы менен Сальвадор Айрес деп коюп алган. Ортодон 25 жыл өткөндөн кийин Тилек-Сальвадор өз апасын таап отурат. Сальвадор Айрес англис тилинде гана сүйлөйт. Ал эми апасы Залина Абдалиева тубаса дудук жана дүлөй болгондуктан, алар менен сүйлөшүүдө котормочу (дудуктар менен кол жаңсап сүйлөшүп, алардын оюн сөз менен айтып берүүчү) жана англис-кыргыз тилдүү котормочулардын жардамы менен баарлаштык. 

Залина Абдалиева: «УКТАП КАЛГАН ЭНЕЛИК МЭЭРИМИМДИ ОЙГОТТУ»
– Өткөн жылы мага курбум келип, «Залинка, сага баа жеткис жаӊылыгым бар» деди. Бул жаӊылык күтүлбөгөн кубаныч, бакыт болду. Кызыл жарым ай коомунун кызматкерлери чакырып, биринчи эле баламдын сүрөтүн көрсөтүштү. Ооба, ал чын эле менин Тилегим экен. Анын жылмайып турганы жүрөгүмдөгү уктап калган энелик мээримди ойготту. 7 айлык наристе кезинде кеткен эле, татынакай, келишкен жигит болуп кайра келди. Баламды тартиптүү, акылдуу, мээримдүү кылып чоӊойткон Африкадагы апасына ыраазымын.

«КЫРГЫЗСТАНДА ӨЗҮМӨ ОКШОШ АДАМДАР КӨП ЭКЕН»
Учактан түшүп, апасы менен көрүшкөн Тилек-Сальвадор Айрес кубаныч сезимдери менен бөлүштү:
– Мени атамдын аяш апасы багып чоӊойтту. Эс тарта баштаганымда «сенин өз апаӊ башка, мен сенин баккан апаӊмын» деп айтып турчу. 11 жашка толгонумда өз атамдын колуна келдим. Ал үй-бүлөлүү, 3 баласы бар. Атам мага күндө апам жөнүндө кеп кылып, «апаӊа окшошсуӊ, аны сөзсүз табышыӊ керек» деген сөздү көп айтты. 16 жашка келгенде социалдык тармактар аркылуу апамды издөөгө билек түрө кириштим. Менин көп жылдан берки үмүтүмдү ишке ашырып берген Кызыл жарым ай коомуна ыраазычылыгымды билдирем. Апам менен жолуккандагы сезимди, бакытты айтып берүү аябай оор. Наристедей эрке сезимдер пайда болду. Кыргызстанда өзүмө окшош адамдардын көп экени мени таӊдантып жатат. Карды, суукту биринчи жолу көрдүм. Мени күндө кыргыз тамактары менен сыйлап жатышат. Даамдары аябай жакты, бат эле көнүп кеттим. 10 күнгө келгем, бул убакыттын ичинде көп нерселерди көрүп, үйрөнүп кетем. Апамды Мозамбикке алып барып келсем деген оюм бар. Үй-бүлөлүүмүн, 5 айга толгон кызым бар. Өз мекенимдеги жогорку окуу жайдын биринде бизнес башкаруу факультетинде 4-курста окуйм. Кызым торолуп калганда келинчегим экөөнү туулган жериме алып келип, тааныштырып кетем. Мындан аркы жашообуз кандай болот азырынча айта албайм. Апам, атам болуп бул туурасында сүйлөшүп жатабыз.
Сальвадор Айрестин атасы да Кыргызстанга келген. Бирок аба алмашкангабы же өткөн окуяларды эстөө таасир эткенби, кан басымы көтөрүлүп, учурда ооруканада.

Фатима, Залина Абдалиеванын курбусу: «САЛЬВАДОР СИЛЬВАНЫН ДОСУНАН МЕН ДА УУЛ ТӨРӨГӨМ»
– Залина экөөбүз дудук-дүлөйлөрдүн атайын өндүрүштүк ишканасында чогуу иштечүбүз. Бир күнү экөөбүз базарга бардык. Артыбыздан келишкен кара терилүү 2 жигит тийишип, ээрчип алышты. Биздин кулагыбыз укпаарын, сүйлөй албастыгыбызды түшүндүрсөк, алар кагазга жазып биз менен сүйлөшө башташты. Орус тилин мыкты билишчү. Ошентип достошуп калдык. Чогуу эс алып, сейилдеп, көп убакытты бирге өткөрдүк. 1990-жылы 29-мартта Сальвадордун досунан уул төрөдүм. Ал төрөлгөндө атасы аябай кубанды. Көп өтпөй ал 2 айга мекенине барып келгени кетти. Келгенден кийин мамилеси өзгөрүп калыптыр, менден уулумду алып кетем деп талашты. Каршы болуп, баланы бербей койгом.
Кийин мен башкага турмушка чыгып, Тажикстанга көчүп кеттик. Жолдошум экөөбүз 3 балалуу болдук. 1992-жылы тун уулумдун атасы Кыргызстанга келип бизди издептир. Жолуга албадым. Сальвадорлор Залинаны издеп келгенин угуп, жумушумду таштап, аларга жолукканы келдим.

Алтынай Абдалиева, Залина Абдалиеванын бир тууган эжеси: «САЛЬВАДОР СИӊДИМДИН ЖАЛГЫЗ УУЛУ»
– Залинка менен Сальвадор Сильва өз алдыларынча турмуш курушуптур. Бир күнү үйгө алып келип, «ушуга турмушка чыктым» деди. Ата-энебиз макул болуп, баталарын беришкен. 1990-жылы кышында уулдуу болушканда өз алдыбызча бешик той кылып, ырым-жырым жасадык. Сальвадор Тилекти алып кетип, кайра алып келген жок. Залина көпкө чейин депрессиядан чыга албай, кыйналып жүрдү. Кийин турмушка чыгып, ал жолдошу менен 17 жыл бирге жашады. Бирок балалуу болушкан жок. 4 жыл мурун ал жолдошу каза болуп калды.

«МЫНДАЙ БАКТЫЛУУ ОКУЯЛАРГА КӨП СЕБЕПКЕР БОЛОБУЗ»
Эне менен балага мындай бакытты тартуулаганга Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коомунун үй-бүлө байланыштарын калыбына келтирүү долбоорунун кызматкерлери себепкер. Бул долбоордун координатору Салтанат Абдыжапарова издөө иштери боюнча буларга токтолду:
– 2014-жылы май айында бизге Мозамбиктин тургуну Сальвадор Айрес «апамды таап бергиле» деп кайрылган эле. Анда апасы менен атасы жөнүндө бир аз маалымат жазыптыр. «Апамдын аты Залина» деп фамилиясын так билбегендиктен «Абдалиева», «Абдыкеева» деген сыяктуу 3 окшош фамилияны жазып коюптур. Ал жазган маалыматтарга таянып апасын дудук-дүлөйлөр коомуна издеп бардык. Тапкан соӊ эне-баланы skype менен сүйлөштүрдүк. Ошол учурда Сальвадордун келинчеги кош бойлуу болгонуна байланыштуу «6 айдан кийин барам» деп сөз берген эле. Залина уулун таап, неберелүү да болду.

"Апам экөөбүз түшкөн жалгыз сүрөттү баа жеткис буюмумдай сактап жүрдүм".

"Атамдын Фрунзеде окуп жүргөн кези".

"Атам, апам жана мен".

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg



Африкалык жигит Кыргызстандагы апасын тапты

Автор: Анаркан Садыралиева
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(66)
02.02.2015. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарбиясы жакшы атасы билимдуу турбайбы Апан бар деп суротун сактап табышкандары сонун экен...
02.02.2015. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эн негизгиси Африкадагы уй булоосу жакшы адамдар экен.Апан бар ал Кыргыз деп дайыма айтып турганы мени кубантты.Азамат жигит экен издеп келиптир.Бактылуу болгула ылайым.Эне-балага мындан откон бакыт барбы.
02.02.2015. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба,!деп кое беле мындайда.
02.02.2015. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апасы байкушка жаман боорум ачыды,бирок азыр кубанычына чек жок экен,оз уй-булосун тапканы баарыбызды кубандырды окшойт. Кантсе да уй-булолук бакыт каалайм.
02.02.2015. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негр болуп торолгон наристеде не куноо
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-03 10:03:23
SUPER.KG видео
02.02.2015. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коптон бери ыйлай элек элем. Ушул видео шылтоо болду окшойт. Озуму токтото албай калдым.
02.02.2015. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак калпакты баса кийип чонойсо, болуп калмак кыргызымдын баласы...... Негр экен анын атасы...)))))
02.02.2015. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх соонун турбайбы омуру узун болсун. Келишкен соонун жигит болуп чоноюптур. Азамат! эне бала бири биринен ажырабасын. Озубузго окшош экен иии красавчик!
02.02.2015. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы 15-20 жылдардан кийин кытай, корея жактардан келе башташат бекен ХХХ ХХХ балдар апам кыргыз эле деп,Улутубуз жоголбосо экен!!!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-03 10:08:27
02.02.2015. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidar.001,ошон учун кыргыз кыздарынарды сактагыла! Жаман ишинерге колдонбой, озунорду кармагыла.
03.02.2015. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidar.001, башкалардын улутун мазактоого тыюу салынган! Эскертүү!
02.02.2015. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Хаха,подружкасына эмне жок?Мен да торогом деп мактанганы атайын Таджикистандан келиптир..вахахаха
02.02.2015. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bachu maga da uwunday oi keldi
02.02.2015. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылык экен,красавчик метисго,бизге,кыргыздарга окшош экен чын эле,тагаларын тартыптырда
02.02.2015. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтмакчы биз ХХХ десек арданып чычалап жаман корбойт бекен ээ,билгендер сурап койгулачы.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-03 10:06:54
03.02.2015. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
danyshman, myndai termin koldonboit, african dep aitynyz. myndai degradatsia bardyk uluttarda bolup kelgen. misaly orustar orto asialyk kochmondordu kandai kordogon taryhta jasylyp ele turat okusanyz. al tugul bizge at dagy kouyp alyshkan, sizge jagaby oshol? oshondoi ele maanide bul kontekst.
03.02.2015. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне эле улутуна асыласынар.... ким болсо да дудук кызды бир пайдаланып,ишин бутургондон кийин коздон кайым болбой,уйлонуп,баласын таштабай ала кетиптир.Апасы учун да чон белек болуптур...

Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-03 10:07:41
03.02.2015. 04:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хехее чынында эле Сальвадор ОЗУ айткандай бизге окшошго ыя? Кара терилуу эмесби ыя? Уважуха сестра! Кудайым эн негизгиси берерин унутпасын! А калганы зашибись болотго сестра!!!
03.02.2015. 07:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бразильский сериалдар жолдо калыптырго )) азамат жигит экен эмне болсо да кыргыз деген каны бар да ыймандуу
03.02.2015. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
danyshman, кимдир бирөөнүн улутун кемсинтүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
03.02.2015. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай кубандым эне бала табышканына
03.02.2015. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көп жылдан кийин энеси менен табышуу, билбейм, кандай сезимдерде болду экен?!
Бирок, өз энеңди табуу кандай бакыт! Бактылуу болсун....
04.02.2015. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашоодо туболук жоготуудан кудай сактасын,мен Эне Бала учун абдан кубанычтамын,Атасына чон рахмат,Эне учун кандай бакыт балдардын жытын енсеп жашоо,Бактылуу болгула баардыгынар!
04.02.2015. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын алды африкага,арты таджикстанга тийип, жашоо керемет.
07.02.2015. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
EdikoKG,тийсе эмне дудук аял экен сен алат белен анан...жашоосунда кичине болсо да бакыт да бул деген...кыргыздын деп,кыргыз азыр эн жаман улутун катарында сендейлердин кесепетинен..
05.02.2015. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЧОН суйуудон жаралган балдар акылдуу да сулуу да келишкен да болот дешкенин укканым бар,аябай ынанып турам,атасы да апасы да убагында чырайлары келишкен болушкан тура,кыз суйлой албаса дагы ашыкк болгон экен жигит,биздин дени карды соо жигиттер *глухонемаяларды*карабай калсын.
06.02.2015. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апасынын эн бактылуу болуп турган учуру окшойт. Ушунча жыл куткон, энсеген бактылуу муноттору... Мындан аары ар дайым бирге, бактылуу омур кечиришсе экен! Атасы да азамат экен. Башка бироо болсо, "апан каза болуп калган" деп деле коймок беле?.. Жада калса суротун катып журуп, Тилекке берген экен. Жездеша, красавчик!
06.02.2015. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соз жок. журогундо ыйман бар экен. алла колдосун силерди. окуп алып козумон жаш токтобой акбадыбы
06.02.2015. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуптур. Бактылуулук тилейм!
06.02.2015. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ биздин авиационныйда мындай историядан бир 100 жакынын уктум окшойт мурда куба ангола мозамбик конго эгипет жана буткул союздан келип окуп турушкан азыр бир еле тажикстандан келип окушат азыр деле болуп мындай историялар мен окуп жургондо бир кыз менен тажик жогуу жашап анан уйлонушуп кызды тажикстанга алып кеткен кыз чыдабай келе берген кайра келип окуусун уланткан
07.02.2015. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигит чынында кыргызга окшойт экен. Кантседа энесин тапканы кубанычтуу жанылык эмеспи. Байкуш аял ушул убакытка чейин аябай кыйналгандыр баласын сагынып коргусу келип дегендей.Эми 2 башка адамдар бир бутун уй-було экенин билишти мындан ары бактылуу уй-булолордон болуп жашашса экен
08.02.2015. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
залина эже 6 айлык баласын кантип жонотту.
12.02.2015. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыт каалайм!!!
10.03.2015. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун эч бир уй булоодо мындай узак айрылуу болбосун
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: