«МИЛИЦИЯНЫ КӨЗҮМ МЕНЕН АТАМ ДЕП КОРКУТТУМ». БАЛДАРЫН БЫЧАКТАП ӨЛТҮРГӨН ЭНЕНИН КӨРСӨТМӨСҮ

№642 20-февраль-26-февраль, 2015-ж


15-февраль күнү борборубуздагы Арча-Бешик жаӊы конушунда үрөй учурган окуя катталды. 34 жаштагы аял кызын жана 3 жаштагы уулун бычактап өлтүргөн. Өз наристелерин өлтүргөн бул аял психикалык жактан оорулуу экени айтылууда.

«ӨЗҮМДҮ ЖЕӉЕ АЛБАЙ КАЛДЫМ»
Анын оорулуу экендиги суракта берген жоопторунан эле байкалып турду.

– Толук аты-жөнүӊүз...
– Ибраева Амира Асаналиевна.
– Туулган жылыӊыз...
– 1981-жылы, 25-ноябрь, Балыкчы шаары.
– Бишкекте үй-бүлөӊүз менен турасызбы?
– Үй-бүлөм менен турчумун.
– Кимдер бар эле үй-бүлөӊүздөрдө?
– Жолдошум, 2 балам анан өзүм. Улуусу кыз, 4 жашта, Нурайым, кичүүсү уул, аты Чыӊгыз, 2 жашта.
– Мурун соттолдуӊуз беле?
– Жок, соттолгон эмесмин.
– Каякта иштечү элеӊиз?
– №44-мектепте. Октябрда сүйлөшүп иштей баштагам.
– Канча болду эле иштегениӊизге?
– 4 ай болду.
– Кайсы сабактан берчү элеӊиз?
– Англис тилден.
– Бишкекте жашаганыӊызга канча болду?
– 2013-жылдын июнубу, июлубу келдик.
– Кайдан келдиӊер эле?
– Канттан келдик.
– Кантта эмне жумуш кылчусуз?
– Ушул, мугалим болуп.
– Жолдошуӊуз каякта иштейт?
– Портер айдайт.
– Шаарда кайсы жерде турчу элеӊиз?
– Биринчи Оренбургскийде турдук. Кийин ооруп калып, мен өзүмө өзүм кол сала баштаганда күйөөм мамамдыкына жеткирип койду. Кийин мен жакшы болуп калганда чогуу жашадык.
– Сиз эмнеге өзүӊүзгө кол салчу элеӊиз?
– Туура эмес тамак жеп алгам, ошондон.
– Эмне тамак жеп алдыӊыз эле?
– Биринчи короз жегем, андан кийин чучук жегем.
– Короз жеп алсаӊыз эле өзүӊүзгө кол саласызбы?
– Болбойт окшойт, Кудайга жакпай калдым окшойт.
– Сиз жумушка кеткенде балдарды ким карачу?
– Биринчи, бешинчи күндөрү жолдошум карачу.
– Балдарыӊызды эмне себептен бычактадыӊыз?
– Мен аларды кирдетип алдым окшойт.
– Кандайча кирдетип?
– Ошо, мага көрүнчү да.
– Эмне көрүнчү эле?
– Ошо, кирдетип алганым көрүнчү.
– Кандайча кирдетип, жакшына түшүндүрүп берсеӊиз?
– Мен ойлоп койсом эле кишилердин жаны чыгып кетчү да.
– Дагы кайсы адамдардын жандары чыгып кетти эле?
– Дагы бир кыздан жаны чыгып кеткен.
– Кошунаӊызбы же ким?
– Жок, бир жолу молдого барсам бир кыз отуруптур да. Аны эмнегедир жакшы көрбөй койгом, жаны чыгып кетти анан. Ошо, Кудайга жакпагандан окшойт.
– Бычакты кайдан алдыӊыз?
– Үйдөгү тамак жасаган эле бычак болчу.
Биринчи кимди сайдыӊыз?
– Биринчи Нурайымдан баштадым. Аны өзүм кээде уктай албай жатканда ичип жүргөн азалептин деген дарыдан берип уктаттым. Балам болсо ичпей койду.
– Кылган ишиӊизге өкүнөсүзбү?
– Башынан баштап эле өкүнөм. Өкүнгөндө эмне, туура эмес жолду тандап алдым окшойт.
– Мурун ооруканага жатып чыккан эмес белеӊиз?
– Эки жолу жатып чыккам.
– Кайсы жерде?
– Биринчиси 3-оорукана, экинчиси 8би же 9бу, ушундай.
– Эмне болуп жатып чыккансыз?
– Биринчисинде коркуп кеткем. Экинчисинде милициялар балдарымды тартып албасын деп жатып чыккам.
– Эмнеге тартып алабыз дешкен?
– Милициялар чогулуп үйгө келишкен эле, «баласын алалы, бул өлтүрүп алат» деп. Анан балдарымды алып алышпасын деп аларды «балдарымды алсаӊар, мен силерди атам» деп
коркуткам.
– Эмне менен коркуттуӊуз эле?
– Көзүм менен.
– Көзүм менен атам дедиӊизби?
– Ооба, ошентип көзүм соолуп калган.
– Бул кылганыӊызга жолдошуӊуз эмне деди?
– Тилин сунуп койду. Анан ыйлады.
– Балдарыӊызды мурда сабачу белеӊиз?
– Кээде көтөнүнө акырын чаап койчумун. Атасы "тийбе" дечү.
– Энелик мээримиӊизди көрсөтчү белеӊиз?
– Балдарымды жакшы көрчүмүн. Эч ким өлтүрбөсө экен дечүмүн.
– Анда эмне үчүн өзүӊүз өлтүрдүӊүз?
– Дайыма менде эки жол болот. Туура жол, анан туура эмес жол. Мен ошол туура эмес жолдо баратып күнөөкөр болуп, өзүмдү жеӊе албай калдым.
– Сиз өзүӊүздү жеӊе албай калсаӊыз балдарыӊызда эмне күнөө, же аларда да бир нерсе бар беле?
– Балдарыма сезимим болбой калган да.

«ШЕКТҮҮ ПСИХИКАЛЫК ООРУКАНАДА 2 ИРЕТ ДАРЫЛАНЫП ЧЫККАН»
Бишкек ШИИБинин басма сөз катчысы Мырзабек Токтосунов окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
– 15-февраль күнү күндүзгү саат 11:30дар чамасында нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунун Ойсул-Ата көчөсүндөгү батирлердин биринен киши өлтүрүү болгондугу боюнча маалымат түшкөн. Биздин кызматкерлер аталган дарекке барышканда 4 жаштагы кыз менен 3 жаштагы эркек баланын бычакталган жансыз денеси табылган. Бул кылмышка шектелип балдардын апасы Амира Ибраимова кармалып, ал кылмышын моюнуна алды. Кызына 2, уулуна 6 жолу бычак сайылган. Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Кылмышка шектүү деп кармалган аялдын буга чейин психикалык диспансерде 2 ирет жатып, дарыланып чыкканы аныкталды. Акыркы жолу 2014-жылдын апрель айында дарыланып чыккан экен. «Психикалык жактан жабыркаган» деп каттоодо тургандыгы билинди.
Ведомстводон тастыкташкандай, бул үй-бүлө бир райондон экинчи районго такай көчүп тургандыктан, аларды көзөмөлгө алуу Жашы жете элек балдардын иштери боюнча инспекциянын кызматкерлерине оор болгон. Бир ирет балдарды интернатка өткөрүп берүүнү үй-бүлө кожоюнуна айтышкан. Бирок балдардын атасы аларды өзү карай турганын айтып, сунуштан баш тарткан.

«ТЕРС ЖАКТАРЫН КӨРСӨТКӨН ЭМЕС»
Психикалык жактан оорулуу болуп каттоодо турган айым кандайча мектепке мугалим болуп жумушка алынган, жумушка алынарда медициналык карточкасы каралган эмеспи деген суроо туулбай койбойт. Буга жооп издеп, борборубуздагы №44-орто мектептин директору Флора Халиловага кайрылдык:
– Амира Ибраимова биздин мектепте англис тили сабагынан мугалим болуп, 4 айдан бери иштеп келген. Бул аралыкта анын эч кандай терс жактары байкалган эмес. Эч кимден ага карата айыптоолор же арыздануулар болгон эмес. Мурда психикалык ооруканада жатып чыкканын деле билбептирбиз, өзүн жакшы эле алып жүрчү.
Учурда орган кызматкерлери Амира Ибраимова иштеген мектептерди текшерип жаткан чагы. "Психикалык жактан жабыркаган" деп каттоодо турган аялды кантип педагог кылып алгандыктарын аныкташууда. Анын мектепте мугалим болуп иштеп калышына тийиштүү жарандар жоопко тартылары айтылууда. Бирок мыйзам боюнча мугалим болуп жумушка кирерде психиатрлардан «оорулуу эмес» деген маалым кат алып келүүсү шарт эмес.
Бул окуядан соӊ мугалимдерди жумушка аларда психикалык жактан соо экендигин аныктоочу маалым кат талап кылуу боюнча маселе өкмөттө карала баштады.
Кылмышка шектүү кандай психикалык оору менен жабыркаган? Эгер коомчулукка коркунуч алып келе турган абалда болсо, эмне үчүн ооруканадан чыгарылган? Мындай суроолорго Республикалык психикалык саламаттык борбору "жабык мекемебиз, андай маалымат бербейбиз" деп кутулууда.
Жаш балдарды зордуктоо, туура эмес дарылап майып кылып алуу, алардын өмүрүнө кол салуу күндөн-күнгө көбөйүүдө. Бул көрүнүш укук коргоо органдары, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагы оор кризисте турганын кабарлайт. Ошондуктан да өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев өкмөт мүчөлөрүнө ММКларга жарыяланган кабарлар, арыздарга олуттуу көӊүл бөлүп, ыкчам чара көрүүнү тапшырды.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg



"Кызыма дары берип уктатып, анан бычактадым"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(118)
24.02.2015. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жин кирип кетиптир, срочно жин окуган молдого окуткула, бакшыга эмес, жинологторго окуткула, туугандары.
24.02.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мин мертебе тообо кылдым. Кудай сактасын!!!
24.02.2015. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул дагы акыр кыяматка жакындагандын белгиси го. Оо,Жараткан жин,шайтандын эркек ургаачысынан озун сактай кор. Лаилааха иллаллоох, Мухаммадур Расулуллоох.
24.02.2015. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосунонда корсотмо албаптырбы аябай жаман болуп жатса керек ото окунучтуу кудайга тообо кылдым.
24.02.2015. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым жазасын берсин
24.02.2015. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо кайда бара жатат????((((
Аялы оорулуу экенин билип туруп куйоосу, жакындары карышкырга кой кайтартышыптыр да........ билбейм эмне дешти да...... суротун коруп дене боюм дуркуроду....(((((((
25.02.2015. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул аял алгач мектепте иштеген болгондо да англис тилинен сабак берип,кийин эле кокусунан ушундай окуяга тушболуп олтурат,куйоосу да аны уй булого камкор деп корсотмо берген,бул айымды писихологиялык жактан ооруйт деп айталбайм,ага жин кирип кеткен болушу мумкун,себеби эч кандай белги болбой эле кокусунан болуп жатпайбы,эгер писихикалык жактан болсо анда бул окуяга чейин коп белгилер болмок, ошондуктан айымды кучтуу молдолорго эскичеден окутуш керек,тообо кылып алланын жазасынан сак бололу.
25.02.2015. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаааа!!!!Э шумдугун кургур!!!!Балдарынын суротторун карай албай койдум,журогум чыдабайт(((((
25.02.2015. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул да болсо Алла таалам берген меенет,дартын берген Алла шыпаасын кошо берсин деп тилейли!Ар кимибиз кылганыбыз учун озубуз жооптуубуз,Кудайым билип билбей кылган куноолорубузду озу кечирсин!бул аялды жакшылап окутуш керек менимче
25.02.2015. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо жаратканым кандай гана гундор отуп жатат?,оо аллахым мындай гунду эч кимге коргозбосун мин мертебе тилеймин,боорум ооруду абдан жаман болдум
25.02.2015. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
наристелердин жаткан жери жайлуу болсун. балдардын атасына наалат.
27.02.2015. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iris84,атасында не куноо? баардык куноо азыркы жашоонун кыйынчылыгында болуп жатпайбы.бул окуяны кылмыштык жактан эле тергеп унутуп калбай баардык тараптан изилдеп чыгыш керек .мындай окуялар кобойуп жатат.эмнеде же эмнеге? толтура суроо.тиешелуу мамлекеттик уюмдар изилдеп жооп табышы керек. Толтура секталар пайда болууда .Ушуга окшогон психикалык жактан слабый адамдар тез эле зомби болуп чыга келет.Эмне учун элге коркунучу жок деп чыгарып жиберген врачтар сыртта калып жатат? Алар да куноолуу.Сураныч Суперчилер балдардын суротун алып койгулачы.журокту оорутту.
25.02.2015. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
психологический больной болсо ошондо бул аял камалбай калабы?
25.02.2015. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле жин кирип кетиптир молдого окутуш керек. менин да бир таанышым озунон озу суйлонуп тотобой калганда окутуп азыр жакшы.Ал туалеттен тамекки чегип тел менен коп суйлошкон учун болгон
25.02.2015. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммне дешим билбей калдым. Ээ Аллахым өзүң асырай көр
25.02.2015. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактааа.. Кандай кундорго калдык....
Окуп буткончо журогум дуркуроп кетти/коркунучтуу окуя экен......
Псих больнойлорду каттуу козомолго алуу керек!!!
Куноосуз эки наристе.....(((
26.02.2015. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жин кирсе да адамга залака келтирмек эмес шайтан кирип кеткен го.
26.02.2015. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул аял оорулу экен. Журналист ага соого суроо бергендей бериптир.Балдар ай журогум оруду кыйла гача чеин окуп алып.Куйосу сезиш керек эле. Врачтар места керек болуп бул аялды чыгарып жиберишкен болницадан походу
26.02.2015. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч ким байкабаганы кызык. Мугалим болуп иштесе, балдарга деле жасаган мамилесинен бул аялдын акыбалын билууго болот эле го. Коллектив, ата-эне, куйоосу, кошунасы бироо бир байкамак эле. Жаман иш болуптур.
26.02.2015. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай эки буттуу айбандар аябай коп бул дуйнодо. Алар бул дуйнодо жана акырэтте жазасын алышат. Аллахым ушундай абалга салбасын ар бир пендени. Аамин.
27.02.2015. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой жараткан Кудай, бул инсанга жин кирип алыптыр,
27.02.2015. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындап суротун алып салгыла. Журок чыдабайт екен. Козумдон жаш куюлду. Аллахым баарыбызга ыйман берсин.
27.02.2015. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан озун сакта! Ушундай окялар акыркы мезгилде кобойуп кетти.Балдардын суротун алып салсанар болот эле. Бул наристелерге кудай ошол жактан берсин!
28.02.2015. 04:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым!озун бизге жардам берчуу затсын!озундон гана суранам,бул нерсе бир болду,экинчи болдура корбо!алакандай кыргыз элди,оз панахына ал!акылдан адашканга акыл бере кор,элдерибизге ыйман тилейм,жараткандан жалбарып суранам,мындай окуя,экинчи кайталанбасын!оомиин!!!
28.02.2015. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар ооба баарыбызга терс болуп жатат бул эже, а бирок олтуром деп ойлогон эмес да туурабы, ошол убакта оорусу кармап калса керек.Бул эже эле оз балдарын олтуроюн дейт беле.Кудайым ден соолук берсин.
28.02.2015. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар бул эже не озунун балдарын олтуруп коёюн демек беле ошол учурда ооруп калган да бир жагынан туура тушунсонор оорулу болсо кыйын да эмне кылмак эле озун колго алалбай калган. Туура мени болокчо тушунуп калсанар керек бирок эки жака тен карагыла демекчимин
08.03.2015. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
точно эле жин кирип кетиптир.. молдого алпаргыла.. мындай создорду жин суйлойт да ар демкени тантырап
19.03.2015. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум кыныдан чыгып кетейин деди ,суротту коруп.Кудай сактай кор
SUPER.KG видео
22.03.2015. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болдугулачы баарынар билбей туруп куунолобой бул аялга жин киргени билинип турат психбольница эмес кучту молдолор жардам бере алат Азыр коп эле коруп угуп жатпайсынарбы баласын эмес озун олтургондор коп
SUPER.KG видео
05.04.2015. 04:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым.
Медиа-портал
24.04.2015. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул аялга жин киип алган го
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: