ЖЕЗДЕСИ 8 ЖАШТАГЫ КАЙНИСИН ЗОРДУКТАГАНБЫ?

№646 20-март-26-март, 2015-ж


Редакцияга түрдүү тагдырын айтып, акыйкат издеген нечендеген окурмандар кайрылат. Кээ бирлеринин сөзүн угуп отуруп «ушундай ишке адам баласы кантип барсын?» деп ишенбей да кетесиӊ. «Уулумду күйөө балам зордуктап жүргөн экен» деп бизге кайрылган Урмат (каармандардын аты-жөндөрү өзгөртүлдү) окуяны төмөнкүчө айтып берди.

«КӨПТӨН БЕРИ ЗОРДУКТАП ЖҮРҮПТҮР»
– Мен Талас облусунун Кара-Буура районунан болом. Уулум Адилет 2-класста окуйт. Ал 1 айлык кезинде апасы экөөбүз ажырашып, уулумду өзүм алып калгам. Кийин мен экинчи келинчегим менен Бишкекте жашап, уулум айылда, ата-энемдин колунда калды. 2014-жылдын октябрь айында апам «күйөө балабыз Чынарбек сенин балаӊды зордуктап жүрүптүр» деп телефон чалды. Чынарбек бир тууган карындашымдын күйөөсү. Карындашым Уулжан экөөнүн баш кошкондоруна 10 жыл болду, ортолорунда 5 бала бар. Карындашымды кайнатасы «300 доллар уурдап алдыӊ» деп батырбай урушканынан боорум ооруп 2014-жылдын июнь айында үй-бүлөсү менен өзүбүздүкүнө көчүрүп келип, жашатып койгом.
Ал күнү унаа жок, айылга бара албай калдым. Эртеси күнү унаа таап айылга түн ортосунда жеттим. Аймактык тескөөчүнү чакырып «баламды зордуктап коюптур» десем, «кеч болуп кетти» деп барбай койду. Үйгө барсам күйөө балам досунун үйүнө көчүп кетиптир. Уулумдан сурасам күйөө балам ага биринчи ирет 2013-жылы, уулум 8 жашында кол салган экен. Чынарбек анда өзүнүн атасынын үйүндө, Талас районунун Көк-Ой айылында жашачу. Ата-энем Уулжандын себин берип, уулум да алар менен чогуу конокко барат. Элдер бака-шака түшүп жатканда Чынарбек Адилетке «жүрү алма алып чыгабыз» деп жер төлөгө ээрчитип кирип, ошол жерден зордуктап салыптыр. Андан кийин да «эч кимге айтпа» деп коркутуп зордуктап жүрө берген. Бир жолкусунда иши бүткөн соӊ шымын шымданып жатканын Уулжан көрүп калат да, көрмөксөнгө салып тескери бурулуп кетиптир.
Мындан тышкары уулумду дайыма чыбык менен сабачу экен. Муну мен ошондо гана уктум. Түн ортосунда Чынарбекке барып «ушундай болду беле?» деп сурасам, ал «болгон, кечирип коюӊуз» деп жалдырап ыйлады. Мен эмне кыларымды билбей эртеси күйөө баламды бир молдого ээрчитип барып, бардыгын төкпөй-чачпай айтып «муну эми шарият боюнча эмне кылыш керек, ушундай иш кылып коюптур» деп сурадым. Ал күйөө балама «5 убак намаз окусаӊ күнөөӊ кечирилет» деди. Макул деп экөөбүз ал жерден чыгып чогуу жума намаз окудук да, үйлөрүбүзгө кеттик. Эжемден «баланы дарылатканга канча акча кетет?» деп сурасам, «10 миӊ сом» деди. Эртеси Чынарбектин ата-энесине барып «уулуӊуздар ушундай кылып коюптур, баламды дарылатканга акча бериӊиздер, шаарга алып барып дарыгерлерге көрсөтөлү» десем, алар «макул, Чынарбектин өзүнө төлөттүрүп беребиз, сен шаарга бара бер, артыӊдан барабыз» деп коюп келишкен жок.
Биз баланы көрсөтөлү деп Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна алып келдик. Ал жерден текшеришип, «баланын көтөн тешиги 12 сантиметрге чейин айрылган» дешти. Соттук-медициналык экспертизага текшертсек, алар да «бала зордукталган» деп жыйынтык чыгарышты. Бул жактан дарыгерлер укук коргоо органдарына билдирип коюшкан экен, алар күйөө баламды камап коюшуптур.
2015-жылдын январь айында Чынарбектин агасы мага телефон чалып «Чынарбекти камап коюшту, жардам берип каматпай алып калыӊыз» деп суранды. Макул болуп Таласка барып укук коргоочуларга, акимге чейин кирип, күйөө баламды камактан бошото албай койдук. Уулжан кичүү уулун карап ооруканада жатканын угуп абалын сурайын деп кирип калдым. Ал жакта отурганда карындашым «силер күйөөмдү сабап моюнуна алдырып каматып койдуӊар» деп кыйкырып, мага атырылганынан ачуум менен 2-3 жолу дубалга түртүп жибергем. 4-февраль күнү аймактык тескөөчү мага «сенин үстүӊөн карындашыӊ арыз жазды» дегенинен ага бардыгын түшүндүрүп бергем. Күйөө баламдын үстүнөн 12-февралда гана арыз жаздым. Ага чейин карындашымды, 5 баласын ойлоп арыз жазбай жүргөм. Азыр болсо анын туугандары «акча өндүрүү үчүн баласына үйрөтүп койгон» дешип кайра мени жаман атты кылып жатышат. Менин талабым – тергөө акыйкат жүрүп, күйөө балам өз жазасын алсын!

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ МУРУН 2 ЖОЛУ СОТТОЛГОН ЭКЕН»
Ал эми Урматтын азыркы кайненеси Гүлбайра буларды кошумчалай кетти:
– Күйөө балам орус тилин жана мыйзамды билбегендиктен мен да бул ишке кийлигишип, акыйкат аякташына аракет кылып жатабыз. Тергөөчүдөн бул иш тууралуу документтерди алып тааныштым. Кылмышка шектүү Чынарбек буга чейин 2 ирет соттолгон экен. Биринчисинде киши өлтүргөндүгү үчүн 13 жылга кесилип, 6 жыл отурган соӊ мунапыска илинип чыгыптыр. Экинчисинде уй уурдап кармалып, анда «акыл-эси кем» деген жасалма документ жасатып, Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканага 1 жылдай жатып чыгып кеткен экен. Ал эми жогорудагы иш боюнча иликтөөлөр жүрүп жатканда психиатрлар Чынарбекти текшеришип, «акыл-эси ордунда» деген жыйынтык чыгарышты.
Мурда жасалма документ жасап, кылмышкерди эркиндикке чыгарганга жардам кылган дарыгерлер да жоопко тартылышы керек. Алардын айынан ал дагы кылмышка барып жатат да.

«АКЧА АЛЫШ ҮЧҮН ЖАЛАА ЖААП ЖАТЫШАТ»
Андан соӊ биз кылмышка шектүү делинген Чынарбектин апасы Сайрабү менен байланышып, анын да сөзүнө кулак түрдүк:
– Келинимдин туугандары акча доолап көнүп калышыптыр да. Урмат карындашын, анысы аз келгенсип менин уулумду да ар нерсе уурдаттырып, бир жолкусунда кармалып калып эптеп куткарганбыз. Бул сапар «баламды зордуктады» деп уулумду ак жерден күнөөлөп, кичинекей баласына үйрөтүп эптеп акча өндүрүүнү каалап жатышат. Азыр коррупция өнүккөн да, тиешелүү кызматтагыларды да сатып алып коюшса керек. Баланын атасы келип «ишти жабам» деп 1 тай алып кетип, кайра уулумдун үстүнөн арыз жазыптыр. Эми болсо 500 миӊ сом сурап жатат. Эгер ошол акчаны берсек тосмо арыз жазып бермекчи болду.
Абышкам да, өзүм да оорукчанбыз, эптеп-септеп күн көрүп жаттык эле. Уулум 3 айында жыгылып майып болуп калган. "Акылы кем" деп кичинекейинен бери каттоодо турат. 16 жашында да "адам өлтүрдү" деген жалаа менен камалып чыккан. Уулум анда күнөөлүү эмес экенине көп адам күбө.

«ИШ СОТКО ӨТКӨРҮЛДҮ»
Бул окуя боюнча ИИМдин маалымат кызматынан төмөнкүлөрдү билдиришти:
– Бул кылмышка шектүү адам кармалып, анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери аяктап, иш сотко өткөрүлүп берилди. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында жабырлануучу баланын зордукталгандыгы аныкталган. Кылмышка шектүү мурун да киши өлтүрүү жана уурулук кылмышы үчүн 2 ирет соттолгон экен.
Кылмышка шектүүнүн акыл-эси жайында же жайында эмес экендиги тууралуу ИИМ да, бул ишти тергеген тергөөчү да бир себеби барбы, айтор, азырынча айтуудан баш тартышты. Эгер чын эле кылмышка шектүү биринчи кылмыш кылганда соо, экинчисинде оорулуу, ал эми үчүнчүсүндө кайрадан таза чыкканы анык болсо, кайсынысында психиатр-дарыгерлер "туура" тыянак чыгарганы бүдөмүк...

"КЫЛМЫШКЕРЛЕРГЕ ӨТӨ ООР ЖАЗА КЕРЕК"
Акыркы убактарда ыштанына ээ боло албай жаш өспүрүмдөргө сексуалдык зомбулук көрсөткөн аӊгилердин көбөйүп жатышы учурдун оор көйгөйүнө айланып баратат. Ычкыры боштордун ындынын кантип өчүрүп, бул жат көрүнүштү түп тамыры менен канткенде жоёбуз? Ушул сыяктуу азыноолак суроолорубузга акын-жазуучу Шайлообек Дүйшеев агайыбыздан жооп алдык:
– Илгери кыргызда наристени зордуктоо болгон эмес. Дарвиндин окуусунда «адам маймылдан келип чыккан» деп айтылат эмеспи. Бүгүн эми адам кайра айбанга айлана баштады. 2 жаштагы баланы зордуктоо, өзүнүн карачечекей кызын акча өндүрүү максатында сарайга байлап таштоо – бул айбанчылык. Буларды түрмөгө миӊ ирет камасаӊ да оӊолбойт. Наристелерди зордуктаган кылмышы үчүн түрмөнүн бир эшигинен кирип, экинчи эшигинен чыгып кетип жатса бул эмне деген мамлекет? Ушинте берсе коркунучтуу кылмыштар азайбайт. Андай кылмышкерлерге өтө оор жаза керек. Атып же бычып салыш керек. Мен мындай ыр саптарын жазган экем, окуп берейин:

Абийир, ыйман толду жалаӊ жалганга,
Акыл-эсти айыктырар барбы айла?
Айбандардан адам чыккан доор бүтүп,
Адам кайра айланууда айбанга.

ххх

Көӊдөй мээни көптөсөӊ да ой жукпайт,
Көкүрөктү көр жер менен тойгузбайт.
Кылмышкери жазаланбас өлкөнү
Кырсык басат, кыз-уулдарын зордуктайт.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Жездеси 8 жаштагы кайнисин зордуктап жүргөнбү?

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(86)
23.03.2015. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SherhaN, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
23.03.2015. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журогум ооруп аягына чыкпадым, тушунуктуу болду. Эх жашоо баланын ата-энеси ажырашпаса мындай кордукту бала кормок эмес.
SUPER.KG видео
23.03.2015. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Педофилдерди бычып салуу керек ойлонбой эле.
Медиа-портал
23.03.2015. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызда жакшы макал бар уйронгон адат олгондо калат деп ХХХ ХХХ ХХХ азыр 5 жылга камалса эртен чыгып алып дагы башкасына кол салат акыркы учурда жаман кобойду ушулар эртрек ушуларга кучтуу чара колдонуш керек
Модератор admin_media түзөттү 2015-03-24 16:42:36
Медиа-портал
24.03.2015. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
jazy, провокацияга жол жок! Эскертүү!
SUPER.KG видео
23.03.2015. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-03-24 17:19:03
23.03.2015. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тиги жактоочу аялга айтарым:Куйоо баландын атасы 85 жашта болсо, куйоо балан кары ата энесин таштап, борбордо бок жейби? Ата энесин ,баласын багып уйундо отурбайбы? Ушул окуяга сенин куйоо балан кунолуу! Эгерде ал баласын карыган ата энесине таштабай, озу караганда мындай окуя болмок эмес! Атасынын суйлогон созун карабайсынбы? Баласын зордуктаган кишини бошотом деп,журдум дейт! Менин оюм бул окуяга атасы кунолуу!!!!!!!!!
02.04.2015. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
korsaromega,озундун башына келсе тушуносун. Айылда жумуш жок аба менен багабы атасын, же сен багасынбы. Ошолорду багам деп журот да. Балан азыр уйундон чыгып эмне болоорун сен билесинби. Куноолууну куноолобой жабыркаган адамды куноологон тан калам ай. Чыгаргыла анда тиги зордуктаган адамды, улантсын ишин.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-04-02 11:20:09
SUPER.KG видео
23.03.2015. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазасын алыш керек
24.03.2015. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ го, маняк
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-24 11:01:19
24.03.2015. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sharipa-asia, этика нормаларын сактаңыз!
24.03.2015. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Зоокурлор кобойду го, коркуп деле калдым, деги адамдарга ыйман бере кор кудайым.
SUPER.KG видео
24.03.2015. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындайды айбан да кылбайт. Катуу мыйзамдар каралып чыкпаса, кобоюп эле баратат. Келечегибизди зордуктагандар кобойду.
24.03.2015. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ ХХХ ХХХ.Катуу чара колдонбосо болбойт.Кармаган жеринен ХХХ ХХХ ХХХ атасы.Молдого баштап барбай.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-24 11:02:08
24.03.2015. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Narynbek, провокация жаратуудан алыс болуңуз!
24.03.2015. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тообо кылдым,атасы да вообще бейкапар адам экен. "Баланды зордуктаптыр"-деген созду уккандан кийин эртеси барып,ушундай кылдынбы?деп андан сурап,молдого алып барып сурап,дагы намаз окуп убакытты созуп жургонун. Кудай сактай кор,дагы уулунар ушундай кылыптыр дарылатам деп акча сураганычы куйдуруп. Ушундай суук кабарды угушун м.н учуп келип ХХХ ХХХ?! Олсо олуп эле кетпейби. ХХХ ХХХ ХХХ дагы башкасына кол салышы анык...
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-24 11:03:04
24.03.2015. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AykaMer, провокацияга жол жок! Билдирүүңүз түзөтүлдү!
24.03.2015. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал адамды бир гана Кудай жазалайт. Турмодо корот баарын...
24.03.2015. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
турмодо озун ХХХ ХХХ ХХХ озунон откон зоокур. билет эле ошондо баланын абалын
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-24 11:05:28
24.03.2015. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sagidko88, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
Медиа-портал
24.03.2015. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адам кейпиндеги ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-03-24 16:22:31
Медиа-портал
24.03.2015. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alhamdulillahh,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
Медиа-портал
24.03.2015. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myndayi exekterdi xakem ayitjandayi ele byqyp turup tvrmogo oturguzuu tiyix ele.anan tigi naristenin ata bolumuxuda exek ele eken aga kudayi taala kanday jangylyxyp bala tabuu jondomvn berip koyidu eken deqi mang baxka!tiginida koxo ele byqyx kerek eken!
a bizde,uluu kytayida myndayi exektik jvz berse omvr boyu tvrmodo qiriyt.bul zakon janada bekemdelip jatkan uquru.
Медиа-портал
24.03.2015. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудай жазаласын
24.03.2015. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамзат""" адам""" деген статусубузду жоготуп баражатабызбы .Кыз баладан коркуп журсок эми эркек балдардандагыбы .Аллах жазасын берсин !!!
25.03.2015. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оз жазасын оз моюну м.н тартсын!!!
25.03.2015. 05:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эу ХХХ тантырабай нормальный суйлочу
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-25 10:55:38
25.03.2015. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asylka, жаргон сөздөрдү колдонууга, кемсинтүүгө жол жок! Эскертүү!
25.03.2015. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тобаа кылдым заман эмне болуп баратат, азыркы адамдарга да тушунбойсүң, ойлонушпайбы дейм, да мен эмне болтам бала чакам бар аялым бар деп.
25.03.2015. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буларга окшогон адамдарды, ХХХ ХХХ керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-25 11:52:50
25.03.2015. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nargiz-94kg, провокация жаратпаңыз.
25.03.2015. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай адамдарга башкача жаза бериш керек ошондо гана зордукто токтотулушу мумкун
25.03.2015. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Барган сайын ушундай акмактар кобойуп баратат ал еми чондопубуздан еч кандай реакция жок. Бир чара коодонбойбу же алардын да балдарын бироо зодуктаганда анан ойгонушабы.
26.03.2015. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсыздарбы Супер Инфо жамааты?! Менин сиздерге кайрылуум, ушул ото койгойлуу маселени бийликтегилерге жеткире аласыздарбы? Бийликтегилерге ишенсек, мындай окуянын аягы тыйылмак турсун, курчуп бараткандай. Балдар биздин келечегибиз. Кыргыз элим келгиле оз балдарыбызды, келечегибизди коргойлу! Атасы куноолуу экен же башкасы куноолуу экен деп сындагандын ордуна, биз булардын катасын кетирбей, балдарыбызды озубуз тарбиялап, ар дайым жанында болойлу.
27.03.2015. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Кечирип кой- деп ыйлады"- деп койгонун кара. Мындай манкурттарды "эл соттосун" деп берене чыгарып берсе жакшы болмок.
Медиа-портал
28.03.2015. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Атасында эмне куноо, карындашын да ойлоп жатат да. Олтуруп салыш керек деп отуруп алып айтуу оной. Ар бирибиздин башыбызда турган иш, абайлап суйлош керек. Аны олтуруп же кесип салганда болбойт, самасуд кылып, анда атасы камалат. Тантырабай ойлонуп суйлогуло. Бироонун кайгысын бироо тушунмок беле.
29.03.2015. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
шулул да бар беле чет олколорго ит эле болдук ! Жакшы кубанычтуу сыймыктанып айтчуу кабар болор экенби элди да тушунбой калдык! келе соо же бир оорукчан адам эле жазабасасоо киши жазабайт !!!!!!!!!!!!!!!!!! ит чалык акылы жок кеебирки адамдардын! ар ким билген намазын окуп журот
29.03.2015. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах озу жазаласын!
SUPER.KG видео
30.03.2015. 05:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХХХ ХХХ ушуга окшогондордун балансы Жан жеринен жанагинтип атса бейгаам суйлойт ко ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-03-30 09:37:44
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: