ДАРЫГЕРЛЕР АДАШЫП СОО КӨЗГӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАШКАНБЫ?

№642 20-февраль-26-февраль, 2015-ж


"Борборубуздагы Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгерлери бейтаптын соо көзүнө операция жасап салыптыр" деген кабар уккан адамдын оозун ачырды. Айыптоолор, актануулар болду. Бул чыр кандайча башталып, эмне менен аяктаганына кызыгып көрдүк.

«СОЛ КӨЗҮ 2 ПАЙЫЗ, ОҢ КӨЗҮ 100 ПАЙЫЗ КӨРӨТ ДЕШКЕН»
Дарыгерлер адашып уулумдун соо көзүнө операция жасап салышты деген Кенже Жаныбекова бизге төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Балам Раатбектин бир көзү көрбөй жатканын жакында эле билдик. Бир күнү сыналгы көрүп отуруп баламды карасам оң кареги сыналгыны, сол кареги башка жакты карап туруптур. Оң көзүн колум менен жаап көрсөм, ал сол көзү сыналгынын жарыгынан башка эч нерсени көрбөй жатканын айтты. Бишкекке алып келип диагностикалык борборго текшертсек, алар «катаракта экен, көзүнө операция жасоо керек» дешти. Операция десе коркуп, мүмкүн дарыласа жакшы болуп кетер деп Эне жана балдарды коргоо борборуна алып келдик. Булар деле «операциясыз болбойт, тубаса катаракта экен» дешти. Кайсы жерге алып барбайлы баары текшерип көрүп, сол көзү 2 пайыз, оң көзү 100 пайыз көрөт экен дешкен. Уулумдун көзүнө операция жасаган врач Марал Сабыровна да ошентип айткан. 10-февраль күнү уулумдун көзүнө операция жасалды.

«СОО КӨЗҮНӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАШКАНЫН ВРАЧТАР ДА БИЛБЕПТИР»
– Мен баламдын жанында отургам. Бир убакта карасам оң көзү таңылып турат. Оң көзү ооручу беле же сол көзү беле деп нес болуп калдым. Өзүмө өзүм ишенбей жолдошума телефон чалып тактасам, ал сол көзү ооруйт болчу деди. Стресс болуп, буттарым калтырап врачка жетпей койдум. Жолдошум, эжелерим келип тиешелүү жактарга арыздандык. Эми врачтар «операцияга киргенде микроскоптон текшерип, оң көзүндө да катаракта бар экенин көрдүк» деп жатышат. Эмнеге мурун айтышкан эмес?
Операцияны соо көзүнө жасап алышканын өздөрү да билишкен эмес. Мен дарыгерлерди дагы деле кечирген жокмун. Биз ызы-чуу салганда алар «бул биздин дарыгерлик катабыз» деп тил кат жазып, кечирим сурашкан. Бул үчүн компенсация төлөп беребиз деген да жери бар. «Сол көзүн бекер дарылап беребиз» деп азыр жакшы эле карап жатышат. Караганы менен артка эч нерсени кайтара албайбыз да.

«КАНТИП ООРУГАН МЕНЕН СОО КӨЗДҮ АЙЫРМАЛАЙ АЛБАЙ КАЛАЛЫ?..»
Биз барганда балага операция жасаган врач Марал Усупова иш ордунда жок экен, ага ассистент болуп операцияга катышкан көз оорулары бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Асаналиев мындайча түшүндүрүп берди:
– Раатбек Аскаровду ата-энеси бизге 7-февраль күнү алып келди. Анын көзү катаракта экен. Бул баланын оорусу тубаса дарт экен. Ал бир көздө пайда болсо, экинчи көзгө сөзсүз өтөт. Каректин ичиндеги чечекей күндүн нурун кабыл алып, аны майда кан тамырларга өткөрүп берет. Анан көздө түстөрдү бөлүп кароо процесси жүрөт. Раатбектин чечекейи бозоруп, күн нурун такыр өткөрбөй калган. Врач бул оору операциясыз айыгышы мүмкүн эместигин айтыптыр. 10-февраль күнү баланын көзүнө операция жасалган. Аны жасаган врач Марал Сабыровнанын бул тармакта 28 жылдык стажы бар. Мен ага ассистент болгом. Баланын сол көзү 2 пайыз, оң көзү 90 пайыз көрөт экен. Микроскоп менен карасак, катаракта оң көзүнө да өтүп баратыптыр. Биринчи оң көзүнө операция жасоону туура көрдүк. Мен аны баланын ата-энесине айтса керек деп ойлогом. Марал Сабыровна туура иш жасады. Катаракта күн сайын көбөйө бермек да, оң көзү да жакшы көрбөй калмак. Врач баланын оң көзүнө операция жасаарын ата-энесине кабарлабай калгандыгынан улам алардан кечирим сурады. Кантип оң көз менен сол көздү, ооруган көз менен соо көздү айырмалай албай калалы?..

«ДАРЫГЕРЛЕРДИН КӨБҮ «КИРГИЗ» БОЛУП КАЛДЫ»
Амантур Жумабаев, Эне жана баланы коргоо ден соолук борборунун башкы дарыгери:
– Дарыгерлердин көпчүлүгү азыр «киргиз» болуп калган. Алар бейтап менен баарлашканда ооруну толук кандуу түшүндүрүп бере албай кыйналышат. Бул врачтардын да кемчилиги – бейтап менен толук кандуу сүйлөшпөгөндүгүндө. Ал айыбын эки врач моюнуна алып, компенсация төлөп беребиз деп жатышат. Ал эми баланын келечеги үчүн туура эле иш кылышкан.
Бул окуя боюнча борборубуздагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин тажрыйбалуу дарыгерлери жана медициналык окуу жайлардын профессорлорунан түзүлгөн комиссия текшерүү жүргүзгөн, бирок анын корутундусу азырынча чыга элек.
Ата-энеси уулуна туура эмес операция жасаган деп врачтардын үстүнөн милицияга арыз жазышкан. Алар бул иш боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жаткандыгын кабарлашты. Эгер дарыгерлердин баланын соо көзүнө адашып операция жасап алганы аныкталса, анда ал врачтардын үстүнөн кылмыш иши козголушу мүмкүн.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg



Дарыгерлер баланын соо көзүнө адашып операция жасашканбы?

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(41)
SUPER.KG видео
21.02.2015. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындан ары кандай врачтар чыгат билбейм баары элЕ взятка берип окуп жатат го,
SUPER.KG видео
21.02.2015. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмыш иш козголуп эле жазасын тартсын да озудору не мееси жокбу адам го акыры ал жаныбарды оперция кылган жокко.
SUPER.KG видео
22.02.2015. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dokturlar biroonun kozun ondogoncho,birinchi ozdorunun kozdorun ondoso.
SUPER.KG видео
22.02.2015. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кызык,ал таза козун ачып алып ичинде эмнесин операция кылышты? Ачып эле кайра тигип салыштыбы?
SUPER.KG видео
22.02.2015. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы замандын адамдары кайда баратат...... ооруп барган козуну корбой калышканбы билбейсин.
SUPER.KG видео
22.02.2015. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар аны ойлобой эле акчасын ойлогон болуш керек. мисалы сол козу жакшы корбосо, биринчи он козуно жасайлы он козуно жасаган операциянын акчасын алсак анан сол козу чын эле жакшы корбойт сол козуно дагы операция кылабыз деп суйлошуулор болуш керек. булар аягын ойлобой жасап салышты.
SUPER.KG видео
22.02.2015. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кемпирдин да стаматолог ооруган тишин коргозсо башкасын жулуп салган эле. Акча менен жумушка киргендердин кесепетин оорукчандар тартатда. Пенде баарыбир ооруйсун.
Аллахым Ооруу берсин, шыпаасын туура берсин.
SUPER.KG видео
22.02.2015. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки жашарымда врачтар туура эмес операция жасашып, козумдун кареги жылып кеткен.Бир жак козум аппак болуп турчу. Ушул кесепеттин айынан мендеги балалык да балалыка окшобой,ыйлап журуп мектепти бутуп кеткемин. Оозуна алы жетпеген кебир тентуштарым кор (сокур) деп айтышар эле. Мен барып корунбогон врач да калбаса керек. Эч бири карегимде туздосо болот деп айткан эмес. Бирок арасында билимдуулор да бар экен. Алмазбек Исманкулов 2002 жылы эки ирет операция жасап карегимди туздоп берген.
SUPER.KG видео
22.02.2015. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени кыйноодон куткарган Алмазбек Исманкуловду азыр примдей сыйлайм. Эжеке эгер тиги туура эмес орерация кылган врачтар, экинчи операцияга кеткен каражатты толоп беришсе, Алмазбек Исманкуловго операция жасатын. Албетте бир аз кымбатыраак болот. Бирок жакшы жасайт. Анан да Алмаз байке жасай албаган операциясын ачык эле айтат, колумдан келбейт, москвага алып баргыла деп. Тигилерге окшоп колунан келбесе деле акчага кызыгып, чылпагын ал десе козун оюп койбойт. Баланызга бактылуу балалык, ден-соолук!
SUPER.KG видео
22.02.2015. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врачтын оорулууга болгон кайдыгер мамилеси ушинтип эле билинип калат. Тообо кылдым, азыркы заманда ооругандан да коркуп калат экенсин.
SUPER.KG видео
23.02.2015. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таптаза козуно бычакты тийгизгенден кийин , Америка , Германиядан кыйын окулисттерди чакырса да пайдасы жок!

Келесоолор десе!

9куну больница келип жатышса, 10ну куну операция кылышса неге мынча шашылыш ? Мумкун дарыгерлерге срочно акча керектир окшойт эле!

Синдимдин эки козуно тен операция жасашкан, аралыгы алты айдан бирок алгач дарылап даярдап анан жасашчу!
Модератор Barika түзөттү 2015-02-23 01:59:20
23.02.2015. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон жерден башталбайт да мындай ызы-чуу,кантип сурабайт ата-энесинен он козуно жасай берелиби деп,алар сол козу деп келгенден кийин,иштен алыш керек андайларды.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-23 13:41:09
23.02.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sadyrov_n93, кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
23.02.2015. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sadyrov_n93,туура айтасыз, кай заман бул. Керек болсо ооруган жерине операция жасаш учун ата-энесинин же жакын бир тууганынын уруксаатысыз операция кылбайт да.
же бул врачтар манкуртпу операциядан чыккандан кийин да эскертпеген.Жанагы ассистенттин айтып жатканы да чындыкка окшобойт. Кийин сол козуно кылалы дегенбиз деп. Андай экен ата-энесине эскертишип, баланы уйуно чыгарбай, больницада жакшы карап сол козуно операция жазашпайбы. Операция кылганды билбегендей эле калп айтканды да билишпейт бул ...тер
23.02.2015. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчи текшертишкенде он козу 100пайыз корот дептир го анан кантип эле операциядан кийин 90 пайыз корчу экен деп калат...?
23.02.2015. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мамайдын кору болгон го бул жагы ..врачтардын куноосу го дейм..
23.02.2015. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эгерде врачтардын куноосу болбосо кечирим сурабай калышты го,ооруп баргандарга нормальный мамиле кылышпайт копчулугу
24.02.2015. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудаай, сактай кооорр! Бул кейпинде врачтар кол менен бутту алмаштырып салып койгондонда тайбайт, анандагы ушул ынгайлуу деп, суудан курукда чыгып кетишет, атандын гору де, буларга кун салгылык кылбасында, кудайым.
24.02.2015. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.lady,ke4iresiz + basam ddep minus basyp alypmyn
24.02.2015. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oi tobooo degi ele vra4tarkyzykta tuura emes kozuno ele jasa alywty da anan kalp ele aila jok,eki kozu ten oorruiit eken dep...degi emne bolup baratavyyzz
24.02.2015. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikakg, tuura
24.02.2015. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vra4targa iweniw kyiyngo
SUPER.KG видео
24.02.2015. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врач болбой эле койсун ушундан кийин
24.02.2015. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врач мас болсо керек да. Көп жылдык стажы бар врачтар спирт ичип анан операцияга киришет деп угуп калчу элем.
24.02.2015. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Операцияда колдонгон инструменттеринда толуктап көрүш керек бул врачтардын
26.02.2015. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аянычтуу экен окуя. Врачтардын шалаакылыгы. Баланы кайра башынан текшерип врачтардан куноо кетсе кату жазалоо керек.
26.02.2015. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин синдим да Московский-Лог (нац госпитал)Лорго барганда операция жасаш керек деп кайра жакшы дем алган таноосуна операция жасап салган.Ага айтканда кайра бекер операция жасап берем бул таноон эми айыксын дегенинен экинчи жолу ал врачка баргысы келбей койгон.Акчаны болсо ошол врач операция жасардын астында эле мынча керек деп алган.Синдимдин азыр деле мурду бутуп жакшы дем ала албай журот.Ошол врачтын фио эстей албай атам башка улуттагы жашы 50 жакындап калган эле киши болчу.
Модератор Саби түзөттү 2015-02-26 11:21:02
26.02.2015. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыркы учурда милиция м.н доктурларга кунун калбасын. соо кишини текшерсе да ооруулуу деп табышат. кочодон кармап барып соттоп салышат
26.02.2015. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врачтардын куносу учун канчалаган адамдар кыйналып канчасы жан берип жатышат саны бар сапаты жокторун кыскартып кучтулордун айлык акысын которушсо чет жака кетишпейт эле.
26.02.2015. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул туура эмес операция жасагандардын врачтардын, мээсине операция жасаш керек.!!!
27.02.2015. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир даарыгердин айынан баарын кунологон туура эмес. Жакшы даарыгерлерда бар, ажалдан аман алып калганга себепчи болгонда даарыгерлер эсинерден чыгарбагыла алтындарым!!
28.02.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр врачтарга ишенуу кыйын. Муну мен озумдун практикамда айтып жатам. мага нормальный болсом деле преднизалон берип бетиме ар нерселер чыгып, толуп да кеттим. Башка врачка барсам норма дейт. Кимисине ишенем эми?!!!
18.04.2015. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kudai saktasin asurku zamanda,kudaium baardik el jurtka den sooluk bersin
SUPER.KG видео
17.05.2015. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул тасманы тиги Алмаз Атамбайев Жана чондор кунолуу карабайт врачтарды пара берсен болдуу дешет ал врачтар коз доктур эмей эле ит догдур окшойт маалсында Жаш бала болгуну жабыр тарты Жоопко тартылат дейби Жоопко тарбайт аларды тезкерисинче болот
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: