ЖЫЛДЫЗДАР МАЛАЙЗИЯДА...

№643 27-февраль-5-март, 2015-ж


«Супер-Инфо» гезити 13 жылдык тарыхында дүйнөнүн төрт бурчун кыдырып, башка өлкөлөрдүн, элдердин маданияты, үрп-адаты, каада-салты, жашоо-шарты менен таанышып келет. Бул сапар Малайзия өлкөсүнө "Супер-Инфо" гезитинин жолдомосу менен «Супер ырчы айым» Сайкал Садыбакасова, «Супер ырчы мырза» Нурлан Насип барып келишти. Булар менен катар Малайзиядагы Кыргызстандыктардын биримдигинин чакыруусу менен тамашоучу Бакыт Осмонканов жана Жеӊиш Майрамбек уулу да аталган өлкө менен таанышып кайтышты. Алар кандай эс алып, эмне деген эргүү, кыялдар менен келишти, чогуу тыӊдайлы.

МАЛАЙЗИЯ

Борбор шаары – Куала-Лумпур
Жалпы аянты – 329 758 чарчы чакырым (Кыргыз Республикасынын жалпы аянты – 198 500 чарчы чакырым)
Калкынын саны – 30 млн. 74 миӊ адам (2014-жылга карата кыргыз калкынын саны 5 776 570 адам )
Акча бирдиги – Ринггит (1 ринггит учурда 17 сомго барабар)
Расмий тили – Малай тили
Дини – Ислам
Башкаруу системи – Конституциялык монархия
Башкаруу бийлиги – Падышалык

Чыгармачыл инсандар эс алууну да чыгармачылык менен айкалыштырышат. Жылдыздар минтип туристтерге бийлеп да беришти.

Бакыт Осмонканов: «БИЗ ДА ӨНҮГӨБҮЗ ДЕП НИЕТ КЫЛЫП КЕЛДИМ»
– Бизди алып жүргөн гидди кунт коюп угуп, жакшы жактарын эске тутуп калганга аракет кылдым. Аларды падыша башкарат, шайлоо аркылуу эмес, 13 штаттын султандары кезектешип падыша болот экен. Учурдагы падышасы 89 жашта экенин угуп таӊ калдым. Экинчи жолу падышалык кезегин өтөп жатыптыр. Бийликти эл, элди бийлик сыйлаганы жакты. Падышанын хан сарайы өтө чоӊ аянтты ээлептир. Гиддин айтуусунда, мамлекеттик кызматта иштегендердин айлык акысы жакшы болгондуктан, аларда пара алуунун деле кажети жок, анан да коррупциянын аздыгы боюнча алдыӊкы орунда турат. Ал жакта «салык төлөбөй иштегиле» деп инвесторлорго жакшы шарт түзүп беришиптир. Биз да ушундай өнүккөн өлкө болушубуз үчүн эӊ негизгиси биримдик жана ар ким өз ишин мыкты билиши керек деп ойлойм. Ал өлкөнү өнүктүргөндөр деле биздикиндей эки колу, эки буту, эки көзү бар адамдар да. Аларды карап иштесеӊ тиштейсиӊ, буюрса, биз деле өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктайбыз деген жыйынтыкка келдим.



Бакыт: "Кытай, япон кыздары менен сүрөткө түшүп, тил билбесек да алар менен бат эле аралашып кеттик. Жөн койсо япон кыздары Нурланды алып калчудай, аны араӊ алып кеттик".



Нурлан Насип: «ҮЙЛӨНСӨМ БАЛ АЙЫН МАЛАЙЗИЯДА ӨТКӨРӨМ»
– Малайзияга жеткенде мончого киргендей эле болдум. Абасына көнө албай бир аз кыйналдым. Ал жактан бир да жол көзөмөлдөөчү кызматкерди, жол эрежесин бузган айдоочуну көзүбүз чалган жок. Кыскасы, биз үйрөнчү жакшы жактарын көп эле байкадым. Лангкавидеги асма көпүрөгө чыкканда аябай корктум. Бийиктик менин фобиям, айрыкча көпүрөдөгү айнектен басайын дегенде бутум титиреп кетип жатты. Менин ал жакка барарымды интернет аркылуу билген кыргыз кыздары Малайзиянын башка шаарларынан да мекендештерибиз менен болгон жолугушууга келишти. Алар атайын келгендиктен күйөрмандарым менен майрамдаганга да жетиштим. Буюрса, үйлөнсөм, келинчегим менен сөзсүз дал ушул өлкөгө барып бал айын өткөрөм деген ойдо келдим.

Бул өлкөгө эс алууга келген киши Лангкави аралын көрүп кетпесе болбос. Дал ушул аралда деӊиз деӊгээлинен 710 метр бийиктикте аркан жолу бар. Аны менен бийиктикке көтөрүлгөн соӊ эки тоону бириктирген асма көпүрөгө туш болосуӊ. Көпүрөдөн арал алаканга салгандай көрүнөт, ал эми ылдый караса жер бети көрүнбөй калат экен. Андан да кызыгы, көпүрөнүн айрым жерлери айнектен жасалган.

Нурлан: "Малайзиялык таш бакалар менен да тааныштык. Колуӊду тийгизсеӊ тиштеп алат экен".


Сайкал Садыбакасова: «МАЛАЙЗИЯДАН ЖЫЛМАЙГАНДЫ ҮЙРӨНҮП КЕЛДИМ»
– 1996-жылы курулган бийиктиги 452 метрге жеткен Петронас мунарасына барып сүрөткө түштүм. 88 кабаттан турган бул эгиз мунараны апама да көргөзсөм деп кыялдандым. Курбу кыздарыма, «Кыз-Бурактын» кыздарына косметика каражаттарын ала келдим. Мага Малайзиянын элинин жылмайып жүргөндөрү жакты. «Жылмайсаӊ сага жашоо жылмаят» дегенге ынандым. Бизге ушундай эс алуу мүмкүнчүлүгүн берген «Супер-Инфо» гезитине ыраазычылык билдирем. Көп эле чет өлкөлөргө чыккам, бирок эс алуулардын мынчалык таасир ала элек болчумун.

Сайкал: "Малайзия бизди бийик-бийик мунаралары, экзотикалык жашылча-жемиштери, жашыл аралдары менен тосуп алды".


Сайкал: "Маймылдар аралына барганда алгач коркуу сезими каптады. Минтип колубуздагы азыктардан сунуп, маймылдар менен бат эле дос болуп алдык. Жадакалса маймылдар суунун да түрлөрүн билип алышыптыр. Жөнөкөй минералдык суу ичип отурсаӊ талашпайт, ал эми таттуу суу болсо колуӊдан жулуп кеткенден кайра тартышпайт экен".


Сайкал: «Нурлан экөөбүз «Бакыт издедик» деген дуэтибизге клип тарталы деп минтип жакшы эле аракет кылдык. Бирок эс алуудан кол бошобой, клип толук тартылбай калды. Клип тартылып аягына чыкса, бул кадрлар колдонулушу мүмкүн».



Жеӊиш Майрамбек уулу: «КЫРГЫЗ АЧКАН КАФЕНИ КӨРҮП СҮЙҮНДҮМ»
– Ал жактын ашканасын океандан чыккан жандыктардан, түрдүү балыктардан жасалган тамак-аштар түзөт. Аларда нан деген түшүнүк такыр жок турбайбы?! Биз кайсы тамак болбосун нан менен жейбиз го, ошондуктан курсагым тойбогондой эле болуп жүрдүм. Алар нандын ордуна күрүчтү пайдаланышат экен. Тамактарынын дээрлик көбү ачуу, анан да айрымдарына колум да, оозум да барган жок. Себеби краб сыяктуу бизде жок жандык турса коркот экенсиӊ. Аралдын жанындагы «СССР» деген кафени көрүп сүйүндүм. Ал кафени 16 жыл мурун кыргызстандык жаран ачып, иштетип жаткан экен. Палоо, лагман деген тамактарды ушул жерден таптык. Эки тоону бириктирип турган асма көпүрөгө чыгабыз деп аэропортко кечигип калып, кайра өзүбүз билет алып Куала-Лумпурга учтук.
Эс алуу учурунда театрга бардык. Ал жакта 3 улуттун бийин көрсөтүштү. Кыргыздар «күйдүм бир гана күйдүм чок» деп ырдаганда «и-ий» деп кыйкырабыз го. Алар бийлегенде биздикине окшош «и-ий» деп кыйкырышат экен. Ушул жерин өзүбүзгө окшоштуруп жыргап бийледик.

Жеӊиш: "Жогорку ылдамдыкта жүрүүчү кайык менен Андаман деӊизиндеги 3 аралда болдук. Эл кайыкта коркуп араӊ отурса, Сайкал экөөбүз сүрөткө түшүү менен убара болдук".

Жеӊиш жүргөн жер күлкү.

Малайзия ашканасындагы тамактардын көбү деӊиз жандыктарынан жасалат. Нурлан ачууга ыктаса, Сайкал таттуудан баш тартпады.



МЕКЕНДЕШТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
Кыргызстандан эс алууга баргандарды Малайзияда жашап, иштеп жүргөн мекендештерибиз өлкөбүздүн желеги менен тосуп алышты. Ал жакта окуган, иштеген, келечекке чоӊ максаттарды койгон кыргыздар көп. Мекендештер менен жолугушуу 12-февралда «Corus» мейманканасында өтүп, 100гө чукул кыргыз чогулду. Оюн-зоок, ыр-күлкү менен коштолгон жолугушуу кыргыздын гимни менен башталып, Кыргызстандын Малайзиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султанов ачып берди. Тамашоучулар Бакыт Осмонканов жана Жеӊиш Майрамбек уулу тамаша оюндарын көргөзүшүп, майрамдык маанай тартуулашты. Кыргыз ырларын сагынган журтташтарыбызга Нурлан менен Сайкал ыр сунуп, элине, жерине болгон кусалыктарын бир аз басаӊдатышты. Иш-чарага кытайлык кыргыз ырчы Айнур Турду кызы жолдошу менен келди. Концерттен соӊ «Бир тууганчик» тасмасы көрсөтүлүп, мекендештер ыраазы болуп тарашты.



Замира Рахманбердиева
star@super.kg



Жылдыздар Малайзияда... (толугу менен)

Автор: Максат Орозумбетов, Гүлзат Мамытканова
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(81)
07.03.2015. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
супер-инфонун окумандарына да ушундай мумкунчулуктор болбу аа? баргым келитат мен дагы жомоктогудай эс алуу болуптур
Медиа-портал
07.03.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал жакшы кыз болуп баратат данкылдабай, бирок Нурлан экоо пара эмес.
Медиа-портал
22.03.2015. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nazulya,emnege Para emes Jon ele choogu es algandardynda janyn koiboibuz.
07.03.2015. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын эле жакшы эс алып келишиптир.Өңдөрү баарыныкы сонун болдуп калыптыр.Суктандым, жана бизде ушундай жашоо болбогонуна өкүндүм. Бизде да кандай сонун жерлер көп бирок, баарын туш-туштан жулуп-тоноп эле атышат. Өсүп жаткан гүлдөрдү, карагайларды, жаңгакты жулуп, кыйып атышпайбы.Жаныбарларды, куштарды атып сатып жок кылышууда Байларыбыз заңгы-раган үйлөрдү салуу,жаңы машиналарды алуу менен алек.Эгер бизде тартип, ынтымак болсо, Кыргызстаныбыз гүлдөсө, бизге деле келип ушундай суктанбайт беле, ЭХ!
08.03.2015. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jypar.i,ошону айтсан аз келгенсип эшектен бери
Медиа-портал
07.03.2015. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы есалышыптыр бирок жениш байке еле суйлоп тажатып жиберди Сайкал есалганбы же камера тартып жургонбу коп корунбойт
Медиа-портал
08.03.2015. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
UkAA,тескерисинче Жениш коп нерсени айтып берди жана тушунуктуу кылып! Бизге да ушундай эс алууну Аллахым насип кылсын!
Медиа-портал
07.03.2015. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай кунду бизге да насип кылсын.
Медиа-портал
07.03.2015. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай кызыктуу эc алышыптыр.
SUPER.KG видео
08.03.2015. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу силерге тан калам да емне ишинер бар ким мн ким журот, силер сюжет корбой еле экоону андыгансынар го. Малайзияны ушактагыла ушакчылар, экоону не кыласынар.
Медиа-портал
08.03.2015. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай сонун жер экен! Кыялымда эңсеп жүрөм, балким Малайзияны көрүү буйруп калаар!
Жеңиш эң сонун сүйлөп алып барыптыр!
SUPER.KG видео
08.03.2015. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ваауууууу сонун эс алыптырсынар ийгилик
SUPER.KG видео
08.03.2015. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун баары.жакты мага аябай
SUPER.KG видео
08.03.2015. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы эс алуу болуптур..баарынан жанагы калпак кийген байкелер жакты....улуттук баш кийимибизди чет жерден да чечпеш керек..
Медиа-портал
08.03.2015. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соннун ойношуптур.Кудайым бизге да насип кылсын жакшы жерге барып эс алууну.Аракет кылсан берекет болуп мээнетинин акыбетин коруп келишиптир Азаматтар.
08.03.2015. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bakyt baike menenJenish baike ele okuialardy aityp berdi oto akylduular eken!!! A Saikal eje menen Nurlan baike eko oinop ele jurushtu aityp berisgpei kattu tiise kechirip koiunuzdar....
Медиа-портал
09.03.2015. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизгеда буйруса экен саяккаттап,эс алуу.
Медиа-портал
09.03.2015. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй Сайкал сени ушундай жоош, тымпыйган кыз деп ойлобптурмун. Же бул жон эле показухабы? Суйлобйсун го созулууууууууп...
SUPER.KG видео
09.03.2015. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун эс алыпсынар,биздида кызыктырып койдунаргоо
Медиа-портал
10.03.2015. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
абдан соонун эс алуулар болуптур. Сайкал менен Нурлан Аябай жакшы пара болот экен, анткени Нурлан Сайкалды алса балдары здоровый болот.Чыпыйбай!
SUPER.KG видео
10.03.2015. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен баары
SUPER.KG видео
10.03.2015. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нурлан мененСайкалдын ортосунда суйуу пайда болгондой сеЗилди. Экоо баш кошуп алса соонун пара болмок.
SUPER.KG видео
10.03.2015. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чындыгында Нурлан байке менен Сайкал сооонун пара болчудай.
SUPER.KG видео
10.03.2015. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен коруп отуруп барып келгенддей эле болдум! Сонун мункунчулук болуптур! Азаматсынар сайкал менен нурлан аябай жаккты
Медиа-портал
11.03.2015. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн жогорку денгээлде эс алып келиптирсинер.Азматсынар!!!!Силерге ал жерде бардык шарттар тузулуп,трансфер жана кокатрный(тарыхчы)гиди коштоп бардыгын айтып,тушундуруп жургону корунот,тилекке каршы силер соз байлыгынардын аздыгынан теле аркылуу элге жеткире албаганынарда!!! Бул"китеп окубагандыктан,маалыматты албагандыктан" бул жаштар учун чон ТРАГЕДИЯ!!!!!
Медиа-портал
13.03.2015. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
almasha, сизге кошулам. Китеп кобуроок окуп, кругозорлорун кенейтиш керек. Биздин кобунчо жылдыздар тантырап суйлогонду билишпейт. Неме немелешип эле...
Медиа-портал
13.03.2015. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун супер инфо менда баргым келип жатат,менида жоноткулочу суранамын!
13.03.2015. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы эс алуу болуптур. Чет жерде калпак кийип жургон жердештерибиз башкача, козго жагымдуу болуп корунуп патриоттук сезимдерди ойготот экен. Кыргызча ырдап, азамат байкелерибиз экен. Сайкал абдан назик, тартиптуу, жонокой, сулуу чыныгы кыргыздын кызы экенини корсотуптур. Нурлан кичинекей болгондуктан, Сайкалды коргоп журчу мырзанын образына бир аз окшобой калат экен.
Модератор Bolo түзөттү 2015-03-13 13:57:22
14.03.2015. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал соонун сени жакшы кором
16.03.2015. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taha_89, баш тамгалар граммактикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
18.03.2015. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озум барып келгендей эле болдум))
SUPER.KG видео
18.03.2015. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун эс алышыптыр.
Медиа-портал
19.03.2015. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар!!!!
SUPER.KG видео
22.03.2015. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан сонун эс алышыптыр азаматтар,негизгиси супер инфо жамааты азаматтар!!!ушундай шартты тузуп берген,менин да баргым келип кетти.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: