«УУЛУБУЗДУ 1 НАСЫБАЙ ҮЧҮН САБАП ӨЛТҮРҮПТҮР»

№647 27-март-2-апрель, 2015-ж


Эл арасында аскердик кызмат өтөөгө баргандар сөзсүз өзүнөн улуу чакырылыштагы жоокерлердин ур-токмогуна кабылат, башкача айтканда, «дедовщинаны» башынан өткөрөт деген түшүнүк жашап келет. Жакында эле Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүктө кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер мына ушундай «дедовщинанын» айынан көз жумду.

«УУЛУБУЗДУН ДЕНЕСИН БИЗ БАРГЫЧА СОЮП САЛЫШЫПТЫР»
«Өлгөн уулумду тирилте албайм, бирок кылмыш кылгандар тиешелүү жазасын алсын» деген маркум жоокер Шамбеттин атасы Кайратбек Сейитмуратовдун арыз-муӊуна кулак түрдүк:
– Уулум Шамбет Сейитмуратов 1994-жылы 30-декабрда Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу Келечек айылында туулган. 2014-жылы 15-октябрда аскерге чакырылып, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №30295-Тоо аткычтар аскер бөлүгүндө кызматын өтөп жүргөн.
2015-жылдын 13-мартында болжол менен саат 16:30дар чамасында бизге аталган аскер бөлүктүн командиринин орун басары болом деп бирөө телефон чалып, «уулуӊуз катуу ооруп ооруканага түшүп калды, тез жетип келиӊиз» деп айтты. Биз жарым саат өтпөй жолго чыктык. Жолдо баратып улам командирлери менен байланышып жаттык. Ош шаарынан өтүп калган мезгилде кайра чалсак, «уулуӊуз каза болуп калды» деген жаман кабарды угузушту. Ошондо келинчегим Кенжегүл «биз барганча уулумду сойбой тургула» деп суранды. Ошентип жол алыстыгынан улам аскер бөлүккө 22:30дар чамасында араӊ жеттик. Бизди бөлүктүн жетекчилери тосуп алып, бир бөлмөгө алып кирип окуяны түшүндүрө башташты. Шамбетти өзүнөн 6 ай мурда аскерге чакырылган Нургазы Усманов аттуу катардагы жоокер сабагандыгын айтышты. «Уулубуздун сөөгү кайда?» десек, «өлүкканада» дешти. Бирок ал мезгилде биздин өтүнүчүбүз аткарылбай уулубузду уруксатсыз союп салышыптыр.

«КАН КУСУП ЖИБЕРИП ҮЗҮЛҮПТҮР»
– Уулумду жерге берип жатканда аскер бөлүктүн кызматкерлери жана окуяга күбө болгон жоокерлердин бири келди. Алардын айтымында окуя мындайча болуптур: Уулум бөлүм командири болуп жүргөн. Ошол күнү түшкү тамактан кийин өз бөлүмүндөгү аскерлерди 2-кабаттагы бөлмөгө алып кирип коопсуздук эрежелеринин кагаздарына кол койдуруп жатканда эшиктен Нургазы кирип келет да, «Рахманов, Сейитмуратов, ко мне!» деп уулумду жана дагы бир катардагы жоокерди чакырат. Анан «мен таап келгиле деген насыбайды алып келдиӊерби?» деп сурайт. Экөө бир ооздон «никак нет» дешет. Нургазы Рахмановду уруп, андан кийин уулумду муштуму менен көкүрөк тушка соккондо, ал эс-учун жоготуп жыгылат. Ошол жердеги эки жоокер сууга чуркашып, калгандары уулума алгачкы жардамды көрсөтүшөт. Уулум көзүн ачып, тигилер жөлөп өйдө тургузушканда бир чиренип кыйкырып, кан кусуп жиберип, кайрадан эсин жоготуп, ошол жерден үзүлүп кете бериптир. Жоокерлер уулумду санитардык бөлүккө жеткирип, ал жактан ооруканага алып кетишет. Анан ооруканадан өлүкканага алып барып, биз баргыча союп салып жатышпайбы.
Нургазы бөлүктүн командиринин айдоочусу экен. Аскер бөлүктө таянган кишиси болуп ал оюна келгенин жасап жүргөнбү деген ой келет. Кошумчалай кетчү жагдай, аскер бөлүктүн жетекчилиги бизге чейин прокуратура кызматкерлерин, Нургазынын ата-энесин чакырышып, өз ара сүйлөшүп, андан соӊ гана бизге телефон чалышкан. Нургазынын ата-энеси биз баргыча аскер бөлүккө келишип, ишти жабуу үчүн акча сунушташканын аскер жетекчилиги айтты. Бул жерде суроо туулат. Эмнеге алгач өлгөн жоокердин ата-энесин эмес, сабаган жоокердин ата-энесин чакырышат?

«ТЕРГӨӨ ИШТЕРИНЕ КАНААТТАНБАЙ ЖАТАБЫЗ»
Ал эми маркум жоокердин апасы Кенжегүл Сейитмуратова уулунун мүнөзүн сыпаттап өттү:
– Шамбет зээндүү, уюштурууга шыктуу бала эле. 9-классты аяктаган соӊ колледждин юридикалык бөлүмүнө тапшырып, аны кызыл диплом менен аяктаган. Кесиби менен иштөөгө аскердик билет керек экен. Биз «аскерге 1 айлык эле кызмат өтөөгө бар» десек, «толук эле кызмат өтөп келем» деп өзүнүн каалоосу менен кеткен. Уулум менен кээде телефон аркылуу байланышып турчубуз, ал жакта да үлгүлүү жүрүм-туруму менен бөлүмчөнүн командири болгондо бизге чалып сүйүнчүлөгөн эле. Ойдо жок жерден каргашалуу окуя болуп кетти.
Балабызды эми тирилте албайбыз да. Аны урган бала азыр камакта. Биздин суранарыбыз, уулумду сабап өлтүргөн жигит татыктуу жазасын алсын! Иш акыйкат тергелип, аскер бөлүктүн жетекчилиги да жоопко тартылышын өтүнөбүз. Уулумду өлтүргөн баланын ата-энеси бизге киши жиберип кечирим сурап жатышат. Угушубузча, алар аскер прокуратурасына да акча сунуштап жатышыптыр. Тергөө иштерине канааттанбай жатабыз. Себеби баламды атайлап сабап өлтүрүп жатса да тергөөдө кокустук, эреже бузуу катары баалап жатышат.

«САБАГАН ЖООКЕР КАМАКТА»
Бул окуя тууралуу Жалал-Абад облустук аскер прокурорунун орун басары Эркин Абдыкеримов төмөнкүчө маалымат берди:
– Катардагы жоокер Сейитмуратовду өлтүргөнгө шектелип Усманов Нургазы Камалдинович аттуу катардагы жоокер кармалып, маркумду урганын моюнуна алган. Ал Ош шаарындагы №36806-аскер бөлүктөгү гауптвахтага камакка алынган. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 358-беренеси (бири-бирине баш ийбеген аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин белгиленген эрежелерин бузуу) менен иш козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын маалымат кызматынын билдиришинче, экспертизанын жыйынтыгы азырынча чыга элек. Тергөөнүн жыйынтыгына карап аталган аскер бөлүгүнүн жетекчилигине да чара көрүлмөкчү.

"Баламды урган Нургазы Усманов аскердик бөлүктүн командиринин айдоочусу болгондуктан каалаганын жасап, ээн-эркин жүрчү экен".

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Жоокер насыбай таап келе албаганы үчүн сабалып, каза болду

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(73)
30.03.2015. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздар кайда баратабыз нас учун адам олтуруп Нургазыны олум жазасына тартыш керек ошондо акча берген кандай екенин Ата Энеси тушунот
05.04.2015. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
surgut.86.96,Туура, азыр катоо жазаларды колдонбосо, киши өлтүргөнү да,зордуктагандаы деле, балдарды кордогондору деле көбөйүп баратат. Коркот экенсиң,ушундай калыпта кетсек элдин-жердин келечеги кандай болот. Ошо сабаган баланын ата-энеси ойлонсо боло,"биздин балабыз ушинтип бирөө колдуу болсо эмне болот эле" деп, кайра акчасын көтөрүп чуркабай. Жазасын алсын ал мыкаачы
30.03.2015. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм армияны дедовшина емес. уставшина кылыш керек ошондо устав боюнча бироого кол которо албайт.жаман болуптур.
30.03.2015. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайы жаннаттан болсун!мен укпадым эле мындайды Майлуусууда жашап отуруп.
30.03.2015. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым жазаасын берсин ылайым! Эй ушул армиядагылар башы жоктор! Кантип ушинтип турса ал жака барсын кызмат кылганы! Мамлекет катуу чара коруп ушул маселени чечпесе жагымсыз окуялар кобойуп кетти.Бироонун ай мончоктой баласын олтургон айбандар татыктуу жазасын алсын!баланын жаткан жери жайлуу болсун.
05.04.2015. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
begai93,кошулам,биз балдарды мекенди коргоочулар болгула деп армияга жөнөтөбүз да, бирөөнү саба,кордо,өлтүр дебейбиз да. Тиги көпкөн акмак экенда. Армияда тартип катуу болуш керек да,командирдин машинасын айдаса эле өз билгенин кыла береби,жеткен айбан экен да, бирөөнүн жакшынакай баласын өлтүрүп салып кантип басып жүрөт? Кийин кайра өз башына тийбесин тиги өлгөн баланын ата-энесинин каргышы
31.03.2015. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кийин баламы армияга жонотпойм.
31.03.2015. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун,бул жерде копчулук армияага барбайм вапше жонотпойм дегендерге кошулбайм армияа ошон учун армияа бул нерсени туура тушунол эгер баарыбыз жонотпой барбай койсок мекенибизди ким коргойт адам ичер суусу тугонсо жон журуп эле кете берет ошого себепкер болуп калгандар бар бул жерде бир жолу соку болуптур алда олтуром деген ойу болбосо керек бул корунуш бир бизде эле болуп аткан жок армияа бар жерде болуп турат
31.03.2015. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх олгон аскердин жайы жайлуу болсун, ал Эми аскерге барбайм же жонотпойм дегендерге айтаарым кана патриотуулук сезим силер бир аз болсо да ойлоносунарбы кыргыз элим учун эмне кылсам патриот болом деп, Патриот деген кинону корсонор ошол кинодо патриоттуулук жонундо жакшы ой билдирилген, анан эле бир жоокер олуп калса болду аскерге барбайм деп, Эми анын ичеер суусу тугонгон да, армияга барбаса да башка нерсе себеп болмок. Ошондуктан баарынарды коркпой эле армияга бара бергиле демекчимин.
02.04.2015. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emilyno, сен жанылыктарды коп окубайт окшойсун,бул жылга 1эле жоокер олуп аткан жок го,мен буга чейин кобун окудум,ушинтип олтуро берсе ким армияга баргысы келет да ким баласын кызматка жибергиси келет,ар кимдин баласы озуно ширинда.
04.04.2015. 05:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emilyno, чын эле сен жанылыктардан артта окшойсун!Буга чейин канчалаган аскерлер олду деп жазылып эле ататго.Бул бизге билингени,билгизбей жаап жашырып ММКга бербей кыргызчылык кылып коюп жаткандары канча!ал жактан не только олуп а денесинен ар кандай жарааттарды алып майып болуп калгандарычы!Айрыкча башынан сотрясение болгондору тоолтура.Андайды убагында айтып даарылабаса жашы откон сайын адам нервный болуп соз которо албай калат.Ошол адам анан кантип коргошу мумкун Мекенин?!ээх айтсан соз коп
31.03.2015. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрат аке Кенжегул эже сиздерге кудай озу сабыр берсин. Олгон артынын олмок жок дешет куч кубаттуу болунуздар. Шамбеттин жаткан жайы жаннаттан болсун. Ал эми жанагы урган аскерге жазаны кудай озу берсин бул жашоодо баласыз болсун ошондо бала куйутун тушунот
31.03.2015. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаза алыш керек
31.03.2015. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жайы жаннаттан болсун
Медиа-портал
31.03.2015. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин чондорго акча эле керек,ар-намыс тартип дегенге эчак эле тукуруп коюшкан. Мындай жоруктар канча болуп жатат, конул буруп чара колдонуп да коюшпайт
31.03.2015. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Ар бир жигит 18 жашка толгондо өз мекенин куралду аскерине кызмат кылууга милдеттү(карыз)".Эмнесинен карыз экен дейм да.Мамлекет ошол балдарга бекер бирдеке берип койдубу?Род домдон эле баштап балага акча төлөйсүң,детсад,мектеп,больница,жогорку оку жай...Анан милдеттүүсң,карызсың деп коюшат(таза абасын эле карыз болбосоң...)
31.03.2015. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abdykadyr, дедовшина бир еле бизде бар бекен, дедовшина Россиянын, Кытайдын керек болсо НАТОнун аскерлеринде да бар. Дедовшинаны токтотуш ар бир адамдын озунон. Мекенинден тынч мекенде жашап жатканын учун карызсын. Армия эркектердин мектеби, армияга барыш керек.
01.04.2015. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abdykadyr, Мекен деген сенин энен, атан билсен. Ата-эненди коргогонго милдеттуу болбогондо кимге милдеттуусун.Бабабыз Манас баштап Ата Мекен деп канчалаган берендерибиз жанын берген.Алардын жанында экообуздун жаныбыз кимчелик болуп калыптыр. А сен соодалашасын го Мекенин менен, роддомдо апаман акча сурапсынар деп.
01.04.2015. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын да "бир нерсеси" бар да, бири-бирлерин жашырып-жаап.Айылдык 1994 жылкы рамаатылык бир байкени да асынып алыптыр деген."Блеха менен асыныптыр дегенине куйосун да"
01.04.2015. 07:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Армиядагы мурда рекет болгон балдар кээ бир жоош балдар да барганда аларды токумун жеген айбандан айырмасыз ошондой акмактар олтуруп коюшат
01.04.2015. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында Армияга барыш керек ар бир жашы жеткен улан. Дедовщина эч качан жок болбойт. Кыргыз Армиясында негизи тартип, мыйзам, жоопкерчилик дээрлик жок! Чынында Ата-энелер кооптонот да! Ким эле оз баласынан айрылгандан тургур ур-токмоко алуусун кааласын??!! Жаштар, достор Кыргыз Армиясынын келечеги бар! Ал биздин колубузда! Маданияттуу бололу, спортту суйолу, ыйманыбыз журогубуздо ар дайым бек болсун! Армия Ыйык Мекенди коргоону ар бир жигит учун уйротуучу мектеп!
01.04.2015. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аскерди аскер тарбиялайт, бирок мындай жол менее эмес, водила андайды коргон эмес окшойт
01.04.2015. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланын жаькан жери жайлуу болсун
01.04.2015. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Теперь не кто не отпустить ребёнку на армии
01.04.2015. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне армияда жалан зоокур адам жегичтер эле журушот окшойт . андан коро армияны жаап эле ошондой зоокур какор балдарды топтоп мамлекет бир банда топ эле ачышып ошого балдарды топтой берсе болмок бекер эле бир жакшына жапжаш балдардын омурун кыйбай
01.04.2015. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Армия азыр адамдарды олтуруп иштеп жатышабы эмне бул иштерди тергеген адам жокпу же тергоочулор оздору ушундай иштерди жасап жатабы .жаап эле салыш керек экен армияга ата энеси кандай умут менен жонотуп жатса баласынын соогун белек кылышат экен .
SUPER.KG видео
01.04.2015. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колумдан келгенде бийликтегилердин баарын атып чыкмакмын колумдан келбейта эх бийликтегилерге ынсап берсин
02.04.2015. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен аскер адамдарын аябай сыйлачымын,бирок бир нече жыл мурда кошуна болуп бир байке кочуп келди жаныбызга. Ошондон тартып аскер адамдар жонундо жакшы оюм туп тамыры менен жок болду. Маданиятсыз,бок ооз,арамза,майда,аялын эртен мененки тамагына да ,кечки тамагына да кошуп кууруп жеит. Скандалист,аракеч экен. Анан ушундай адамдар иштесе часттарда солдаттарда кайдан тартип болот?
03.04.2015. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу админ! Олтургон баланын жузун эмнеге жаап койдунар????!!!!
03.04.2015. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ysmanali, саламатсызбы!
Кээ бир кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү укук коргоо органдарынын уруксаты менен аталат.
SUPER.KG видео
03.04.2015. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jatkan jerin jailuu bolsun allatalabyz beiishten oorun bersin
04.04.2015. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун .Аллахым бейиштен орун берсин.Армия дегенде эле олум дегенди уккан менен эле барарбар болуп калды го...
04.04.2015. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскерди аскер тарбиялагыдай ал ким экен?Биринчи ошол мурунку дедовщина озун тарбиялап алсын бироого тарбия бергенден коро! Колуна шал тийгир....коп соз жазым келди бирок олтургон бала жана ошого окшогон дедовщиналарга соз жок...Созго да татыксыз алар!
05.04.2015. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер Чындап куноосу болсо Кудай жазасын берсин ошол баланын Ата эненин коз жашын токкону учун! Жана Башка ушуга окшогон балдарга айтарым Кудайдан корккула!Эми жигитчилик бари бир дедовщина болот токтото албайбыз Бирок чеги менен болуш керек Кыяматта жооп береринерди унутпагыла.
05.04.2015. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне тогуз ай которуп,торойт, чогойтот ак кийинтип,тамак аш берип,эми узурун коройун дегенде ушинтип бироонун колунан ажал табат.Соогушу жок эле олтурсо бул эмне.Жаткан жери жайлуу, карагы жери жарык болсун! Аллахым жаазасын берер!
Медиа-портал
13.04.2015. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазасын алсыш керек ким болсо да
22.09.2015. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: