«АТАМ СОТТОЛУП, ҮЙ-БҮЛӨБҮЗ ЧАЧЫРАП КЕТИПТИР»

№641 13-февраль-19-февраль, 2015-ж


Бул жылдын алгачкы айлары көп жыл мурун дайынсыз кеткен эне-балдар, бир туугандар табышып, кулчулукка сатылып кеткен кыз өз мекенине кайтып келген ары кубанычтуу, ары кайгылуу окуяларга бай болууда. Алардын катарын 18 жыл дегенде бир туугандарын, ата-энесин тапкан Алина да толуктайт.

«ЭМИ АТЫӉ АЙЗАДА ЭМЕС, АЛИНА»
– Эс тарткандан бери кардым ток болсо да жан дүйнөм ачка, кийимим бүтүн болсо да жүрөгүм жарты болуп жүрдүм. Өз туулган жеримден, кандаш жакын адамдарымдан 4-5 жашымда алыстасам да, аларды унутчу эмесмин. Атам кайда кеткенин эстей албайм. Апам мени Миргүл деген курбусуна таштап кетип, кайра келген жок. Миргүл эженин Гуля аттуу кайын эжеси мени «апаӊа алып барам» деп Бишкекке алып келди. Түсү сары автобуста келе жатып «эми сенин атыӊ Айзада эмес, Алина болот» дегени дагы деле кулагыма жаӊыра берет. Ал мени шаарга алып келип, Кенжеке аттуу курбусуна сатып жибериптир.
Кенжеке апа жалгыз жашачу, токтогулдук эле. Мага Токтогулдан Жазгүл Койчуева, 1995-жылы туулган деген документ алып беришкен. Бирок Алина деп аташчу. Мени жетиштүү карады, бирок анын токмогуна жан чыдачу эмес. Уруп жатканда «сени 15 000 сомго сатып алгам, сага көп акча короттум» дечү.
Эс тарта баштаган сайын бала кезимдеги өткөн күндөр кинодогудай бир жарк этип көз алдыма келе берчү. Мектепте жакшы окучумун, 4-класста окуп жатканда Кенжеке апанын алысыраак сиӊдиси Гүкү эжемдин үйүндө жашап жатканбыз. Бир күнү Кенжеке апа мени катуу сабап жаткан, ага чыдап тура албаган Гүкү эжем милиция кызматкерлерин чакырды. Алар келип Кенжеке апаны энелик укуктан ажыратып, мени «интернатка өткөрөбүз же бирөө багып алса болот» дешти. Гүкү эжем «мен багып алам» деп алып калды.

«ӨМҮР БОЮ КҮТКӨНҮМ БИР КҮНДӨ ТАБЫЛЫП КАЛДЫ»
– 4-класстан баштап окубай калдым. Гүкү эжем мени 2005-жылы Орусияга алып кетти. Анын баласын карап, үй жумуштарын жасачумун. 2013-жылы март айында Кыргызстанга кайра келдик. Мени Гүкү эжем багып алгандан кийин деле Кенжеке апа менен жолугушуп жаттык. «Сиз жалгызсыз, мен чоӊоюп калдым, сизди багайын» деп айтчумун. Көнгөн жок. Эжемдин баласы чоӊоюп, үйлүү-жайлуу болду. Менин кызматыма муктаждыгы жок болуп калгандыктан, айылга алып барып мени күйөөгө бергиси келип жатканын байкадым.
Бишкекте бир кафеде иштеп жаткам. 2013-жылдын июнь айында «кийимдериӊди даярда, Токтогулга, айылга кетебиз» деди. «Баргым келбей жатат» десем, «сен чоӊоюп сөз укпай калдыӊбы?» деп уруп, түн жарымында эшикке чыгарып койду. Иштеген кафеге барып аванс алып, Анара аттуу эже менен батирге чыктым. Кийин башка кафеге ишке кирдим. Ал жердин кожоюндары абдан жакшы кишилер эле. Аларды «ата, апа» дечүмүн.
Мен эч нерсе айтпасам деле кожойкебиз менин жалгыз экенимди сезчү экен. 2-3 жолу «сенин ата-энеӊ жок окшойт» дегенинен «бар» деп койдум. Бир күнү такып сурап туруп алды. Болгонун болгондой айтып бердим. Ал тааныштарына айтып, мени акыйкатчыга алып барышты. Алар менин ишимди Ленин РИИБине өткөрүштү. Ал жерде Гүлнара аттуу тергөөчү эже мага жардам берүүгө аябай аракет кылды. Ал эже кагазга бир нерсе жазып берип, мени телевидениеге жиберди. Теледен мурун радиого чыгарышты. Муну таякемдин кыздары угуп, эжеме айтышыптыр. Өмүр бою бир туугандарымды, атамды издеп жүрүп радиодон чыккан күндүн эртеси эле бир тууган эжем табылып калды. Баары түш сыяктуу, ишене албай нес болдум.

«АПАМДА ЭНЕЛИК МЭЭРИМ КАЛБАПТЫР»
– Жолуккан күнү эжем экөөбүз түнү менен сүйлөшүп чыктык. Көп нерсени айтып берди. Апам Гүлмира Кемин районунда жашарын, башка турмушунан эки баласы бар экенин билдим. Ичкиликти дагы эле таштай албаптыр. Эжем Гүлдана да Кеминде ар кимдин колунда чоӊоюп, турмушка чыгыптыр. Атам кийинки үй-бүлөсү, агам Азиз болуп Таласта турушат экен.
Эртеси Кеминдеги эжемдин үйүнө бара жатып апабызды чакырдык. Жолдо катар апам үйдөн чуркап чыгып, кубанычтан ыйлап, кучактап тосуп алат го деп бактылуу кыялдар менен бардым. Бирок эч ким тосуп албады. Мени бир бөлмөгө киргизишти, апам жок. Эжемден сурасам ал башка бөлмөдө ыйлап отурганын айтты. Анын мындай мамилеси менин мурунку таарынычымды ого бетер күчөттү. Апама өзүм басып барганга ооруп турган көӊүлүм уруксат бербей койду. Менин абалымды түшүнгөн эжем апамды түрткүлөп мен отурган бөлмөгө алып келди. Үн-сөзсүз бетимден өөп койду. Ачылып-чачылып сүйлөшпөдүк. Эртеси өз үйүнө кетип калды.

«МУРУН БАКТЫЛУУ ЖАШАЧУ ЭКЕНБИЗ»
– Мени көргөнү атамдын бир туугандары келди. Атам 8 бир тууган экен. Биздин үй-бүлө мурун Кеминдин Быстровка айылында жакшы шартта, бактылуу эле жашачу экенбиз. Эӊ улуу байкем 1989-жылкы, андан кийин эжем 1991-жылкы, кенжеси мен 1993-жылы туулган экенмин. Апам бала бакчада иштептир. Атабыз кайсы бир себептерден улам 3 жылга камалып кетип, апам үч баласы менен жалгыз калып, бизди ээрчитип алып борборго келип иштептир. Таенебиздин улуту якут болгон экен. Апам аракеч орустарга кошулуп жүрүп ичкиликке берилип кеткендиктен биз каралбай, туш тарапка тарап кетиптирбиз. Мени ошондо атамдын карындашы Ысык-Көлгө алып кетиптир. Агам таякемдин колуна кетип, эжем апам менен калган экен. 5 жашка келгенимде апам мени кайра өз колуна алып, көп өтпөй эле Миргүл аттуу курбусунан карызга акча алып, ага мени таштап Казакстанга кетиптир. Ал эми мени Миргүл эженин Гуля аттуу кайын эжеси Кенжеке аттуу аялга сатып жиберген.
Атамдын туугандары апамдын курбусунун үйүнө мени издеп келишкенде ал «Алинаны апасынын туугандары алып кетишти» деп алдап коюптур. Атам абактан чыгып бизди таппай калыптыр. Байкем ал учурда бирөөнүн колунда мал карап иштеп жүрүптүр. Экөө табышып, Таласта мал менен тиричилик кылып жашап калышат. 1-2 жыл мурун агам да мени издеп телекөрсөтүүгө чыккан экен. Алар менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Атам аябай кубанды. Бул жакка келүүгө мүмкүнчүлүктөрү болгон жок. Бир аз күн жылыса эжем экөөбүз барып келебиз. Эжем ар кимдин колунда тарбияланып, турмушка аябай бышып, чыйрак кыз болуптур. Жакшы адамга туш болуп, жездем экөө 3 баланы тарбиялап жатышыптыр, бирин-бири колдоп, сыйлап турушат экен.

«КЕЛЕЧЕКТЕГИ МАКСАТЫМ...»
– Туугандарымды таптым, апам менен да көрүштүм. Ооба, бактылуумун. Баарын кечирем, бирок мени тынчсыздандырып, өткөн кордуктарды эстете берчү жарааттарым көп. Күзгүгө каранганымда эле бетимдеги тырыгым байкалат. Кенжеке апам кайчы менен башыма уруп жатканда кайчы бетимди кесип кеткен. Өксүк көӊүлүмдү жеп салчу. Бирок жашоодон тажаган, өкүнгөн жокмун. Татыктуу тарбия көрбөсөм да, уурулук кылып, жаман жолго баспадым.
Эми өз атамдын фамилиясына Өмүрбек кызы деп өтөм, бирок атым Алина боюнча калат. Себеби ушул ысым менен чоӊоюп, жашап келе жатам. «Дордой» базарында сатуучумун, андан чыгып мага иш берген эженин тигүү цехинде кошумча иштейм. Өз жанымды өзүм багууга бышкам, ал жагынан туугандарыма жүгүмдү артпайм. Бирок ар кандай учурда таянарым, эркелээр адамдарым, бир туугандарым, атам бар экенине бактылуу болуп жашай берем. Менин мындан аркы чоӊ максатым – бүтпөй калган мектебимди бүтүрүп, аттестатка ээ болуу. Андан соӊ дарыгерлик кесипти аркалоо.

"Эжем жана атамдын бир туугандары менен".

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg



"Кичинемде мени 15 миң сомго сатып жибериптир..."

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(46)
SUPER.KG видео
15.02.2015. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алина мага номерини жаз мен гуля
SUPER.KG видео
15.02.2015. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алинпа 8926 460 о7 87 мага званда мен гуля
SUPER.KG видео
15.02.2015. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sabyrduu bol jashsyn aldyga karap araket kyl kelechegin ken
SUPER.KG видео
15.02.2015. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол максаттарына жет.
16.02.2015. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат кыз экенсин чокпо башты ойдо котор баары жакшы болот
16.02.2015. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тируулой жетим болуу абдан кыйын,ичтеги муун кайгыны баса турган дары болбойт,тек гана мамиле,жылуу созго жан дуйно муктаж болот. Алина карындашым,турмуштун суугун журогуно катпа,кыйналсан да чыгар,кудайым буйруса мээримин сага тогот.
SUPER.KG видео
16.02.2015. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милиция чакыртканга чеийн жеткирсе катуу эле урса керек. Бактылуу бол, Алина! Аябай акылдуу, жакшы кыз экенсиң!
16.02.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алина, сен азаматсын! Буйруса озундун тенинди табасын! Ушунча сыноого чыдаптырсын,эми сени жалан бакыт, кубаныч, суйуу гана кутот! Сени кордогондорду сотко берип салчы, оз жазаларын алышсын,акмактар!
16.02.2015. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах адаштырбасын апанада журогуно ыйман журок толо мээримин буйруп бактылуу жашоону тартууласын колундан келсе апана дагы бир жолу барып суйлошуп кор. балким энелик мээрими ойгоноор Аллахтын керемети менен..
SUPER.KG видео
16.02.2015. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан кийинки кунунду жакшылыктар коштосун бактылуулукту каалайм
16.02.2015. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болсун!
Акылдуу кыз болуп чоноюптур!
16.02.2015. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алина турмуштун кыйынчылыгына карабай акылдуу кыз болуп чоноюпсун.Келечегин Кен болооруна ишенем,бардык нерсе адамдын озунон коз каранды.Бешенене жакшы адамды туш кылып,бактылуу бол!
17.02.2015. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulya_ эже эгер номурун мен тапсам сизге жонотуп жиберем.
17.02.2015. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алина башынан коп кыйынчылыктар отуптур ошол кыйынчылыктарды сен женип оттун. мындан ары сени дайыма жакшылыктар колдоп журсун.
SUPER.KG видео
17.02.2015. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
макул ошондой кыл
17.02.2015. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chanel11,
Саламатсызбы! Интернетиңиздин ылдамдыгынан көз каранды.
17.02.2015. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч качан кейибе бактылуу бол.
17.02.2015. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары отуп кетиптир ,мындан кийин жакшы жашаныз.
17.02.2015. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алина бактылуу бол уттук сеники эми апан озун кунолуу сезип сага жакшы созун айтанга эрки жетпеди эми сен апа деп бырып жетпеген экине жеткирууго сен аракет кыл
SUPER.KG видео
17.02.2015. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээ кудайым бактылуу бол мындан аары
SUPER.KG видео
17.02.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылу бол
SUPER.KG видео
17.02.2015. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кейибе бул жашоодо башын котор,бул кундор,бул кундор да отоор кетээр!Бактылуу бол!!!
SUPER.KG видео
18.02.2015. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу бол,азаматсын аябай чыдамдуу кыз экенсин.
18.02.2015. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алина,ушунча кыйынчылыктын артынан бир жакшылык келет сабырдуу бол,Алина сени м.н кантип байланышсам болот.
18.02.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-эненин айынан коп азап тартыпсын,ылайым бактылуу болуп,бардык-ой максатына жет.Сулуу,татынакай кыз экенсин,жаман адамдардан алыс бол. Кудай сага берээрин аябасын.
18.02.2015. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башындан коп кыйынчылыктар отсо да,ак конул,боорукер, татынакай,сулуу кыз болуптурсун. Ойлогон ой-максаттарына жетип бактылуу бол.Жаман адамдардан алыс бол. Кулуп туруп жамандык кылган адамдар коп,баарына эле ишене бербе. Кудай сени колдосун.
SUPER.KG видео
19.02.2015. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ceнин кочондо да майрам болот,мындан аркысы жакшы болсун,бактылуу бол Алиночка!!
19.02.2015. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жашоомду еле чагылдырып койгондой. .бир чети мен да ушул кыз сыяктуу жалгыз калгам уй булом чачырап.мени жашоодо жипсиз бир нерсе кармап тургандай.кееде емнеге жашаганымы да биле албайм.жашоо м.н курошуудон чарчагангабы.
SUPER.KG видео
20.02.2015. 05:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх жашоо жашоо тагдыр да тагдырга баш ийбеске арга жок буйруса баары жакшы болот Аллахым сага жакшы кундорун насип кылсын!
SUPER.KG видео
19.03.2015. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алина Аллахым озу сага сабыр берсин,озунда сабырдуу экенсин,айдын 15карангы,15жарык,сенин жашоон албетте жакшы болот,сага ийгилик каалайм,бактылуу бол,мээримдуу эне бол,ойлогон оюн ишке ашсын ылайым Алина сен кучтуу кызсын,сага ишенем баары жакшы болот(((
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: